10.10.14 Эмкилердин эки жүздүүлүгүн да эл билсин
Эчтеке "билбеген" Атамбаев, Рябушкинге "режиссер" Ниязов жана
15 жыл мурдагы окуялар жөнүндө
"Вечерний Бишкек" медиахолдингинин айланасындагы кырдаал күн санап курчуп бара жатат. Рейдерлик жол менен басып алууну көздөгөн бийлик өкүлдөрү бул боюнча коомдук пикирдин кайсы нукта баратканына көз салып, туура эмес бараткандарды оңдоп, соттун мыйзамсыз чечими аркылуу "Рубикон" рекламалык фирмасы" ЖЧКсынын 50 пайыз үлүшүнө ээ болдум деп сүйүнүп жаткан Александр Рябушкинди көп жылдан бери адилетикке жетпей келген, эми гана сот "акыйкаттыгынан" көзү ачылып, оппозицияда куугунтукта жүргөн мыкты журналист катары көрсөтүп жатышат.

Азыркыдай бийликтин баскынчылыгы кантип башталып, мамлекеттин машинасы өзүнө жакпагандарды кандайча талкалай тургандыгын мындан он беш жыл мурда көргөн элем. Он беш жыл мурда "Асаба" гезитин биринчи Президент Аскар Акаев башында турган мамлекеттик машина тебелеп, банкрот кылып жок кылган. Ошогезде да дал азыркыдай сотко бермейлер аркылуу "Асабаны" муунтуу башталган. Урматтуу аксакал Турдакун Усубалиев абийир, ар-намысымды он жылдан бери тебелеп келдиңер, аялымды өлтүрдүңөр, жооп бергиле деп гезитке 50 млн. сомдук доо койгон. Сот "Асабанын" мойнуна 5 млн. сомду илип, 7-8 журналист Усубалиевге бир жарым миң сомдон төлөсүн деп чечим чыгарат. Жалаң калем менен жанбагып келаткан гезит редакциясы миллиондорду көтөрө алмакпы, атайын администратор келип, биртоп убакыт редакциянын болгон мүлкүн каттап, акыры "Асабаны" банкрот деп мөөрүн балчайта басып, каттагандарын тиешелүү жерге өткөрүп басып кеткен. Ошондо сот аткаруучулар "Асабанын" эски, буту сынык диванын креслосу менен, эски телевизорду, гезит ташыган бусикти жана банктагы бир аз акчаны шыпырып алып Усубалиев үчүн алып кетишкен. Ичибизди өрттөгөн ушу көрүнүш азыр да көз алдымда.
"Асаба" ошентип жок болуп жаткан учурда ошогезде эле алдыңкы медиабизнес эсептелген "Вечерний Бишкек" гезитине Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев баскынчылык кыла баштаган. Александр Рябушкин баштаган өз кишилерин "ВБнын" башкы редакторлугуна, басма үйүнүн директорлугуна алып келип, редакцияны бөлүп-жарып, маалыматтык да, финансылык да көзөмөлдү толук колуна алып, "Рубикон" рекламалык фирмасынын активдерин тартып алып, өзүн айдап чыккан. Анын ордуна "Айрек" фирмасын түзүп, тынымсыз агып турган финансы булагын "Айрекке" бурган. "Вечерний Бишкектин" атын чыгарып, анын мыкты медиабизнес болушуна бүт өмүрүн арнаган Александр Ким Рина Приживойт баштаган командасы менен "Моя столица" гезитин чыгарып, бийлик анда да жөн калбай гезитти каалаган учурунда жаап, "Учкундан" бастырбай, каалагандай кордошкон. "Асаба", "Республика" гезиттери да бийликтин мындай кордугун далай көрүшкөн. Эркин гезиттерди чыгаруу-чыгарбоо "Учкун" монополистинин колунда гана болгондуктан, Акаевдин агездеги басма сөз катчысы Каныбек Иманалиев (кийин "Учкун" концернин да жетектеген) Акаевдин бийлигине сөз тийгизбөө, аны бекемдөө үчүн кылбаганы калган эмес. Так ушундай кырдаалдан улам эл аралык коомчулук, асыресе Америка элчилиги көз карандысыз типографиянын зарылдыгын көрүп, аз убакыттан кийин ММКны колдоо үчүн атайын типография алып келип орноткон.
"Вечерний Бишкекке" ошогезде Акаевдин таңуулоосу менен башкы редактор болгон Александр Рябушкин ошол учурда "Рубикондогу" өзүнүн 50 пайыз үлүшүн Адил Тойгонбаевдин "Петровски Корп." корпорациясына сатып, "ВБны" финансылык жактан толугу менен Акаевдин үй-бүлөсүнө басып берет. Айтмакчы, ошогезде Рябушкин 50 пайыз үлүшүн 100 миң долларга сатканын азыр да айтып жүрүшөт. Он беш жыл мурда 100 миң долларга бааланган үлүш азыр канчага бааланаарын эсептей бергиле. "ВБ" ошентип таланып-тонолуп жатканда анда иштеген журналисттер бүт ааламды жаңырта мындай баскынчылыктын артында Президент Аскар Акаев турганын күнүгө чаңырып турушканда да, Каныбек Иманалиев бул ишке Президенттин эч кандай тиешеси жок экендигин айтып турган. Азыр да так ушу көрүнүш, Президент Алмазбек Атамбаев эч нерсе билбейт, кеңешчиси Фарид Ниязов "чындык баарыбир жарыкка жол табат", "менчикти кайра бөлүштүрүүгө скептикалык көз караштамын, анткени ал эч качан жакшылыкка алып келген эмес" деп телефон чалып, кат жазып, бул менчикти сот аркылуу кайра бөлүштүрүү аркасында өзү турбагандыгына касам ичип карганууда. Бирок өлкө бийлигине лоялдуу позиция карманып келген, коомчулукка таасири күч, ийгиликтүү өнүгүп бараткан медиахолдингге Президенттин өзү, анын жан-жөкөрлөрүнөн башка дагы ким мыйзамсыз кол сала алмак?
Дегеле акыркы кезде Президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн саясаты кош стандарттуу экендигин саясатчылар эле эмес, карапайым эл да түшүнүп калды. Эл алдында жүрөгүн ачып, "айланайындар", баскан-турган жеринде "кудайлап" сүйлөсө, чын эле деп жашып кеткенге чейин барасың. Ак үйдүн жетинчи кабатында отуруп алып жүргүзгөн саясатынан аргасыз түңүлөсүң. Башкесер Азиз Батукаевдин Кыргызстандын түрмөсүнөн дароо жеке самолет менен Россияга чыгып кетиши боюнча биз жөн эле Башпрокурор А.Салянованы, З.Рысалиевди, Д.Сагынбаеваны, Т.Акунду "тепкилеп" жатабыз. Мындай иш өлкө жетекчисинин каш кагуусу болбосо ишке ашпай тургандыгын азыр мектеп окуучусу да түшүнүп калды. Же болбосо азыр сүйлөшүүлөр жүрүмүш этип аткан, эт менен челдин ортосундагы "Кумтөр" маселеси, бир ай жолду бууп андан өлкө казынасына 100 млн. сом зыян келтирилгенин Атамбаев өзү какшап айтканына карабай сотко кысым көрсөтүп Ак үйдүн жетинчи кабаты менен келишип алып түрмөдөн чыгып кеткен Акматбек Келдибековдун, сот жообуна тартылымыш болгон "показуханын" ролун мыкты аткарган Иса Өмүркуловдун иштерине бийликтин тиешеси жок деп айтууга болобу?
Ушу тапта кыш кылычын жаркылдата баштады, Токтогул суу сактагычында суу болгону калың түп, эчтеке боло электе эле жарыкты 8-12 саат өчүрүп, үч фазалуулардын фазасын өкмөт өзүнүн каракчы токтомуна таянып, өкүмзордук менен өчүрө баштады. Акыркы 4-5 айдан бери жашоону ойлогон адамдардын баары, өлкөдөгү болгон ММК энергетикадагы көйгөйдү семичкедей бирден чагып, мындай туңгуюктан чыгуунун түрдүү жолдорун канкакшап айтып жатышат. Президент, өкмөт бир кулак салдыбы?
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев сауна, кафелерге жарык берилбесин деген Ак үйдөн алыс үч кадам жылбай турган токтом менен жооп берди. Жоомарт Оторбаевди миллион жолу сындап, кызматтан алмак турсун Кыргызстандан айдап жиберип анын ордуна алтын баштуу адам келсе да эч нерсе өзгөрбөй турганын азыр бардыгыбыз түшүнүп турабыз. Кептин баары өкмөттө, өкмөт башчысында эмес, Акаев, Бакиевдер таштап кеткен жол менен кетип бараткан, системаны өзгөрткүсү келбеген же жаңыча башкарууну билбеген Алмазбек Атамбаевдин өзүндө болуп жатат. Президент болуп шайлангандан бери үч жыл өттү, кайсы тармакта реформа башталып аягына ийгиликтүү чыкты?
Бийликке жаңы келгенде "мен ажыдаар болбойм" дечү эле Атамбаев. Үч жылдан кийин кадимки эле ажыдаарга айланганына күбө болуп турабыз. Анын айныксыз фактысы, көз каранды эмес ММКны рейдерлик менен тартып алуу боюнча Акаевден калган схеманы он беш жылдан кийин кайра колдонууга мыйзамдарды бузуу менен жол бергенинен көрүнүп жатат.
Болбосо Александр Рябушкин деген "бечара" 2005-жылы эле "Рубикондогу" үлүшүмдү Адил Тойгонбаев тартып алган, ошону калыбына келтирип бергиле деп сотко кайрылганда, ал үлүшүн өз эрки менен Адил Тойгонбаевдин оффшордук фирмасына саткандыгы боюнча бардык далилдер келтирилип, соттун биринчи инстанциясынан эң жогорку инстанциясына чейин - Жогорку соттон экинчи бул меселеге кайра кайрылгыс болуп утулган. 2011-жылы бийлик үчүнчү жолу жаңыргандан кийин, балким көз караштары бир чыгаарына үмүт пайда болдубу, Рябушкин ушул эле доо менен дагы сотко кайрылат. Доосунун чындыгын далилдеген бир да факты көрсөтө албаган соң, соттон кайра да утулган. 2014-жылы ушул эле доо арыздын мөөнөтү эскиргендигине карабай сот аны териштирүүгө алып, териштиргенде да буга чейин беш соттук инстанциядан чыккан чечимдердин бирин да көңүлгө албастан туруп, дароо Рябушкинге "Рубикондун" 50 пайыз үлүшүн ыйгара койгонун бийликтин буйругу дебегенде эмне дейбиз?! Же буга чейинки болгон беш соттук инстанциянын чечимдерин көңүлгө албай, өзү билип мыйзамсыз чечим чыгарган жаш судья Эмил Аксамаевдин башы экөө эмес да. Ал жаш, дагы деле сот болуп иштегиси келеттир. Демек, ал бул иш боюнча чечим чыгарууда бийликтен кандайдыр бир кепилдик албай туруп мындай ишти өзү билип эч качан жасай алмак эмес.
Акыркы күндөрү "ВБны" басып алуу боюнча "башкы оюнчу болуп" жаткан Александр Рябушкин "Азаттыкка" өзү атайын барып, айылдан келген карапайым адам катары көрүнүп, бирок биринчи инстанция эчтеке эмес, экинчи инстанциядан - шаардык соттон да утам, анан өз укугума ээ болом дегендей өтө ишенимдүү маек бериптир. Демек, ага мынчалык ишеним бергендер шаардык сотто эмес, Ак үйдө отурушат, анын бардык аракеттерине Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов "режиссерлук" кылып жатат деп биз да ишенимдүү айтсак болот. Александр Ким болсо өзүнүн кырк жылдык өмүрүн арнап, баладай бапестеп коомчулуктун көз алдына коюп койгон объектисин жөн эле алдыра койбостур…
…2001-жылы өзү жаңыдан көз жарган "Агым" гезитинде жооптуу катчы болуп турган кезим. Раматылык Мелис байке Эшимканов өзү бийликтин тепкисинде турганына карабай, ошогезде ар кайсы жерде баш калкалап жүргөн "Моя столица" гезитин "Агымга" конокко чакырып, "Агымдын" эки полосасынан бир айдан ашык убакыт "Моя столица" гезити өз үнүн окурмандарга жеткирип турган. "Республика" гезитин чыгарып турган Замира Сыдыкова да "Моя столицаны" өз гезитинде баш калкалатып, эч ким жасабай турган эрдикти жасаган. Мелис байке менен Замира эженин ушундай жөн эле журналисттик мыкты иштерин эмес, атуулдук эрдиктерин да өз көзүбүз менен көрүп биз да такшалдык. "Асабаны" банкрот кылып жок кылган, "Вечерний Бишкектин" медиабизнесин тартып алган Акаев бийлигинин жасаганын көрүп, ага катуу каршылык көрсөткөн Александр Ким, Мелис Эшимканов, Замира Сыдыкова, Рина Приживойт сыяктуу улуу муундагы журналисттердин чыныгы кесипкөйлүгүн, гезиттерин жаап салса кайра жаңы гезит ачып бийликке кашая каршылык көрсөтүп жатып, акыры алардын жеңип чыккандыгына өзүбүз күбө болуп, мында бир такшалуудан өттүк.
Такшалганыбыз менен кармаштар дагы алдыда көрүнбөйбү.

Аскер САКЫБАЕВА