presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Өзөктөн чыккан сөз
Нарын АЙЫП, публицист:
"Орус жана совет империясынын жүз жылында жаңы кыргыз улуту калыптанбады"

Абийирдүү азчылык чөйрөнүн өкүлү, белгилүү журналист Нарын Айып өзүнүн чыгармачыл чыйырын илимден баштаганы дайын. 1974-жылы азыркы улуттук университетти аяктары менен физика илимин беттеп, Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттен стажировкадан өткөн.1977-80-жылдары Москвадагы СССР илимдер академиясынын аспиранты, кийин ошол эле илимдер академиясында он жылдан ашуун иштеп, эгемендик жылдарынан бери журналистика жаатына өткөнү маалым. 1993-жылдардан тарта "Эркин Европа", "Азаттык" радиолорунда эмгектенген. Узак жылдар бою аталган радиолорду Прага, Чехия, Мюнхен, Германияда жетектеп келген. Ал кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин ой жүгүртүп жаза билген бирден бир журналист. Н.Айып 2010-жылдан бери КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат аналитикалык программасын жетектеп келип, кандайдыр коомчулукка белгисиз себептер менен кызматынан кеткени дайын. Биз бүгүн Нарын мырза менен учурдагы коомдук процесстердин ак-карасы туурасында омоктуу сөз курууну чечтик.

- Эл оозунда "кара жашик" атка конгон КТРдин "Ала-Тоо" маалымат борборун сиз жетекчиликке алгандан тарта анын чыгармачылык сапаты жогорулап, объективдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук эле. Тирикарак жаш тележурналисттер өсө баштаганы байкалган, бирок ал жактан кетип калууңузга эмне себеп болду?
- Өлкөбүздө көп нерселер "аты бар, заты жок" болуп жатпайбы, парламентаризмден тартып, бизнеске чейин. КТРди да коомдук сыналгыга айлантуу боюнча чечим 2010-жылы чыкканы менен, ал чыныгы коомдук маалымат каражатына айлана элек. Негизги себеп - каражат мамлекеттен бөлүнүп жаткандыктан, эмнени көрсөтүп, эмнени көрсөтпөш керектиги тууралуу бийлик бардык мүмкүнчүлүктөн пайдаланат, аны түшүнсө болот, бирок айрымдар өз тар кызыкчылыктарын коомдук максат деп түшүнө баштады.
"Итоги недели" деген программаны алып барып жүргөндө айрым чечим кабыл алчу аткаминерлер бийлик жөнүндө сүйлөгөндө көзүңүздөн от күйбөйт дегенге чейин барган. Абалды оңдоо үчүн башдеректир менен Байкоочу кеңеш көп нерсеге жараш керек эле, бирок алар принципиалдуу боло алган жок.
Албетте, дайым эле бийликке каршы чыга берүүнүн кереги жок, азоону үйрөткөндө деле анын алдын тосуп, же күчкө салып эмес, эптеп үстүнө минип, биртопко оозун бош кое берип, анан акырындап көндүрөт эмеспи, бирок талап кылбаганда деле бийликке жагынуулар күчөдү. Эски замандагыдай эле трибунадан сүйлөнгөн сөз - бир, чыныгы иш башка боло баштады. Ага көзүнөн жалын жанган көшөкөрлөрдүн жеке кызыкчылыктары, интригалар, коррупция жана сабатсыздык кошулганда, абал канчалыкка жеткенин түшүнсө болот.
Анткен менен анын баары баягы эле эски маселелер, алар менен күрөшө берсе болот эле, бирок "Ала-Тоо" редакциясындагы улан-кыздарды тазалыкка, кесипкөйлүккө, принципиалдуулукка төрт жыл үйрөтүп жүрсөм, алар жетекчиликтин биринчи эле кабак серпиши менен советтик мезгилде тарбиялангансып, мага каршы кат жазып, кол чогултууга чуркап жөнөбөдүбү. Ошондо буларга эч нерсе жукпайт экен, алар менен бир табактан тамак ичип кереги жок деп чечтим.
- Байкайсызбы, сиз өңдүү ою жетик, тили жатык журналисттер негедир кыргыз тилдүү маалымат каражаттары менен иштешүүдөн оолактап, орус тилдүү ЖМКлар менен кызматташууга ыктай баштады. Мунун себеби эмнеде?
- Редактор кандай болсо маалымат каражаты да ошондой. Албетте, өзүн сыйлаган адистер көрүнгөн гезитке макала жаза бербейт, бирок редактор жакшы авторлорду тартайын деп алардын эмгеги басылмага керек экенине ынандырса, адистер качпайт. Маселе андай редакторлор кыргыз гезиттеринде өтө аз экенинде, айрымдары жөнөкөй журналисттерден айырмаланбайт.
Редактор деген ар башка пикирдеги адамдардын башын коштуруп, басылманын кайталангыс стилин аныктап-калыптандырып, өз өлкөсүндө эле эмес, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды түшүнүп, аларды бир-бирине байланыштыра билип, замандын эң алдыңкы ой жүгүртүүлөрүнөн кабардар болуп пайдаланайын десе, жазганды билбегендер да калемгер болуп кетиши мүмкүн.
Орус тилдүү журналисттердин көз алдында Москвада же Батышта орусча жазылган таланттуу чыгармалар дайым үлгү болуп жанып турат, кыргыздар болсо өзүбүз менен гана алекпиз, арабызда курч деле атаандаштык жок. Ошол себептенби, жалпысынан алганда кыргыз журналистикасынын орто деңгээли биртоп төмөн, айрымдар аны чыныгы кесип деп да эсептебейт жана жазуучулукка же акындыкка карай бир тепкич деп гана түшүнөт.
Ага кошумча, коомдун бардык жылчык-тешиктерине кирип, мейкиндиктин баарын толтуруп салган сабатсыздык күч, аттуу-баштуу саясатчылар да кыргызча таза сүйлөй албайт, андыктан ою да кыска, айрымдар кайсы бир пикирин билдирейин дегенде, бир кезде китептен эмнени окуса, ошону эстеп, жамаачылап ой жаратат, ошондуктан эки кыргыз сөзүнө үч чала сабат орус сөзү кошулат.

(Уландысы 11-бетте)




"Кумтөр" артындагы куу саясат

Элдин эсинде болсо 2013-жылы 12-ноябрда Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин фракция лидерлерин кабыл алып, кыргыз өкмөтү менен "Центерра голд" компаниясынын "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрүн эске алып, калыс чечим чыгарууга чакырган. Ага удаа эле "Кумтөр" маселесинде өкмөт кыргыз тараптын кызыкчылыгын кыйла жакшыртканын белгилеген. Ошондой эле ал отурумда өлкө башчы "Кумтөр" маселесинин ашкере саясатташып кетүүсү экономикалык кыйынчылыктарга карабастан кенди улутташтырууга алып келиши мүмкүн экендигин билдирген болчу. Андан бери негедир өкмөт менен канадалык компаниянын 50х50 пайыздагы биргелешкен ишкана түзүү сүйлөшүүлөрү улам артка жылып, ортодо биртоп пикир келишпестиктер да болгон. 20-октябрда Президент Алмазбек Атамбаев "Кумтөр" долбоорунда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүп, Кыргызстандын эң ири алтын кенинен түрдүү ыкмалар менен пайданын көп бөлүгүн алып чыгып кеткен компаниянын Канаданын сотторунда биздин улуттук байлыгыбыздын тагдырын чечүүсүнө жол бербешибиз керек" деген билдирүү менен коомчулукка кайрылды.


Мындай кайрылууга 14-октябрда Онтарио (Канада) провинциясынын Жогорку сотунун канадалык "Centerra Gold Inc" компаниясындагы "Кыргызалтын" ААКсынын 60 пайыз акциясын камакка алуу чечимин чыгаруусу себеп болгон. Өлкө башчы өз кайрылуусунда Канада сотунун акыркы чечими ишканага кызыкдар тараптардын чайкоочулугу, Кыргызстанды кысмакка алуу экенин баса белгиледи. Ал эми Онтарио соту болсо "Кыргызалтын" акцияларынын 60 пайызын канадалык "Стэнс энержи корп" компаниясынын доосунун негизинде камакка алганын билдирген. Ал кандай доо эле?
"Стэнс энержи" компаниясы 2009-жылы Кыргызстандагы Куттуу-Сай темир кенин иштетүүгө лицензия алат. 2012-2013-жылдары парламентте ал лицензиянын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлүп, Бишкектеги райондор аралык соту аны алып койгон. "Стэнс энержи корп" лицензияны кыргыз тарап мыйзамсыз тартып алды деп Москва соода-өнөр жай палатасынын Арбитражына кайрылган. 2014-жылдын июнь айында Арбитраждык сот аталган компаниянын пайдасына 120 млн. доллар доону төлөп берүүгө Кыргызстанды милдеттендирген чечим чыгарган. Бул чечимден соң вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев компаниянын өкүлдөрү менен бир нече ирет сүйлөшүп, жакшы жыйынтык чыккан эмес. Эми минтип Москванын Арбитраждык сотунун чечимине таянуу менен Онтарио соту Кыргызстандын "Centerra Gold Inc" компаниясындагы 77 млн. 400 миң акциясынын 47 млн. акциясын (60 пайыз) камакка алып отурат. Буга чейин канадалыктарга сылык-сыпайы мамиле кылып келген Президент Алмазбек Атамбаевдин коомчулукка олуттуу кайрылуусунун төркүнү да ушунда.
Президенттин мындай билди-рүүсүнөн соң коомчулук эми "Кумтөр" эмне болот деп кулак түрүп турса, "Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Кумтөр" алтын кенинен кыргыз эли пайда көрбөгөн соң аны улутташтырып салган оң экенин айтып чыгышты. Чыныбай Турсунбековдун айтымында, быйыл жыл башында эле каралып баштаган үлүштөрдү теңме-тең бөлүштүрүү келишиминен эч жыйынтык чыккан эмес. Ал эми "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун айтымында, "Кумтөрдү" улутташтырууга али эрте. "Минскидеги КМШнын Экономикалык соту "Москвадагы Арбитраждын бул арызды караганга укугу жок" деп чечим чыгарып берди. Экинчиден, "Стэнс энержи" компаниясы канадалык сотко кайрылганда бизге кабарлабай биз сотко катышпай калганбыз. Үчүнчүдөн, "Кыргызалтындын" бул компания менен байланышы, доосу жок болчу. Биз эмне себептен компания биздин акцияга кол салат деген доо арыз менен канадалык сотко кайрылдык. Жакында алар сот отуруму качан болорун айтышат" дейт Токон Мамытов "Азаттыкка" берген маегинде. Эгер Токон Мамытовдун айткандары ишке ашса акцияларды кайтарып алышыбыз мүмкүн. Бирок буга чейинки канадалыктардын ар кандай оюндарын, Москва Арбитражынын "Ак-Кеме" мейманканасы, Куттуу-Сай кени боюнча чыгарган чечимдерин эске алганда бул иш Токон мырза ойлогондой болбой да калышы ыктымал. Анткени өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бекеринен "Оболу 2012-жылдын 17-августунда "Ак-Кеме" мейманканасынын тегерегиндеги мүлк талаш боюнча "Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S." түрк компаниясынын доо арызын камсыз кылуу боюнча чечим (Түрк компаниясы "Ак-Кеме" мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн 11 миллион долларга утуп алган) кабыл алынды. Эми болсо 2014-жылдын 14-октябрында Куттуу-Сай II сейрек кездешүүчү металл кенинин тегерегиндеги чарбалык талаш боюнча канадалык "Стэнс энержи" компаниясы кен казуу компаниясынын талабы боюнча чечим кабыл алынып жатат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы чарбалык талаштарда чет элдик компания же уюм тарабынан Кыргызстанга кандайдыр бир кысым көрсөтүүнүн жана соодалашуунун куралына айланган жагдайга жол берүүгө болбойт" дебесе керек.
"Мен Онтарио сотунда утарыбызга ишенем жана дивиденд менен акцияларды кайтарабыз. Биздин өкүмдү кайра кароо арызыбызды канадалык сот кабыл алды" деген Токон Мамытовдо үмүт чоң. Ошол эле кезде "Стэнс энержи" компаниясынын президенти Родни Ирвин арбитраждык чечимдин компаниянын пайдасына чечилиши үчүн актуалдуу чараларды көрүүдөн башка жол жок экенин айтат. "Кыргызалтындын" жетекчисинин орунбасары Кылычбек Шакиров болсо бул соттошуу жана акцияларды камакка алуу "Кумтөрдө" биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн солгундашына алып келерин билдирди.
Мелис СОВЕТ уулу










??.??