п»ї
Агым
Оп, майда
Алты машинени аймаган тилсиз жоо
Бишкек шаарындагы Жусуп Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсүндө жайгашкан он бир кабаттуу №87 үйдүн жертөлөсүнөн 13-ноябрь күнү түнкү саат үчтөр чамасында өрт чыкты. Тилсиз жоодон 11 адам, анын ичинен бир неристе жабыркап, экөө ооруканага жаткырылып, 30 адам эвакуацияланды. Унаа токтоочу жайда турган алты жеңил машине: "Лексус GХ", "Тойота Лендкрузер", "Мерседес - 500", "Рендровер", "Тойота Камри 6", "Мерседес - 500" толугу менен өрттөнүп кеткен. Бул өрттөнгөн унаалардын баары кымбат баалуу, жөнөкөйү жок. Өрттү өчүрүү үч саатка уланган. Учурда адамдарды жабыркатып, алты машинени керектен чыгарып, жашоочуларга көйгөй жараткан тилсиз жоонун чыгуу себептери иликтенүүдө.

Сирияда согушуп жаткан үй-бүлө
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн тургуну 49 жаштагы Саибжан менен анын 47 жаштагы аялы 27, 25, 20 жаштардагы үч уулу менен октябрь айында Сирияга согушка аттанышкан экен. Балдардын кичүүсү согуш талаасында каза болгон. Небересинин көз жумганын уккан Саибжандын энеси тартип сакчыларына кайрылып, бул үй-бүлөнү Кыргызстанга кайрып берүүсүн өтүнгөн.
Тилекке каршы Сириядагы согушка Кыргызстандан 150гө чукул жаран кеткен. Алардын арасында аялдары да бар экени айтылууда. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 34 жаштагы тургуну Абдулазиз Абдуназаров да Сириядагы согуш талаасында жан берген. Буга чейин Сирияга кеткен Баткен облусунун эле тургундары 34кө жеткени кабарланган. Алардын сегизи ошол жакта каза тапкан. Акыркы убактарда Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандар тууралуу арбын айтыла баштады. Айрым пикирлер боюнча буга жарандардын диний сабатсыздыгы жана финансылык кызыкчылык себеп болууда.

Өзбек чек арачылары бир кыргызды өлтүрдү
Кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жаранына каршы ок атып, жабырлануучу ооруканада көз жумду. Бул окуя 13-ноябрда Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Өзөк айыл аймагында эки өлкөнүн такталбаган чек ара тилкесинде болгон. Кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагына контрабандалык жүк алып өтүүгө аракет кылган. Буга чейин да 10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда кыргызстандык жарандарга өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркап, экинчиси кармалган. Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда өзбекстандык чек арачылар тарабынан жарадар болгон Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Фергана районунун Вуадил калктуу пунктундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Анын бутуна операция жасалды.Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, абалы оор боюнча калууда. Кадамжай РИИБдин билдирүүсү боюнча аталган жаңжалдын экинчи катышуучусу, өзбекстандык чек арачылар тарабынан ок атылган жаңжал учурунда жашынып калууга жетишкен Марказ айылынын тургуну окуя боюнча көрсөтмө берип баштады. Бул иш боюнча окуя болгон аймакта эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

"Жаңы Агым" - пресс




а ­е¦Є.НҐй«