24.10.14 Өзөктөн чыккан сөз
Нарын АЙЫП, публицист:
"Орус жана "совет "империясынын "жүз жылында "жаңы "кыргыз улуту "калыптанбады"
(Башы 5-бетте)

Тилчилерибиз болсо заманбап кыргыз тилин өнүктүрүп-өстүрө албагандай. Мисалга, Германияда ар бир эки-үч жыл сайын көлөмдүү китептер чыгат - немис тилине тиги же бул чет сөздөр кирди, аларды минтип жазгыла жана мындай түшүнгүлө, баланча эрежелер түкүнчө болуп өзгөрдү деп. Ар бир ири шаарда Гёте институту бар, ага сабаттуу эле инженер-фермерлер келип акча төлөп, эки-үч жумадан окуп, өз тилин кайра үйрөнөт, анткени алар студент болуп жүргөн мезгилден берки немис тили өзгөрүп кеткен.
Биздин айрым патриоттор кыргызмын деп көкүрөк кагат, бирок чыныгы мекенчилдик ошол немистердин эне тилине болгон мамилесиндей болуш керек. Мүмкүн ушундай нерселерден улам жанагы сиз айткан "оолактоо" башталат го.
- Негедир Салижан Жигитов же Ишенбай Абдуразаков өңдүү улуттун акыл чөйчөгү дээр аксакалдардын орду бош калгансыйт. Арийне, биз пайгамбарын тааныбаган эл экенбиз, ошентсе да эми ушул эки аксакалдын ордун басчулар - сизге окшогон бирин-экин интеллектуалдар барсыздар. Андыктан бүгүнкү шарт-жагдайыбызга карата ачуу кеп айтса сизге окшогондорго жарашар эле... Келиңиз, тил учуңузда турган чындык болсо, кулак түрөлү... Биз бүгүн улут катары, мамлекет катары түптөлүүдө эмнеден жазып-тайып, эмнеден кемчилик кетирип атабыз деп ойлойсуз?
- Салижан аке же Ишенбай байкелер менен өзүмдү салыштыра албайм, бирок орус жана кийинки совет империяларынын ичиндеги жүз жыл жаңы кыргыз улутун калыптандырууга жетишпей калгандай. Андыктан кандайдыр бир үстөмдүк кылган орток коомдук пикир азыр дээрлик жокко эсе, анткени эч ким эч кимдин пикирин угуп, сыйлап, баалабай калды.
Советтик мезгилде айдама болуп көнүп калган коом эгемендиктен келип чыккан эркиндиктен жетиштүү өлчөмдө пайдалана элек. Тогузунчу кылымдагы Кыргыз каганаты тууралуу маалыматтар элдин духун көтөрүү үчүн керек, бирок жалаң ошону менен абалдан чыга албайбыз. Азыркы жетекчилердин болсо элди жана коомду бир духта, бир маанайда, бир максатта уюштурууга кудурети жетпей жатат, анчалык кадыр-баркка алар да ээ эмес, кээде даабайт дагы.
Өлкө биртоп дүйнөлүк иштерден обочолонгон бойдон жатат жана бир гана өнөктөш таңууланып, биз кайрадан өз эгемен пикири жок, эч кимге жетеленбестен эл аралык окуяларга баа берип, өз алдынча мамиле жасай алалбаган өлкө бойдон калуудабыз. Бирок мүмкүнчүлүктөр болгон. Жүлүнгө жеткен чет өлкөлүк пропаганданын айынан Батыштан эмне деп айтылса да, анын баарын каралоого кириштик. Айылдагы жети жашар бала дагы азыр Америка менен НАТОну мокочо дейт.
Өзүбүз азырынча жаңы эч нерсе ойлоп чыгара албагандыктан, биз Батыштын да, Чыгыштын да бардык жетишкендиктерин колдонууга умтулушубуз керек, аларды кайталагандан уялып-корккон жарабайт. Ким болбосун кайсы бир үлгүнү түшүнүп кайталаганда гана көп нерсени үйрөнөт, бирок сокур кайталоо эмес, ал жандуу, кыргызга гана таандыктай болуп кайра жаралышы керек жана кайталоо учурунда жаңы идеялар да пайда болуп, өз алдынчалык келип чыгат.
Ар бир ошондой идея алтынга тете, аларды туура издеп-таап, акылдуу пайдаланса, тажрыйба топтолуп, өз алдынчалык өсүп-көбөйөт, улуттук өзгөчөлүктөр пайда болот. Кылымдар бою сакталган салттарды да унутпай, улутка пайда алып келер жаңылыктарга да дайым ачык болгон жакшы.
- Элибиз мындан 10-15 жыл мурдагыга караганда кыйла деңгээлде жакшы жашап калды, бирок коомдун моралдык ориентирин туура багытка бурар күч жоктой сезилип турат. Эл турмушу оңолгон сайын кайра улуттук деградация маселеси келип чыкты. Мындай коомду мыйзамдын амири менен башкаруу керекпи же биз баарыбыз туу тутаар моралдык баалуулуктар барбы? Бар болсо, ал эмне баалуулук?
- Мыйзамдын амири менен моралдык эрежелер бири-бирине карама-каршы келбеш керек, тек гана мораль мыйзамдан кеңири жана терең. Ошондуктан кээде мыйзамга каршы нерселер моралга туура келбейт, анткени мыйзамдын өз чеги бар. Андан тышкары, кээде мыйзамда да каталар кетет, бирок аларды кыска убакыт ичинде оңдоп-өзгөртсө болот.
Моралдык баалуулуктар дагы ар башка элдерде ар башка болушу мүмкүн. Бир эле элдин ичинде да ар заманда ар башка болуп өзгөрөт, бирок алардын мөөнөтү узун. Мыйзамдарды расмий органдар кабыл алып, аткарылышын көзөмөлдөсө, моралдык эрежелер эл турмушунан өзү салт катары калыптанып чыгат.
Салты күчтүү жана терең элдерде андай өткөөл мезгил коомдун аң-сезимин көп буза албайт, жалаң мыйзамга таянган болсо, турмуш супсак жана чолок болуп калат, анткени мыйзамдар турмуштун бардык булуң-бурчуна жеталбайт. Салттар менен мораль дагы заман менен кошо өзгөрөт, бирок коомду коом, улутту улут кылган уютку сакталууга тийиш, дагы бир шарт - андай өзгөрүүлөр адам менен коомдун пайдасына иштеш керек. Туу тутаар моралдык баалуулук деп ошону айтса болот го.
Өткөөл мезгилде айрымдар өз кызыкчылыгын башкалардын эсебинен көздөгөн учурлар көбөйөт, маселе - алар салтка айланып кетпеш керек. Коом деградацияга - терс жана жат нерселер массалык болуп кеткенде кептелет, анткени улуттук маданияттын уюткусуна доо кетет. Андай уютку күчтүү жана жетиштүү болсо, сырттан келип кошулган нерселер салт, маданият жана улуттун өзүн кайра байытып-өнүктүрөт жана андай учурда чет жактан келген жаңылыктардан коркпой деле койсо болот. Маселе уюткубуздун канчалык калганында, бирок ошол эле учурда, жалаң уюткунун өзү - уу.
Сенек болуп калбастан, өнүгүп-өзгөргөн жакшы, бирок улуттук уютку мутацияланып кетсе, эч ким эч кимди жана эч нерсени тааныбай, байланыштар үзүлөт. Айрым салттар аз жашайт, коомго терең сиңгендери көрөңгөгө кошулуп сакталат, көрөңгө аз калганда сырттан келген нерселер үстөмдүк кылып кетет. Анда баары өзгөрөт же жоголот, ага жеткирбеш керек. Улуттун жалпы кубаты бар, ага адамдар жана коом улам жаңы кубат кошуп туруш керек, отту өчүрбөй.
- Кыргыз эч бир доордо динге азыркычалык баш урган калк эмес эле, азыр көбү динден таяныч издеген сайын кайра ошончо коопсуздук маселеси жаралды. Болгондо да улуттук деңгээлдеги коопсуздук десек болот! Ал эми диний коомчулукта лидерлик мансапты (муфтийлик кызмат) талашуу жана ажылыктын тегерегиндеги коррупцияга байланыштуу ызы-чуулар күч экени баарыбызга белгилүү. Караламан калк арасында болсо динге сокур сезим менен ээрчигендер арбыды. Мындай көрүнүш акыры бизди эмнеге алпарат деп ойлойсуз?
- Коопсуздук маселелери кыргыздардын динге кайра бурулганынан келип чыккан жок, бул жалпы маселе, ал тереңде жатат. Турмуш ак менен карадан турат жана кимдир бирөөлөр ак максатты көздөп, мамлекет куруп, моралды калыптап, илимди өнүктүрсө, башкалар ошентип түзүлгөн абалдын артыкчылыктарынан пайдаланып, жетишкендиктин баарын өз кара максатына жумшайт.
Биринчилер канчалыкка жетишсе, экинчилердин ишинин көлөмү да ошончолук чоң, бирок тескери. Экстремисттер өздөрү баалуулук жаратпайт, алар башкалардыкын пайдаланат. Диндин өзүндө күнөө жок, бирок анын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга аракеттенгендер өтө көп. "Молдонун айтканын жаса, кылганын кылба" деп бекеринен айтылган эмес.
Динге чындап ишенгендер материалдык кызыкчылыктан алыс болот, динден пайда таап жаткандар болсо чыныгы мусулман эмес. Ошондуктан кыргыздар акыркы мезгилде сиз айткандай динге баш урган калк болуп кеткени - алар ууру, алдамчы, коррупционер болуп баратат дегендей эле маселе. Ошол эле учурда ислам өзү азыр терең реформага муктаж. Христиан динин Мартин Лютер XVI-кылымда кандай реформаласа, 1500 жылга чыккан исламдын өзүн дагы заманбап кылып өзгөртүүгө мезгил жетти.
Сапаттуу нерсени рекламалап кереги жок болгондой, динди да жасалма ыкма же күч менен таңуулаган болбойт, азыр орто кылымдар эмес. Андай нерселер дайыма күмөн жаратат, чыныгы мекенчилдер көкүрөгүн кагып: "Мен патриотмун!" деп кыйкырбайт. Диндин жардамы менен адамзатты жакшыртабыз дегендер үй-бүлөсүнөн баштап, тааныш-жакындары менен коомду оңдоп, үлгү көрсөтсө, башкалар да аларды ээрчийт.
Бирок, Ганс Христиан Андерсен айткандай, эч кандай дини жок эле, уяттуу жашап, таза иштегендер көкүрөгүн каккандарга караганда, кудайга алда канча жакын. Динби, коммунизмби, капитализмби, эч нерсеге сокур ишенбестен, таза жашап, таза эмгектенип, таза ойлонсок абал оңолот.
- Кыргызстан качан эле Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору сыяктуу каржы мекемелеринин кылтагына түшүп калган өлкө. Эми алган карызыбыз үчүн колдон-буттан байланган абалыбыздан канткенде бошоно алабыз?
- Керкисинде да, кемигинде да бар го. Алдап кетти деп алдамчыны күнөөлөгөндөн мурда ага алданбаш керек да. Мен экономист же финансист эмесмин, бирок жалпысынан алганда, карыздарды олчойтуп ала берген өзү башынан туура эмес саясат болгон жана ал кимди болбосун өз алдынчалыктан айнытат, карыздагандар болсо, андан сөзсүз пайдаланат.
Эл аралык каржы мекемелери көптөгөн мамлекеттерге жардам берген жана берип келатат, бирок кимден болгондо да карыз алганда акча берип жаткан тараптын шарттарын карызкор аткарууга тийиш, анте албасаң, карыз алба. Башка уюмдардагыдай эле Дүйнөлүк банк же Эл аралык валюта корунда деле таза эмес кызматкерлер болсо керек, анын үстүнө, акча көп жерде коррупция болот эмеспи. Алданбаш үчүн өлкөдө жогорку деңгээлдеги адистер болууга тийиш жана өкмөт алардын айтканын угуш керек.
Алдатып жиберген учурлар негизинен ачык эмес, жашыруун иштерде болот. Кимдир бирөө шектүү схема сунуш кылса, ага кошулбас үчүн биртоп эрк керек. Биздин жетекчи-министрлер болсо кудай мындай бербеспи деген саясатка өтпөдүбү, ал эми өлкө жетекчилиги алар гана эмес, элчилерди да сырттан көбүрөөк акча тартып келүүгө мажбурлайт.
Эки жүзгө жакын мамлекеттин башын бириктирген каржы уюмдарында саясат да болбой койбойт, бирок кайсы бир иш оңунан чыкпай калганда, ал үчүн башкаларды күнөөлөп, бүт дүйнө жашыруун биригип алып, бизге каршы иштеди, биздин экономиканы кылтактап-бузуп жатат деген да туура эмес го. Антип айткандар фактылар менен ашкерелебейби жүзүкараларды.
Кой бакканды дагы австралиялык адистерден үйрөнүп атсак, мектептерибизди окуу китептери менен камсыздай албасак, жибек өндүрүшүн өз колубуз менен жок кылсак, көчөлөргө ак боек менен белги түшүрүш үчүн да Жапониядан грант сурасак, анан кантип Дүйнөлүк банк же Валюта корусуз жашай алабыз? Эшегине жараша тушагы да.
Олжобай ШАКИР