presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Тымызын желген тышкы карыз
Жума башында Финансы министри Ольга Лаврова Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйынында тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2024-2025-жылдарга туура келерин билдирди. Министр айымдын айтымында, тышкы карыз азыр туруктуу жана ага кабатыр болуунун кажети жок экен. Кыргызстан 2015-жылы тышкы карызды тейлөөгө 15 млрд. 661 млн. сом, а 2016-жылы 20 млрд. сом бөлүнүүнү пландаштырганын кошумчалайт өлкөнүн башкы финансисти. Финансы министри минтип элди жооткоткону менен жазында парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрага орунбасары Курманбек Дыйканбаев жыл санап тышкы карыз 100-200 млн. долларга өсүп жаткандыгын "Фергана" маалымат агенттигине билдирген.


Аталган маалымат агенттиктин маалыматына таянсак, учурда Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. 241 млн. доллар. Бул сумма ИДПнын 44,4 пайызын түзөт. (2010-жылы тышкы карыз ИДПнын 56 пайызын түзүп калган) Мунун ичинен Кыргызстандын ири карыздары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 819,603 млн. доллар, Россияга 300 млн. доллар, Японияга 269, 317 млн. доллар жана Германияга 100,24 млн. доллар. Ошондой эле көп тараптуу жеңилдетилбеген макулдашуулар боюнча Кыргызстандын эң чоң карызы Европа өнүгүү банкына болгон 40 млн. 525 миң доллар. Көп тараптуу жеңилдетилген кредит боюнча Дүйнөлүк банкка 700 млн. доллар, Азия өнүгүү банкына 611 млн., жана Эл аралык валюта фондуна 199 млн. доллар карызыбыз бар. Тышкы карыздарга мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун божомолу боюнча быйыл - 2014-жылы бюджет тартыштыгы өтө чоң болору жазында эле айтылган. Аталган топтун мүчөсү Чынара Айтбаеванын айтымында, 2016-жылы Кыргызстан тышкы карызды тейлөө жана төлөөгө 300 млн. доллар жумшашы керек болот жана анын натыйжасында бюджет чыгашасы жогорку чекке жетет. "Андан соң төлөмдөр суммасы кырдаалга жараша өсүп отурат. Тышкы карыздардын пайыздарынан сырткары карыздын негизги суммасын да төлөп баштайбыз" дейт Чынара Айтбаева. Эгер Чынара Айтбаеванын айтканы чын болсо министр Ольга Лаврованын тышкы карыздар боюнча тынсызданбагыла дегени суу кечпей калат.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, так ушул азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруу убагында кыргыз өлкөсү кредитти олчойто алып, карызга белчесинен батыптыр. 1996-жылдан 2012-жылга чейин жалпы 12 ири кредиттик макулдашуу бекитилип, ал 710 млн. 427 миң долларды жана 31 млн. 642 миң еврону түзгөн. Мунун ичинен 2005-жылдын март айына чейин 48,272 млн. доллар суммасындагы эки макулдашуу бекитилсе, 2010-жылдын апрель айына чейин 9,382 млн. долларга жана 31 млн. 642 млн. еврого беш келишим бекитилген. А 2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын аягына чейин 652 млн. 773 миң доллар суммасындагы кредиттик 5 макулдашуу бекитилген. Цифралар айтып тургандай кредиттердин эң көп бөлүгү азыркы президенттин башкаруу убагында алынып отурат. Бирок ошого жараша эч жерде экономикалык өсүү, ишканаларды куруу, иштетүү деле байкалбайт. Баарынан кызыгы, 1992-жылдан 2013-жылга чейинки алынган жалпы тышкы жардамдын 2,4 пайызы гана өндүрүшкө жумшалыптыр. Муну апрель айында эксперт Бакыт Сатыбеков КСДП фракциясынын жыйынында айткан.
Эксперттин эсептөөсү боюнча 21 жыл ичинде алынган тышкы жардамдардан 117,9 млн. доллар гана өндүрүшкө жумшалып, каражаттын ири бөлүгү төлөм балансын колдоого, бюджет тартыштыгын жабууга жана банк чөйрөсүн өнүктүрүүгө сарпталган. Тактап айтканда, төлөмдөр, бюджет тешигин жабуу боюнча 1,514 млрд. доллар кредиттик, гранттык макулдашууларга кол коюлган. Мунун өзү эле Кыргызстандын тышкы карыздары максаттуу жумшалбай уурдалып, өөнөлүп жок болгонун айтып турат.
Эске салсак, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин убагында Россиядан мамлекеттик кепилдик менен 300 млн. доллар карыз алынган. Анын 100 млн. доллары Камбар-Ата -2 ГЭСине жумшалып, 186 млн. доллары кайра эле бюджет таңсыктыгын жабууга багытталган. Ошентип Аскар Акаевден калган 2,2 млрд. доллар башка кошумча карыздар менен биригип 2 млрд. 700 долларга өскөн. Андан бери да тышкы карыз өсүп отуруп быйыл 3,4 млрд. долларга чамалап барды. Муну Кыргызстандагы 5 млн. элге бөлө келсек ар бир кыргызстандыкка 650-700 доллардан тиет. Демек, азыр ар бир кыргызстандыктын чет өлкөлөргө болгон карызы бар. Улам жаңы келген бийлик карызды кыскартпай эле көбөйтүп келатат. Азыркы бийлик мактанган Ош, Жалал-Абад шаарларынын калыптандырылышы, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу, Датка подстанциясы менен Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы, Камбар-Ата ГЭСи, Бишкек-Торугарт жолу сыяктуу ири долбоорлордун баары чет өлкөлүк кредиттерге жасалып жатат. Бул убакта өлкөнүн ички ресурстары, салык, бажыдан түшкөн акчалар, инвесторлордон, жеке бизнесмендерден, тоо-кен тармагынан, ички-тышкы соодадан түшкөн каражаттар кайда кетип жатат? Же Кыргызстан жалдырап көрүнгөндөн акча сурай бергидей ошончо эле жарды, эч нерсеси жок бечара өлкөбү? Антейин десең, Чүйдө, облус, район борборлорунда эски, жаңы мамчиновниктер кабаттуу үйлөрдү, соода борборлорун, май куюучу жайларды, тойканаларды жайнатып салышууда.
Эл аралык тажрыйба боюнча тышкы карыз ИДПнын 60 пайызын түзүп калса өкмөт дефолтко учурап, улуттук коопсуздукка коркунуч туулат. Былтыр парламент депутаттары тышкы карызды ИДПнын 60 пайызына жеткирбөө мыйзамын кабыл алышты. Бирок Жогорку Кеңештин далай мыйзамдары иштебей талаада калганын эске алганда бул мыйзам дагы тышкы карызды азайтууда жардам бере албайт. Азыркы бийлик муну жаап-жашыруу менен тобокелчиликке салып дагы деле алакан жайып ар кайсы финансылык уюмдардан, өлкөлөрдөн акча сурап жатат. Ошол эле кезде cалык, бажы кызматтарында, тоо кен өндүрүшүндө, электр, соода тармагында чиновниктер миллиондорду жеп жатышат.

Мелис СОВЕТ уулу




Оп, майда
АӨБ дагы бермей болду
Шаршембиде вице-премьер-министр Валерий Диль Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Клаус Герхаузер менен жолукту. Жолугушууда АӨБ өкүлү Клаус Герхаузер Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн АӨБ 110 млн. доллар бөлөрүн жана Кыргызстанды Бажы биримдигине кирүү мезгилинде колдоорун ортого салды. Ошондой эле аталган банк ГЭСтин 2016-жылы баштала турган иштерине каражат бөлүүнү караштырып жатканы да айтылды.

"Кумтөр" келишими талкууланат
Кечээ парламенттеги өкмөттүк саатта "Кыргызалтын" жетекчиси Токон Мамытов "Кумтөр" боюнча кезектеги сүйлөшүү 8-октябрда Москвада болорун билдирди. Ага кыргызстандык адистер жана кыргыз тарап жалдаган юридикалык компания катышат. Сүйлөшүүгө баргандар "Центерра Голд" компаниясы менен интернет аркылуу байланышып, "Кумтөр" келишиминин долбоорун талкуулашат. Эки тарап тең келишимдин өз варианттарын ортого салып, аны такташмай болушту.

Карбалас Бакиров алтымышта
Аптанын ишембисинде Улуттук филармонияда акын, котормочу, журналист Карбалас Бакировдун 60 жылдыгы мааракеси өтөт. Мааракеге акындын калемдештери, чыгармачыл чөйрө, замандаштары катышып, анын чыгармачылыгы сахналаштырылып көрсөтүлөт. Ошондой эле кечеде акындын обондуу ырлары ырдалып, кийинки жазылган ырлары окулат.

Жыл аягына чейин 25 мектеп
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кечээ парламенттик жыйында жыл аягына чейин капиталдык салымдарга бөлүнгөн каражаттын жана түркиялык гранттын эсебинен 25 мектеп куруу пландаштырылганын билдирди. Башбакандын айтымында, 2014-жылдын 25-сентябрына чейин 8 мектеп салынып бүткөн болсо, жыл аягына чейин дагы 17 мектеп курулуп бүтөт.

Облустук ишкана 10 миллион жеп
Кечээ Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов "Азаттыкка" "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын облустагы бөлүмүнө 5 кылмыш иши козголгонун кабарлады. Прокурордун айтымында, аталган бөлүмгө текшерүү жүргүзүлгөндө 10 млн. сомдон ашык каражат жылуулук берүү мезгилинде жана оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта мыйзамсыз сарпталып кеткени аныкталган. Беш кылмыш ишинин үчөөнү облустук прокуратура, экөөнү экономикалык кылмыштар башкармалыгы иликтөөгө алган.

Турмуштун айынан
тузакка түштү
Россиянын Хабаровск крайынын федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери соода борборунда "шпиондук" техникалык жабдыктарды сатып жаткан кыргызстандыкты кармап алышканын AmurMedia.ru сайты жазып чыкты. Сайттын маалымдашынча, кыргыз жараны Маманова кол сааттарга, радиомикрофондорго, автомобиль пульттарына , калемсапка коюлуучу "шпиондук" үн, видеожазгычтарды саткандыгы үчүн кармалып, Железнодорожный райондук соту тарабынан 30 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Кытайда майрам
көп
Мамлекеттик чек ара кызматы Кытай мамлекетинин өтүнүчү менен "Торугарт-Автодорожный" жана "Эркештам-Автодорожный" өткөрмө постторунда 29-сентябрдан 8-октябрга чейин чек ара жабык болорун маалымдады. Бул чектөө Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн белгилөөгө байланыштуу киргизилген.

Свет акеге ишенбегиле
Кечээ Энергетика министрлиги быйыл электр жылытуусунан 132,6 миң турмуш-тиричилик абоненти, 3,9 миң өндүрүштүк абонент ажыратыларын кабарлады. Министрликтин маалымдашынча, республика боюнча 1,2 млн. турмуш-тиричилик абоненти болсо, анын 132,6 миңи үч фазалуу электр линиясына кошулган. Өкмөт токтому боюнча бардык категориядагы колдонуучулардын электр менен жылытуучу мештери электр түйүнүнөн ажыратылат. Бирок үч фазалуу электр берүү калтырылат. Ошондой эле сауна, мончо, кафе, ресторан, автоунаа жуучу жайлар, курулуш объектилери, техникалык кызмат көрсөтүүчү жайлардагы жылытуучу, суу жылытуучу приборлор өчүрүлөт.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??