31.10.14 Депкорпустан демилге
Анарбек КАЛМАТОВ, ЖК депутаты:
"Президенттин укуктарын кеңейтүүнү колдойм..."
Аз убакыттан бери Башмыйзамдын айрым беренелерин өзгөртүү демилгелери чыга баштады. Оппозициялык көз караштагылар болсо бул демилге капыстан эле пайда боло калбаганын, муну менен бийликчил күчтөр азыркы Президенттин укугун кеңейтүүнү самап жатышканын жоруп жатышат. Андыктан биз бул демилгенин аркы-беркисин "Ар-намыс" партиясынын активдүү депутаттарынын бири Анарбек КАЛМАТОВдон сурадык.

- Анарбек Баратович, Башмыйзамды өзгөртүүгө сиздин пикириңиз кандай?
- Бул демилгелер абдан олуттуу жана орчундуу деп ойлойм. Анткени ошол Башмыйзамдын өзүнө "2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт" деп бүтүм чыгарып жазылып калганынын өзү да туура эмес болгон. Өзүңөр көрүп жатасыңар жашоо деген бир жерде токтоп турбайт, турмуш өзгөрөт, коом алмашат. Демек турмуштун агымына жараша биз дагы мыйзамдарыбызды тууралап, алдыга жылышыбыз керек. Мен Башмыйзамды өзгөртүү сунушун булардан биринчи эле айтып чыккам. Анткени ошол кезде Президенттин "Мамлекеттүүлүктү өркүндөтүү жөнүндө" буйругу чыккан. Ал документте да жаңы эрежелерди, мыйзамдарды кабыл алууга убакыт келгендиги айтылган. Ошондуктан биз мезгил өзү шарттап турса да, карама-каршы мыйзамдар кашкайып көрүнүп турса да, "жок, биз 2020-жылды күтүшүбүз керек" деп бир жерде токтоп тура бергенибиз туура болбой калат. Андыктан ошол эле сот реформасына байланышкан жана башка алдыга жылууга жол ачкан оңдоо-түзөөлөрдү Башмыйзамга киргизүү демилгелерин түшүнүү менен эле кабыл алам.
- Бирок айрымдар бул демилгелердин артында баягы Акаев, Бакиевдердин убагындагыдай президенттин укуктарын кеңейтүү боюнча аракеттер жаткандыгын айтып жатышпайбы?
- Азырынча мен андай маселелердин ачык коюлганын көрө элекмин. Бирок чынын айтсам мен президенттин укуктарын кеңейтип коюуну колдойм. Себеби ансыз деле бүгүн мамлекеттик деңгээлдеги көп иштер Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу, демилгеси менен ишке ашып жатпайбы. Мисалы, өкмөт энергетикалык кризистен чыгуу боюнча эч бир чечим кабыл ала албай отурду эле, Президент Евразиялык кеңешмеде бул маселенин башын ачканы үчүн, түштөн кийин Астанага чуркашып, түркмөндөрдөн электр сатып алабыз деп иштей башташты. Андан кийинки мисал, Канаданын арбитраждык соту биздин "Кумтөрдү" иштеткен "Центерра Голддун" акцияларына арест койду эле, Президенттин аларга чечкиндүү чара көрүү билдирүүсү чыккан соң, өкмөт тапырап, юридикалык кагаздарын көтөрүп чыгып кыймылдай баштады. Мындан башка да өлкөгө келген инвестициялык агымдар түздөн-түз Президенттин катышуусу, демилгеси, сүйлөшүүсү менен эле ишке ашып жатпайбы. Андыктан анын укуктарын кеңейтип коюуга каршы эмесмин. Президенттик демекчи, негизи эле дүйнөдө тээ 4-5-кылымдан бери бийликти бөлүштүрүүнү теориясында бийлик үч бутактан туруп, президент аткаруу бийлик тутумуна кирип келген. Азыр болсо дүйнө саясат таануучулары, окумуштуулар бийлик теориясына төртүнчү кылып президенттик бийликти киргизүү керектигин расмий жактап чыгып жатышат. Мисалы, орус окумуштуулары муну демилгелеп, дүйнөлүк иликтөөлөрдүн негизинде бул бутактын жашашы маанилүү экендигин жазып жатышат.
- Бирок сиздин эле кесиптештериңиз тескерисинче Президенттин укуктарын азыркыдан да кыскартып, сот, прокуратура, күч органдарын толугу менен Жогорку Кеңешке баш ийдирүүнү сунуштап, ансыз Президент баарыбир өкмөткө кийлигише берерин айтышууда...
- Парламенттеги 120 депутаттын 120 ой-пикири бар да. Ошентсе дагы биз өзүбүздүн басып өткөн 70-80 жылдык мамлекеттик башкаруу тажрыйбабызга карап чечим кабыл алышыбыз керек. Эгер Америкада мындай экен, Европада тигиндей экен деп эле туурамай саясатты кыла берсек, өзүбүздүн эмне маанибиз калат? Ансыз да биздин Башмыйзамда ошол Батыш жактын басымы менен кабыл алынып калган мыйзамдар толтура. Ошондуктан мен Президентти аты бар, күчү жок эле орган кылып, ар жердеги ачылыштарда лента кесүүчү кызмат кылып койгонду туура көрбөйм. Ким иштеп жатса, ишине жараша, жоопкерчилигине жараша укуктарды беришибиз керек.
- Жоопкерчилик демекчи, азыр өлкөгө кимиңер жоопкер? Мисалы, эртең Бажы биримдигинен өлкө жабыр тартса ЖК жоопкер болобу, өкмөт жазаланабы же Президентти суракка алабызбы?
- Кудай сактасын. Бирок өлкө үчүн жоопкерчиликти баарыбыз тартууга тийишпиз. Бажы биримдигине кирүүнү өкмөт ЖКга сунуштап келди, парламент аны ратификациялап бердик. Андан соң Президент кол коюп, бекитет. Демек жоопкерчилик ушул үч бутакка тең тиешелүү. Эл үчүн иштейбиз деп келгенден кийин эч кимибиз качпайбыз.





Өмүрбек АБДРАХМАНОВ,
ЖК депутаты:
"Андайларды Атамбаев "акшакал" дечү эле..."
- Президент баш болуп, башкасы төш болуп Башмыйзамды өзгөртүүнү айта башташты. Президенттин укугун кеңейтели дегендер да бар...
- Парламенттик башкарууга өттүк дегенибиз менен иш жүзүндө Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасы өзгөргөн жок. Бакиевдин учурундагыдай эле Президент бардык чечимдерди кабыл алып жатат. Бирок бир да ишине жооп бербейт. Жоопкерчиликсиз президенттердин кесепетинен эки жолу төңкөрүш болуп күнөөсүз балдар өмүрүнөн ажырашты, канчалаган үй-бүлөлөр атасыз калышты, балдары жетим болушту. Андан сабак албастан, парламент Президенттин көзүн карап, анын айтканын гана кылып калды. Анткени күч структуралары Президенттин колунда. Андыктан депутаттар "камап коет" дешип андан коркушат. Себеби биринин уурулугу бар, биринин мародерлугу бар, а биринин балдары бийликте иштейт. Ошол себептен баары Президентке кошомат кылып жагынышат.
- Мисалы, кесиптешиңиз депутат Анарбек Калматов ансыз деле өлкөнү өнүктүрүүгө өкмөттөн мурун Президенттин салымы көп болуп жатканын айтат...
- Президенттин укугун кеңейтели дегенине караганда Анарбек Калматов деген депутаттын да Генералдык прокурор болсом деген тилеги бар окшойт. Ага кошумча, Бабанов да жалгыз гана Атамбаев иштеп жатат деп жарыя кылды. Мындан улам сен айткандай Атамбаев да Конституцияны өзгөртөлү деп жарыя кылып ийди. Акаевдин, Бакиевдин учурунда да мындайлар көп болгон. Атамбаев мындайларды оппозицияда жүргөндө "акшакалдар" дечү эле...
- Азыркы башкаруу системасы сизге жакпаса да референдумга каршысызбы?
- Ооба, Конституциянын кээ бир беренелери мага да жакпайт. Бирок биз аны 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деген референдумдун чечими бар. Ошол чечимди бузганга эч кимдин акысы жок. Тилекке каршы Президент Атамбаев ошол референдумдун чечиминин гарантиясы болуш керек эле... Өзү бузгусу келип жатканы баарыбызды ойлондурууга тийиш. Мен айтып эле келе жатам, иштей албаган президенттерге ар дайым укуктар жетишпейт, алар ушул эле укуктары болсо жыргатып жиберчүдөй боло беришет. Аягында айтарым, коомчулук мындай демилгелерге каршы турушу керек...

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ






Тоодой кайрат каалайбыз
38 министр алмаштырган кыргыз милициясы

Эртең, 1-ноябрь кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 90 жыл толот. Ушунча убакыттын ичиндеги тартип сакчыларынын тарыхына көз чаптырдык.
Биринчи жолу укук коргоо органдары өлкөбүздө XIX кылымдын аягында эле пайда болгон. 1917-жылдын март айында Пишпекте биринчи жолу полиция түзүлгөн. Бул полицияда элдик милиция түзүмү пайда болгон. Ал учурда Улуу Октябрь революциясындагы басмачыларды, душмандарды, ошол эле учурда митингге чыккан элди тартипке салып кармап турган орустардын полициясы турган. Ага кыргыздын активдүү уулдары да кошулуп, элдик милицияны түзүшкөн. Бирок бул расмий түрдө катталган эмес. 1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда расмий түрдө милициянын башкы башкармалыгы түзүлгөн.
1924-жылдан ушул күнгө чейин 39 министр милиция кызматын башкарып иштеп кеткен. Кыргызстан эгемендүүлүктү алып, өз алдынча мамлекет болгондон бери 20 министр алмашкан. Учурда КР ИИМин 39-министр, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев жетектеп жатат.
Милиция кызматында 1200гө чукул полковник бар, союз убагынан бери Кыргызстанда 140 генерал болсо, анын ичинен 67 генерал милициядан чыккан.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин 1999-2005-жылдары Ички иштер министрлиги 50%га кыскарып, милицияда биртоп реформа жүргүзүлгөн. Милициянын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына бөлүнүп, ал кызмат Юстиция министрлигине бекитилип берилген. Андан тышкары милициянын дагы бир бөлүгү өрткө каршы мамлекеттик кызматы ӨКМга кошулган.
Өлкөбүздөгү жети дубандын ар биринде жети Ички иштер башкармалыгы жайгашкан. Андан тышкары Ош жана Бишкекте шаардык ички иштер башкы башкармалыгы болгондуктан ИИББдин жалпы саны тогузга жетет. Кыргызстандагы ар бир райондун борборунда райондук ички иштер башкармалыгы иштейт. Ошондой эле ар бир айыл өкмөтүндө милициянын пункттары коомдук тартипти көзөмөлгө алып турат.
Негизи, Кыргызстан кичинекей өлкө болгону менен генералдардын саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу басымдуулук кылат. Мисалы, Орусия Федерациясында милицияда учурда алтымыш гана генерал бар.
Көпчүлүк өлкөлөрдө канча милиция, офицер жана сержант бар экенин жашыруун сыр катары эч жакка чыгарышпайт. Ал эми Түркияда 347 генерал, 40 миң офицер, 97,1 миң сержант жана 369,5 миң катардагы полиция кызматкерлери кызмат кылаары тууралуу ачык эле интернет желелерине жарыя кылган.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА