presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Алиби" гезитине ким кол салды?
5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү "Алиби" коомдук-саясый гезитинин редакциясына белгисиз бирөөлөр эшиктин кулпусун талкалап кирип, редакциядагы кагаздарды, компьютерлерди аңтарып, сейфтерди ачууга аракет кылышкан. Уурулар болгону ал жердеги бир сейфтин кичинекей бөлүгүн гана ача алышкан жана ичиндеги документтерди чачып кетишкен. Негизинен гезиттин башкы редактору отурган бөлмөдөгү кагаздар аңтарылган. Учурда Биринчи май райондук милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, редакциядагы окуя боюнча иликтөөлөрүн башташты.
Бул туурасында гезиттин башкы редактору Канышай Мамыркулова: "Бүгүн гезиттин кезектеги саны чыкмак. Алардын кандай максатта редакцияга киргендиги боюнча учурда укук коргоо органдары иш алып барышууда. Биз оппозициялык маанайдагы гезит болгондуктан ошол боюнча эле кызыкдар адамдар кирген болсо керек деп болжолдоп жатабыз. Бул окуяга байланыштуу гезиттин бүгүнкү саны дагы жарыкка чыкпай калуусу мүмкүн болуп турат" деген маалыматын билдирди.
Биз дагы кесиптик майрам алдында гезитин чыгара албай калган кесиптештерге тилектештигибизди билдиребиз. Кеп оппозиция-позицияда деле эмес, так майрам алдында мындай окуянын болушун сөз эркиндигине урулган сокку деп түшүнөбүз. Бул окуя боюнча ИИМдин маалыматы да ача чыгып жатат. Редакцияга болгон уурулуктун гезиттин публикацияларына тиешеси жок дешет да, кайра алар редакциядан эч нерсе уурдабагандыгын айтат. Эч нерсе уурдабаса анда редакцияга эмнеге кирди? Божомол кылыштан да сак болбосок болбой калды, бирок бул окуя азыркы бийликке көлөкө түшүрбөсө экен...

"Жаңы Агым" - пресс




Кошумча электрге 5 млрд. сом керек
Казакстандан импорттоло турган электр энергиясына 5 млрд. 130 миң сом сарпталарын Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жума башында билдирди. Министрдин айтымында, Кыргызстан ай сайын 200 млн. кВт/саат электр энергиясын алып, ай сайын эсептешип турат. Эгер Казакстан алдын ала төлөгүлө деген талап койсо, анда керектүү каражатты табарын кошумчалайт министр. Финансы министри Ольга Лаврова болсо Энергетика министрлиги казак электр энергиясына канча акча каражаты кетерин сунуштай электигин айтып, ал документ колго тиймейинче эч нерсе айта албасын айтып туру. Анда 5 млрд. 130 миң сомду ким эсептеп чыккан?










??.??