10.10.14 Алыкебиздин эскирбес эски дептерлери

Арабыздан Алым Токтомушев өтүп кеткен күндөн бери жеке архивинен башымды көтөрө албай калдым. Тирүүсүндө чыгармачылык лабораториясына жакындан аралашкандай болуп жүргөнүм иштин чети эле экен. Маркумдун жарыкка чыгарбай келген эмгектери арбын болуп чыкты. 1970-75-жылдары абдан өндүрүмдүү иштептир. Кээ бир күнү 2-3төн ыр жазганын эски дептерлердеги ар бир ырдын "туулган күнүн" белгилеген даталардан билсек болот. Айтмакчы, мындан алты жыл мурда жарыкка чыккан "Эски дептер" аттуу китеби бекеринен "Эски дептер" аталбаптыр. Төрт калың дептеринин ичиндеги ырлардын көбү буга чейин эч жерде жарыяланбаганын туйдум. Мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланган ырлары менен салыштырсам, али да жарыкка чыгалек керемет ырлары саргайган кагаз беттеринде калып келиптир. Ал ырларга мезгил менен окурмандан өтөр сынчы жок эми. Көбү купуя сезимдеги ырлар, аны Алыкедей улуу акынды жакындан билгендер туят...



Поэзия
Дүйнө бар мени менен бирге келген,
дүйнө бар мени менен бирге кеткен...
О менин махабатым айтылбай калган,
О менин искусством өрткө күйгөн.
Күндөрүм аян күткөн...
18.10.70-ж.
Табылды Муканов
Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений!
Ал сага тардык кылган ушунчалык.
Мүрзө эми болуп берер сага "кең үй"
сени эми санат кылар ушул жарык.
Чатырап чарт жарылган бул турмушта
не ойлоп, болдуң экен неге куштар?
Өмүрлөр агып жатат бир нук менен
өмүрлөр калып жатат не бир нуска.
Не күлдүң, сен эмнеге азап чектиң,
ачылдың, акырында калдың актай.
Белгисиз шамалдарга шейит кеттиң
күздөгү күмүш саамай жалбырактай.
Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений,
арылып сан түйшүктөн калдың жыргап...
Мүрзө эми болуп берер сага "кең үй"
мүрзө эми бир жаныңа тардык кылбас.
13-октябрь, 1971-ж.
Кар жааган түн
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Кар гана балбалактап көмөт тышты.
Баштадым даа бир кышты...
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Түн узун бир шумдуктуу.
Сандаган элестердин арасынан
мен өзүмдү таап араң
туурулган колум менен
сылаймын жымжырттыктын маңдайынан.
(Эшигим ачылчудай болот менин)
Жымжырттыктын нар жагында
жымжырттыктын духун сыгып,
апамдын назга толгон колу менен
алып келип берчүдөй болот мага.
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Кар гана аппак сүткө боёйт тышты.
Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты.
(Эшигим ачулчудай болот менин).
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Кирпик каткан.
Уйку качкан.
Кар гана акактантат картаң дубду.
(Эшигим ачылчудай болот менин)
15.11.70.
***
Көшүгөн бейкут. Көгөргөн жымжырт.
Күрүлдөйт дөөдөй көчөдө турмуш.
Самсыган булут бактыма толот.
Сандаган элес басчудай болот.
Денелер бүтүн. Жарасыз эч жер.
Агарган таңдар. Кызгылтым кечтер.
Жылдыздар тунуп, шоодурап учкан.
Шоокумдуу жүрөк. Шойкомдуу кыздар.
Болоттон катуу, албарстан өткүр,
Ажайган не бир ак өткөн мезгил.
Бардыгы мында... жандүйнөм тинтип.
Ирмелсе кирпик, качышат үркүп...
Талыкшып таңдай атканда көзүм,
Айланам тегиз төрт чарчы сепил.
Ананбы, анан... баягы турмуш...
Аркандап салган... ордуңан жылгыс...
Апаңдын аппак мамасын алып,
Оозуңа койгон чылымды салып...
Ананбы, анан... баягы турмуш...
15.12.70-ж.
Автопортрет
Алдыда жылдар... айлар...
мунарык андан нары,
чабылган бир-бирине горизонттор,
келемин тагдыр мүшкүл жолдор менен,
турмуштун дал өзүндөй кайгы-шатмын.
Болгон бактым:
зар какшап, азап чекпөө бакытты эңсеп.
Болгон кайгым:
бир ишти баштап атып кетип калуу.
Кубанычым:
бир ишти бүтүп туруп өлүп калуу.
(Кээде мен ойлоп кетем, мунун баары МЕЗГИЛ менен МЕЙКИНДИКтин ортосундагы өзүмдү өзүм алдап-соолап чабылуум деп).
Ишеничим:
чындык барда жашайт түрмө.
Талаада чиринди да кымбат мага.
(Анткени билип алгам: бүгүн чиринди, а эртең мен ичкен сүт экендигин).
Мен үчүн министр да,
коомдун ар кандай ишмерлери,
каамыттай даңк илинген жазуучулар,
банктардын кызматкерлери эмес, бирок,
АДАМДАР бар!
Эң акыркы кейип-кепчип байкаганым Адамдардан:
айбан чалыш адамдарды тиреп жүргөн
айбан чалыш адамдар!
Саат 16. 22.12.70-ж.
***
Төрөлдүң... Төрөлгөнүң энең көрдү...
Эл көрдү...Төрөлгөнүң көрдү дүйнө...
Күрөң так болгон эмес денеңде бир,
Күткөн жок төрөлгөндө сени түрмө.

Ойдо жок ыр жазат деп чуулгандуу,
Ойношчул коюндарга өлөт деген.
Тек гана: бир перизент туулган бу
Жашоодо жана жашай берет деген.

Жашадың. Шарап ичтиң. Катын сүйдүң.
Дууладың. Кадыресе чектиң азап...
Акыры басты сени кайдан күүгүм,
Бардыгын сен эмнеге кеттиң таштап...
20.10.71-ж.
Поэзия
Бир сүрөт тартып алды кыз алфальтка,
эмнени тартканын да түшүнбөйт ал.
Окшойбу башы Күнгө,
а мүмкүн жөн эле бир күнкарама,
жылдызбы тегереги;
а мүмкүн жылдыз эмес тирүү көздүр...
чачтары тармал-тармал.
А мүмкүн бул чач эмес, түрдүү чөптүр...
Бир сүрөт тартып алды кыз асфальтка,
жыргады өнөрүнө маашыр болуп.
Бир карап бу жагынан, а жагына,
бир карап а жагынан, бу жагына
бир сүрөт тартып алды кыз асфальтка.
Жол менен келе жаткан азиз адам
(А мүмкүн тубасадыр,
а мүмкүн өткөн согуш белегидир,
бу жерде эч мааниге ээ эмес ал)
кыз тарткан а сүрөттү тепсеп кетти.
Кыз болсо өксөп-өксөп ыйлап ийди.
8-апрель, 1971-ж.
***
Бардым мен тереземе.
Боройлоп жаткан экен жамгыр төгүп.
Көчөлөр ээн...
Шыпырып жүрөт аны карыган чал бир.
Күн куят көнөк-көнөк,
чал болбой өжөрлөнөт.
Чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын
түгөнүп кетүүчүдөй ыпыр бүтүн,
тазарып калуучудай бүгүн дүйнө...
чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын...
12-апрель, 1971-ж.
Өлгөндөр
Өлгөндөр көрүстөндө курат үлпөт!
Алгыла тагдырлар, таажыңарды!
Мынакей чиркин, эркиндик деген!
Сени эми мыкчып турбайт бир да булчуң,
сени эми тырыштырбайт тарамыштар.
Өлгөндөр жатышат жыргап гана:
катышпай көңүл келбес жыйналышка,
чуркабай орден, кызмат, даңк-атакка...
карганып жанын жебей
тыйынга сары чака...
Бирөөнү сүйөм дебей,
жек көрбөй бирөөлөрдү.
Жатышат үлпөт куруп бейпил гана.
Тагдырлар алгыла, таажыңарды!
...үй курдум мүрзө үстүнө,
Терметкен шамал-тагдыр.
Астымда Жер.
Чакчаят Күн төбөдө.
19.06.71-ж.
***
Бир караан келди кайра
кушубак күнзарыма бүлүк салып.
Оттуу чаар дидары.
Көзүндө күңүрт жарык
деди - Алым!
тааныдыңбы жатындаш тууганыңды,
доктор Фауст жаштыгында
дууладык биз.
Анан мен кеттим житип
убакытка
мезгилге
мейкиндикке
кеттим житип...
Житип кеттим, житип кеттим
чөптөрдүн демдерине,
сүттөрдүн даамдарына.
Тирилттим дендерди мен
каардуу да, өткүр да кылдым аларды,
тааныдыңбы,
жатындаш тууганыңды...
Эх, бардыгы сыйбай кетет
эч тилге...
анан ал сүйлөп кирди
чет тилде...
17.10.71-ж.
Алым ТОКТОМУШЕВ





(Уландысы. Башы өткөн санда)

Ж
айкы аптап. Адамдар ары-бери агылат. Эмнегедир ушул күндөрү ден соолугум кыйла начарлап, өзүмдү жаман сезе баштадым. Ташкенттеги театралдык институтка сынактарды тапшыраарын тапшырып, бирок жыйынтыгы кандай болду экен, окуу жайга өттүмбү деп санааркай баштадым. Күндөрдүн биринде Маданият министрлигине башбагып калдым. Министрликтин кууш далисинен Назаркул Чокубаевге (Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаевдин атасы) учурап калдым. Анан башыма бир нерсе кылт этип, Исхак Раззаковдун айтканын эстедим да бир учурашып өтүүнү ойлоп, колумдагы уруксат кагазын Назаркул агайга көрсөтө салсам:
- Ой, кокуй, ал кишиге барып сөзсүз бир учурашып өт! Кое тур, мен сени менен чогуу барайын! - деп калды. Исхак Раззаковдун үйү борбордун чок ортосуна жакын Дзержин бульварынын өйдө тарабында, темир жол бекетине жакын жерде экен. Экөөбүз ар нерсени кобурашып отуруп Кыргызстан КП БКсынын биринчи катчысы жашаган үйгө кантип жетип келгенибизди да байкоос албай калдык. Короону кайтарган солдаттарга уруксат кагазымды көрсөттүм эле алар дароо дарбазадан ичкери өткөрүп ийишти. Үйгө кирсек Исхак Раззаков түшкү тамакка жаңыдан олтурганы жатыптыр. Бизди көрө сала:
- Ой, келгиле, келгиле! Аа, көк жетим, акыры келген экенсиң да! - деди да, анан жанымдагы Назаркул Чокубаевге карап: - Пейилиңер ак экен! Мына, жаңы эле тамактанганы жаткан элем! Киргиле, төргө өткүлө! - деди. Төргө олтуруп чогуу тамактандык. Аркы-беркиден суроо салып атып абалымдын оор экенине көзү жеттиби, айтор, кыраакы неме аздан кийин телефон номурларын бурап:
- Күлүйпа Кондучаловна, менин жанымда Ташкенттеги театралдык институтка тапшырып жаткан Кудайбердиев Ташбек деген бала олтурат! Ушул баланын ден соолугуна кам көрүш керек. Санаторий, курорттордун бирине жолдомо караштырасызбы? - деди. Ошол жерден тээ алыстан ат арытып билим алам деп келген мага ушунчалык мээримин төгүп атканына жетиналбай турдум. Ичимден эмне деген керемет адам, бүтүндөй Кыргызстанды башкарып аткан жетекчи алдында турган бир жетим балага камкор мамиле жасап, ден соолугунан өйдө кабатыр болуп жатышы албетте, кимдин гана болбосун башынан өткөн бардык азап-тозокторун унутта калтыргандай эле болот да.
- Мен окууга өтпөй калдымбы деп кабатыр болуп атам! - дедим. Исхак Раззаков баятан бери менин санааркап олтурганымды, анан калса өңүм керсары тартып турганымды көрүп:
- Жок, антип кабатыр болбо! Окууга өткөн турбайсыңбы!? Азаматсың! Эч камсанаба! Окуу башталгычакты эми ден соолуктун камын көрүш керек! - деди. Кайрадан Маданият министринин коңгуроосунан улам телефонду алды да бир нерселерди айтып түшүндүрүп кирди. Ошентип Кыргызстан КП БКсынын генералдык секретары, болгондо да эл башкарган кадимки Исхак Раззаковдун атадай камкордугуна кабылып, мээримине бөлөндүм. Ишти заматта чече билген чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы, өз элине жан-дили менен кызмат кылып мекенин чексиз сүйгөн Исхак Раззакович айдоочусуна айтып өз машинеси менен жаныма жеке дарыгерин кошуп берди да, бир ай Воронцовкадагы курортологияга жөнөттү.