presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Экспорт эңкейип турат...
Этибиз сатылбаса, жашылчабыз өтпөсө, кантип өнүгөбүз?
Өлкө Бажы биримдигине (ББ) кирүү алдында турат. Президенттин билдирүүлөрүнө таянсак, 2015-жылдын жай айларына жетпей, ББнын босогосун аттап, Орусия, Казакстан, Белорусcия менен камыр-жумур болуп жашай баштайбыз. Баса, ББ тууралуу сөз кылганыбызда эле бийлик эки жылдан бери "элге жакшы болот, карапайым дыйкандар менен фермерлер өндүргөн азык-түлүк товарларын Орусияга, Казакстан менен Белорусcияга экспорттоп, ири кирешеге ээ болот" деп канкакшайт. Бирок азыркы шартта министрлердин бул айткандары жөн эле ыйлап жаткан баланын оозуна эмчекти эмес упчуну салып койгондой эле экен. Анткени эт менен сүттү, жашылча-жемишти экспорттоо үчүн алды менен биз анын сапатына, коопсуз продукция экенине кепилдик берүүгө, алар аны таануусу керек.

Экспорттон биринчи эпизоотика!
Эмдиги жылдан баштап этти экспорттой алабызбы деген суроого Экономика министринин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бердимамат Аданбаев мырза экспорттон биринчи эпизоотикалык абалыбызды жакшыртуу керек экендигин билдирди. "Бизде азыр эпизоотикалык-эпидемиологиялык абал абдан начар. Алды менен ушул абалдан чыгууга аракет жасашыбыз керек. Айталы, Эл аралык Эпидемиологиялык Бюро (МЭБ) деген ири уюм бар, дүйнө жүзү боюнча ушул уюм эпизоотикалык абалга көз салып турат. Биздеги айыл чарбасына, экологияга болгон начар мамиледен улам, ошол МЭБдин документтеринде Кыргызстан бир бүтүн зона катары кирип калган. Бул деген тээ алыскы Алайдын бир айылынан малдын оорусу чыкса, бүттү, калган аймактардын баарында ошол оору бар дегенди билгизип калат. Эгер биз ошол бир зонадан чыгып, жети дубанды жети башка зона катары МЭБге каттата алсак, кыйла алдыга жылыш болуп, бир аймактан оору чыкканы менен калган аймактын эт, сүт продукцияларын, жашылча-жемиштерин экспорттоого жол ачылмак. Бул ишти негизи Айыл чарба министрлиги жасашы керек эле, тилекке каршы жылыш жок. Азыр ветеринардык инспекция аракет кылууда" дейт Экономика министрлигинин өкүлү.
Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүү менен эле айыл чарба продукцияларын экспорттоого дароо жол ачылат деген жаңылыштык. Анткени алды менен биз Бажы биримдигинин техникалык регламентиндеги рээстрге өзүбүздөгү айыл чарба продукцияларынын сапатын текшерүүгө шарты бар лабораторияларыбызды каттатууга тийишпиз. Бирок азырынча тилекке каршы бир дагы лаборатория эл аралык статуска ээ эмес жана өкмөттүн дэңгээлинде да иш алып бара албайт. "Бизде республикалык ветеринардык 29 лаборатория бар. Алар негизинен айыл чарбасында өндүрүлгөн чийки заттардын сапатын текшерүүгө багытталган. Бирок алардын техникалык-материалдык базасы азыркы замандын талабына жооп бере албайт. Андыктан алар мамлекеттик аккредитациядан өткөн эмес, демек, эч кандай продукцияга сертификат берүү укуктары жок. Биз муну Бажы биримдигин күтпөй эле жасашыбыз керек эле. Убагында дүйнөлүк ири уюмдардан куш тумоосуна карата, чочко тумоосуна карата, анан биздеги "Манас таалими" сыяктуу бир катар долбоорлор ири каражаттар ушул лабораторияларга бөлүнгөн, бирок тилекке каршы алар сапатын жакшырта алган жок" дейт ал.
Анын берген маалыматы боюнча тээ 2007-жылдын 23-июлунда эле Орусиянын фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы кыргыз өкмөтүнө "Кыргыз Республикасынын аймагындагы эпизоотикалык жана фитосанитардык абалдын начарлап кеткендигине байланыштуу өлкөдөн РФнын аймагына малдын жана мал чарба продукцияларынын, тоюттардын киришине тыюу салынат" деп кат жөнөткөн экен. Ошондон тартып ушул күнгө чейин Орусия тарапка бир тоголок жумуртка өтө электиги белгилүү болду. Эми ББнын шылтоосу менен Орусия бул тыюуну жөн эле алып салабы же абалды биз жакшы жагына өзгөртмөйүнчө жолду жаап коебу, чоң суроо. Эгер андай болсо өкмөттүн "этти экспорттоп, байыйсыңар" деген кеби суу кечпей калат окшойт...

Стандарттар шайкешпи?
Экспорт-импорт тууралуу сөз болгондо албетте, мамлекеттик, эл аралык стандарттар тууралуу да сөз болууга тийиш. Анткени эртең ББнын алкагына кирген өлкөлөргө азык-түлүк, чийки заттарды экспорттосок, биздин сапатка берилген стандарттар алардын талабына жооп бериши керек. Болбосо кабыл алышпайт. Бул боюнча биздин суроолорубузга жооп берген Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директорунун орунбасары Жаныбек Чапаев азык-түлүк боюнча кыргыз мамлекеттик стандарттары өз деңгээлинде ББдагы өлкөлөрдүн стандарттарынан эч калышпай тургандыгын билдирди. "Улуттук маалыматтоо, техникалык регламент жана стандарттар фондунда жалпы 24090 стандарт бар, анын ичинде 22075 мамлекет арасындагы стандарттар (ГОСТ), бизде колдонуучу стандарттардын 92%ын түзөт, жана ошондой эле 1355 стандарт, башка мамлекеттердин стандарттары (Россия, Белоруссия, Казакстан ж.б.) 5 пайызды түзөт, 660 улуттук стандарттар 3 пайыз түзөт. Ал эми колдонуучу стандарттардын 60 пайызы азык-түлүк боюнча стандарттар. Демек, ББга киргенден кийин азык-түлүктү экспорт-импорт кылууда стандарттар боюнча олуттуу карама-каршылык чыкпайт" дейт мамстандарттын кызматкери.
Бирок ББга киргенден кийин Кыргызстан тарап ББ иштеп чыккан 34 техникалык регламенттин негизинде иш алып барууга өтүшү керек. Ал үчүн биз жаңы айыл чарба азыктарын сыноочу жана метрологиялык лабораторияларын жаңылап, өлкө боюнча 10 территориалдык бөлүмдөрдү жаңылоого болжол менен 30 млн. АКШ доллары бөлүнүүгө тийиш экен. Эгер биз тез арада бул каражатты ББнын линиясы аркылуу бөлдүрүп, лабораторияларды жаңылап, аккредитациядан өткөрүп албасак, анда азык-түлүктү сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк ала албайбыз. А эгер эртелеп ББнын талаптарындагы техникалык сыноочу аппараттарга ээ болсок, анда биз ББнын алкагында эле эмес эл аралык деңгээлдеги азык-түлүк экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кошулат экенбиз.

Кендирди кескен лаборатория
Ошентип ББдагы кыргызстандыктардын жалгыз үмүтү болгон айыл чарба продукциясын экспорттоо иши келип эле лабораторияга такалат экен. Эгер ББнын талабындагы лабораторияны өз учурунда куруп, ишке киргизбесек, биз дале болсо жабык өлкө катары өзүбүз менен өзүбүз кайнап кала бере турганбыз. Ушуну ойлогондо, мындан эки жыл мурун Бишкектеги ботаникалык бакчанын ичине канадалык инвесторлордун биолаборатория куруп берүүнү баштап, бирок жарандык коомдун каршылыгы менен токтотулуп калганын аргасыз эстейт экенсиң. "Эгер эки жыл мурун эки-үч бейөкмөт уюм коомчулукту чаңытып, канадалык инвесторлорго каршы чыкпаганда, Кыргызстандын бюджетинен бир тоголок тыйын жумшалбай, канадалыктардын акчасы менен бекер, эл аралык стандарттагы айыл чарба продукцияларынын баардык түрүн текшере турган күчтүү лаборатория туруп калмак. Мен кечээ ошондо каршы чыгып жүргөн эжекелерди кезиктирип калып, "мына, силер элге кандай тоскоолдук кылгансыңар" деп айттым. Анткени алар коомчулукту тескери бурбаганда, азыр биз ББга кирүүгө ашыгып, экспортко продукциябызды камдап турмакпыз. Мына биз канадалыктарды куугунтуктадык эле, алар ал лабораторияны Тажикстанга куруп коюшту. Дүйшөмбү шаарынын чок ортосунда эч кандай экологиялык зыяны жок эле иштеп жатат" деп ичи ачышат Айыл чарба министринин орунбасары Жаныбек Керималиев.
Анын айтымында, Кыргызстандын лабораториялары айыл чарба продукцияларын текшерип жатканы менен аларда айрым күчтүү уулуу заттардын, мисалы, диоксин, меламин, охротоксин, ГМО сыяктуу жаңы кооптуу көрсөткүчтөрдү аныктоого кудуретсиз.
Буга кошумча КР санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Ирен Исакова болсо ББнын талабына ылайык лабораторияларды жаңылоо иши Каржы министрлигинин каражат берүүсүнө көз каранды экендигин, учурда аймактык жана борбордук лабораторияларды жаңылоонун чыгымы толук эсептелип, иш-чаралардын планы түзүлгөнүн кабарлайт.
"ББга киргенден тартып биздин айыл чарба продукциябыз экспортко чыгып, андагы өлкөлөр менен атаандаштык түзүү үчүн биз алды менен лабораторияларды модернизация кылууну башташыбыз керек. Бул боюнча азыр Саламаттык сактоо министрлиги атайын иш-пландарды ББга кирүүдөгү Кыргызстандын Жол картасына ылайык иштеп чыкты. Анда алды түндүк жана түштүк аймактар үчүн ири лабораторияны куруу, аны заманбап технологиялар менен жабдуу турат. Ошондой эле чек ара өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик постторду жаңылоо, аларды ББнын техникалык регламентине ылайык камсыздоо, санитардык-эпидемиологиялык маалыматтык бирдиктүү базаны ишке киргизүү жана бул тармактагы кызматкерлерди жаңы технологиялар, программалар менен иштөөгө үйрөтүү каралган. Мунун бардыгы үчүн министрлик 7 млн. АКШ долларынын өлчөмүндө сметасын түзүп, бекиткен. Ал эми бул каражат Кыргызстандын Жол картасында каралган. Эгер ББга кирүүдө андагы өлкөлөр бизге каражатты бөлсө, Каржы министрлиги аркылуу биз керектүү каражаттарды алып, техникаларга тендер жарыялап, ишти баштайбыз" дейт Ирен Исакова.
Жыйынтыктай келгенде, өкмөт ББга кирүүгө ашыгып, ал боюнча азыр керектүү мыйзамдык өзгөртүүлөр ЖКда каралып жатканы менен өлкөнүн даярдыгы шайма-шай эместиги ачыкка чыгып отурат. Андыктан жакынкы эки-үч жылда биз мал этин, жашылча-жемиштерди массалык түрдө экспорттоп, айыл чарбасынын арабасын тарткандарды кубанта албайт окшойбуз. ББны мындай коелу, базарлардагы сатылып жаткан эттер менен азык-түлүктөрдүн сапаты, коопсуздугу боюнча кепилдикти аккредитациядан өтпөгөн эле лабораториялар жасалма ырастамалар менен саттырып жатканына көзүбүз жетип, "эт жегенче таш жейин" дей турган болуп отурабыз...

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ








??.??