24.10.14 Чыйыр

Кесибим актер болгон соң адам табиятын изилдегенге туура келет. Адам табиятына үстүртөн эмес, тереңден үңүлүп кирип, анан анын ааламына саякат жасап карууну казык кылып мээнеттенгенде гана жыйынтык чыгат. Менин максатым ошол. Анткени мен актермун. Ааламда ыйык сезим жашаган үчүн ташбоорлукка боорукерлик, ичтарлыкка кең пейилдик, катаалдыкка жумшактык каршы күрөшүп, бизди аман сактап келатпайбы.
Искусстводо жасалмалуулук деген жат көрүнүш. Искусство - жүрөктүкү! Демек, жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет. Ушул нерселерди мектепти аяктап жатып ойлондум бекен!? Жок, акылыма келген эмес. Бул алтымыштагы кишинин акылы менен айтылган сөз. Тек, бир гана нерсени жазганбай айталам, ушул ойлорду ошол жалындуу куракта жүрөгүм аркылуу гана сезе билгем. Демек, мен жаңылбапмын…
Жолдор… Жолдор… Мынакей менин жолум. Жолго чыктым. Жалгызмын… Эми ошол кан жол ичинен кайрадан өзүңдүн карманган эрежең менен өмүр бою чекеңен тер агыза иштеп, таптакыр башка, эч кимдикине окшобогон чыйыр салышка туура келет. Ал чыйыр сенин артыңдан калган из болоорун мага убагында эч ким айтпаса-дебесе да, дилимде эң жакшы түшүнгөм. Көндүм болгон жолдон өз алдынча четке чыгып, баарын кайра башташым керек дедим да чыйыр сала баштадым.
Жол деген сөздүн төркүнүнө көпчүлүк учурда анчейин деле маани бербейт окшойбуз. Тар бөлмөдө отуруп капыстан ушул ой келди мага. Бөлмөм тар болсо да, оюм тар эмес. Анткени аалам кең. Башкысы, пейилимди кең койгонго тырышам. Ушуга каниет кылып алдым да, бүгүн жол туурасында, тагыраагы баскан жолум жөнүндө ой жоруюнчу дедим.
Уул-кызын оң жолго салып тарбиялайм деген кыргыз "Жолду баскан арбытат", "Кыбыраган кыр ашат" деген улуу ойду калтырыптыр. Ушул улуу ойдон ар бир кыргыз өнүп-өсүп чыкты. Өзүнө жол салды. Жолду басып арбытты. Кыбырап отуруп кыр ашты…
* * *
Азыр чыгармачылык туурасында ойго батканда өзүмдү өтө бактылуу жан экенмин деп калам. Анткени бала чактан театрдын короосунда чоңоюп, кыргыздын не деген улуу залкарлары менен аралаштым. Эсимде, жайдын толуп турган мезгили эле. Жашым сегизге караганда атам айылдан шаарга алып келди. Жайлоодо кулун-тайды кубалап өскөн айылдык балага шаар бир өзүнчө жомоктой туюлду. Атам малчы болгондуктан иниси Асанкул абама (Кыргыз эл артисти Асанкул Осмонов) мени шаарда окутуп, тарбияла деп таштап кетти. Айылдан 1-классты аяктап келип, кайрадан шаардагы №3 орус мектепке 1-класска отурдум. Орусча бир сөз билбейм. Кыйналганымды айтпа. Анүстүнө мен окуган мектепте Турдакун Усубалиев, Тургунбек Суванбердиев сыяктуу жалаң чоңдордун балдары окуйт экен. Сабакта отуруп мугалим орусча бир нерсени айтып кирсе, оозумду ачып отура берем. Мугалим суроо узатса, орусча бир-эки сөздү эптеп акцент менен түшүндүргөнгө аракет кылам. Класстагы балдар-кыздарга күлкү табылбай араң турат. Мен орусча сүйлөгөндө боорлорун тытып күлүшөт. Жок, мындай кордукка түк чыдай албайм! Ордуман атып туруп ошол мени шылдыңдап аткан немелерди колумда эмне болсо ошону менен чаап калам. Эки күндүн биринде Асанкул абамды мектепке чакырышып чогулушка салышат. Мектептин директору мыкты педагог экен, "ой, бул баланы эмне урушуп атасыңар? Андан көрө сабактан кийин алып калып орусча үйрөткүлө" деген талапты койду мугалимдерге. 1-классты аяктап калган кезде мурдагыга караганда чулдурап орусча бир нерселерди түшүндүргөнгө жарап калдым.
Асанкул абам ал кезде театрга жакын жашачу. Театрдын дөө-шааларынын баары ошол короодо турушат. Сабактан келген кезде мени менен тең курдуу балдар Бактыбек (Муратбек Рыскуловдун уулу), Сулпухор (Даркүл Күйүкованын уулу) болуп керээлден-кечке театрда турган бутафорияларды алып, кылычтары менен чабышып, тапанчалары менен аткылашып кызыкка батабыз. Бактыбектин атасы Мукем көп сүйлөбөгөн өтө салабаттуу адам. Тентектик кылсак кагып-силкип урушчу эмес. Сабира апабыз болсо короодо ойноп жаткан жерден чакырып алып тамак-ашын берет да анан "эми айланайындар, алысыраак барып ойногула! Атаңар репетиция кылышы керек" деп жай гана түшүндүрүп коет. Керээлден-кечке оюн менен алекпиз. Шаар турмушу мага чындап эле бир керемет жомокко алып кирди. Анда-санда театрда коюлган спектаклдерде балдардын ролуна киши таппай калышат. Андайда кайра эле Сулпухор, Бактыбек жана мен үчөөбүз кирди-чыкты ролдорду сахнада аткара калабыз.
3-классты аяктайын деп калгам. Май айы эле. Мына ушундай күндөрдүн биринде мектеп короосуна "Кыргызфильмдин" Бекеш Абдылдаев баш болгон кызматкерлери кирип калышты. Көрсө, Москвадан келген Марианна Рошаль деген кинорежиссер аял "Космонавттар көчөсү" деген фильм тартканы жатыптыр. Ошол фильмге балдарды караштырып жүрсө керек, менин кебетемди көрүп эле киностудияга алып кетишти. Биртоп балдарды сүрөткө тартышты. Ар кандай тапшырмаларды беришкен соң башкы ролго Арстан Ырсалиевди тандап алышты. Анын жанындагы Каныбек деген баланын образын мага ылайык дешти. Ошентип Пржевальский (азыркы Каракол) шаарына жөнөп кеттик. Фильмге комедияны катыра аткарган Шамшы Түмөнбаев, Даркүл Күйүкова, Калича Рымендиева, Бакы Өмүралиев, Күнболот Досумбаевдер катышты. Үч ай дегенде фильм аяктап кайрадан шаарга келдим. Фильм космонавт болсом деп кыялданган балдардын баео дүйнөсүн камтыган комедиялуу жанр экен.
* * *
Убакыт зымырык куштай учуп, мектепти аяктачу мезгил келип жетти. Эми менин алдымда кайсы кесипке ээ болом, кандай кесипти тандасам деген суроолор турду. Акыры шаарыбыздагы курулуш техникумуна тапшырып өтүп кеттим. Техникумда окуп аткам. Кайсы бир күнү шаар аралап теңтуш балдар менен көчөдө баратсам кинорежиссер Болот Шамшиев жана Темир Дүйшөкеев экөө бет маңдай чыга калышты. Анан бизди токтотуп учурашып, алдыда тартыла турган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген фильмге кыргыз жигиттерин издеп атышканын айтышты. Мага киностудияга келип тандоодон өт деди. Студияга барып алардын сынынан өттүм. Ысык-Көлдө кинодо Калмат бийдин жигиттеринин бирин аткарып бүткөндөн кийин шаарга келдим. Анан Төлөмүш Океев "Уркуяны" тартам, Уркуянын жанында секретарь жигиттин ролуна кел деди. Баткенге кетээр алдында театрда иштеген Асанкул абам:
- Ой, окууң эмне болуп атат? - деп сурап калды.
- Киного кетем! - дедим.
- Ой, ал кино убактылуу эле иш да. Кино бүткөндөн кийин эмне кыласың? - деди. Унчукпай ийинимди куушуруп кутулдум.
Баткен менен Ноокат жергесинде "Уркуя" фильмин жаратуучу топтобуз. Жайдын ысык аптабына чыдай албай Султан акенин жертөлөсүнө корголойбуз. Султан аке ошол Баткенде жашаган адам. Жертөлө салып, анан анын ичине дүкөн ачып коюптур. Ичине кирсең муздаткычка киргендей денең жандана түшөт. Ичи салкын. Сыртка чыксаң аба үп. Ысыктан демигебиз. Фильмдеги Уркуяны өлтүрүп, анан үйүн өрттөшкөн жерин тартууга кезек келди. Менин кийинки аткара турган ишим ошол алоолоп күйгөн өрттө калбасын деп үйгө жакын мал сарайдан жылкыны тез арада жетелеп чыгуум керек. Кечкурун ушул жерин тартмакпыз. Түшкө чейин ысыкка араң чыдап, анан баягы Султан акеникине кирип кеттим. Кинону так ошол туштан тартып жүргөнбүз. Таңдайым катты. Муздак суу ичейин десем, кашайып суу да жок экен дүкөндө. Султан аке мынабул муздак деп бир бөтөлкө шарабын көтөрүп чыкты. Суусап аткан жаным бир бөтөлкөнүн баарын көңтөрүп ийипмин. Аз өтпөй башым кеңгиреп чыкты. Денем талыкшыйт. Буттарым теңселип өрттөлө турган үйдүн арт жагындагы бактын жанына жатып калыпмын. Бир убакта ысык жалын урат. Көзүмдү ачсам, кудай уу-р, үй өрттөнүп атат. Эсиме келип "кокуй, съемка башталып калган турбайбы, атты алып чыгыш керек!" дедим. Башкасы бир тең, ошол ат бир тең. Анткени ал "Мосфильмден" келген ат. "Согуш жана тынчтыкта" катышкан. Аны тирүү сакташ керек. Төлөмүш Океев менин эч нерсени кебелбей үйдүн ары жагынан ыргалып басып келатканымды көрө койду да "ок, атаңдын оозун ур-райын!" деп бакырып ийди. Анан колун көтөрүп мага ызырына тап берип жете келди. Коркуп артка кетенчиктедим. Ортого Муратбек Рыскулов аксакал түшө калды:
- Кой, айланайын, жаш немени урушпа! Жаш да, жаш болгон соң жаңылып-жазат! - деп Төлөмүш Океевди токтото калды. Көрсө, Төлөмүш аба менин карааным көрүнбөгөн соң жалын ичинде калып өрттөнүп кеттиби деп жүрөгү түшүп калыптыр. Арга жок. Күнөөлүүмүн. Актана албайм. Бир убакта Муратбек Рыскулов:
- Ой, бул үйүңөр тим эле бомба жарылгандай болду го!? Үй минтип күйбөйт да? Кайра башынан жасаш керек! - деди.
- Чын! Эмне пиротехниканы мындай кылган? - деп Төлөмүш аба огобетер нааразы болуп пиротехник Петя деген орусту чакырды. Петя аскер иштеринде жүрүп, жардыргыч заттар менен иштеген адис эле. Көрсө, ал кайран неме ичкиликтен ууртап алып берилип кеткенби, бири-бирине улаштырылган жерлерине соляркадан аянбай куйган экен, үйгө өрт коюлганда чын эле бомба жарылгандай болуптур.
- Ой, ушул кантип болсун!? Үй минтип өрттөнбөйт! Акырындап отуруп тутанат. Анан алоолоп күйөт. Мунуңар бомба! - деп Муратбек аксакал Төлөмүшкө айткан сайын мен огобетер ичимден ага ыраазы болом. Анткени кайра тартыш керек да...
Баарынан да аттын аман калганына сүйүндүм. Менин таптакыр иш ордунда жок экениме көзү жеткен соң башка бири атты чуркап кирип жетелеп алып чыгып, өрттөн аман алып калыптыр. Андан айрылсак курубайбызбы...
Эртеси заматта жыгач устундары менен үйдү кайрадан тургуза коюшту. Караңгы болуп калган. Камера иштеди. Мотор! Учкундан жалын тутанып, акырындап отуруп үй алоолоп күйүп баштады. Кечээки өзүмдүн кылган кылыгыма уялып мен жаналектеке түшүп, огобетер берилип алып шымалана киришкен экем, кудай бетин салбасын, өлөр-тирилериме карабай мал сарайга кирип атты чуркап жетелеп чыгып, анан кайра алоолоп күйгөн оттун ысыгына карабай чаканы колума алып улам-улам суу чачып башмалдак атып иштеп аттым. Оюмда эптеп эле кечээки жоругумду режиссер кечирсе экен деп атам. Тартылып бүттү. Дароо Төлөмүш аба жетип келип:
- Ой, азамат! Мына ушундай иштеш керек! Чындап ошол окуяда жашаш керек! Сен кадимкидей жашадың, азыр. Азаматсың! - деди.
- Азамат! Баракелде! Мыкты аткарды! - деди Муратбек аксакал. Төбөм көккө жетип, өпкөм казандай көөп чыкты. Сүйүнгөнүмдү айтпа!
(Уландысы бар)
Данияр ИСАНОВ