26.09.14 Жакшы ниет жарым ырыс
Элдин өзүн өзү сактоо аң-сезими ойгонгондо

Борбор Азиядагы чыр-чатактардын алдын алуу, тынчтыкты жана акыйкаттуулукту орнотуу үчүн "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду ар кандай иш-чараларды алып бара турган бейөкмөт уюмдардын бири болуп саналат. Чыр-чатактарды чечүү жана алардын келип чыгышына жол бербегенге күч үрөгөн эң ири жана тажрыйбасы мол уюмда ар улуттун өкүлдөрүнөн турган 25ке жакын адам иштейт. Башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан фонд Баткен, Ош жана Жалал-Абад шаарларына бирден филиал ачкан. Бардыгын баарлаша билүү аркылуу чечүү негизги максат деген уюм дин өкүлдөрүнөн таасирдүү адамдарды тандап алып, райондук администрация менен бирге көйгөйлүү маселелерди чечүүдө иш алпарып келет...

Коомчулукту жакыр турмушка алып келген ысырапкорчулук менен үй-бүлөдөгү ажырашуулардын келип чыгышына адамдар өзүлөрү ойлоп таап алышкан жосунсуз жоруктар себепкер. Буга дейре ысырапкорчулук туурасында бир канча ирет басма сөз беттеринде айтылып да, жазылып да келгени менен калк андан дале болсо толук арылалбай жатканы белгилүү. Коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөргө каршы эмне иш-чаралар өттү? Мектеп окуучулары арасындагы рэкетчиликке каршы күрөш жүрүп жатабы? Канткенде ушул өңдүү коомубузга жат терс адаттардан толук арыла алабыз? Мына ушул сыяктуу көңүл кейиткен көрүнүштөрдү жойгонго аракет кылып, алдына зор максат койгон аталган фонд бир жылдан бери Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй аймактарында элет ичиндеги карапайым калктын турмушун жакшыртуу ниетинде "Тынчтыкты курууда дин лидерлеринин ролун күчөтүү" деген аталыштагы долбоор иштеп чыгып, Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүнөн билим деңгээли, ой жүгүртүүсү жана эл арасындагы аброюна жараша 16 дин өкүлүн тандап алышкан. Чүй облусу боюнча дин лидерлери адамдардын башын айланткан жана өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган ар кандай аталыштагы диний секталарга өтүп кетишине жол бербейли деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Ал эми өлкөбүздүн түштүк аймактарында ар бир облус үчүн долбоор алкагында өз ара темаларды тандап алып, ошого жараша калк турмушун оңдоого колдон келген иш-аракеттер жасалууда.
Ысырапкорчулуктун арты өкүнүч
Коомдо жаралган көйгөйлөрдү айтып гана тим болгон үчүн кан-жаныбызга терең сиңген терс адаттардан арылалбай ага моюн сунуп жашап келебиз. Кыргызстан боюнча жыл сайын той-топурларга сарпталган акчанын көлөмү 2 миллиард долларга барабар экендиги ММКда биртоп эле айтылгандай болду. Турмушту жакшыртууга умтулган журт арасында сөзү өтүмдүү адамдар барбы? Мына ушул багытта аталган фонд өзүлөрүнүн биртоп жылдык иш-тажрыйбаларынан улам тынчтыкты курууда жана эл турмушун бир калыпка салып бейпилчиликте кармоодо жергиликтүү лидерлер гана зор роль ойноорун туура баамдашкан. Баткен жергесинде билим деңгээли жогору деп тандалган диний лидерлер райондук администрациянын башчылары менен бирге турмушту жакшыртуу үчүн ысырапкорчулукка каршы күрөшүп, бир жыл арасында жакшы натыйжаларды бергенин байкашкан.
Сайдимар АППАЗОВ, Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөт башчысынын орунбасары:
- Диний лидерлер карапайым калктын колдоосуна ээ. Жамандык-жакшылыктарда да элдин таяна турган адамдары дин өкүлдөрү. Элибиздин ырысын кыйган ысырапкорчулукту жоюуга дин лидерлери кадам коюшканы туура болду. Карапайым эл ушунча жылдан бери ашыкча чыгымдан жабыр тартып келди. Маселен, айрымдары бир эле тойду өткөрүш үчүн бери жагы 500 миң, ары жагы 700 миңден ашык сомдорду бир күндө суудай чачып жок кылат да, анан кайрадан карыз болуп отуруп калат.
Исламидин НАЗАРОВ, Баткен облусундагы Самаркандек айылынын имамы:
- Терс адаттардан арылалы деп аймактагы төрт имам биригип алып ушул долбоор алкагында элге-журтка түшүндүрүү иштеринен баштадык. Бул багытта ишти биринчи эл арасындагы аш-тойлордо чоң мал союлбасын, ашыкча чыгым кылбагыла деген чакырыктан баштаганбыз. Кимдир бирөө жакынынан айрылып атса ал жерге барып эт жейм дегендин өзү адамгерчиликке жатпайт. Ошонүчүн жамандык болгон жерде азыр чоң мал эмес, кой союп эле алыстан келген урук-туугандарына гана коңшу-колоңдору тамак тартпаса, жамандык болуп аткан үйгө кирип эт жеп отурмай дегенден арыла баштаганыбызды байкадык. Бул ишти акыр аягына чейин чыгарып, ысырапкорчулукту биротоло жоюп, турмушубузду оңдогонго умтулушубуз керек.
Ажырашуулардын алдын алуу
Соңку кездери жаңыдан турмуш курган үй-бүлөлөрдүн ажырашып кетүүсү күч алып, көндүм ишке айланганы абдан өкүндүрөт. Турмуш жолуна аттанган жаш жубайлардын ажырашуусуна эмнелер себеп? Биртоп жыл турмуштун ачуу-таттуусун чогуу таткан орто жаштагы адамдар да ортолору муздап балдарды тирүүлөй жетим калтырып атышына ким күнөөлүү? "Үй-бүлөдөгү ажырашуулардын алдын алуу" максатында Ноокат районунун диний лидерлери райондук администрация менен элди ынтымакка чакырып, үй-бүлөдөгү аял менен эркектин ролун айтып жеткирүүнү ылайык санашкан. Жеңил ойлуулукка жеңдирген ортодогу түшүнбөстүктөргө бөгөт коелу деген Ноокаттагы дин өкүлдөрү жалпы үй-бүлөлөргө ырыскы, ынтымак, үй-бүлөнүн бекемдигин орнотуу туурасында элдер менен жолугушууларды уюштуруп атканына жыл айланып калды.
Курсанбек Ташбалта уулу, Ноокат районунун коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы:
- Бир үй-бүлөнүн башына түшкөн кайгы айланасына да терс таасирин тийгизет. Ажырашуу, үй-бүлөнүн ыдырашына себепкер кылган көрүнүштөрдүн бири жаштардын үй-бүлө куруудагы түшүнүктөрүнүн тайкылыгында. Жоопкерчилик жок. Турмуш кургандан кийин күйөөсүндө да, аялында да, алтургай алардын ата-энелеринде да жоопкерчиликти сезе билүү арткы планда калган. Эки жаштын бири-бирин жакшы билбей туруп шашылыш үйлөнүүсү, турмуш кургандан кийин аларга кайната-кайнененин орунсуз жерден кийлигиши да буга себепкер.
Шахида Мирзаева,
"Имам Ат-Термизий" атындагы ислам медресесинин мудариси:
- Аял-эркек ортосундагы бири-бирине болгон сый-урматты күчөтөлү деп келин-кыздарга үйдөгү аялдын аткара турган кызматы жөнүндө кенен-кесири түшүндүрүп баштаганбыз. Ажышарууларга чекит коюу үчүн баш кошо турган эки жашка бир ай мурун ЗАГСка барып арыз жазсын, келечекте экөө бирге турмуш куруп кете алабы же жокпу, анан бир чечимге келсин деген талаптарды койдук. Мындан башка ар бир кварталда жашаган эки аялды ушул иштин үстүнө коюп, кимде-ким кай бир жөрөлгөлөрдү кайталап ашыкча чыгым кылса жазапул салалы деп чечкенбиз. Азыр кудайга шүгүр, бир жылдык иш-чаралардан кийин эл туура кабыл алып оң жолго түшө баштады.








Рэкетчиликке бөгөт
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун диний өкүлдөрү мектептердеги тартипсиздиктин, өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликтин жанданышына тынсызданышат. Райондук администрация жана райондук билим берүү башкармалыгы дин өкүлдөрү менен окуучулар арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, көптөгөн талкууларды уюштурушкан. Бул ишке укук коргоо органдарынан да кызматкерлер тартылып, райондогу төрт мектептин окуучуларына кылмыштуулук боюнча маалыматтарды беришкен. Муну менен катар окуучуларга кылмыш кодексиндеги статьялар менен бирге Курандагы өкүм-зордукка каршы айтылган хадистер жана аяттардан турган мисалдары бар китепчелерди чыгарып, мектептерге бекер таркатышкан. Жыйынтыгында райондук бийлик ушул иш-чарадан кийин өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун саны азайганын байкашкан.
Талант ЖОРОЕВ, Сузак районунун башкы имамы:
- Ата-эне карыган кезде сый-урматты көрөйүн десе, анда азыртан тартып балдарга жаман менен жакшыны так ажырата билгенди үйрөтсүн. Окуучулар менен болгон жолугушууларда динибизде айтылган өкүмзордук жана таш боордуктун арты кандай өкүнүчтөргө алып келээрин түшүндүрөбүз. Окуучулардын берген суроолоруна жооп берүү менен катар кайдыгерликтен арылгыла, кайырдин болбогула, ата-энени урматтагыла, улууга урмат - кичүүгө ызаат деп Курандан мисалдарды келтирүү менен келечекте ар бириңер мыкты инсан боло аласыңар деп дем бергенге тырышабыз. Адам-пенде боорукерликке умтулуп, Кудайды тааный билсе гана аягы жамандык менен аяктаган окуялардан алыс болорун унутпашы зарыл.
Алмазбек ТЕМИРБАЕВ,
Жалал-Абад ОИИБнын подполковниги:
- Ата-энелер баласынын баскан-турганын көзөмөлгө алып туура жолдо жүргөнгө, коомдо өз ордун ээлеген аң-сезимдүү атуул болуп калыптанышына шарт түзсө. Мектеп рэкетчилигинин келип чыгышына үйдөгү көзөмөлдүн жоктугу себепкер. Көбүнүн ата-энеси Россияга иштегени кетишкендиктен бала чоң ата, чоң апасынын колунда калып, жакшы көзөмөлдөнбөй калууда.
Мектептеги рэкетчиликти жойгонго чогуу-чаран кызматташалы дешкенинен фонд менен бирге иш алып баруудамын. Биз менен кошо дин ишмерлери да жер-жерлердеги мектептерге барып балдарга ак-караны ажырата билгиле деп үндөшкөндүктөн, бир жыл аралыгында мектеп рэкетчилиги азайып, балдардын тартиби оң жолго түшкөнүн үстүбүздөгү жылы байкай алдык...
Данияр ИСАНОВ,
сүрөттөр автордуку, Бишкек-Баткен- Жалал-Абад-Ош

P.S: Мамлекеттик мекемелер, диний өкүлдөр, эл арасындагы кадыр-барктуу аксакалдар, аялдардан жана жаштардан чыккан лидерлер качан гана бирдей пикирге келип тил табыша билгенде жаралган көйгөйлөр жана тоодой тоскоолдуктар оңой-олтоң четтетилип, коомдо ынтымак орноп, ырыскысы ашат. Мына ушунун өзүнөн эле тыянак чыгара турган болсок, коомчулук деген сөз алдыңкы планга келип чыгат. Мамлекет ичинде жашаган адамдардын бири-бирине карата кең пейил мамилеси, боорукерликти, камкордукту туу тутуп келечекке карай жаркын үмүт менен кадам ташташы акыл-эстүү коомду кура алмакчы...