10.10.14 Эл кызматында -
"Элкарт" улуттук төлөм системасы
Учурда Өкмөттүн жана Улуттук банктын приоритеттүү милдеттеринин бири бул - нак эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөрдү көбөйтүү. Натыйжалуу акча жүгүртүүнү уюштуруу үчүн Өкмөт Улуттук банк менен бирге Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012 - 2017-жылдарга карата иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекиткен. Калайык-калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк аталган программанын алкагында ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын бири болгон банктык төлөм карталары менен эмгек акы алуу процесси жөнүндө айтып берүүнү туура тапты. Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын ишин анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Ибрагимова бизге "Элкарт" улуттук төлөм системасынын алкагындагы маяналык долбоорлор тууралуу буларды айтып берди.


- Бюджеттик мекемелердеги жумушчулардын эмгек акыларын алуу процесси - алардын жанында кайсы документтери болуш керек жана алар кайсы банкка барышат?
- Эмгек акысын коммерциялык банкта ачылган эсебинен алуу үчүн ар бир кызматкер банктын жайгашкан жерине, анын иш графигине, андагы кызмат көрсөтүүлөр менен тарифтерге карап өз эсебин ачууга ыңгайлуу коммерциялык банкты тандап алат. Эсеп ачуу үчүн мамлекеттик кызматкер тандалган банк менен эки нускада ачылган эсепти тейлөө келишимин түзөт. Анын бир нускасы банкта калат да, экинчиси эсептин ээси болгон кызматкерге берилет. Эске алуучу жагдай, келишимге кол коёрдон мурда эсеп ачуучу аны менен, айрыкча келишимдеги тариф бөлүгү менен дыкат таанышып алуусу керек. Андан соң кызматкер келишимди өзү иштеген мекеменин бухгалтериясына өзүнүн айлыгын келишимде көрсөтүлгөн эсепке которуу арызы менен кошо тапшырат. Ушундай арыздардын негизинде бухгалтерия аталган мекеменин эсеби ачылган банкка маяналарды республиканын ар кандай банктарындагы мекеме кызматкерлеринин эсебине которууну тапшырат. Эгер кызматкер айлыгын төлөм картасы аркылуу алгысы келсе, анда да ал өзүн тейлей турган кайсы бир банкты тандап алып, эсеп ачып, төлөм картасын алышы кажет.
- Пластикалык карталар сыяктуу техникалык жаңылык мамлекеттик кызматкерлерге ыңгайсыздыктарды жаратпайбы? (Мисалы, ал белгилүү бир мөөнөткө ишин таштап банкка барып, акчасын алыш үчүн кезекке турушу керек болот)?
- Жок, андай болбойт. Тескерисинче, эгер кардар коммерциялык банкта же анын филиалында эсеп ачса, ошол банктын иш тартибине байланат. Төлөм картасы эсептеги каражаттан банктан алыста туруп эле күнү-түнү иштеген банкоматтар, соода түйүндөрүндөгү, банк филиалдарындагы терминалдар аркылуу каалаган мезгилде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Албетте, карталарды кабыл алуу жана тейлөө инфраструктурасы биздин республикада, айрыкча алыскы аймактарда азырынча жогорку деңгээлде эмес. Бирок жыл санап республика боюнча банкоматтар менен кошо эле терминалдардын саны көбөйүп баратат. Ал эми айрым ыңгайсыздыктар тууралуу айтсак, алар маянаны накталай алууда бар. Мисалы, мекеменин кассасында кезекке туруш керек, кээде айлык эмгек акы кармалып калышы ыктымал. А банктык эсепке которулууда адам төлөм карталары менен жакшы көнгүчө гана башка жаңы технологиялардагыдай эле бир аз кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Мисалы, жаңы уюлдук телефон сатып алганда да баарын өзүнө ыңгайлаштырып тууралап алгыча адамда ыңгайсыздыктар болот. Бул жерде деле ошондой. Карталарды колдонуу тажрыйбасы көргөзгөндөй адамдар алгачкы жарым жыл бою төлөм карталарындагы акчаларды толук чыгарып, нак акчага айлантып (обналичивают) алышат. Бул албетте түшүнүктүү, дайыма бардык жаңы нерселерге белгилүү бир ишенбөөчүлүк бар жана эски адаттар сакталып кала берет. Бирок карталарды колдонуу тажрыйбасы акырындык менен адамдардын аң-сезимин өзгөртөт. Карта ээлери телефон, газ же электр энергиясына накталай эмес төлөө үчүн карталарына азыраак сумма калтыра башташат. Банк картада калтырылган акча үчүн депозит катары пайыз төлөп берип жаткан соң акырындык менен картада калган сумма көбөйө баштайт. Эсептен акча алуу, эсепти толтуруу, бир нерсе сатып алуу, кандайдыр бир кызмат көрсөтүүлөр төлөмүн төлөм карталары аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү банкоматтарда, банк филиалдарында, дүкөндөрдө пайда болгондуктан акырындап төлөм карта ээлери аны колдонуу артыкчылыктарын баалай башташат.
- Бул учурда бухгалтерия эмне кылат?
- Банктар мекемелерге маяналык долбоорлорду сунуштап жатканда бухгалтериянын кассалык нак акчага байланышкан маселеси болбошуна басым жасашат. Бул эсептешүүгө, заказга жана маянаны алууга кеткен убакытты үнөмдөйт, ошондой эле нак акчаларды сактоо, жеткирүү көйгөйүнөн, чыгымынан кутултат. Банк менен эмгек акыны төлөм карталары аркылуу берүү келишимин түзүү үчүн мекеме тиешелүү документтер топтомун тапшыруусу керек. Банк мекеменин ар бир кызматкеринин атына эсеп ачат жана ошол эсептерге акчалар түшө тургандай кылат. Документтер топтому бардык банктар үчүн бирдей. Бирок келишим түзүү болгону биринчи эле кадам. Мындан сырткары мекеменин кызматкерлери менен түшүндүрүү сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү керек. Бул ишти көбүнесе банктар өздөрү жүргүзөт. Алар төлөм картасын кантип колдонууну, эгер карта жоголуп кетсе эмне кылуу керек сыяктууларды толук түшүндүрүп беришет.
- Маяналык долбоорлор ишке ашып жаткан "Элкарт" улуттук төлөм системасы тууралуу да айтып кетсеңиз?
- Элкарт улуттук төлөм системасы улуттук масштабдагы төлөм системасы болуп эсептелет жана ал эл аралык Виза, Мастер кард жана Алтын Корона сыяктуу төлөм системаларынан айырмаланып финансылык маалыматтарды Кыргыз Республикасынан сыртка чыгарбай туруп кайра иштеп берет. Ошентип, социалдык багыттагы долбоорлор үчүн улуттук коопсуздуктун жеткиликтүү деңгээли камсыз болот. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын территориясында Элкарт улуттук төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө кызматын 18 коммерциялык банк сунуштайт. Элкарт улуттук төлөм системасы бюджет пайдасы үчүн, ошондой эле бюджет төлөмдөрү боюнча калктын бардык катмарынын пайдасы үчүн минималдык чыгым менен чекене төлөмдөрдү жүргүзө алгандыктан социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Бул төлөм системасында адамдардын кирешеси менен аймактык жайгашуусуна маани берилбейт.
- Элкарт системасы боюнча кызмат көргөзүүнүн тарифи кандай болду экен?
- Элкарт системасы улуттук төлөм
системасы катары социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана калктын кирешеси аз катмарына ылайыкташылгандыктан калктын бардык катмарын камтуу үчүн кызмат көрсөтүүлөр тарифи бекер.
Элкарт төлөм системасынын банк-катышуучулары тарабынан төмөнкү тарифтер бекитилет:
Карта чыгаруу жана эсеп ачуу - 0 сомдон башталат
Жылдык кызмат көрсөтүү -
0 сомдон башталат
Акча каражатын накталоо - 0%дан 0,6%га чейин
Товар менен кызмат көрсөтүүгө накталай эмес төлөө - 0%
Картаны блокировкалоо - 0дөн 50 сомго чейин.
Элкарт улуттук төлөм системасы өлкөнүн бардык региондорундагы эң бутактанган банкоматтар жана терминалдар тармагына ээ:
? Банктардын кассаларында накталай акчаларды жана дүкөндөрдөгү сатык төлөмдөрүн берүүчү эки миңден ашык терминалдар;
? Нак акчаларды берүүчү, акча которуучу, коммуналдык кызмат төлөмдөрү менен башка төлөмдөрдү жүргүзүүчү 500дөн ашык банкоматтар.
Элкарт улуттук төлөм системасына республиканын бардык банктары тартылгандыктан анын инфраструктурасы дайыма өсүп келатат.
Улуттук банк