presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Beeline'дын башкы директору Олег КЛОЧКО:
Биз бизнестин жаңы идеологиясын жана тейлөө менен "кардардан" багыт алууну түздүк
"Урматтуу Beeline кардарлары!
2014-жылдан тартып биздин абоненттерибиздин кызыкчылыгы үчүн мен өз командамдын алдына жаңы тапшырма - өлкөдөгү кардарга багытталган бирден бир компанияны түзүүнү койдум. Бардык кызматкерлер үчүн негизги багыт болуп - түшүнүктү өзгөртүү жана кардарга өзүнө жасагандай мамиле жасоону калыптандыруу белгиленген. Тапшырма жөн гана ураан болуп калбасын үчүн биз өзүбүздөн баштадык, атайын кызматтык тарифтерден бардык абоненттерге арналган коммерциялык тарифтерге өтүү боюнча негизги демилгени ишке ашырдык. Бүгүнкү күнү бардык билайнчылар - жетекчилерден тарта катардагы адистерге чейин компаниянын кардарлары болуп калышты. Муну менен мен бизнестин жаңы идеологиясы, баалуулугу жана тейлөө менен "кардардан" багыт алууну баштадым.
Албетте, мен ири компаниянын трансформациясына бир кыйла убакыт кетээрин, Beeline`дын кардарлык тажрыйбасын биз заматта жакшырта турган "сыйкырдуу күч" жок экенин толук түшүнөм. Ошондой эле биздин бардык кызматкерлерибиздин "координаталар системасын" тез арада кайра куруу дагы мүмкүн эмес. Финансылык багыттар жана кардарга багытталуу деңгээлинин тең салмактуулугун дагы сактоо зарыл. Жалпысынан алганда мен жогорку деңгээлдеги үмүттөр, жарнамалык ураандарга түрткү бергим келбейт. Сиздерге трансформациянын татаал жолунда жана Beeline абоненттерине бардык учурларда мыкты тейлөө көрсөтүүдө эмнелерди жасап жетишкенибизди маалымдап жатам. Бул биздин биринчи системалык жана түшүнүлгөн кадамдарыбыз.
Ошентип жаңы бизнес-тактиканы жүзөгө ашырууга жардам катары жыл башында биз "Кардардын үнү" стратегиялык программасын ишке киргиздик. Анын максаты - биздин абоненттерибизден кайра байланыш алуу процессин жолго коюу жана алган маалыматты биздин бизнести "кардардан" жакшыртууга пайдалануу.
Абоненттердин каалоолорунун негизинде 100 демилге
2014-жылдын башынан тарта биз абоненттердин кайра байланышынын негизинде 100гө жакын демилгени ишке ашырдык. Мисалы, биз кардардын тажрыйбасына мониторинг жүргүзүү системасын киргиздик. Бул 0611 кыска номурунан келген сурамжылоо контакт-борбордо жана сатуу жана тейлөө кеңселеринде көрсөтүлгөн кызматты 0дөн 10го чейинки шкала боюнча баалоо мүмкүнчүлүгүн берет. Ар бир абонент өз мобилдик телефонунан жана биздин модемден расмий сайтыбызга акысыз кире алат. Биздин сунуштарыбыздын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында "Мобилдик которуу" кызматынын баасын кайрадан карап чыгып, аны 1 сомго чейин түшүрдүк. Баа эми которулуучу сумма канча экенине көз каранды эмес. Мындан тышкары биз "Сенин стилиң" тарифтер тизмегинде "Мобилдик которуу" кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түздүк. Лоялдуулук жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында "Майрамдарга бонус" (Кардарлардын туулган күнүнө белектер) топтомдорун жандандыруу мөөнөтүн 72 саатка чейин узарттык.
Ошондой эле бул долбоордун алкагында биз "Өздүк кабинет" кызматын камтыган "Мой Beeline KG" мобилдик тиркемесин ишке киргиздик. Тиркеме өз кызматтары жана мобилдик эсебин өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Аны жүктөп алуу - акысыз. Биз баалуулуктарыбызга ылайыктап "Мой Beeline KG" тиркемесин кошумча жакшырттык - ага акысыз трафик берилди.
Тармакты чогуу курабыз
Биздин абоненттердин эң маанилүү каалоолору - байланыштын жогору сапаты жана мобилдик интернеттин ылдамдыгы. Бизге жаңы базалык станцияларды орнотуу суранычтары өтө көп келет. Биз аларды "Кардардын үнү" долбоору аркылуу өткөрөбүз. 9 ай ичинде биз 90дон ашуун кайрылууну карап чыктык, алардын 20сы ушул жыл ичинде ишке ашат. Албетте, биздин абоненттерибиз алардын суранычтары тез аткарылуусун каалашат, бирок тармакты куруу процесси жөнөкөй эмес жана тез эле ишке ашпайт. Мен биздин кызматкерлерге бардыгын майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүүнү талап кылам. Себеби биздин компанияга кайрылгандар туура түшүнүүсү кажет. Тармакты куруу көп жумушту аткарууну талап кылат: сурамды иштеп чыгуу, өнүгүү аймактарын анализдөө, тармакты куруу планын түзүү, ар бир базалык станциянын натыйжалуулугун ал иштеген диапазондо канча калкты камтуусун эске алуу менен эсептеп чыгуу, орнотуу үчүн эң ыңгайлуу жерди эсептеп чыгуу жана ар бир курулушка уруксат алуу.
Мени биздин тармакта LTE ишке киргизүү боюнча пландарыбыз жөнүндө көп сурашат. Эске сала кетсек, бүгүнкү күнү Кыргызстанда ишке кирген төртүнчү муундагы тармакта бир эле убакта интернет жана үн байланыш кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошол эле убакта биз колдонгон 3,75G технологиясы, биринчиден, бүткүл өлкө ичинде мобилдик интернет колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Экинчиден, кошумча мобилдик түзүлүш сатып алып, ар дайым ноутбукту өзүң менен алып жүрүүнүн же иш ордуңа байлануунун кажети жок. Ошондой эле, биздин 3,75G (HSPA+) стандартыбыздын ылдамдыгы 50 Mbps жетет. Бул 4G ылдамдыгына дээрлик барабар. Анан биз ар дайым абоненттик базабызга "суроо-талап-сунуш" критерийи боюнча мониторинг жүргүзөбүз, изилдөөлөрдү анализдегенде КРда смартфондор болгону 11% колдонулганы ачыкталган. Албетте, биз LTE стандартын ишке киргизүүнү караштырып жатабыз, бирок ал жакшыртылган, биздин абоненттерибизге максималдуу ыңгайлуу жана пайдалуу болушу керек.
Кайра байланышты чогултуу системасы
"Кардардын үнү" долбоорунун негизги инструменттеринин бири - кайра байланышты чогултуу системасы. Ал бүткүл өлкө ичинде иштейт жана SMS-сурамжылоо түрүндө аткарылат. Бизге кайрылгандан кийин 0611 кыска номурунан билдирүү алганда таң калбаңыз. Ал билдирүүдө сиз Beeline`ды туугандарыңыз жана досторуңузга сунуштайт белеңиз деген суроо берилет. Бул инструмент аркылуу сиз биздин тейлөөгө койгон бааңызды билебиз жана аны жакшыртууга аракет кылабыз. Баалоо учурунда 0дөн 10го чейинки шкаланы колдонуу керек. Мында 0 - эч качан сунуштабайсыз, 10 - албетте сунуштайсыз дегенди билдирет. SMS-сурамжылоого катышуу акысыз.
Ошентип, мен сиздердин назарыңыздарды бургум келет: бүгүн биз абоненттерибизден алган кайра байланышка кылдат жана системалык мамиле кылып жатабыз. Биз бизнести кардардын каалоосу жана рыноктун лидери статусун эске алуу менен трансформациялап жатабыз. Мен өз командамды телекоммуникацияда эң мыкты тейлөө - бул абонент сезбеген тейлөө деп багыттайм. Анда бардыгы жөнгө салынган, "баа-сапат" катышы канааттандырарлык, Beeline`га кайрылуу зарылчылыгы келип чыкпайт, а эгерде кардар компанияга кайрылса, баарлашуу ыкчам, жеткиликтүү жана жөнөкөй өтөт. Менимче, кардар болуу кандай экенин билбей туруп тейлөө компаниясында иштөө жана аны куруу мүмкүн эмес. Мен ар бир кызматкер, компанияда кандай орун ээлегенине карабай, өз ишинин артыкчылыктуу багытына - абоненттин кызыкчылыгын коюп, Beeline тейлөөсү үчүн жоопкерчилик алуусун талап кылам. Биз үчүн абонент - бул симка эмес, тирүү адам, биздин ар бирибиз. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин ишибизге таасир бериңиз, өз Beeline`ңызды куруңуз!".
Консультацияны 0611 телефонуна чалып, алсаңыз болот. Чалуу акысыз. Ошондой эле, сиз www.beeline.kg сайтындагы онлайн-консультанттын кызматынан пайдалана аласыз. Мындан тышкары, Beeline абоненттери үчүн оператордун сайтында атайын "Суроо-жооп" бөлүгү бар. Кайра байланышты компаниянын Facebook, Twitter, "Одноклассники" желелериндеги расмий баракчасынан дагы берүүгө болот.





Улуттук университет эми оңолоор бекен…
Ректорлукка ким татыктуу?

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетине жаңы ректор шайлоо 18-октябрь күнү окуу жайдын башкы имаратында болуп өттү. Ректорлук кызматка 16 талапкер ат салышкан. Добуш берүү жолу менен он алты талапкердин үчөө биринчи турдан өттү. Үчөөнүн мындан аркы тагдыры өкмөт башчынын колунда. Ал кимди тандаса ошол адам ректор болот.
Ректорлукка талапкерлигин көргөзгөндөрдүн жашы кырк тогузда, сакалдуусу алтымыш төрт жашта. Теңинен көбү профессор, илимпоздор. Шайлоо он-лайн режиминде интернет аркылуу түз алынып көрсөтүлдү. Андыктан анын ачык өткөнүнө күмөн санабай деле койсо болот дейт добуш бергендер. Шайлоого жалпысынан 1393 адам катышып, 1267 шайлоо бюллетени берилген. Жашыруун добуш берилгенден кийин үкөктөн 1258 бюллетень алынып, анын тогузу жараксыз деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эң көп добуш алган үч талапкер биринчи турдан өттү.
Алар улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, физика-математика илиминин доктору, профессор Алтай Бөрүбаев, Кыргыз-Кытай институтунун директору, юридика илиминин кандидаты, профессор Токтобаев Болот Токтомушевич, Кыргыз-Европа факультетинин деканы, экономика илиминин кандидаты Адамкулова Чынара. Өткөндөрдүн резюмеси менен добуш берүүнүн протоколу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге жөнөтүлдү. Өкмөттүн чечими он күн аралыгында кабыл алынат. Учурда үчөөнүн ичинен 200 добуш алган Алтай Бөрүбаевдин шансы көбүрөөк.
Эске салсак, ЖОЖдун мурдагы ректору Искендер Исамидинов ушул жылдын июль айында кызматынан бошотулган. Ага карата 2013-жылдын октябрь айында бюджеттик каражатты максатсыз пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. 4 проректор аткара турган кызматка 8 проректор койгон Исамидинов мамлекетке 2 миллион сом чыгым алып келген деп күнөөлөнүүдө.

Шайлоо калыс өттүбү?
Айылчы САРЫБАЕВ, КУУнун Экономика жана финансы институтунун директору:
- Уюштуруу иштеринде биртоп мүчүлүштүктөр болду. Көйгөйлүү окуу жай өзүнө окшогон көйгөйлүү уюштуруу комитетин тандаптыр. Тизмелерди тактоодо, шайлоонун жүрүшүндө башаламандыктарга жол беришти. Ал эми шайлоо тууралуу айта турган болсом татыктуусу өттү. Ар ким татыктуу деп эсептеген талапкерге добуш берди. Шайлоо системасы бизге чейин эле эбак түзүлгөн, аны өзгөртүүдө биз алсызбыз. Үч талапкерди көрсөткүлө, үчөөнүн бирөөсүн өзүм тандайм деген бийликтин мамилесин шылдың катары кабыл алдым.

- Шайлоодо эки муундун тирешүүсү сизге сезилдиби?
- Кыргызда карысы болбой жаш болбойт деген кеп бар. Жаштардын алдыга жулунганын мен тартипсиздик, тарбия көрбөгөндүк деп баалайм. Бул жерден мен билимсиз, тартипсиз жаштар менен интеллектуалдык деңгээли жогору болгон адамдардын тирешин байкадым. Биздин окуу жайды башкарганга эң негизгиси көптү көргөн, тажрыйбалуу баш керек. Ал эми кол-бут болчулар башка жактан деле табылат.

Памира КАДЫРБЕКОВА, чет тилдер факультетинин деканы, профессор:
- Шайлоо таза, айкын өттү деп айта алам. Эсептөө палатасы тынымсыз иштеп, көп эмгек жумшады. Жеке менин пикиримде үчүнчү талапкер Адамкулова Чынара ректорлук орунду ээлегенге татыксыз. Анткени ал тууралуу айтылып жаткан сөздөр жөн жеринен чыккан жок. Мындай масштабдуу окуу жайды өз ишин билген инсан башкарышын каалайт элем.

Айсалкын АСАНОВА, Башкаруу жана бизнес институтунун директору:
- Шайлоо ойдогудай өттү. Биринчи турдан өткөн үч талапкер татыктуу деп тандалды. Эми кимиси башчы болорун жогору жактагылар өздөрү чечсин. Биздикиндей чоң, ири окуу жайды башкаруу жоопкерчиликти, кылдаттыкты талап кылган оор милдет.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА









??.??