presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Матвиенко кимди зекиди?
Жуманын башында РФ Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстанга келип кетти. Жөн келбей, "орус тилине кысым болуп жатыптыр, мындай кылбагыла, орус тилин өнүктүргүлө" деп буйрук бере "бурк" этип кетти. Эмитеден минтип экилене берсе деги Бажы биримдигине киргенден кийин басырык болуп калбасак экен деп бизде жан жок. Баса, Путиндин ишенген кадрларынын бири болгон бул айым Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда экономикасын эптеп алуусу үчүн атайын фонд түзүлөөрүн, анын уставдык капиталы 50 млн. доллар болорун айтып, бир аз өзүн мээримдүү конок катары көрсөткөнү бар.
Иши кылса Валентина айым Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алдында атайын чалгынга келип, кыргыз истеблишментинин маанайын байкап, Россиянын жылуу мамилесин көрсөтүп кетти. Кайра-кайра төңкөрүш кылып бийлик алмаштырган кыргыздар айнып кетпесин деп орус бийлиги чочулап жатат өңдөнөт.


Соттор кимдин алдында сопу?
Учурда Ак үйдү аралап, коалициялык көпчүлүктөгү айрым депутаттарга Оторбаевди жазга чейин койсок кризиске калабыз, кетирбейлиби деп кадимки эле биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин жүргөнүн депкорпустан бизге шыбырашты. Ушундай кептердин өзү эле анын амбициясы алдыга оголе озуп кеткенинен кабар берип, анын кылам дегенин кыла алаарын көргөзүп турбайбы. Баса, бул чиновник тууралуу дагы бир факт, 2004-жылы Бишкек мэриясы Сарпашевдин жубайына Киев-Панфилов көчөсүндө жайгашкан атайын ооруканадан (спецполиклиника) 6 сотых жерди 49 жылга ижарага берген экен, ал болсо убактылуу бул жерге түбөлүктүү көп кабат үйлөрдү бейкапар салдырып, соттун чечимдерине чымын чаккандай да реакция жасаган жок дешет. "Ташы өйдө кулайт" деген ушу го, сыягы...

Миң сомдук банкир
Учурда өлкөдөгү ири банктардын бири банкроттук абалга жакындап калганын, буга банктын башына келген "Миң сомдук" каймана атыр бар жетекчинин күнөөсү бар экенин аталган банктын кызматкерлери бизге айтып кетишти. "Ал кайсы банкка барбасын ал жер банкрот болот. Бизге келгени да дароо эле премияларыбызды кыркып, 1000 сом кылып койду. Айлыгыбыз ансыз деле көп эмес эле..." дешет банктын кызматкерлери санааркап. Алардын айтымында, аталган банкирдин Ак үй менен Көк үйдө көңүлү табышкан таасирлүү достору да бар экен. Андыктан булар банктарды банкрот кылуу боюнча атайын схема менен иштеп жатышканбы деген да ой келет. Азырынча бул боюнча иликтөө жүргүзүп көрөлү деп жатабыз, андыктан атын атабай эле туралы...

"Бир бол" өзү менен өзү
Жакында "Республика" менен "Ата журт" бир партияга биригишип, эмки жылкы парламенттик шайлоого кам көрө баштагандан бери саясый серепчилер божомолдорун айта башташты. Андай божомолдордун арасында Алтынбек Сулайманов менен Аскар Салымбековдун партиялары Ак үйдүн долбоорлору, эртең алар КСДПнын же "Замандаштын" чатырына кире качышат деген пикирлер да бар болчу. Бирок аталган партиянын лидери Алтынбек Сулайманов азырынча партиянын эч бир күч, партия менен кошулбай турганын, шайлоого өз алдынча барарын бек айтып, ишенимдүү турат. Бир билгени бар го...

Паспорту "чыныгый" болсо экен...
Өткөн жумада Башпрокурор Аида Салянова ЖКнын жыйынында "Ар-намыс" фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековду жасалма диплом менен жүргөндүгү үчүн жоопко тартуу керектигин депутаттарга айтып, анын кол тийбестигин алууну кесиптештеринен суранган эле. Ошол күндөн бери партия жетекчилиги БШКны бутага алып, силер эмне шайлоо алдында уктап отурдуңар беле деп опузалап жатканын укканбыз.
Ал аңгыча депутаттын аскердик билети да жасалма экендигин айтып, анын Ооган согушунун ардагери катары мамлекеттен ар кандай жеңилдиктерди жана жөлөк пулдарды алышы мыйзамсыз деген топ дагы пайда болду. Алар арыздарын президент, премьер, спикерге чейин жазып, ММКларга таратып жаткан учуру. Ушундан улам депутат Төрөбековдун деги паспорту жасалма болбосо экен деп санааркап турабыз...

Келиндин артынан келсе...
Мурдагы Президент, учурда 70 жылдыгы Орусияда белгиленип жаткан Аскар Акаев маараке алдында келиндүү болгонун, көкүрөк күчүгү Илим жердеши кеминдик сулуу менен баш кошконун гезиттер жазып чыгышты. Ошондой эле алар бул тойдун арты Кыргызстанда да уланарын астейдил шардана кылышыптыр. Ушундан кийин бизге бир ой келди, эгемендикти алган Кыргызстанга коррупциялык бийликти түптөп, үй-бүлөлүк башкаруунун классикалык формасын киргизген Аскар Акаевич кечээ агасы каза тапканда келбей, эми тойго кантип уялбай келет? Анда эле окумуштуулук даражасына моралдык бедели төп келбей, той-ашты жакшы көргөн бир жармач катары сыпатталып калат го?

Шарипа эже "шаңк" этет
Күлгүндөй 18 жашынан тартып банк системасында иштеп, каржылык-экономикалык бай тажрыйбага ээ болгон, заманыбыздын залкар банк ишмерлеринин бири Шарипа Садыбакасова ушул жумада 70 жылдык юбилейин белгилегени туру. СССРдин банк тармагынын мыкты адиси катары, эгемен Кыргызстандын банк системасынын заманга шайкеш өнүгүп, алга жылышына айрыкча, коммерциялык банктардын жашап кетишине көп эмгек сиңирген банкирдин торколуу тоюна мурдагы союздук республикалардан да ардактуу коноктор келээри белгилүү болду. Башкасын айтпаганда да, алгачкылардан болуп АКБ "Кыргызстан" банкын түптөгөнү, аны өлкөдөгү №1 банк катары таанылтып, кийин Бакиевдерге күч менен тарттырып жибергенде да сынбаганы, ЖКга эки жолу депутат болуп шайланганы эле эженин азыркынын Кыз Сайкалдардын бири экендиги эмеспи.

КСДП кыйроо алдында
КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаковдун "бул партияга көчөдөн келгендер, кечээ жеп-ичкендер, "акжолчулар" менен "алгачылар" толуп алды" деп айтканы бар. Анын сыңарындай, КСДП учурда кызыктай абалды баштан кечирип жаткан убагы. Өткөн жумада ксдпчы депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы карактоого катышкан деген чуу чыкса, бул жумада партиядан ИИМ министринин орунбасары болгон Курсан Асановдун агасы оор кылмышкерди тойлоп келүүгө кое бергени үчүн камалып отуру. Бул окуялардын чыгышы партиянын ички ынтымагы эчак эле ыдырап түшкөнүн көрсөтүүдө. Айталы, ЖКнын кечээги отурумунда социал-демократчы Эркингүл Иманкожоева Өзгөндөгү ишкердин (Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевден жабыркаган ишкерди кыйытканы) тагдыры акыйкат териштирилиши керектигин билдирди. Эркингүл айым мындай билдирүүсү менен партиялашы Ыргал Кадыралиеваны кыртышы сүйбөстүгүн кыйытып койду. Эки депутатшанын арасын кайсы "кара мышык" аралаганын ким билсин...

"Наполеон" да нары бастыбы?
Саясаттагы айрым бир кептер уккандардын көңүлүн буруп турат эмеспи. Анын сыңарындай, "Ата мекен" партиясынын айныксыз мүчөсү, партиянын башкы демөөрчүсү гана эмес менеджер-уюштуруучусу болгон Алмамбет Шыкмаматовдун Өмүрбек Чиркешовичтен алыстай баштаганы тууралуу кептерди угуп, анча ишене албай турабыз. Себеби көпчүлүк азыр Адилет министринин "Ынтымак" депутаттык тобунун башчысы, өндүрүшчү олигарх Шаки менен абдан ынак болуп, алардын тобуна ыктап бара жатканын айтып жатышат. Балким, келерки шайлоодо "Ата мекен" адаттагыдай эле парламентке акыры жагынан биринчи болоорун сезип Алмакебиз ат тизгинин бурууга ниеттенип калганбы? Же ал Шаки досун биротоло "атамекенчи" кылып көндүрүп, "мөөр басып" койгусу келгенби? Айтор, эки ынак эмки шайлоодо бирдин ичинен чыгат көрүнөт.

Талантбек Батыралиев "темная лошадка"
Ушу жумада өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Саламаттык сактоо министринин кызматына көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин ичинен Талантбек Батыралиевди министрлик кызматка сунуштаганы белгилүү болду. Дароо эле "Бакиевдин кеңешчиси, Татьяна Бакиеванын кол баласы, Түркиянын жараны, Фарид Ниязовдун тууганы, Бакиевден сыйлык алган" деген сыяктуу жугундулар ага жаба куюла баштады. Акыл жүгүрткөн адам бул атайын уюштурулган кара пиар экенин аңдайт. Биз деле Батыралиевди тааныбайбыз, бирок министрлик кызматка сунушталып жаткан соң тегин бирөө болбосо керек деп ойлойбуз. Балким чет өлкөдөгү 20 жылдык тажрыйбасын кыргыз медицинасына айкалыштыра алса, медицина тармагы оңолбосо да ордунан жылаар. Кичине убакыт, мүмкүнчүлүк берип көрбөйлүбү, ыя? Кара пиардын арасынан бир гана жагдай, Т.Батыралиевдин бир кезде М.Миррахимов жетектеген кардиология институтунда иштеп жүргөндө күнөөлөнгөнү суроо жаратат. Чын эле ушундай болгонбу же башкача болгонбу өзү коомчулукка түшүндүрмө бериши керек.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??