10.10.14 "Мандемдүү" тандем
Шайлоо саясатчыларды оюнчук кылабы?
Коомчулукта "Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун партияларды бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөрү кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүгү бул амбициялары ай чапчыган, саясый көз караштары, кадамдары эки башка лидерлердин түбөлүк биригүүсү мүмкүн эместигин айтып, алдыдагы шайлоо гана аргасыз баш коштуруп жатканын кеп кылышууда. Ошол эле убакта эки аймактан чыккан азаматтар акыры кыргыз болгон соң эмнеге болбосун, тескерисинче, түндүк-түштүк ажырымын азайтып, келечеги кең болот дегендер да бар. Ооба, биз деле экөөнүн өз топторун бириктирип, өлкөнүн келечеги үчүн чындап иштөөгө болгон аракеттерин колдогонго даярбыз. Бирок алардын бул кадамдары кечээки позицияларына, көз караштарына каршы келип жатканы кичине күдүк жаратат. Кайым айтышууларды, карапияр жаадырып, душмандашууларды кантип кай жакка катабыз? Же булар чындап эле быша элек, жыгылып-туруп, жаңылып-жазып, кагылып-согулуп келе жаткан, улуттук деңгээлге жете элек, чийки саясатчыларбы?


Ооба, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо да жаңы түзүлө калган "Ата журт" менен "Республика" партиялары саясый серепчилердин санагын жаңылтып, күтүлбөгөн жерден эле бири жалпы добуштун 16,10%ын алса, экинчиси жалпы добуш бергендердин 13,12%на ээ болуп, парламентке кирип келишкен. Бирок шайлоо алдындагы теледебаттарда бирине-бири заар чачып, абийирлерин айрандай төгүп, бирин-бири "Максим Бакиевдин короосундагы жанбагар" катары айыпташканына карабай, парламентке киришери менен КСДПны колтуктай калышып коалициялык көпчүлүктү түзүшкөн. Анда да эл бул эки эрендин мамилесине таң калган бойдон кала берген. Анан жыл айланбай булардын "ит оорусу" кайра козголуп, Өкмөт башында турган Өмүрбек Бабановду парламенттеги коалиционер Камчыбек Ташиев "жерден алып көргө чаап", аны "бизнесмен-коррупционер" атап, атургай "таза кандуу эмес" жетекчи катары сыпаттап, "эркектигинен да шек санап", ал үчүн мандатын таштоого сөз берип, катуу кармаш орун алган. Өмүрбек Бабанов да оңой жообу, каршылашкан Камчыбек Ташиевди маалыматтык ресурсу менен аеосуз бомбалап, аны ачык дебатка чакырса, тигиниси барбай, айтор, экөөнүн оюну өтө кызык жүргөн эле. Ошентип ортодо чыккан чуунун аягы "Ата мекен" фракциясынын "аргымак" операциясы менен аяктап, Өмүрбек Бабановдун өкмөттөн аргасыз отставкага кетиши менен бүткөн эле.
Ойлоп көрсөк, ошондон кийин бу эки лидердин саясатта болгон шыктары тескери жакка ооп, партиялары ичтен ыдырап, алдан тая баштады. "Республика" партиясына түштүктөн да, түндүктөн да эң көп добуш алып келишкен Канат Исаев баштаган депутаттар "Ынтымак", Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттар "Бир бол", Бакыт Төрөбаев баштагандар "Өнүгүү" депутаттык тобун түзүп кетишкен. Ал эми "Ата журт" партиясынан Акматбек Келдибеков, Марат Султанов, Нариман Түлеевдер башынан эле Камчыбек Ташиевдин башчылыгына анча баш ийгилери келбесе, кийинчерээк соттолуп чыккан соң Садыр Жапаров партиядан чыгып кетсе, ал арада Нарынбек Молдобаев, Роман Шин , Хаджимурат Коркмазов, Бахадыр Сулеймановдор өз алдынча депутаттык топторго бөлүнүп чыгып кетишти. Демек, бул партия түндүк аймактардагы, айрыкча Чүй менен Бишкектеги электоратынан толук ажырады десек болот. Анүстүнө партия лидеринин өзүнүн мойнундагы соттуулугу да партиянын келерки шайлоого таптакыр шансы калбагандыгын алдын ала эле көргөзүп койду. Ушундай шартта өздөрү деле моюндагандай, келерки шайлоодо парламенттен орун алуу үчүн эки жээктеги саясатчылар эски кектеринен кечишип, эки күчтү бириктирип жатышат. Албетте, Өмүрбек Бабановдо НТС баштаган күчтүү медиаресурс турса, Камчыбек Ташиевде да Ош, Жалал-Абадда көрүмдүү "7-канал" телеси, "Майдан", "Жаңы Ордо" сыяктуу гезиттер бар. Экинчи жагынан эки лидер, экөөнө жакын адамдарда бизнес кеңири, каражат калың. Үчүнчүдөн, экөө баштарын бириктирүү менен азырынча четте карап турган башка саясый күчтөр, айрыкча Алмазбек Атамбаевге, Өмүрбек Текебаевге каршы саясатчылардын да киришинен үмүт кылып турушат. Төртүнчүдөн, эки партиянын биригиши менен түндүк-түштүк электораты балансташып, бул партиялар мурдагы шайлоодогудай аймактык дэңгээлден жогору чыгууну көздөшүүдө. Мунун баары азырынча расмий катталып, келишимдер менен тастыктала электе эле өздөрүнүн ой-пикирлеринен белгилүү болуп калды.
Бирок саясый серепчилер бул Бабанов-Ташиев тандеми убактылуу кызыкчылыктардын дал келүүсү гана болорун, келечегинде булардын ортосундагы "чычкан жөргөлөгүс" достук түбөлүк уланбай турганын айтып жатышат. Ошол эле убакта кээ бир сынчылар бул келечектеги оппозицияга карата ыргытылган чалма экендигин, аны аткаруу Ак үйдөгү төбөлдөргө жакын санаалаш Өмүрбек Токтогуловичке тапшырылганын да жоромолдоп жиберишти. Айтор, азыр бул эки партиянын ымала санашып, келечекке бирге кадам таштоо пландары коомчулукта чоң талкууну жаратып турганы чындык. Өздөрү болсо, эки партия эле эмес, бир канча партиялар биригүү алдында тургандыгын айтып, табышмактатышууда. Андай болсо "Ата журт" ушунчалык айкөлдүккө барып жаткан соң, кечээ "Республикадан" кеткен "Бир бол", "Өнүгүү" партиялары, Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" сыяктуу партиялар бул блогко кирип кетүүсү толук мүмкүн.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ