presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Райкүл Жапарованы ким көрдү?
Эске салсак, 2013-жылы Биринчи май райондук соту "Ысык-Көл инвестбанкы" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү Батырланбек Асанкуловго, Райкүл Жапаровага ("Ата журт" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Садыр Жапаровдун эжеси), Сергей Толкачевго, Вячеслав Зайцевге алдамчылык, коррупция, кылмыштуу жолдор менен алынган кирешелерди легализациялоо боюнча кылмыш ишин козгогон. Быйыл 22-октябрда Октябрь райондук соту да жогорудагы адамдарды Биринчи май райондук соту чечим чыгарган кылмыш иши боюнча айыптуу деп тапканын Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди. Сот Б.Асанкулов, В.Зайцев, С.Толкачевду 4 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, Кылмыш кодексинин 63-статьясынын негизинде 3 жылга түзөтүү мөөнөтү менен эркинен ажыратты. Ошондой эле Райкүл Жапарованын сыртынан 7 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Белгилей кетсек, Райкүл Жапарова 15-августта сот процессине катышып, кийинки сотко келбей койгон. Башкы прокуратуранын тергөө органдары менен милиция азыркыга чейин анын кайда экенин таппай жатышат. Чек ара кызматы анын өлкөдөн сыртка чыкпаганын билдирсе, Райкүл айымдын адвокаты да анын кайда экенин билбейт. Мына кызык тамаша.


Элдин эсин чыгарган кызыл порошок
29-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы Араван-Ак-Буура каналынан кызыл түстөгү суюктук бар баштыкты алып чыгышты. Каналдын суусу кызылга боелгонун көргөн айыл тургундары менен Төлөйкөн айыл өкмөт башчысы А.Көкүлов тынчсызданып, аталган кызматка кайрылышкан. Окуя болгон жерге келген Ош шаардык ӨКМ башкармалыгынын кызматкерлери жана шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адиси Кубаныч Жумабаев суудан алынган баштыкта кызыл түстөгү порошок бар экенин билдиришкен. Баштыктагы зат Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматына иликтөөгө жиберилиптир. Интернеттеги сүрөттү көргөндөрдүн айрымдары баштыктагы марганцовка дешсе, кай бирлери бул кызыл сымап дешүүдө. Бирок 10 килограмм сымап менен марганцовканы эч ким минтип сууга ыргытпайт эле.


Кыргызстанга миллиардер Джордж Сорос келет
Бул тууралуу "Сорос-Кыргызстан" фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов билдирди. Анын айтымында, миллиардер бир күнгө гана келет. Анын бул жолку иш сапарынын максаты Кыргызстандагы өз фондусунун ишин көрүү жана эки жылдан бери жүрүп жаткан Борбордук Азиядагы Америка университетинин курулушу менен таанышуу. Андан соң убакыт болсо миллиардер өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолукмакчы. "Сорос-Кыргызстан" фонду тарабынан ажого жолугууга макулдук берүү өтүнүчү жолдонуп, бирок жооп боло электигин айтат фонддун жетекчиси. Джордж Сорос Кыргызстанга 10 жыл мурун Аскар Акаевдин убагында келип кеткен.
"Жаңы Агым" - пресс











??.??