07.11.14 •


 
Нурбек ЭЛЕБАЕВ, Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплекси мамдепартаментинин директору :
"Электр энергиясынын өздүк наркы
1 сом 20 тыйын"

- Нурбек Беккулович, алгач Энергетика министрлигинин жаңы тарифтик саясаты боюнча маалымат бере кетсеңиз?
- Биз учурдагы кырдаалга жараша жаңы тарифтик саясатты иштеп чыктык. Анын негизги принциптерине токтоло кетсем, биринчиден, биз бир, үч фазалуу деп керектөөчүлөрдү экиге бөлүүнү токтоттук. Мыйзамда бир топто бир эле тариф болот деп конкреттүү жазылган. Экинчиден, биз 700 кВт/саат социалдык норманы киргизели деп максат кылып жатабыз. Тактап айтканда, айына 700 киловатка чейин электр энергиясын пайдалангандар 70 тыйындан төлөйт. Андан ашып кетсе абонент 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 1 сом 20 тыйынга импорттук бааны кошуп төлөйт. Жаңы тарифке импорттук бааны кошуп орточо тарифти чыгарганда 1 кВт электр энергиясы 2 сом 5 тыйын болуп жатат. Бирок бул тариф ай сайын кайра эсептелип чыгарылып турат. Себеби, импорттолгон электр энергиясынын баасы доллардын курсуна көз каранды. Мындан сырткары биз төрт топко жаңы тарифтерди киргизип жатабыз. Булар айыл чарба, өнөр жай, бюджеттик керектөөчүлөр жана башка керектөөчүлөр. Булар жаңы тариф саясатына ылайык 1 сом 38 тыйынга импорттук бааны кошуп төлөшөт. Экөөнү кошуп орточо бааны чыгарганда 2 сом 19 тыйын болот. Бул жерде да ай сайын доллардын курсуна жараша тариф өзгөртүлүп турат. Мындан сырткары биз насостук станцияларга 72,8 тыйын тарифин койдук. Анткени насостук станцияларга тарифти көтөрсөк суунун баасы да кымбаттайт.
- 1 сом 20 тыйын деген тариф кайдан чыгып жатат?
- Тариф боюнча эл биле, түшүнө турган дагы бир маселе бар. Биз жыл сайын тарифти 20 пайызга көтөрүп турабыз. Анткени азыркы тариф электр энергиясынын өздүк наркын жаппайт. Тариф 70 тыйын болсо электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 20 тыйын. Ошондуктан үч жыл ичинде 700 кВт/сааттан аз колдонгондорго жыл сайын 20 пайыздан тарифти жогорулатып турабыз. Ошентип 2017-жылы тариф 1 сом 20 тыйынга чыгат. Калган жогоруда аталган абоненттерге ай сайын инфляцияга жараша кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп турат. Азырынча инфляция 7 пайыз болуп жатат. 2015-жылдын апрель айына чейин ушул эсеп менен чыгабыз. Апрель айынан тарта 2016-жылга жаңы эсептөөлөрдү жүргүзөбүз.
- Энергетика министрлиги жаңы тарифтер декабрь айында киргизилет десе, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2015-жылдын январь айынан тарта жаңы тариф ишке кирет деп жатат. Кайсы күнү жаңы тариф киргизилерин так айта аласызбы?
- Биз ноябрь айынын аягына чейин жаңы тариф боюнча токтомду иштеп чыгып, 5-декабрда бекители деп жатабыз. Бирок ага чейин үлгүрбөй да калышыбыз ыктымал. Ошондуктан Тайырбек Дүйшекеевичтин айтканы да туура. Менимче тарифти канчалык эрте киргизсек ошончолук жакшы болмок. Анткени, эл да эртерээк түшүнүп, энергетикалык тармактарга да импорттук товарды өздөштүрүүгө жеңил болмок. Баса белгилей кетсек, сырттан келген электр энергиясынын 1 киловаты Кыргызстанга жеткенде 5 сом 13 тыйынга чыгып жатат. Бирок биз элге 2 сом 5 тыйындан, башка керектөөчүлөргө 2 сом 19 тыйындан берели деп жатабыз. Ошондо элге электр энергиясынан бир топ эле жеңилдик, субсидия болот. Албетте, мунун баары кышкысын электр энергиясын импорттоп жаткандыгыбыздан улам болуп жатат. Бирок бул тариф канча айга созулары азырынча белгисиз. Балким бул тариф кыш айлары эле эмес жаз айларына да созулушу мүмкүн. Анткени 5 сом 13 тыйын менен 2 сом 5 тыйындын ортосундагы айырманы да жабышыбыз керек. Азыр орточо тариф менен канча айдын ичинде импорттук баа жабылары тууралуу эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакында бул боюнча да ММКларга ачык маалымат беребиз.
- Жылуулук энергиясына жана жылуу сууга болгон тариф кандай болот? Мурда бекитилгендей 1 гигокалорияга 917 сом, жылуу сууга киши башына айына 233 сомдон боюнча калабы же өзгөрүлөбү?
- Учурда калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоо үчүн батирдин аянтын жылытууга социалдык ченемди киргизүү пландалып жатат. Жылытуу үчүн социалдык ченемдин чегинде керектелген жылуулук энергиясынын саны калкка субсидияланган тариф боюнча берилет. Ал тариф боюнча 1 Гкал жылуулук энергиясы 917 сомду түзөт. Калк тарабынан жылытуу үчүн социалдык ченемден жогору пайдаланылган жылуулук энергиясы "Башка керектөөчүлөр" категориясынын деңгээлинде белгиленген 1 Гкал үчүн 1557 сом тарифи боюнча төлөнөт. Социалдык ченем катары биринчи катталган кишиге жалпы аянты 35 м2 турак жайын жылытууга жана 14 м2 жалпы аянты турак жайында кошумча ар бир кийинки катталган кишиге жылуулуктун сарпталышы алынат. Мисалы, эгер жалпы аянты 48 м2 2 бөлмөлүү батирде 2 киши жашап, бирок 1 киши катталса, жылуулук энергиясына 35 м2 - 1 Гкал үчүн 917 сом, ал эми калган 13 м2 (48 - 35 м2) - 1 Гкал 1557 сом. Эгер ушул эле батирде 2 киши жашап жана 2 киши катталса, жылуулук энергиясына төлөм батирдин бардык аянты үчүн социалдык тариф боюнча 1 Гкал үчүн 917 сом (35 м2 + 14м2) жүргүзүлөт, тактап айтканда, бул учурда батирдин бардык аянты социалдык ченемге туура келет.
- Жылуу суу тарифи өзгөрүүсүз калабы?
- Азырынча жылуу суу тарифи мурдагыдай калат. Бирок ал да өзгөрүп калышы мүмкүн.
- Энергетика министрлиги тарифтер боюнча соттун биринчи инстанциясынан утулган. Мунун аягы эми кандай болуп жатат?
- Өкмөт Бишкек шаардык сотуна апелляциялык доо арызды жөнөткөн. Ноябрда же декабрда шаардык сот ал арызды карайт. Азырынча кандай чечим чыгарын айта албайбыз. Эгер шаардык сот да биринчи инстанцияныкындай чечим чыгарса өкмөт Жогорку сотко арыз жолдойт. Ага чейин биз элдин сунуштарын эске алуу менен жаңы тарифтик саясатты киргизебиз.

Мелис СОВЕТ уулу