presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Артыкбаев элди талаага таштап кетти
Энергетика тармагын төрт жылдан бери башкарып, бирок бул тармакты алдыга жылдыра албай койгон Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев акыры кызматтан кетти. Кечээ Президент Алмазбек Атамбаев "кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн. кВт/саат электр энергияны чиновниктер өнөр жайдын жана калктын эсебинен алардын электрин өчүрүү аркылуу чечүү кадамы терең жаңылыштык" деген эле. Ошону угары менен Осмонбек ордун бошотуп, кычыраган кыштын алдында элди энергокризиске кептеп коюп кетип калды. Баса, бир жума мурун анын биринчи орунбасары Кубанычбек Турдубаев да арызын жазып кызматынан кеткен. Айрым эксперттер бул оюн, эми Турдубаевди кайра алып келип министр кылышат деп жоромолдоп жатышат.


Табият барымтасында калган малчылар
Үч-төрт күндөн бери жааган жамгыр шаршембиде карга айланып, алыскы тоолуу райондордо, бийик ашууларда, жайлоолордо биртоп кыйынчылыктар жаралды. Сузак районунун Түрк-Абад, Беш-Мойнок айылынын 9 тургуну Көк-Суу жайлоосунан 2 миң кой-эчкини айдап келатышып, жааган кардан улам жолдо калышкан. Малчылардын туугандары бул күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына ал жакка тикучак жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Кар аралаш жамгырдан, шамалдан улам 8-октябрда ал жакка куткаруучулар барышкан эмес. Коргоо министри аба ырайы жакшырса аталган аймакка МИ-8 тик учагын жөнөтүүгө даяр экенин билдирген. Кечээ жаратылыш барымтасында калгандардын бири каза болгондугу жана 2 миң кой менен алты адам аман-эсен Тогуз-Торо районуна жеткени маалым болду.


Өч албай эле өлсөңчү
Токтогул районунда кечээ 14 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иштин чоо-жайы аныкталды. Мындан үч-төрт жума мурун райондук милиция бөлүмүнө орто жаштагы аял 14 жаштагы кызынын базарга кеткен боюнча келбей калганын билдирген. Тартип сакчылар кызды базардан, шектүү жерлерден издеп таба албай коюшат. Көп өтпөй кызды бир келин менен сүйлөшүп турганын көргөндөр чыгып, ал келиндин аты-жөнү такталат. Ошол кезде кыздын апасы милиция кызматкерлерине кызы үйүнө кийим-кечеси тытылып келгенин кабарлайт. Иликтөө иштеринин натыйжасында кызды зордуктагандар да кармалат. Көрсө, окуя болгон күнү 14 жаштагы Айсулуу байкеси менен ажырашып кеткен жеңеси Наргизага базардан жолугуп калат. Жаш кызды ар кандай сөздөр менен алдаган жеңеси аны коңшу айылга алып келип бир үйгө калтырган. Көп өтпөй ал эки-үч эркекти чакырып келип ичимдик ичишет. Алар кызып алып кызга да мажбурлап сыра ичиришет. Андан соң кызды алар айыл четине алып барышып Наргизанын шыкагы менен 40 жаштагы Азат аны зордуктаган. Сурак бергендердин айтымында, муну менен Наргиза күйөөсүнөн өч алмакчы болгон экен. Учурда ал келин издөөгө алынды.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??