03.10.14 Жолдошева ким менен жолдош болот?
"Ата журт" партиясына "атасынын акысы бардай" аянбай кызмат кылып, бүткүл оппозициянын бирден-бир лидери боло алган депутат Жылдызкан Жолдошеваны фракция лидерлигинен түшүрүү аракети башталып калды. Эмне себептен мындай болуп калганын түк түшүнө албай турабыз. Партиянын лидери Камчыбек Ташиев болсо билмексен болуп, "мен фракциянын чечимине каршы чыга албайм, эгер депутаттардын көпчүлүгү ошондой деп чечсе, мен баш ийем" деп кутулууда. Ал арада парламенттин коридорунда бул аракеттерге фракция башчысынын өзү жол бергендигин, себеби ал эмки шайлоого эртелеп камынып, бийликтеги кайсы бир партиянын катарына кошулуу боюнча макулдашууларга барганы тууралуу сөздөр жүрөт. Айтор, "Ата журт" кийинки шайлоого жетпей чачырап кетчүдөй көрүнөт.

Момуналиевдин "момун" жүрүштөрүнөн
Өкмөттүн аппаратын жетектеп, азыркы учурда "илебине нан бышып" тургандардын бири Нурканбек Момуналиев эмеспи. Бул жигит азыр бийликтеги КСДПчылар менен камыр-жумур болуп, бир командада тер чачып иштеп келет. Бирок келечекти алдын ала көрө билеби же эмитеден эле эки тоонун "эркеси" болуунун камын көрөбү, айтор шайлоого алдыртадан даярдана баштаптыр. Даярдыгы ушу, өз колунда иштеген ишенимдүү инилеринин бирин Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесине киргизиптир. Болгондо да алдыңкы жагына. Ушундан улам бизде суроо туулат: эмне, Нурканбек мырза КСДПга ишенбейби?

"Колхозчу" Бек Борбиев
Эстрада ырчысы Бек Борбиев акыркы бир айда эл оозунан түшпөй, катуу талкууга алынганы чын. Анын Бакиевдин мааракесине барып ырдап келгенин сөз кылбаган адам калган жок. Кыларга иши жоктор ал ортодо Бектен "эмгек сиңирген" деген наамды алып салгыла деп митингге да чыкты. Ырчы мырза өзү интервью берип, наамды алмактан алгыла, мен эмне, ырдаганым үчүн кечирим сурайынбы деп "ит үрө берет" дегендей үч күн катары менен филармонияда шаңдуу концерт берип салды. Ал башка кеп. Канчалык адам жамандаган сайын сөз болуп жаткан кишинин иши жүрө берет эмеспи. Ошол сыңары ушул аптада Бек мырза бильярддын "колхоз" түрү боюнча чыгармачыл инсандар арасында чемпион болуп диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

Равшан Жээнбеков Ташкентке барыптыр
Мындан эки күн мурда орус тилдүү гезиттердин бири кызык макаласын басты. Анда "Улуттар биримдиги" партиясынын атынан Ош шаардык кеңешинде депутат Аманулло Иминов 18-сентябрда "Манас" аэропортунан Ташкентке учканы, ал жактан кадимки Жалаллидин Салахутдиновдун уулунун үйлөнүү тоюна катышкандыгы баяндалат. Иминовдун сапарынын себеби түшүнүктүү экен. Ал эми ошол эле күнү, ошол эле каттам менен Улуттук Оппозициялык Кыймылдын (УОК) лидери Равшан Жээнбеков менен "Улуттар биримдигинин" башкы политтехнологу Уран Ботобековдун да кошуна өлкөгө жол тартканы бүдөмүк ойду жаратууда. Эки азамат Ташкенттен кимдерге жолугуп, кайсы маселени талкуулаганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу өздөрү деле чечилип ооз ача элек. Экөө Салахутдиновдун үлпөтүнө катышты дейин десек, аны менен мурда-кийин мамиле кылышкан эмес. Демек, суроолор көп...

Бакир уулу менен "боводу"
ЖКдагы ажы депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнөн 35 жаш кичүү кызга баш кошту деп биринчилерден болуп жазган элек. Ал учурда депутат мырза биздин гезитке катуу таарынган. Андан бери биртоп убакыт өтүп, жаш жубайы экини төрөп берди. Жумушу менен башка аялдарынан колу бошобогонуна ачууландыбы же жасанып алып киного тартылып жүргөн шайыр күндөрүн эстедиби, айтор жубайы Нуриза Бурханова чүмкөнгөн хиджабын чечип, киного тартылууга кайра киришем деп чыкты. Көрсө, бул үй-бүлөнүн оту андан ары жанбай калган экен. Эмне дейбиз, турмуш деген, тагдыр деген ушул тура.

Эргешовдун "эрдиги"
Ушу тапта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында Азия оюндары өтүп жатканы маалым. Азырынча биздин Кыргызстандын спортчулары 5-6 медаль менен жыйырма бешинчи орунда келатат. Ошол мелдеште машыктыруучу катары жүргөн чемпион Канат Бегалиев ал мелдешке спортчулар менен спортко күйгөн, балбандарды сүрөгөн меценаттар келбей, алардын ордуна чиновниктер барганын ачык айтып салды. Демек, КР өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамагенттигинин деректири Кадырбек Эргешов деле мурдагылардын жолоюна түшүп, мамлекеттин акчасына өң-тааныштарын чет өлкөгө жөнөтүп жаткандай. Спорт талаасында кыл чайнаган кармаш жүрүп жатса, төрдө галстугун чечпей отурган ал чиновниктер тууралуу кийинкиде сөз кылабыз.

Ташиев "Версалда" вальска түштү
Генерал Камчыбек Ташиев 1-октябрь күнү Бишкектеги "Версаль" ресторанында кызы Мээримайды күйөөгө узатты. Куда тарабы Дордойдо соода кылган эле карапайым кыргыздар экен. Күйөө баласы прокуратурада жардамчы болуп иштеген жаш жигит. Кызыгы, эки тарап той жөнүндө сүйлөшүп жатканда Ташиев мага мынча орун бересиң деп кыйнабайм, эки орун берсең аялым экөөбүз келип деле катышып кете беребиз. Силер эч кыйналбагыла, эң башкысы кызым бактылуу болушу керек деп кенендик кылыптыр. Кудалары көнмөкпү, уулубузга бир эле той беребиз да, Ташиевдин коноктору тойго көрк гана берет деп адаттагыдан да көбүрөөк орун беришиптир. Эмнеси болсо да Мээримай бактылуу болсун!

Кочкоровго куда түшүштү
Жаш болгонуна карабай, лидерлик сапаты бар, билими күчтүү, эл дегенде эңилип турган "Ата журт" партиясынын депутаты Улукбек Кочкоров өзүн саясатта келечектүү экендигин коомчулукка көрсөтө алды. Бирок "Ата журт" партиясынын үнү да, сүрү да саясатка мурдагыдай таасир этпей турганы факт. Ушундан улам Улукбектин алдын утурлап, аны өз тарабына тартканга биртоп партиялар аракет жасап жатышат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча "Өнүгүү" партиясы депутат менен бир пикирге келишип, келечекке "бир кайык менен сүзүүгө" сөз бекиткен экен. Демек, өрүкзарлуу Баткендин эли Кочкоровду кандай жакшы көрөрүн эске алсак, "өнүгүүчүлөр" биртоп эле өрөпкүп калышкандай.

КСДПчылар кырылбаса болду
Төрт жыл бою "төө бастыга" чыдап, бирок өткөн жумаларда өз арызы менен кызматынан кеткен КР Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын ордуна талапкерди бүгүн КСДП фракциясы караганы турат. Алар мурдагы министрдин орунбасары Касымбек Мамбетов, Айнура Ибраимова, Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин башчысы Рустам Курманов, жугуштуу оорулар боюнча оорукананын башчысы Гүлжигит Алиев, башкы уролог Акылбек Усупбаев жана Түркияда иштеген дарыгер Талантбек Батыралиев. Бирок КСДПчылардын күбүр-шыбыр кептерине караганда, булардын ичинен Гүлжигит Алиевди депутат Токтогул Тумановдун тобу сүрөсө, Рустам Курмановду КСДПнын кыйыны Дамира Ниязалиеванын тобу түрткүлөп келе жатыптыр. Демек, фракциянын тандоосу катуу кызып, эки тарап эт-бетинен түшөт окшойт. Деги тынч аяктаса эле болду, дагы "баягыдай" болбой...

"Жаңы Агым" - пресс