presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Эки жарым - бир бүтүн
Экөөнүн "өкүл атасы" Президент
Буга чейин биздин гезит көзү ачыктык кылып болжоп келе жаткан окуя акыры ишке ашты. 20-декабрь күнү борбордогу опера, балет театрында Өмүрбек Бабановдун "Республикасы" менен Камчыбек Ташиевдин "Ата журту" расмий түрдө биригишти.


"Үйлөнүү үлпөтүнө" өлкөнүн бардык бурчунан 900 делегат чакырылыптыр. Жаңы катталган "Республика - Ата журт" партиясынын алгачкы съездин экс-министр Руслан Казакбаев алып барды. Мындай иш-чараларды эки партия тең укмуш уюштурарын 2010-жылы көрбөдүк беле. Сахнанын артына экран коюлуп, жасалгалоо жагы айрым концерттерден кыйла жогору болду. Бабанов менен Ташиев кезектешип 25 мүнөттөн эмнеге биригип жатышкандарын, жаңы партиянын максатын, программасын шашпай окуп беришти. Бабановдун айтчу сөзүн тармак-тармакка бөлүп алып ар ким жазгандыгы, анын бирде орусча, бирде кыргызча сүйлөп жатканынан даана байкалып турду. Өз сөзүндө Бабанов мурда өкмөттү жетектеген кишидей эмес, жаңыдан саясатка аралашып жаткан инсандай көрүндү. Кыргызстанда баары жаман, бир гана Президент иштеп атат деген сөзү, эл арасындагы бул эки партияны бириктирүү долбоору Ак үйдүн планы, "өкүл аталык" милдетти Президент өзү аткарат деген божомолду тастыктап бергендей эле болду. Экс-премьер 25 мүнөттүк сөзүндө өлкө үчүн өтө чоң мааниге ээ болгон Бажы союзу боюнча бир дагы сөз кыстарбады. Муну байкаган делегаттар микрофонго келип эмнеге бул маселени айтпай кеттиңиз деди эле, "биз илгертен орустар менен чогуу жашап келгенбиз, киришибиз керек" деди. Баарынан да элдин эсинде Бабановдун "мен бул биригүүнү жүрөгүм менен кабыл алдым" дегени калды окшойт. Буга чейин айтылгандай, мындай сунушту Бабанов алгач Адахан Мадумаровго жолдогону көп жерде айтылды. Ал баш тарткан соң Ташиевге сунуш кылганы айтылбады беле. Ошондо "жүрөгүмдөн кабыл алдым" деген сөздү Ташиев айтса жарашат беле деген ой келет.
Ташиев өз сөзүндө экономикалык, саясый маселелерге көп токтолбоду. Чамамда Бабановдун программасы менен иштейбиз дегендей кылды окшойт. Ал көбүнчө патриоттуулук темасына, элден кечирим суроого, ыраазычылык айтууга жана мурунку шайлоодо "Ата журтка" эки жүздүү саясатчылар билинбей кирип кеткенине токтолду. Маалымат каражаттарынын соттолгондугу боюнча суроосуна Ташиев соттолгон адам жаза мөөнөтүн өтөп чыккан соң, соттолгондугу тууралуу чечимди жоюп берүү маселеси менен кайрылса, аны оң чечсе болорун айтты.
"Ата журттун" мүчөлөрү эмнеге жаңы партиянын аты "Ата журт - Республика" эмес, "Республика - Ата журт" деп аталат? Алфавит боюнча "А" биринчи турушу керек, анүстүнө "Ата журттун" мүчөлөрү 80 миң, "Республиканыкы" 60 миң деп чычалашты эле, Ташиев Бабановдон озунуп сөз алып, "биз бул маселеге келгенде Өмүрбек Токтогулович менен чүчүкулак кармадык, баары калыс болду, мен ыраазымын" дей салды.
Жумурткадан кыр издегендей болбойлу, бирок сырттан калыс көз караш менен карасаң жаңы түзүлгөн партиянын эмблемасы Украинанын желеги болуп калыптыр. Айлананын ичинде үстү көк, асты сары бөлүктөн турат. Түшүндүрмөсү дал Украинаныкындай. Ачык асмандын астында түшүмү бай жер деген сымал. Же болбосо көк түс "Ата журтту", сары түс "Республиканы" билдирет экен. Андай эле эки партиянын кошулганын билдиргиси келсе, белгини ойлоп тапкандар айлананы эки түстү тигинен тең бөлдүртүп жайгаштырышса, Италия, Франция мамлекеттеринин желектериндегидей түстөрдүн теңдигин түшүндүрүп турмак.
Жалпысынан бул биригүү эмки жылкы шайлоо үчүн гана көрүлгөн аракет экенин баары түшүнүп турат. Анткени "Ата журт" алсырап, "Республика" чачырап турган кезде эки аймактын лидерлеринин бириккени парламентке кайра келүүгө көбүрөөк кепилдик берери турган иш.




Калыс пикир
"Вечерканы" коргошубуз керек!
Жаңыдан жаңы саясый күчтү түзүп жаткан, учурда эч кандай кызматта турбаган Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевден "Вечерний Бишкек" гезитинин тегерегиндеги маселе боюнча калыс пикирин сурадык. "Вечерканы" тартып алуу аракетине бийликтин тиешеси бар деген божомолго, Ак үйдүн адвокат маалымат каражаттары "стрелканы" Бабановго бура салганын билебиз. "Вечерканы" тартып алуу аракетине Бабановдун тиешеси бар деп айтылып жатат го деген сурообузга Өмүрбек Токтогулович төмөндөгүчө жооп берди:
- Ачыгын айтсам, мындай божомолду биринчи жолу сиздерден угуп жатам. Бул андай эмес. Мен сиздерге сөз берем. Биз "Вечерканы" рейдерлик жол менен тартып алууга жол бербейбиз. Колубуздан келген жардамды аябайбыз. Калыссыздык болбош үчүн, "Вечерканын" эркин гезит болуусу үчүн биз бүт күчүбүздү жумшаганга даярбыз.

Камчыбек Ташиев:
- Негизи тарыхта маалымат каражатын бууганга, тартып алганга, жаптырганга аракет кылган бийлик көпкө барган эмес. Алыс барбай биздин жакынкы тарыхыбызды карап көрсөк деле болот. Кандай бийлик болбосун маалымат каражатын эркин койгону жакшы. Мен бул иштин артында кимдер турганынан кабарым жок. Анын юридикалык жактарын да билбейм. "Вечерканын" мыйзам бузган жагы болсо ал мыйзам чегинде жооп берсин. "Вечерний Бишкек" элдик гезит. Эгер "Вечерка" тараптын позициясы туура болуп, аны бийликтин күчү менен мыйзамсыз тартып алуу аракети болуп жатса, анда биз аны жалпы коом менен коргоп чыгышыбыз керек.
Эске сала кетсек, буга чейин 14-октябрда "Ата мекен" фракциясы да атайын отурумда бул маселени карап, рейдерлик жол менен басып алууну токтотууну талап кылышкан.




Башталось...
Башмыйзамдын сыры менен чыры

Ошентип Кыргызстанда Башмыйзамды өзгөртүү демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады... адаттагыдай. Бул жолу бу демилге оппозициядагы ач айкырык, куу сүрөөнчүлөрдүн оозунан эмес, өлкө жетекчилеринин, бийликтегилердин оозунан чыгып отурат. Демек, баардыгы баягыдай уланганы калды. Эсибизде эмеспи, Аскар Акаев да бийликке отурганына үч-төрт жыл өткөндө Башмыйзамды өзгөрткөн. Андан кийин дагы өзгөрткөн. Ар бир төрт жылда Башмыйзамды башкачараак бажарып, бийлигин узартып жүрө берген. Андан кийин Курманбек Бакиев да анын изинен жазган эмес, жолун улаган. Ал дагы референдумга барган, Башмыйзамды өзгөртүп, экинчи мөөнөткө баруу мүмкүнчүлүгүн алган. Демек, оозунан Кудай түшпөгөн азыркы Президентибиз деле эч качан экинчи мөөнөткө барбайм деген сөзүн унутуп калып, бийликтин кумарына кирип кеттиби? Же бузуп жатышабы, азгырып жатышабы?

Айтор, Башмыйзам өзүн-өзү канчалык коргобосун, "2020-жылга чейин өзгөрүүгө болбойт" деп бадырайып жазылып турбасын, жакын арада аны "айрым беренелерин өзгөртүү" деген трактовка менен акырын өзгөртүшүп, айрым саясый күчтөр алда ненин ичинен чыкканы туру. Анткени азыр чындап эле Башмыйзамды өзгөртүү демилгеси бышып калды көрүнөт. Болбосо тээ 2011-жылы эле ошол кездеги "убактылуу" Президентибиз Роза Отунбаева "Башмыйзамда чийки жактар көп, бирок ага карабай жакшы жагына басым жасашыбыз керек" деп айтып, аны менен Башмыйзамды эртедир-кечтир өзгөртүү керек деген ойду ачык эле кыйыткан. Анын Башмыйзамга болгон ичкүптүсүнүн сыры ошондо эле белгилүү болчу. Тажрыйбалуу саясатчы катары ал деле Башмыйзам аркылуу өзүнүн саясый карьерасына чекит коюлуп, "убактылуу президент" катары түбөлүк башкаруу бийлигине бут мала албай калгысы келген эмес.
Ал эми азыркы бийликке оппозиция болуп жүрүп, акыры бийлик менен ымала түзүп кеткен Адахан Мадумаров болсо ар качан азыркы Башмыйзамды сынга алып, парламенттик башкаруу системасын жерден алып көргө уруп, күчтүү президенттик башкарууну жактап келгени маалым. "Кыргызстан ажырагыс болуп, биригишибиз шарт. Баштагы Конституцияларда Кыргызстандын бүтүндүгүнө жана ар бир улуттагы адамдын укугун коргогонго мамлекет жетекчиси кепил болуп эсептелчү. Бүгүнкү күндө андай жок. Элге, мамлекетке ким кепил? Жогорку Кеңешпи, өкмөтпү, же Президентпи? Дал ушул Конституция Кыргызстандын түбүнө жеткени калды. Бул Конституцияны тез арада өзгөртмөйүнчө же Конституцияны четке кагып салып, бүгүнкү кырдаалга карай аракеттенбесе, абалыбыз мындан жаман болот" деген эле ал. Албетте, анын мындай пикиринде да жүйө бар болчу, себеби азыр чындап эле өлкөдө жоопкерчилик маселеси жоопсуз турган чагы. Мисалы, өлкө Бажы биримдиги деген интеграциялык чоң бирикмеге кирип баратып, анын оош-кыйышы үчүн жоопкерчиликти же өкмөт же Жогорку Кеңеш, же Президент албай тайсалдап турушкан чагы. Кокус эртең Бажы биримдигинин терс таасири тийип, өлкө жакырланып, көз карандысыздыгына доо кетсе, үч бийликтин кимисинен өктөөбүздү чыгарабыз, бул чоң суроо. Экинчиден, Адахан Мадумаров деле парламенттик башкаруу системасы менен жакында бийликке келе албасын, анткени парламенттеги беш партия бүт өлкөнүн административдик ресурсун чеңгелинен оңой менен чыгарбасын сезип, бул системаны кыйратуу менен гана өзүнө окшогон азырынча электораты саналуу лидерлердин бийликке келүүсүнө жол ачыларын боолголоп жатса керек.

(Уландысы 4-бетте)









??.??