14.11.14 Селдеге түшкөн чок
Муфтият качан
үн катат?
Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Кочкор районундагы кыздар окуган медресенин директору Махмуд Адылжан уулу жана ошол эле райондогу арабиялык фонддун башчысынын орунбасары Нурбек Жумаев экөөнү кумсалыкка күнөөлөп жергиликтүү эл айылынан кууп чыккан. Кумсалыкка күнөөлөнүп жаткан Махмуд Адылжан уулу 2002-жылдан 2012-жылга чейин райондун башкы имамы болуп иштеп келген. Кыздар окуган медресенин директору болгонуна эки жылдын жүзү болгон. Он жылдан ашуун ошол айылда жашап жүргөн молдонун бул кылыгы кочкорлуктарга эле эмес бүтүн кыргыз элине жаккан жок.

31-октябрь күнү Махмуд Адылжан уулу журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, аны Кочкордун эли көралбасын, жөн жерден жаманатты кылып жатканын, айылдагы жигиттер Нурбек Жумаевди сабап жатып кумса экенин мойнуна алдырганын айтып чыкты.

Махмуд АДЫЛЖАН уулу:
"Жалган жалаа менен кууп чыгышты"
- Менин үй-бүлөм, балам бар. Чет элдик инвесторлор менен иштеп жыл сайын райондо жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 1,5 миллион сом бөлүп берем. Былтыр Кочкор районунун жергиликтүү бийлиги медресени текшерүүдөн өткөрүштү. Финансы жагынан эч кандай чекилик таба албаган соң мени жаманатты кылганга өтүштү. Имам болуп иштегенде кызматымды өз эрким менен тапшырып, медресеге директор болгом. Анда да жанымды коюшкан жок. Нурбек Жумаевди да кумсалыка күнөөлөп, айыл тургундары ээн жерге алып чыгып коркутуп-үркүтүп, камерага тартып көрсөтмө алышкан. Бизге кол көтөрүү болду деп Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылганбыз, бирок ал арыз каралбай жатат. Менин өмүрүмө коркунуч жаралып жатат. Ички иштер министри Мелис Турганбаевге кайрылуу жөнөттүм. Коопсуздугумду көзөмөлгө алышын суранаар элем.
Бул жаңылык жергиликтүү элди жөн жаткырган жок. Мындай беттырмарлыкка чыдабаган Кочкор районунун тургундары, жергиликтүү бийлик 10-ноябрда өткөн жыйында молдонун айтканын жокко чыгарышты. Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы Мажин Чолпонкадыров, жергиликтүү кеңештин депутаты Анарбек Саякбаев баштаган биртоп айыл тургундары молдонун кылган иштерин элге ачык жарыялоого атайын борборго келишиптир. Тургундардын бири Алиаскар Кадыржановдун айтымында, райондун эли 2011-жылдан бери бул имамдын кылык-жоруктарын тергеп келишкен. Махмуд Адылжан уулу жана Нурбек Жумаев буга чейин Нурмат Талантов аттуу жетим өспүрүмдү өз "оюндарына" аралаштырып келишкен.

Тынар СОЛТОНКУЛОВ,
Кочкор районунун тургуну:
"Өздөрүн акташ үчүн ар кандай ишке барып жатат"
- Окуя 2-сентябрь күнү болгон. Нурбек Жумаев деген чала молдо Нурмат Талантов аттуу өспүрүм менен кошулуп жаткан жерин өтүп бараткандар телефонуна тартып алган экен. Ал видеону көргөндөн кийин айыл тургундары тынч жаткан жокпуз. Дароо эле Нурбек Жумаевге телефон чалсак Көлгө кетип калганын айтты. Нурмат Талантовдон бул эмне шумдук экенин сурасак, ал мас абалында болгонун, Жумаев биринчи ага жабышканын айтып, кылган ишин мойнуна алды. Нурматты жаныбызга салып алып дароо эле Нурбек молдонун артынан жөнөдүк. Кумса экенин молдо мойнуна алды, камерага кандай кошулуп жүргөнүн ачык айтып берди. Аны Кочкорго алып келип райондук ИИБнө тапшырдык. Аларга эч кандай кол көтөрүү болгон эмес. Эгер кол көтөргөнүбүз чын болсо, ошондо эле соттук-медициналык экспертизадан өтүшүп, үстүбүздөн арыз жазбайт беле. Эки ай өткөндөн кийин өздөрүн акташ үчүн ар кандай жолго барып жатышат. Үч миң кылымдан бери чачылбай-чабылбай келе жаткан кыргыздардын келечегин ушундай акмактар бузушуна жол бербейбиз. Батыштагы бир жыныстуу нике кыргызда болгон эмес, болбойт дагы!

Мухтар БАЙСАКОВ,
Кочкор районунун тургуну:
"Кыздар кандай күн көрүп жатканын ким билет"
- Биз имамды жана анын "өнөктөшүн" (ред. - Нурбек Жумаевди) ур-токмокко алган эмеспиз. Нурбек бир бала менен кошулуп жатканын, бир жылдан бери ушундай ойго келбеген жашоо образын жүргүзүп жүргөнүн далилдеп бере алабыз. Эгер биз Нурбек Жумаевди ур-токмокко алган болсок, анда сурак берип жатканда түшкөн видеодон деле бети-башы көгөргөнү билинмек. Булар райондон күнөөсүн мойнуна алып, Бишкекке келип алып башка сөздү сүйлөп беттырмарлык кылып жатышат. Кочкордун элин шаарга караңгы кылып көрсөткүлөрү бар. Эгер ушул жерде отурган он кишинин сөзүнө ишенбесеңер биздин айылга баргыла. Ал жакта жашаган 500 киши калп айтмак беле?
- Махмуд Адылжан уулунун улутуң башка деп өгөйлөп акыры кууп чыгышты деген дооматын кандай түшүнсө болот?
- Кочкордо кыргыздардан сырткары жыйырма түтүн орус, дунгандар, отуз түтүн уйгурлар, элүүдөн ашык өзбек үй-бүлөсү жашайт. Эч кандай улутчулдук деген жок. Биздин негизги максатыбыз - кыргыз элибиздин келечеги гейлерсиз болсун. Эгер азыр мындайды токтотпосок, кийин кыргыз бала кыргыз балага үйлөнө башташы мүмкүн. Менин да мөлтүрөгөн балдар-кыздарым бар. Алардын келечеги ушундай адамдарга түшүшүн каалабайм. Биздин алыстан ат арытып келгенибиздин себебин кыргыз үчүн күйгөн ар бир инсан түшүнөт болуш керек. Эркектер менен кошулуп жаткандан кийин бул кумса молдолор медреседеги жаш кыздарга кандай мамиле жасап жатканын ким билсин. Махмуд Адылжан уулу жетектеген медреседе он төрт жаштан он жети жашка чейинки жаш кыздар билим алат. Ата-энеси балдарыбыз ыймандуу болсун, дин жолунда жүрсүн деп ишенип табыштаган молдокелерибиздин кейпи бул. Бизде молдо сөрөйлөрдүн кумса экенин далилдей турган сүрөттөр, видеолор бар. Аларды элге жарыя кылып көрсөткөнгө уятың жол бербейт экен. Махмуд Адылжан уулу үй-бүлөм бар деп актанбай эле койсун. Аялын кетиргенине биртоп убакыт болгон. Анын диний тармакта билими бар, ажыга барып келген молдо. Анан кылган иштерин көрүп алгыла.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Жаныбызда жүргөн ким?
Жастин Бесерт:
"Мен чалгынчы эмесмин"
Кыргызстанда азыр окуп, иштеп жүргөн чет өлкөлүктөр арбын. Алардын айрымдары кыргыз каада-салтын жакшы өздөштүрүп кетсе, айрымдары комузда кол ойнотуп, кыргыз тилин тез үйрөнүп кетишет. Кайсы элде жашасаң ошол элдин ырын ырда дегендей, көп тил билген жакшы. Бирок бизге келген чет өлкөлүктөр кандай максатта тил үйрөнүп жатканы да чоң суроо жаратат. Бишкекке апрель айында үй-бүлөсү менен келип, алты айда кыргыз тилинде сүйлөп калган АКШнын Мичиган штатынын жашоочусу Жастин БЕСЕРТти Ош базарынан кезиктирип калып кепке тарттык.


- Жастин мырза, сиз Кыргызстанга качан, эмне максат менен келдиңиз эле?
- Кыргызстанга март айында үй-бүлөм менен көчүп келгем. Менин кыргызча атым Адилет, англисче аты-жөнүм Жастин Бесерт. Жубайым азыр кыргыз тилин үйрөнүп жатат. Бир балабыз бар, ал азыр эки жашта. Бул жакка келген максатыбыз кыргыз тилин үйрөнүү менен англис тилинен сабак берүү болчу. Учурда Чоң-Арыктагы "Жарык" билим берүү борборунда кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз балдарга англис тилинен сабак берип жатам. Борбор 2000-жылы ачылган. Ал жерде бир нече америкалык иштейт. Кыргыз тилин апрель айынан тарта үйрөнө баштадым.
- Кыргызстандын эмнеси сизге жакты?
- Мага өлкөнүн жайкы аба ырайы абдан жакты. Кыргызстанда аба кургак келип, тоолору абдан кооз экен. Бишкек шаары тынч, коопсуз шаар экен. Жайында Ысык-Көлгө барып келдик. Суу муздак болгону менен Көл мага аябай жакты. Буга чейин Чоң-Кеминде да болгонбуз. Ушул жумада Ошко барабыз. Өзүм болсо мичигандыкмын. Мичиганда аба нымдуу келип, төрт жыл мезгилинде тең аба ырайы суугурак.
- Базарда соодалашып, бааны түшүргөндү да үйрөнүпсүз...
- Башка жактарга салыштырмалуу базарда тамак-аш, кийим арзан экенин билем. Ошондуктан мен дайыма Ош базарынан соода кылам. Дайыма бир жерден соода кылып кыргыз сатуучулар менен да дос болуп калдым.
- Өзүңүздүн негизги кесибиңиз кайсы?
- Батыш Мичиган университетинде орус-тарых факультетин аяктаган соң Россияга келип эки жарым ай англис лагеринде болдум. Кийин Улан-Удэге келип бир жыл жашап орус тилин үйрөндүм. Америкада окуп жүргөндө эки жыл орус тилин окусам да орус тилин жакшы өздөштүрө албай койгом. Улан-Удэден орус тилин үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду. Ал жерде англис тилин жаңы үйрөнүп жаткандарга жана орто билип калгандарга өз өзүнчө сабак берип жүрдүм. Кийин АКШга барып төрт жыл жашап, аспирантураны аяктаган соң Кыргызстанга келдим.
- Азыр сиз сыяктуу тил үйрөнүмүш болуп чалгынчылык кылып жүргөн чет өлкөлүктөр бар экени жашыруун эмес. Балким сиз биздин өлкөдө чалгынчылык кылып жүрбөңүз?
- (Каткырып) Албетте мен чалгынчы эмесмин. Чалгынчы болсом үй-бүлөм менен бул жакка келбейт элем да. Чынында бир кезде СССРди башкарып турган Россия менен Американын ортосунда карама-каршылыктар бар. Россиялыктар дүйнөгө башкача көз караш менен карашат. Ошол себептен бизди башка өлкөлөрдө да чалгынчы катары көрүшөт. Чынында менин саясат менен ишим жок. Болгону Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев экенин билем.
- Америкадагы жакындарыңыз менен байланышып
турасызбы?
- Ооба, жума сайын видеоинтернет аркылуу сүйлөшүп турабыз. Анткени апам биздин балабызды сагынат.
- Кыргызча гезит-журнал окуп, кыргыз телеканалдарын көрөсүзбү?
- Ооба, кыргыз гезиттерин анда-санда окуп, ЭлТРди көрөм. Кээде орус телеканалдарын көрөм. Бирок телеканалдарда тез-тез сүйлөгөндүктөн көбүн түшүнбөй калам.
- Кыргыз тамактарынан эмне жакты?
- Плов, лагман, дымдаманы жакшы көрөм. Бешбармак анча жаккан жок.
- Орто Азия өлкөлөрүнөн дагы кайсы өлкөгө баргыңыз келет?
- Так айта албайм. Бирок Казакстанга баргым келет.
- Жубайыңыз, балаңыз кыргызча билеби?
- Аялым орусча анча жакшы билбейт, бирок кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт. Бала багуучубуз кыргыз болгондуктан балабыз да анча-мынча кыргызча билет.
- Мичиганда элдин жашоосу жакшыбы?
- Мурда Мичиганда түрдүү үлгүдөгү машинелер чыгып, экономика жакшы болчу. Кийин башка өлкөлөр да машинелерди көп чыгарып, атаандаштыктан улам Мичиган штатынын экономикасы начарлап кетти. Ошондуктан жашоо анчалык деле жакшы эмес.

Мелис СОВЕТ уулу