24.10.14 Ээсиз энергетика
Кубанычбек Турдубаев кууратабы же жыргатабы?
Кыш кылычын алып жакындаганда алдыда боло турган кыйынчылыктан корктубу, Энергетика министри Президенттин бир жолку сынына чыдай албай кызматын таштай качты. Иштей албагандыгын моюндагандын ордуна Осмонбек мырза Президенттин "энергетика тармагын бул тармакты жакшы билген кадр жетектеш керек" дегенин "туура көргөн" болду. Фармацевт министр өзүнүн ордуна илгертен энергетик болуп келаткан Кубанычбек Турдубаевди сунуштап, аны министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындоо жарлыгына Президент кол койгон. Бирок депутаттар аны коррупционер, мурда соттолгон деп жактырышпай туру. Минтип аны өгөйлөөгө эмне себеп болду экен деп анын өмүр таржымалына кызыгып көрдүк.


Министрдин милдетин аткаруучу болуп турган Кубанычбек мырза азыр 42 жашта. 2001-жылы И.Раззаков атындагы КТУнун энергетика факультетин аяктап, "Кыргызэнерго" акционердик коомундагы, Венгриядагы энергетикалык курстарда окуган. 1996-жылдан 2007-жылга чейин энергетика тармагында электромонтер, инженер, Жети-Өгүз, Каракол райондук электр станцияларында жетекчи, "Чыгышэлектр" ААКсында башкы инженердин орунбасары, техникалык директор болуп эмгектенген. 2007-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик департаментинин директорунун орунбасары, кийин директору болуп иштеген. 2010-жылы "Чыгышэлектр" ААКсынын башкы директорлугун, 2011-жылдан 2014-жылга чейин "Түндүкэлектр" АККсынын техникалык директорлугун, кийин башкы директорлугун аркалап келген. 2014-жылдын 12-майынан тарта Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин орунбасары болуп иштеп жаткан. Ушундай байсалдуу эмгек жолунда Кубанычбек мырза бийликтин биртоп мактоо баракчаларын алып, 2006-жылы Ысык-Көл облусунун "Мыкты энергетиги" аталып, 2009-жылы "КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отличниги" төш белгисине татыктуу болуптур. Атургай 2013-жылы КМШ Электр-энергетикалык кеңешинин президенти ага "КМШнын ардактуу энергетиги" наамын ыйгарыптыр. Ушул жагын эске алыппы, айтор Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жактырган. Бирок Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев сыяктуу депутаттар Кубанычбек мырзага ишеним артпай, куйкаларын куруштура башташты.
Депутат Мыктыбек Абдылдаевдин 16-октябрдагы жыйында Кубанычбек Турдубаев Каракол РЭСин жетектеп турганда ага кылмыш иши козголгонун ортого салды. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев анын соттолгонун билбепмин таризинде ийин куушурса, К.Турдубаев ага кылмыш иши козголгонун моюндап, бирок акталганын билдирди. Буга улай ал өзүнүн мурда соттолгонун Президент Алмазбек Атамбаев сопсонун билерин, бирок министрликте иштегенге "добро" бергенин ортого салды. Министрликке талапкер минтип актанып жатса, депутат Өмүрбек Текебаев Турдубаевдин өндүрүлгөн электр энергиясынын 49 пайызын казактардын жел фирмаларына сатып, 30 млн. 160 миң сомду мойсоп койгонун жар салды. "Турдубаев өндүрүлгөн энергиянын жарымын сыртка сатып коюп, эл өз убагында төлөбөй энергетика тармагын кризиске учурап жатат деп айтып келген. Миллиарддарды уурдаган жигит эми минтип министр болом деп турат. Кылмыштуулук боюнча мыйзамды күчөтүп, ууру чиновниктерге жазаны күчөтүшүбүз керек" дейт Өмүрбек Текебаев. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, колунда ишенимдүү документ болбосо Өмүрбек мырза минтип опурулбайт эле. Бирок Текебаев менен Абдылдаев Турдубаевдин коррупционер экенин, мурда соттолгонун билишсе буга чейин эмнеге ооз ачышпаган? Же министрдин коррупционер экенин эми көрүштүбү? Ал эми 9-октябрдагы депутат Кожобек Рыспаевдин "Энергетика министринин орунбасары Кубанычбек Турдубаев өз арызы менен кызматынан кетиптир" чуусунан соң вице-премьер-министр Валерий Диль министрликке бир гана Турдубаев татыктуу экенин, анын энергетика системасын абдан жакшы билген аналитик, адис экенин айтып чыккан болчу. Өкмөт өкүлдөрү менен депутаттардын кимиси элдин башын айлантып жатканы азырынча белгисиз.
Кышкы көйгөйдү унутуп өкмөт, парламент минтип кызыл чеке болуп жатканда "убактылуу" министр "суу тартыштыгы аба ырайы боюнча маалымат туура эмес айтылгандыктан болду" деп коомчулуктун оозун ачырды. Турдубаевдин айтымында, Кыргызгидрометтин божомолу туура болгондо азыр Токтогул суу сактагычында суу 13 млрд. куб метр болмок экен. Буга удаа эле министрдин милдетин аткаруучу кышында электр энергиясына чектөөлөр болорун, Токтогул ГЭСинин толук токтоп калуу коркунучу бар экенин "сүйүнчүлөдү". "Кышында электр энергиясына чектөө болот. Негизинен түнкү, анан кечки максимумда өчүрөлү деп жатабыз. Муну менен 1 млрд. 254 млн. кВт/саат энергия үнөмдөйбүз. Январь айында 667 кВт/саат энергия керек болот. Азыр 700 кВт/саат энергия запаста бар. Ошол энергия бир фаза менен күнүмдүк колдонууга жетет. Үч фазаларды өчүрүүнү токтотобуз. Бул иштерди Казакстандан ала турган импорттук энергиянын эсебинен чечебиз" дейт ишенимдүү. Элди минтип санаага салган министр кайра мындай кыйынчылыктарга карабай энергетика тармагы акырындап "айыгып келатканын" айтат.
Министрдин мындай оома маалыматтарынан улам Данияр Тербишалиевдин "Кубанычбек Турдубаев Осмонбек Артыкбаевдин жомогун айтып жатат" дегенине аргасыз макул болот экенсиң. Ал ортодо эксперт Расул Умбеталиев К.Турдубаев кыска мөөнөттө чукул жана күчтүү реформа жасай албаса, туш-туштагы кысымга туруштук бере албаса, энергетика тармагын да, өлкөнү да кризистен чыгара албасын "балп" эткизди. Азыркы Энергетика министринин милдетин аткаруучу К.Турдубаевдин акыбалы азырынча ушундай.

Мелис СОВЕТ уулу




Башталось...
Башмыйзамдын сыры менен чыры
(Башы 3-бетте)
Ал аңгыча болбой эле бийликчил "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов партиянын жаштар канатынын демилгеси демиш болуп, ал дагы Башмыйзамды өзгөртүү керектигин айтып чыкпаспы. Көрсө, бул партия референдум жолу менен Башмыйзамдагы бүтүндөй мамлекеттин атын өзгөртүп, "Кыргыз Эл Республикасы" деген жаңы аталыштагы мамлекет болушубуз керектигин жактап жатыптыр. Коомчулук бул демилгени сынга алып, "ар-намысчылардын" андан башка кылар иши жокпу деп жатканы менен Феликс Куловдун бул сунушунун артында азырынча биз билген эки чоң сыр бар эле. Биринчиси, албетте Башмыйзамды өзгөртүү үчүн референдумга барып калсак, анда өлкө аталышына аралаш бир катар толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилип, балким өзүнүн чүйлүк аксакалдары көтөрүп жаткан Президент эки мөөнөткө барууга тийиш, ал реформаларынын аягына чыгышы керек деген сунуштар да эл сынына коюлуп калуу ыктымалдыгы бар. Экинчи сыры, анын демилгеси ишке ашып, өлкө толугу менен аталышын өзгөртсө, анда миллиондогон өлкө жарандары кайрадан жаңы паспорт алып, миллиарддаган сандагы мамлекеттик иш кагаздар, атрибуттар менен символикалар өзгөрүүгө тийиш. Мындай көлөмдүү ишти аткаруу үчүн да миллиарддаган каражаттар ишке кирет. Андай чакта албетте Мамлекеттик каттоо жана паспорттоштуруу органынын башында турган Феликс аксакалдын эле ирбити жүрөт да.
"Ар-намыс" партиясы ал оюнан кайта электе жаңыдан тандем түзүп жаткан өлкөдөгү эки чоң саясый партиялар "Ата журт" менен "Республиканын" алгачкы бириккен жыйынында экс-премьер-министр, жаңы партиянын лидеринин бири Өмүрбек Бабанов да Башмыйзамды өзгөртүүнү кыйытып, азыркы мыйзамдык жол менен анчалык өнүкпөй турганыбызды айтып салды. Ал өз сөзүндө азыркы өкмөт чабал иштеп жаткандыгын, өлкөдө бир гана Президент Алмазбек Атамбаевдин күрдөөлдүү иштеп жатканына токтолду. Демек, анын ою менен кетсек, Башмыйзамды өзгөртүп, Президенттин укук-милдеттерин чоңойтуп, ага жоопкерчилик артышыбыз керек болот. Бул деген баягы эски тырмоону кайра тепсеп, бийликти бир адамдын колуна кош колдоп сунган акаевдик, бакиевдик режимге баралы деген эле сөз болуп калат экен. Андай болсо буга чейин абысындай ажылдашып келген Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун биригиши деле атайылап жасалган долбоор деп түшүнүп, эки саясатчы Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү менен укугун кеңейтип берип, өздөрү бийликтин эрке балдары болуу кыялы деп санасак деле болчудай.
Башмыйзамды өзгөртүү демекчи, башкалардан куру калбайлы дешкенби, ашкере демократ үч депутат Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов "Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунун жаңы концепциясы" деген долбоорду коомчулукка, парламентке сунуштап турушат. Алардын демилгесинин негизги өзөгү азыркыдай президенттик-парламенттик башкаруудан кетип, толугу менен парламенттик башкарууга өтүүдө турат. "Биз азыркыдай күч органдарынын, прокуратуранын, керек болсо сот системасынын да президентке баш ийишин жактабайбыз. Өлкө үчүн өкмөт гана жоопкерчилик алат жана ага толук укуктар берилет. Президент деген кризистик гана учурларда жардамга келет" дешет демилгечилер. Булардын жүйөсүн ишке ашыруу үчүн да албетте, мамлекет Башмыйзамды өзгөртүү үчүн референдумга барышы керек болот.
Буга удаа эле жакында өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев да сот бийлигин реформалоо боюнча өз оюн айтып жатып, сот реформасын ишке толугу менен ашыруу үчүн керек болсо Башмыйзамды өзгөртүүгө баруу керектигин балп эттирип алды эле, анын аппарат башчысы Данияр Нарымбаев бул сунушту чечмелеп, "Президент Башмыйзамдын сот системасына байланышкан гана бөлүгүн өзгөртүүнү айтып жатат. Тагыраагы, биз бийликтин бул бутагына башкы көзөмөл органын киргизбесек, башкаруусуз, көзөмөлсүз калууда" деп чыйпылыктап туру. Бирок ал канчалык Президенттин айтканын жумшартпасын, Алмазбек Атамбаевдин бул демилгеси жогорудагы биз санаган Башмыйзамды өзгөртүү боюнча ар түрдүү сунуштарды жактаган акыркы чечимдей эле таасир калтырды.
Демек, өлкө 2015-жылдын башы менен Бажы биримдигине башын тыгып алган соң, бийлик жазга утурлай жаңы Башмыйзамдын долбоорун элге сунуштап, бийликчил ММКлар анын "идеалдуулугун" ийине жеткире мактап отуруп, референдум өтүшү толук мүмкүн болуп калды. Эгер ал чоң кампания ордунан от алып кетти дегиче, Башмыйзамдын башкы коргоочусу Өмүрбек Текебаевдин колунан эч нерсе деле келбей калышы мүмкүн дей бергиле!

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ