presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
90го чыккан менин милициям
Кылымга тете кызмат

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын уюшулганына 90 жыл толот. Өткөн кылымдын 1924-жылы 1-ноябрында Кыргызстанда алгачкылардан болуп расмий түрдө милиция кызматкерлери иштей баштаган. Чындыгында ага чейинки 1917-жылдагы революцияда деле коомдук тартипти сактаган эл өкүлдөрү болгон. Бирок расмий түрдө катталып, милиция, полиция деген түшүнүк жети жылдан кийин кирген экен. Кылымга тете кызмат кылган милиция кызматкерлеринин тарыхы тууралуу атайын жыйын ушу жумада өттү.
Милициянын токсон жылдык тарыхын, коомдогу тартип сакчылардын орду, алардын аткарган кызматы боюнча "Кыргызстандын милициясы, тарыхы жана азыркы абалы" тууралуу илимий-практикалык конференцияны КР ИИМ уюштурду.
Бул илимий-практикалык конференцияга ИИМдин жетекчилери жана милиция академиялык окуу жайынын башчылары, өкмөттүн, президент аппаратынын өкүлдөрү, ЖК депутаттары, вице-премьер министр, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орунбасары, Орусиянын, Түркиянын, Кытайдын элчиликтеринен өкүлдөр, ОБСЕнин өкүлдөрү катышып, азыркы биздин кыргыз милициясынын келе жаткан 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, алардын ишмердүүлүгү боюнча өз билгендерин ортого салышты.
Албетте, кыргыз милициясынын басып өткөн жолун жөнөкөй деп айтууга болбойт, бир кылымга тете тарыхы бар тартип сакчыларынын Улуу Ата мекендик согуштагы эрдигин, андан кийинки Кыргыз Республикасынын калыптанышына кошкон салымын, акыркы эле 5-10 жылдагы революцияларда Кыргызстандын жоголуп кетүү коркунучунда турганда милициянын өтөгөн кызматы мактоого татыктуу экенин КР ИИМ министринин биринчи орунбасары, генерал Бактыбек Жусубалиев айтып өттү.
Кыргыз милициясынын тарыхын чагылдырган тасма көрсөтүлүп, иш ордунда көз жумган баатырлардын эрдиги эскерилип, сүрөттөрү да көрсөтүлдү.
Кылымга тете кызмат кылган кыргыз милициясынын тарыхына кайрылсак, өткөн кылымдын 1925-жылдары биздин милицияда болгону бир эле фотоаппарат жана анча-мынча коргонуучу каражаттар болгон экен. Азыркы учурда алдыңкы заманбап технологиянын баары жетиштүү, өздөрүнүн лабораториясы да бар. Жыл сайын милициянын кесиптик профессионалдуулугу өсүп жатат, алардын кесипкөй катары иштешине бардык шарттар түзүлгөн. Күнүгө болуп жаткан кылмыштуулукту болтурбоо, аларды алдын алуу жана коомдук тартипти сактоодо милициянын ат көтөргүс эмгеги бар экени тууралуу сөз болду. Негизи коомдук тартипти сактоо милициянын эле эмес, жөнөкөй жарандардын да демилгеси болушу керек эмеспи. Коомдо болуп жаткан бардык мыйзам бузуулар, жат көрүнүштөр тартип сакчыларынын көзөмөлүндө экени белгилүү. Андыктан милиция абийири таза, өз ишин так жана жогорку деңгээлде аткарган жарандар менен толукталууда. Коомдогу стабилдүүлүктү сактоо милициянын негизги ролу. Өлкөбүздөгү бардык кырдаал, улуттар аралык араздашуу, митинг, кылмыш, кырсык ж.б.у.с. бүт бардыгы милициянын көзөмөлүндө. Өлкөбүздүн жаркын келечеги, туруктуулугу, коогалаңдардын алдын алуу да милициянын колунда. Милицияда актуалдык көйгөйлөр көп, бирок ага карабай алардын социалдык абалын жакшыртуу керектиги тууралуу сөз болду.
Илимий практикалык конференция учурунда КР ИИМ министринин биринчи орунбасары, генерал Бактыбек Жусубалиевди кепке тарттык:
- Учурда милициянын эң негизги максаты - өлкөбүздөгү ар бир жарандын коомдук коопсуздугу. Ар бир жаран эч нерседен коркпой тынч жашашы керек. Биздин негизги милдетибиз кылмыштуулукка каршы күрөшүү.
- Жакында милициянын юбилейлик майрамы болот, ага кандай иш аракеттерди, даярдыктарды көрүп жатасыздар?
- Ар ким, ар бир кесип ээлери өзүнүн кесиптик майрамын жакшы ийгиликтер менен майрамдагысы келет. Биздин жакшы даярдыгыбыз - кылмыш менен күрөшүүдө элибиздин коопсуздугун камсыз кылууда ийгиликтерге жетишкенибиз болуп саналат. Биз буга сөзсүз жетишебиз деп айта алам. Албетте, ИИМде абдан көп көйгөйлөр бар. Финансылык, материалдык-техникалык база, биздин кадрларды окутуудагы, даярдоодогу сабатсыздык жана башка да көйгөйлөр көп. Бирок ушулардын баарын жеңип, мындай көйгөй болбош үчүн аракет кылып жатабыз. Бизге эл жардам берип жатат, бизди Президент, өкмөт, парламент колдойт. Элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык күч аракетибизди жумшап, бардык ой- максаттарга жетишебиз деген ишенимдемин. Коомдук тартипти жөнгө салып, көзөмөлгө алуу үчүн бизде мыкты милиция кызматкерлери бар жана алар жетиштүү деңгээлде. Убакыт өткөн сайын кылмышкерлер да кылмыштуулуктун жаңы ыкмаларын ойлоп табышууда. Албетте, бизде кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн ыкмалары эчак эле ойлонуп табылган. Ошол ыкмаларды андан ары өркүндөтүп, коомго жат көрүнүштөрдүн алдын алып жана кылмыштуулуктун жолуна бөгөт коюубуз керек,- деди Бактыбек мырза.
Сөз аягында айтаарыбыз, бул илимий конференцияга катышкандардын 99,9% кыргыз улутундагылар болсо да жыйын мамлекеттик тилде эмес, расмий тилде өткөнү өкүнүчтүү болду. Бардыгы расмий түрдө өз докладдарын окуп, куттук сөздөрүн айтышты. Ал эми ОБСЕнин өкүлү Джон Мак кыргызча докладын окуп бергени көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
сүрөттөр автордуку




Кулагы дүлөй, көзү сокур бийлик
Ачкачылык акциясы уланууда

"Жаңы муун" жаштар кыймылынын лидерлери баштаган ачарчылык акциясы алты күндөн бери уланып жатат. Алгач 15-октябрь күнү М.Горький атындагы сейил багында башталган акцияны тартип сакчылары көзөмөлгө алып, жаштардын бул кадамын тизгиндөөнүн аракетин көрүшкөн. Бирок чындыкты, бийликтеги коррупциялык схеманы жоюуну максат кылган жаштар сырттагы жаан-чачынга карабай беттегенин бербей алты күндөн бери оозуна наар албай турушат.
Ачкачылык акциясына чыккандардын төрт талабы бар. Биринчиси, электр энергиясына болгон бааны көтөрбөө, экинчиси, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотуу жана аны калыбына келтирүү, энергетика тармагындагы Ширшовдун коррупциялык схемасын жоюу, үчүнчүсү, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартуу, төртүнчүсү, күйүүчү майга болгон бааны түшүрүү. Ушул төрт талап аткарылмайын жаштар кыймылынын лидерлери жана аларды колдогондор ачка кезерип турганы турган. Сейил бакка бозүй тигүү аракети ишке ашпаган соң акциянын катышуучулары күндүз тикесинен тик туруп, кечкисин унаанын ичине түнөп жатышканына күбө болдук. Тимур Саралаев, Адил Турдукулов, Мелис Аспеков, Мавлян Аскарбеков баштаган топко өлкөнүн келечеги үчүн кайдыгер карабаган жарандар четинен кошула башташты. Ачкачылык жарыялагандардын саны улам өсүп жатат. Буга чейин өкмөт тараптан нааразы болгондорго эч кандай жооп болгон жок.

Мелис АСПЕКОВ, "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү:
"Талаптарды өзгөрттүк"
- Жогорудагы төрт талапты биз шейшемби күнгө чейин койгонбуз. Бирок алты күндөн бери бийлик тараптан жооп жок. Эми биз кошумча талаптар менен чыгабыз. Өлкөнүн туңгуюка кептелишине Каржы министри Темир Сариевдин да салымы бар. Азыркы өкмөттүн жана аталган министрдин кызматтан кетишин талап кылабыз. Өкмөт биздин талапты кулагы угуп, көзү көрмөйүн акцияны уланта беребиз.
- Тамак ичип жаткан сүрөттөр басылмаларда жүрөт?
- Ал тамактанган учур 15-октябрь күнү түшкү саат 12:00 болчу, ачкачылыкты биз ошол эле күнү саат 15:00дө баштадык. Укук коргоо кызматкерлери жаныбыздан чыкпай кайтарып турат, тамак ичкенибизди ошолор биринчи айтып чыкмак. Тамак ичпеген үчүн "Ар-намыс" фракциясынын жаштар канатынын лидери эсин жоготуп, мурду канады. Экинчи топтогу майып аксакалдар оозуна наар албай отурушат. Ушунун баары атыбызды чыгарыш үчүн жасалып жаткан пиарга окшоп турабы? Үй-бүлөбүздү, балдарыбызды таштап, ден соолугубузду курмандыкка чалып атыбызды чыгарабызбы? Биздин кылган иш-аракеттерибиздин баары эл үчүн, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн. Ушул сөзүмдү эстеп койгула, кышында бизди 4-5 саатка эмес бир күн бою жарыгы жок отура турган күндөр күтүп жатат. Доллардын баасы азыркы тапта 56 сомго чыкты. Бир литр күйүүчү май 1 доллар турат деген эмне шумдук? Илгери биз чек арадагы маселени жөнгө салгыла деп митинг уюштурганбыз. Азыр көзөмөлгө албасаңар чек арада атышуулар болот, жарандардын өлүмүнө алып келет деген элек. Айткандай эле эки жылга жетпей чек арада атышуулар каттала баштады. "Кыргызгаз" сатылуу алдында турат деп дагы коңгуроо кактык эле жыл айланбай Россияга сатылып кетти. Эми энергетика тармагыбыз да тонолуу алдында турат. Экс-министр Осмонбек Артыкбаев кыргызды ушундай күнгө кептеп, энергетика тармагын сызга отургузуп туруп эмнеге жоопкерчилик тартпай басып кетиши керек? Жоомарт Оторбаев казактарга барып энергетика маселесин чечип келдим деп мактанып жатат. Энерго-эксперттер Казакстандан келген энергияны биздин линиялар көтөрө албасын какшап айтып жатышат. Ушундай акыбал менен Кыргызстан кыштан кантип чыкканы турат, түшүнбөйм!

Мавлян АСКАРБЕКОВ, "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү:
"Сындырууга аракет кылып жатышат"
- Биз бул акцияны өткөрүүдө мыйзам бузган жокпуз. Бозүй тигүүгө уруксат беришкен жок, колу-бутубузду кайрып одоно түрдө бизди "сындырууга" аракет кылышты. Аргасыздан ачкачылык акцияга барып жатабыз. Өкмөттөн бир да адам кеп-сөзгө келип, акыбалыбызды сураган жок. Мыйзам боюнча бизге "тез жардам" кызматы берилиш керек эле. Бул жерде эсин жоготуп жыгылгандар бар. Тескерисинче, быякта топтошкон бандиттер бизге кол салып өмүрүбүзгө коркунуч жаратып жатат. Көтөргөн плакаттарды айрыганга чейин барышты... Бул да болсо бийликтин ыплас иш-аракети. Топтошкон бандиттерди жиберген бийликтегилер бир "тез жардам" унаасын жибере албайбы? Бул мамлекетте Конституция, мыйзам деген бар. Ошол жазылган мыйзам менен жашайлы же "көмүскөдөгү понятие" менен жашайлы. Мыйзамсыздык жоопкерчиликсиздикти жаратат. Бизде мыйзам иштебеген үчүн министрлер тоноп-жеп тоюп, аягында жоопкерчиликти тартпай басып кетип жатышат. Өкмөт мыйзам чыгардыбы, баарыбыз ошол мыйзамга баш ийип жашайлы. Мыйзамга баш ийгенди билбейбизби, анда өкмөт, укук коргоо органдары өздөрүнө тууралап Конституцияны кайра баштан жазып чыгышсын.
- Региондордон сиздерди колдогон жаштар чыгып жатыптыр...
- Ош шаарында "Жаңы муун" кыймылынын иш-аракетин колдогон жаштар топтолуп акцияга чыгып жатканын маалымдашты. Башка региондогу жаштар, мамлекеттин эртеңки күнүн ойлогондор да четте карап турбайт деп ойлойм. Биз акциянын аягына чейин турабыз, революция кылып мамлекетти чыгымга алып келели деген максаттан алыспыз. Биздин үн азыр угулбаса кышында кыйналган эл жазга жетпей дагы бир төңкөрүлүшкө чыгышы толук мүмкүн.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА,
сүрөттөр автордуку









??.??