03.10.14 Акаевден калган тырмоок
"Вечерний Бишкек" кимдин уйкусун бузууда?
Өлкөдө Акаев менен Бакиев гана жок, калганы ушулардын убагындай эле кетип баратат. Кезектеги шайлоо жакындаган сайын тил албастардын тилин кесүү, оппозицияны бөлүп-жаруу, эки депутат элге оюн айтканы барса, 2007-жылы раматылык Доке (Дооронбек Садырбаев), Болот Шер баштаган депутаттарды Көлдөн жумуртка менен чаап кубалаган окуя дал ушу күндөрү Ошто да кайталанып жатат.

Өткөн саныбызда "Вечерний Бишкекти" басып алуу башталганын жаздык эле. Анда 24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксамаев "Рубикон" рекламалык фирмасынын 50 пайыздык үлүшүн Александр Рябушкин менен анын аялына ыйгарган чечим кабыл алганын айтканбыз. Ушу жуманын ичинде бул чечимдин артында кимдер, кандай кызыкчылык турганы дааналана баштады. Бул окуя мындан он беш жыл мурда болуп өткөн тарыхты эске салып, ошо он беш жыл илгерки схеманы азыркы бийлик дал өзүндөй кайталап жатканы менен таң калтырат.
Он беш жыл мурда биринчи президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү, так айтканда, күйөө баласы Адил Тойгонбаев "Вечерний Бишкекти" кандайча басып алганы коомчулуктун эсинде. Ошогезде Камил Баялинов, Кабай Карабеков деген "кыйышпас достор" болгон. Кабай Карабеков, Владимир Козлинский ошогездеги президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов менен бирге "Вечерний Бишкекти" биринчи үй-бүлөгө кантип "белек" кылуу керектиги боюнча план түзүшкөн. Ошогезде эле "Вечерний Бишкектин" башында турган Александр Кимди кысымга алып Кабай Карабековду гезитке директор, Владимир Козлинскийди башкы редактор кыласың дешкенде ал буга макул болбой койгон. Кимди ар кандай шылтоо менен камай турган болгондо гезиттин жамааты тик туруп, каматканга жол берген эмес. Акыры күйөө бала Адил Тойгонбаев "Айрек" фирмасын түзүп иштетип, "Вечерний Бишкекти" басып алганын элдин баары билет. Азыр соттошуп жаткан Александр Рябушкин өз үлүшүн ошондо эле Адил Тойгонбаевге сатып, аны менен чогуу иштешип калган.
2005-жылы биринчи революция болгондо баары ордуна келген. Александр Рябушкин өз үлүшү боюнча доо арыз менен сотко 2006-жылы кайрылган. Ошондо соттун биринчи инстанциясынын эң жогорку инстанциясына чейинки бардык процесстерден утулган. Кийин, так айтканда, 2011-жылы азыркы бийлик тушунда да сотко арызданып анда да утулуп калган.
Эми 2014-жылы, буга чейин эки ирет соттордун бардык инстанцияларынан утулган доо арызды Эмил Аксамаев деген сот карайт да, жарым сааттын ичинде Александр Рябушкиндин доосун канааттандырган чечим кабыл алып жатат. Эмне, бул кокустукпу? Көрсө эч кандай кокустук эмес экен. Ак үйдөгү ондогон адамдардын айтканына караганда, кайра эле баягы Александр Рябушкиндин доосу менен адегенде "Рубикон" аркылуу финансылык, анан "Вечерний Бишкек" аркылуу маалыматтык көзөмөлдү колго алуу сценарийи иштелип чыгыптыр. Эң кызыгы, аткаруучулар да баягылар: Александр Рябушкин, Кабай Карабеков. Жакында Кабай Карабековду "Вечерний Бишкекке" башкы редактор кылганы жатышканы белгилүү болду.
Президент Алмазбек Атамбаев жан-жөкөрлөрү кандай иш кылып жатышканынан кабары болбосо керек. Болбосо өлкөдө мыйзамсыздыкка, акыйкатсыздыкка, диктатурага каршы эки революция болуп өттү. Эми үчүнчүсүнүн бетин ары кылсын, бирок сот азыр да бийликтин гана сөзүн сүйлөп, буга чейинки эки жолку мыйзамдуу чечимди кайра өзү жокко чыгарганын кайсы акылга сыйдырууга болот?! Бул жагдайды түздөн-түз демократияга, сөз эркиндигине кол салуу катары гана баалоого болот.
Александр Ким он беш жыл мурдагы биринчи президенттин баскынчылыгына да туруштук берген. Эми да ага мыйзам бузду деп кылмыш иши козголуп, мүлкүн басып алуулар болушу мүмкүн. Бирок ал корко турган эч нерсе жок экендигин, кандай кармаш болсо да даяр экендигин билдирет. Сөз эркиндигине атайылап жасалып жаткан мындай чабуулга коомчулук, эл аралык уюмдар, элчиликтер да өз пикирлерин билдирери турган иш.




- ММКларга, сөз эркиндигине болгон бийлик кысымын кандай баалайсыз?
Өмүрбек АБРАХМАНОВ, ЖК депутаты:
- Демократия толук орнобогон, көз каранды эмес сот жок жерде бийлик кимде болсо ошолордун гана иштери чечиле баштайт. Бул маселеде жогору жактагылардын кызыкчылыгы болушу толук ыктымал. Анткени маалыматтык ресурс, жарнамалык каржы булагы алдыдагы саясый жарыштарда бийлик үчүн абдан зарыл эмеспи...

Илим КАРЫПБЕКОВ, медиа-эксперт:
- Ал жерде "Жаңы Агым" гана эмес "Вечерний Бишкек" гезити, маалымат агенттиги, типография дагы бар да. ММКга кысым деп айтууну эрте дейм. Анткени "Рубикондун" тегерегинде соттук талаш-тартыштар көптөн бери жүрүп келген. Ошондуктан соттук териштирүү өз ордуна коет деп үмүттөнөм. Менин оюмча бул жерде сөз эркиндиги маселесинен дагы акча маселеси алдыда болсо керек. Себеби "Рубикон" республикадагы бирден бир кирешелүү объект экени баарына белгилүү. Бул жагдай дагы бирөөлөрдүн тынчын алып уктатпай жатса керек. Эмнеси болсо дагы мындай талаш-тартыш "Жаңы Агым", "ВБга" эч кандай жакшы таасир бербестиги белгилүү.

Турат АКИМОВ, "Деньги и власть" гезитинин редактору:
- Менин оюмча Александр Кимдин бийликтеги ким бирөөлөр менен мамилеси келишпей калгандай. Балким анын маалыматтык көз карашы азыркы саясый сезондо ким бирөөлөргө каршы болуп калган же анын байланыштары кайсы бир таасирдүү топко жакпай калган. Ошондуктан ага тиешелүү объектини бутага алышып, ортого тартышка салып, кайсы бир кызыкчылыктарын ачык түрткөн тараптар болууда. Болбосо жөндөн-жөн эле мындай иштер болбойт да, мындай сот чечимдери чыкпайт. Алтургай жакын арада бул жакка кайсы бир күчтөрдүн "десанты" катары Кабай Карабеков "Вечерний Бишкекке" түшүрүлсө, таң калбай эле койгула.

Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:
- Бийлик качан өзүнө ишенбей калганда, алар эки жагдайды жарата башташат. Биринчи, оппозицияны, өздөрүнө лоялдуу эмес БЭУларды куугунтукка алышат. Экинчиси, коомдо орду бар, бийликке сын айткан ММКларды ооздуктап, өздөрүнө каратуунун аракети. Бул эки жол бизде тээ 1994-жылдагы Людмила Жолмухаммедованын гезитин жабуудан бери кайталанып келатат. "Республика", "Асаба" гезиттерин Аскар Акаев жаптырса, Курманбек Бакиев "Алиби", "Форум", "Де-Факто" гезиттерин куугунтукка алган. Азыркы бийлик же ага жакын күчтөр дагы алдыдагы шайлоолорду эске алып, фундаменталдуу, коомдо салмагы бар "Вечерний Бишкек" маалымат холдингин өзүнө каратуу үчүн, рейдерлик басып алууну укуктук талаа аркылуу ишке ашырганы жатканы өтө кооптуу жагдай деп эсептейм. Бул башка ММКлар үчүн да коркунучтуу шартты түзүп турат.

Аскер САКЫБАЕВА, Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




Көмүр кымбатпы же өмүрбү?
Энергокризис бийликтин белин сындырат

Кыргыз өкмөтү энергетиканы эптей албай, бул тармак дээрлик башкаруусуз, көзөмөлсүз калгандан улам быйылкы кышты карапайым эл караңгы тоскону турат. Ушу тапта бардык аймактардын жашоочуларына электриктер эзелки НКВДнын жасоолдорундай эле көрүнүшүүдө. Анткени үч фазалуу электр энергиясынын ээлери кудум электрди уурдап жаткансып, мыйзамды бузуп жаткансып, өкмөттүн өзүнүн шалаакылыгынын курмандыгы болушууда. Учурда Баткен облусунда дээрлик сутканын жарымы жарыксыз болгон жашоо башталды. Башка жактарда да элди акырындап көндүрүп, 2-3 саатка өчүрө салуу өкүм сүрүүдө.


Ал арада өкмөттүн электр энергиясы менен жылытууга жана жылуу сууга болгон тарифин жогорулаткан чечими Конституцияга каршы келерин көтөрүп чыгып, сотко кайрылган коомдук уюмдардын арызы каралып, Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн ал чечимин мыйзамсыз деп тапты. Демек, өкмөт өзүнүн изине өзү чалынып, өзүмбилемдиги аныкталып туру. Анткени тарифти көтөрүү боюнча министрлик жалпы элдик угууларды өткөрүп, маселени туура түшүндүргөн эмес жана алар кымбаттатуунун чыныгы себебин, ошондой эле электр энергиясынын өздүк баасын аныктай албай койгон. Мындай маалда кара күчкө бет тырмап, өз чечиминин тууралыгын эми соттун жогорку инстанцияларында далилдегиси келген өкмөткө ЖК депутаттары деле каршы болушууда. Мисалы, депутат Исмаил Исаков бул үчүн өкмөттү отставкага кетирүү керектигин айтса, калган кесиптештери аны колдошууда.
Ал эми кышкы энергетикалык кризистин айынан үч фазаны өчүрүү жөн эле элди кыйноо экендигин, аны ишке ашыруунун мехинизмдери да толук иштелип чыкпаганын сынга алган депутат Дастан Бекешов бул жараян светчилердин гана күнүн туудурарын, алар үй ээлери менен коррупциялык ишке барарын ачык айтып чыкты. Ага улай эле өлкөдөгү башкы энергетик Осмонбек Артыкбаевдин кол алдында иштебеген көз карандысыз энергетиктер үч фазаны өчүрүү менен электр энергиясын үнөмдөйбүз деген жаңылыштык экендигин, эми үч фаза менен жылыган үйлөрдүн баары 1 фазага отуруп, анын айынан подстанцияларга күч келип, кабелдер күйүп, жалпы эл жарыксыз каларын айтып жатышат. Андан көрө алардын тарифин жогору коюш керек да, Казакстандан ал акчага электр энергиясын сатып алыш керек дешет алар.
Айтмакчы, эми эстеп отурабыз, чынында эле акыркы төрт кыштын алдында бийлик сауналардын, суу казан менен жылыган объектилердин электр энергиясын кыркарын жарыя кылат да, бирок кайсы даректердеги, канча саунанын жарыксыз калтырганы тууралуу маалымат беришпейт. Демек, бул жөн эле элди алдоо болуп келген, быйыл деле ошо болот.
Электр энергиясынын өп-чап болорунан улам жер тамда жашагандын баары азыр жабыла көмүр сатып алууга өтүштү. Суроо-талаптын көптүгүнөн башы айланган алып сатарлар кара алтындын баасын сары алтындын баасына жакындатып эле кетип баратышат. Азыр айрым жерлерде көмүрдүн бир тоннасы 10 миң сомго чыкканы кызылдай факт. Ал эми өкмөт Кара-Кечедеги көмүрдүн бир тоннасы 1500 сомдон ашпасын кайра-кайра айтып жатат. Анда неге ошол көмүрдү өзү алып келип карапайым элдин чөнтөгүнө чактап сатып бербейт? Же жеке ишкерлерди көзөмөлгө ала албайт?
Айтор, суроо көп, жооп жок. Мындай абалда элдин нааразычылыгы күчөп, ишенбестик арбып, революциянын желаргысы келе баштачу эле... Демек, энергияны эптей албаган бийлик тактысын тапшырууга аз калган окшобойбу?!

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ