presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Исмаил ИСАКОВ,
ЖК депутаты:
"Башмыйзамды өзгөртүүгө каршымын!"
"Элдик генерал" деген татыктуу наамы бар Исмаил Исаков кечээ коррупциялык, кландык бийликке каршы чечкиндүү күрөшкөндөрдүн катарында эле. Бүгүн бийликчил КСДП партиясынын курамы менен парламенттин депутаты болсо деле оппозициялык маанайды карманып, фракциялаштары менен көп жерден пикири келишпей жүрөт. Аны менен катар оппозициялык көз караштагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахмановдор менен биргеликте Кыргызстандын башкаруу системасынын жаңы концепциясын жазып, коомдук талкууга салып турган чагы. Биз демилгечи депутат менен ушул концепция, өлкөдөгү кырдаал, өкмөттүн орду, коалициянын иштери сыяктуу биртоп маселелер боюнча маектештик.


- Исмаил Исакович, мамлекетти башкаруунун жаңы концепциясын иштеп чыгыпсыздар. Бул демилгенин негизги өзөгү азыркы парламенттик башкаруу системасын жаңыртуубу же таптакыр башка система менен кетүүбү? Дегеле азыркы система менен биздин келечегибизди көрө албай жатасызбы?
- Эгемен тарыхыбызда эки жолу коррупцияга баткан, мамлекетти алсыздандырган кландык, үй-бүлөлүк башкарууну алып келген президенттерибизди сыртка кубалап чыктык. Акыркы жолу 2010-жылы апрель окуясынан кийин эл, коомчулук, интеллигенция, саясатчылар бир ооздон бизге президенттик эмес, парламенттик башкаруу керек деп жаңы Башмыйзамды кабыл алдык. Бирок тилекке каршы, ошол мезгилдеги өлкөдөгү оор кырдаалдардан улам бул Башмыйзамды кабыл алууда биртоп кемчиликтер кетип калганын мойнубузга алышыбыз керек. Анткен менен аталган Башмыйзам аркылуу биз президенттик-парламенттик башкарууга өтүп, бир кадам алдыга жылдык. Ооба, мен ошол учурда каршы болгонума карабай азыр парламенттик башкаруунун жактоочусумун, себеби дүйнөдө бул система менен өнүккөн өлкөлөр көп. Парламенттик башкарууда бардык маселелер ортого салынып, талкуудан өтүп, көпчүлүктүн ар түрдүү пикиринин негизинде кабыл алынгандыктан ачык-айкындуулук, тең салмактууулук сакталат. Бирок учурдагы бийлик, анын ичинде өкмөт ошол Башмыйзамдын чегинде эле жасай турган реформаларга бара албай шалаакылык кылып, улам артын карап жалтаңдап жүрүп, төрт жыл өтүп кетти. Ошондуктан биз өкмөт түздөн-түз жасай турган реформалардын концепциясын иштеп чыгып, сунуштап жатабыз. Бул концепция үч этаптан туруп, үчүнчү этабы ошол Башмыйзамды өзгөртүүгө мүмкүн болгон 2020-жылдарга барып такалат. Ал эми негизги өзөгүнө келсек, биринчиден, биз мамлекеттик чиновниктердин санын азайткан, бюджеттин каражатын сарптаган чакан өкмөт түзүп, бирин экинчиси кайталаган мамлекеттик органдарды кескин кыскарталы деп жатабыз. Болбосо азыркы бюджет жалаң эле мамлекеттик кызматкерлерди багууга, аларга шарт түзүүгө кетип, өндүрүш ордунан жылбай турат. Экинчиси, Башмыйзамды өзгөртпөй туруп эле аймактык реформага баралы деп жатабыз. Бүгүн бизде 40 район, 130 шаар, 430дан ашык айыл өкмөт бар экен. Эсептесек, 5 млн. 800 миң калкка бөлгөндө 13000 адамга бир айыл өкмөт болот экен да, факты түрүндө бир айыл өкмөттө болгону 8000-9000 адам жашап калат экен. Муну ансыз да экономикасы эңкейип турган мамлекет кантип көтөрөт? Мына, мурдагы өкмөт облустардын губернаторлорунун атын гана өзгөртүп, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү деп койду. Бирок анын жүздөгөн адамдан турган штаты, сууну, электр энергиясын, ремонтту, жылуулукту талап кылган имараты, күйүүчү май, тетик талап кылган унаалары толугу менен калып жатпайбы. Ага жыл сайын миллиарддаган каражаттарды жумшап жатабыз. Бирок анын кайтарымы болдубу, облустарыбыз өнүктүбү, өзгөрүүлөр болдубу? Албетте жок. Ошондуктан биз жалпысынан 16-17 аймак, анын ичинде ашып кетсе 180 айыл өкмөт кылып кыскартып, ирилештирип, чакан, иштей турган, көзөмөл кылууга, багууга чама-чаркыбыз жеткен административдик-аймактык орган түзөлү деп сунуштадык. Буга кошумча ошол ирилешкен район акимдерин, шаар мэрлерин түз эл шайласын. Алар борбордук бийликке же министрликтерге көз карандысыз болсун. Министрлер 40 районду, 130 шаарды кыдырып, тескеп, кадрларына кийлигишип отурбай, тармактын саясатын аныктасын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөсүн жана стандарттарды түзүп, ишти жолго коюп берсин. Ошондой эле жергиликтүү сотторду да түз эл шайласын. Шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгү эгер шайлаган сот канааттандырарлык иштей албаса, чакырып алсын дегенди айтып жатабыз. Ошондой эле жергиликтүү соттон кийин 8 гана апелляциялык сот түзөлү. Ушул соттун эки тепкичинин бирөөндө 1 жолку мөөнөттү, экинчисинде 2 жолку мөөнөттү иштеген гана соттор, үчүнчү сот бутагына - Жогорку сотко Cоттор кеңешинин тандоосу менен шайлансын деп жатабыз. Кыскартып айтканда, бул концепция мамлекетти чакан өкмөттүк структура менен эффективдүү башкарууга шарт түзөт.
- Концепция чиновниктердин санын кыскартуудан башка да кайсы жерден каражат үнөмдөй алат?
- Туура суроо, биз демилгечилер президент болобу, премьер болобу же депутат болобу, резиденцияда же өкмөттүк батирде жашабасын, өз үйүндө жашасын деп жатабыз. Эгер алар чындап эле борбордо үй-жайы жок аймактан келген болсо, анда эл катары батирге чыгып жашасын. Мамлекеттик казынадан батирдин акчасын төлөп берели, ал эми турак жайдын коммуналдык акысын, электр энергиясын, таштанды акысын өзү айлыгынан төлөп жашасын. Ошондой эле алар атайын МАИлер менен коштотулуп, көчөлөрдө күйүүчү майды көп талап кылган, чоң жолтандабастар менен жүрбөсүн, эл катары жашасын деп жаздык. Эл менен тең жашап, эл менен кошо кыйынчылыкка тушугуп, элдей болуп өз чөнтөгүнөн нанга, чайга, майга, батирге акча коротуп жашасын, ошондо гана ал элдин жүгүн жонтериси менен сезет деп айтып жатабыз. Мисалы, биз Президенттин айлыгын орточо 10 миң АКШ доллары деп коюп жатабыз. Бир жылда 120 миң доллар, батир акысы менен биригип 150 миң доллар болсун. Муну мамлекет көтөрө алат да. Азыр болсо билесиңер, президенттин, өкмөттүн аппаратын кармоого, алардын иш башкармалыгына тиешелүү мекемелерди кармоого канча миллиарддаган сомдор коротулууда. Айталы, Президент жылына ашып кетсе эки жолу пансионатка барып эмгек өргүүсүн өткөрүшү ыктымал, бирок ошол 15-30 күн үчүн бери жагы 20-30 кишилик штатты жыл бою пансионатка кармап, жыл бою жылуу суу, энергия сарптап, кызматчыларга айлык берүүнүн канчалык кажети бар? Мына ушул сыяктуу чиновниктердин санын гана эмес, бюджеттин акчасын ысырап кылган артыкбаш структураларды, чыгымдарды кыскартуу менен канчалаган каражатты үнөмдөй алаарыбызды азыр депутат Өмүрбек Абдрахманов эсептеп жаткан чагы.
- Демек, Президенттин ыйгарым укуктары да кыскарат экен да...
- Албетте, президент деген институт калат. Бирок жогоруда айткандай, Башмыйзамга каршы келген анын биртоп укуктарын кыскартышыбыз керек. Мына, азыркы Башмыйзам боюнча Президентибиз билим берүү тармагына, кадр тармагына, социалдык-экономикалык тармакка түздөн-түз жооп бере турган укук жок. Бирок президенттик аппараттын бөлүмдөрүн карайлы, мамлекетик-аймактык кадрлардын ишин караган бөлүм бар, каржылык-экономикалык анализдөө бөлүмү, дин иштер бөлүмү, социалдык маселелер бөлүмү дегендер бар. Булардын баары өкмөттө деле бар. Демек, Президенттин алдындагы бул бөлүмдөр жөн эле бюджеттин канын соруп отурбастан, өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишип, "анымды кызматка кой, муну иштен айда, тигил ишти жаса, аны жасаба" деп кысым көрсөтүп, ошондуктан министрликтерде мыкты кадрлар жок, иш жылбай турат. Эгер өкмөттө Башмыйзамды жакшы билген, өз ишин мыкты алып кете алган адам болсо, президенттик аппаратка "токтот, силердин андай укуктарыңар жок, бул Башмыйзам боюнча биздин иш" деп коймок. Мына ушундан кетели деп биз өкмөттүн да, президенттин да аппаратын кыскарталы деп жазып жатабыз. Бүгүн өкмөттө эң ири дегенде 51 структура бар, а биз аны 35ке чейин кыскарталы деп жатабыз. Ошодо ар бир министрлик өз алдынча болот, аймактар борборго байланбай эркин иштей алат. Мунун баарын биз алгачкы эки этапта, 2020-жылга чейин ишке ашырып, үчүнчү этапты Башмыйзамды өзгөртүү менен ишке ашырсак болот.
- Президент баш болуп, башкалары ага кошулуп, 2020-жылга чейин эле Башмыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүүнү шардана кыла башташты го?
- Мен азыркы Башмыйзамды өзгөртүүгө каршымын жана бул концепцияны жазган тарапташтар реформаларды референдум, Башмыйзамды өзгөртүүсүз эле ишке ашырарыбызга көзүбүз жетет. Башмыйзамды андай болуп калыптыр, мындай болуп калыптыр дегендердин дооматтары эч негизсиз. Азыркы Башмыйзымда абдан туура беренелер бар, аларды толук колдонуу менен алдыга жылууга болот. 2020-жылга чейин Башмыйзамды өзгөртпөйлү деп жазгандардын бири катары мен эртең референдумга барууга макул эмесмин. Кечээ эле аны идеалдуу деп жатып, бүгүн башканы сүйлөп калгандарга түшүнө албай турам. Туруктуулукка үйрөнөлү, даракты деле 4-5 жылда ордунан которо берсең түшүм береби? Бербейт.
- Азыр прокуратура түздөн-түз Президентке баш ийип, алардын айткан- деген адамдарына гана иш козгоп жатканын айтышат. Прокуратураны көз карандысыз кылууга болобу?
- Бул маселе биздин концепцияда бар. Анда биз азырынча прокуратурадан биртоп тергөө иштерин алып, азыркы конституциялык норманын алкагында ага жалгыз гана кызматтык кылмыштарды иликтөө функциясын жана жалпы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн, мамлекеттик орган катары калат. Ал эми тергөөнү атайын Тергөө кызматы деген орган түзүп, ошого өткөрүп беребиз. Буга кошумча, бүгүн биздин УКМК жалпысынан 80ге жакын маселени тергейт. Ошол эле учурда биздин коңшу өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтары 17-20 гана маселени тергей алат. Демек, бизде УКМК бардык маселелерге башын тыгып, өздөрү каалаганга же Ак үйдө отургандардын көрсөтмөсү менен саясый негизде иш козгоп жаткан фактылар ондоп саналат. Биз мындай "бөрк ал десе баш алган" системадан кетмейин миңдеген адамдардын тагдыры оюнчук болуп, теңсиздик улана берет. 2020-жылдан тартып прокуратура бир гана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө ала турган орган болуп, ошол эле убакта Адилет министри Башкы прокурор болуп калсын деп сунуш киргиздик. Ал эми УКМКнын Тышкы чалгындоо кызматы жана Чалгындоого каршы кызматы деп экиге бөлүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо тергөө функциялары өзүнөн-өзү кыскарып, өз иши менен гана алек болуп калат.
- Өкмөт электр менен жылуулуктун тарифин жогорулатабыз деп сотто жарандык коомдон утулуп калды. Энергетикалык кризиске кептеп коюп, министр Осмонбек Артыкбаев жылуу-жумшак кызматын тапшырып басып кетти, деги буларга бүгүн ким жооп берет?
- Тарифтерди көтөрүү абдан туура эмес саясат болгон. Дүйнөлүк практикада коммуналдык кызматтардын акысы качан калктын эмгек акысы, жөлөк пулдары жогорулатылганда гана көтөрүлөт. Бизде андай болгон жок да. Өкмөт болсо "Европада электр анча сом, Орусияда мынча сом, ага караганда бизде арзан" дейт. Бирок ал жактагылардын маянасы канча экендигин айтышпайт. Бүгүн Орусиядагы врачтар 20000 сомдон кем эмес, Европада 5000-6000 доллардан, биздин акчага которгондо 200-300 миң сом маяна алышат, биздикилер 8-10 миң, мугалимдер 5800 сом. Ушуну салыштырууга болобу? Дагы бир теңсиздик факты - учурда Каржы министрлигинин аппаратында иштегендер айына тамагы үчүн эле 5 миң сом алат экен. А мугалимдер бир тыйын тамагына албайт. Ошондо эртеден кечке 40 баланы окуткан мугалим тамак жебеген роботтор экен да, кабинетте жайма-жай отурган Каржы министрлигинин кызматчылары тамак жеген адамдар болуп саналышат экен. Ошону менен бирге милиция тамагына күнүнө 34 сом, аскер кызматчылары 60 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 80 сом, ал эми бажы кызматчылары 256 сом алышат. Эң түшүнүксүзү, ошол эле милициялар тарабынан кылмышка шектүү деп кармалгандардын күнүмдүк тамагына 90-110 сом каралат экен. Бул өкмөттүн эмне деген саясаты? Ушубу биздин алдыга жыла турган келечектүү, калыс, тең укуктуу саясатыбыз?! Мен ушуларды канча жолу өкмөткө сылык да, катуу да айттым, ай оңдогулачы деп да сурандым, жыйынтык баягы эле. Мына өкмөттүн нукура жүзү.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ










??.??