п»ї
Агым
Оп, майда
Жети күн манас айтылды
Өткөн аптада Ысык-Көлдө улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы белгиленгени маалым. Ошол иш-чаранын алкагында Ак-Өлөң айылы менен Орто-Токой суу сактагычынын ортосунда жети бозүй тигилип, жети күн манас айтылды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын башында турган Таланталы Бакчиевдин айтымында, 18-сентябрь күнү саат 7ден 7 мүнөт өткөндө башталган манас айтуу жалпысынан 168 саатка созулуп, 25-сентябрда саат 7ден 7 мүнөт өткөндө токтогон.


Жамандын коногу бийлейт
1-октябрь күнү Бишкектин Ленин районунун аймактык милиция кызматкери Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп аткан үйгө барган. Ал жактан милиция кызматкери курулушчулардын бири уруксат болбогон жерге заара кылып атканын көрүп, ага эскертүү берген. Алардын айтышуусу мушташка чейин жетип, бир нече кытай жараны милиция кызматкерин союл менен сабашкан. Арачыга түшкөндөрдү да союл менен чаап, коркутуп-үркүтүүгө алышкан. Окуя болгон жерге Ленин РИИБнын кызматкерлери барып 16 кытайлык жаранды убактылуу кармоочу жайга камашкан. Таяк жеген милиция кызматкери берген көрсөтмөсүндө кытай жарандары мас абалында болгону айтылат.


Баткенде жашоо караңгы
Өкмөттөн электр энергиясына чектөө киргизүү боюнча буйрук боло электе эле Баткен облусунда жарык он эки сааттан өчүрүлүп жатат. Баткен району жана Баткен шаары үчүн бөлүнүп берилген электр лимитинен пайдалануу ашып кеткендиктен ушундай аракет болуп жатканын кабарлашууда. Буга чейин өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгына байланыштуу электр энергиясын пайдаланууга 30 пайыздык чектөө киргизген.


Түшүм начар
Айыл чарба министрлигинин маалыматтарына таянсак, дан эгиндердин орточо түшүмдүүлүгү 17,1 центнерди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 7,9 центнерге аз болгону белгилүү болду. Буудайдын түшүмдүүлүгү өткөн жылга караганда 7,4 центнер, жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү 0,4 центнерге төмөндөп 59,2 центнерди түзгөн. Буурчак болсо 17,9 центнерди түзүп, 0,8 центнерге аз болгон.
Дан эгиндерин жыйноо иштери соңуна чыгып, 498,7 миң гектардын 467,4ү жыйналган. Жүгөрү 92,1 гектардан 37,3 миңи гана чогултулган. Буурчак өсүмдүктөрүнөн 61,2 миң гектардын болгону 34,9 миңи гана жыйналган.




а ­е¦Є.НҐй«