26.09.14 Оорукчан коом
"В больном обществе стыдно быть здоровым"
Расул Гамзатов

90- жылдар. Айылдан шаарга окууга тапшырганы келип, бир нерсеге абдан таңгалгам: эртеден кечке суй жыгылганча шаарды жөө кыдырсам да батинкем жылтыраган бойдон таптаза жүргөнүнө акылым айран болгону күнү бүгүнкүдөй эсимде. Тишим какшап ооруп, анальгин таппай аптека издеп жүрөм. Мага окшоп айылдан жаңы келгендер анда таппаган буюмун издесе эле ЦУМду айланып жүрчү. Анда азыркыдай кадам сайын "аптека" деген жазууну көрүш кайда. Ал кезде Бишкектин анда-санда жеринде эле аптека болбосо, азыркыдай кадам сайын кезиккен дарыканалар жок эле да. Стоп! Ооба, жок эле. Эмнеге азыр кадам сайын "аптека" деген жазуулар Бишкекте толуп кетти. Дагы стоп! Бир кездегидей борбор калаанын "центральный" көчөлөрүн жөө кыдырып көр, бир кварталдан экинчи кварталга чейинки аралыкты басып өткүчө үйүңдөн жылтыратып сүртүп чыккан бут кийимиң боз ала чаңга көмүлөт. Чейрек кылымга жетпей борбор калаабыз эмне мынча тозуп кетти чаң басып?! Чейрек кылымга жетпей Бишкектин ар бир көчөсүнүн бурч-бурчегинде эмне мынча дарыканалар жайнап кетти?! Ушул көрүнүштүн өзү эмнени айтып турат?! Бул эмне деген катастрофа?! Кайсы ооруканага башбакпа үңүрөйүп-чүңүрөйүп узун кезекте тургандар кыңкыстайт. Борбор калаабыз дартка чулганып калгандай! Же улуу акын Р.Гамзатов айткандай, оорукчан коомдун арасында куландан-соо жүргөнүңдүн өзү уят ишке айланган заман келдиби?
Азыр кырчындай жашында кант диабети менен онкологиялык ооруга чалдыккан өспүрүмдөр саны арбыганын какшаган врачтардын коңгуроо кагуусу эмнеден? Ал эми мектептер арасында жыл сайын гепатит оорусу массалык түрдө жайылганын сасык тумоо катары караганга көндүк. Улут саламаттыгына тынчсызданар факторлор күн санап өсүүдө. Коомдун ден соолугу гана эмес, моралдык соолугу калыбында эместей... Мейли, автобус, троллейбус, маршруттук таксиде болсун ызырынгандар толтура. Көчөдө такси жайнайт, бирок шашкан жериңе такси менен барасыңбы, жөө барасыңбы, барыбир өз маалында барыш кыйын. Көчөдөгү тыгындан бири-бирине ызырынган эле айдоочу. Азыр шаардыктардын ачуусу мурдунун учунда араң турган кезең. Ичкен-жеген тамак-аш зыяндуулугунан мурда социалдык стресс коомду оорукчан кылып бүтүрмөй болду. Шаардын кейпи элеттеги малдын кезүүсү чубаган жолдой бырызгыган чаңга көмүлүп жатканын көрүп шаардын экологиялык балансы ушунча тездик менен кыйроого кабылып жатабы деген суроо туулат. Шаарда дары-дармек сатчу соода түйүндөрү көбөйгөн сайын эмне мынча оорунун түрү көбөйүп кетти бүгүн?!
"Жаңы Агым" гезити мындан ары улут саламаттыгын алдын алуу максатында сандан-санга "Бери кара" аттуу рубрикабыздын алдында маалымат берип турууну чечтик.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда азыр курамында ГМО кошулган экспорттук азыктардын эң кооптуулары Unilever компаниясы өндүргөн төмөнкүлөр экени аныкталды:
Lipton (чай)
Brooke Bond (чай)
Беседа (чай)
Calve (майонез, кетчуп)
Rama (май)
Пышка (маргарин)
Делми (майонез, йогурт, маргарин)
Альгида (балмуздак)
Knorr (приправалар)
Nestle компаниясы өндүргөн төмөнкү азыктар да Unilever компаниясы сыяктуу жөөттөр тарабынан бүткүл дүйнө боюнча фармацевттик бизнестин гүлдөп-өнүгүүсүн "камсыздаарын" эске ала жүргөнүбүз оң.
Nescafe (кофе жана сүт)
Maggi (суптар, бульондор, майонез, приправалар, картөшкө пюреси)
Nestle (шоколад)
Nestea (чай)
Nesquik (какао)

Эсен САКТАН




Жанды кейиткен жарык
Ак-жарлыктар Аргымбаевге неге нааразы?
(Уландысы. Башы 4-бетте)
Адилет конушу талап кылган адилеттик
Ак-Жар конушуна канатташ жайгашкан Адилет жаңы конушунун тургуну Кайрынса Аттокурова гезиттеги маектен кийин 2000 түтүн эл жашаган конуш жарыксыз калуу коркунучу пайда болгонун айтып, элдин үмүтү болгон "Электросила" компаниясын куугунтуктоого каршы экендигин билдирди.
- Биздин конушка бир да жолу басып келбеген, элдин кандай күндү көрүп жатканы менен кабары жок, мамлекеттен чоң айлык алып жүргөн Сапар Аргымбаевдин "Электросила" компаниясына кастарын тиккен маегинен кийин кышка чейин толук электрлешип, жарык менен жашайбыз деп турган Адилет конушунун жашоочуларынын ындыны өчтү. Себеби биз өзүбүз суранып, эшигинен кетпей жүрүп, "Электросиланын" башчысын макул кылып, конушубузга Ак-Жардан электр тартып жаткан элек. Азыр иш токтоп калды. Компанияга барсак байкуш Али Водянов аксакал "менин силерге боорум ооруганы менен мага асылгандар, үстүбүздөн арыз жазып, кайра-кайра текшертип, ишибизге кедергисин тийгизгендер көбөйүүдө. Мына, Ак-Жардын жарыксыз элине жардам берип, өз чөнтөгүмөн 8 миллион сом каражат коротуп электр алып келсем, ошол ак ниеттүүлүгүмдөн кылмыш издеп, текшербеген орган калган жок. Эми силерге тартып баштасам, гезитке чейин мени жамандап кайрадан сотко берип жатышат. Андыктан мени кечирип койгула" деп айтты. Эми биз кышында кантип караңгы жашоо кечиребиз?! Сапар Аргымбаев иштеген "Түндүкэлектр" мына Ак-Бата конушун эптеп кыйшайган карагай, үзүл-кесил зымдар менен араң электрлештирген. Кышкысын дээрлик караңгы эле калышат, авариялар көп болот, электр жетпейт. Андыктан Сапар Аргымбаевдер колдорунан кокон келбеген соң ооздору менен орок оруп, жеке ишкерлерди желкелей бергенин токтотсун! "Электросилага" каршы чабуулун токтотпосо, биз да токтобойбуз. Анын өзүн ушул жерге алып келип карагайга байласак да жарыкты тарттырабыз. Биз бийликтен, чиновник, депутаттардан дээрлик түңүлүп, "Электросила" сыяктуу ишти сапаттуу бүткөргөн жеке компанияларга ишеним артып калганбыз. Андыктан биздин үндү да элге жеткиргиле, чындык ким тарапта экенин билишсин. Али Водяновго барсак, ошол эле чоңдор өздөрү ага жалдырап, жарык тартып берип кой деп жүрүшөт дагы, кайра тарта баштаса эле аларга асылышат. Азыркы заманда кайсы чиновник Водяновдой болуп өз чөнтөгүнөн миллиондорду элге жумшайт? Жумшайбыз дешсе келишсин, Адилетке жарык тартып беришсин! Болбосо жеке компанияларды коюп өздөрүндөгү коррупция менен күрөшүп алышсын! - дейт жаны кашайган Кайрынса Аттокурова.
Текшерүүчүлөрдөн эс албаган "Электросила"
Жаңы конуштардагы жарык маселеси менен таанышып чыккан соң, биз эл коргоп жаткан "Электросила" ишканасынын башчысы Али Водянов менен жолугуп, жаңы конуштардын жагдайы, Сапар Аргымбаевдин айткандары боюнча пикирлештик. Каны карачай болсо да, эти кыргыз болуп калган бул инсан бизге өзүнүн ишканасынын айланасындагы кептерге төмөнкүчө токтолду.
- Өзүң билесиң, Кыргызстанда электр энергиясын бөлүштүрүүчү жеке компаниялар жалпы көлөмдүн болгону 2%ын гана түзөт. Калган 98%ы мамлекеттик компаниялар. Мен жетектеген "Электросила" компаниясында энергиянын техникалык жоготуусу болгону 5%дын тегереги. Ал эми мамлекеттик компаниялардын техникалык жана коммерциялык жоготуулары 20%дан кем эмес. Ушунун өзү эле жеке менчик компаниялар менен мамкомпаниялардын ишмердигин көрсөтүп турат. Бирок акыркы кездерде айрым энергетика тармагын биздей ичинен билип, бул тармак боюнча бардык тепкичтерди басып өтпөгөн эксперт, адистер жеке менчик компанияларды каралоо компаниясын башташты. Мына бизди УКМКнын, ИИМдин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматтары, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы, Эсеп палатасы, Салык кызматы, прокуратура органдары, айтор, бардык фискалдык органдар текшерип чыгышып, эч кандай каржылык-экономикалык кылмыштуулук табышкан жок. Анткени бизге күнөө коюп жаткан тараптар эч кандай так аргументтерге таянган эмес. Айтмакчы, бизди текшерүүгө кызыкдар болгон укук коргоочу Дауталиева деген айым прокуратурага "Электросила" компаниясы канча энергия алып жатканын аныктагыла дептир, бул деген караңгылык. Анткени биздин Кыргыз улуттук электр станциялары (НЭСК) аркылуу "Электрстанциялары" ААКсынан алган электр энергиябыздын көлөмү ар бир күн сайын каттоого алынып, так эсептелип турарын энергетика тармагын түшүнгөн ар бир адам билет.
Экинчиден, Ак-Жар конушу жарыксыз отурганда, жергиликтүү бийликтин суранычы менен конушка жакын жердеги компанияга караштуу "Дордой" подстанциясынан электр тартып барып элге жеткиргенбиз. Конушту толук электрлештирүүгө жалпысынан мэрия бизге 47 млн. сом бөлүп бермек болгон. Бирок болгону 16 млн. 600 миң сом бөлүнүп, анын 600 миңин азыркыга чейин ала албай жүрөм. Ошентсе да биз колдон келишинче бул каражатка Ак-Жардын жарымын жарык менен толук камсыздадык. Кийин жарык жетпей калган конуштун жашоочулары, бирде жаш баласын көтөргөн келиндер, бирде майып араң баскан адамдар, бирде төрт баласын үшүтүп жетелеген апалар келип, "биз, Ак-Жардын жарык жетпей калган тургундарыбыз. Бизге деле каралашыңыз, кыштан чыкпай калбайлы, балдарыбыз ооруп, кыйналдык" дешти. Эми ушул өлкөнүн жараны болсом, 25 жылдан бери ишкана жалаң эл менен иштеп келатса, алардын абалын көрүп туруп чыдап тура албадым. Мэрияга кайрылсам, "Али Рамазанович, эми эптеп туруңуз, кийин эптеп кутуларбыз" дешет. Айла жок, жергиликтүү эл эптеп бетон карагай алууга салым кошту, калган эки трансформаторду, зымдарды, тетиктерди өз эсебибизден чыгарып, Ак-Жарды толук камсыздап бердик. 8 млн. сом короттук. Эми Адилет конушунун тургундарын да кыя албай, аларга электр тартып жаттык эле, кайрадан текшерүү, гезит аркылуу каралоо, сотко берем деп жүрөт. Бирок бизде корко турган нерсе жок. Ишкана ачык иштейт, коррупция деген жок. Өкмөт өзү коюп берген тариф менен электр энергиясын сатабыз, өзүбүз өндүргөн электр шаймандарын сатабыз, өзүбүз курган заманбап подстанцияларыбыз менен элди тейлейбиз. Керек болсо ошол "Түндүкэлектр" ААКсы биздин линиялардан электр энергиясын алып, элге сатышкан фактылар бар. Менин айтарым ушул, ата мекендик жеке менчик энергия бөлүштүрүүчү компаниялардын мамлекетке карызы жок, аларга элдин нааразычылыгы жок болгон соң, шарт түзүп бериши керек эле. Анткени биз мамкомпаниялар жерип албай койгон, электр энергиясын жеткире албай койгон элге жарык жеткирип, жашоо-тирлигине жардам кылып жатабыз.
P.S. Али Водяновдун "Түндүкэлектр" ААКсынын кызматкери, эксперт Сапар Аргымбаевге тарифтер боюнча жоопторун кийинки санга жарыя кылабыз. Макала даярдалып жатканда Сапар Аргымбаев "Электросила" ишканасын сотко берип жатканы да маалым болду.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ