presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Жанды кейиткен жарык
Ак-жарлыктар Аргымбаевге неге нааразы?

Гезитибиздин өткөн сандарынын бирине "Түндүкэлектр" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаев маек берип, анда "Электросила" аталган жеке электр бөлүштүрүүчү компаниянын ишмердигин сынга алган болчу. Гезит жарыкка чыгары менен Бишкектин Дордой базарынын астында жайгашкан Ак-Жар, Адилет жаңы конуштарынын тургундары редакциябызга чалып, аталган маектин айынан алар жарыксыз кала тургандыгын айтып биртоп ачууланышты. "Электросилада" эмнеңер бар, андай кыйын экенсиңер Аргымбаев менен силер бизге жарык тартып бергиле" деп опурулса оюң онго бөлүнөт. Эми ММКнын эрежелерине ылайык, экинчи тараптын да оюн ортого салып отурабыз. Окурман, абалды өзүң таразалап көрөрсүң.

Ак-Жар. Атамбаев. Али Водянов
2000ге чукул түтүн жашаган Ак-Жар конушуна киргенибизде эле бул жакта инфраструктура деген итке минген абалда экенин көрүп турдук. Борбордук делген көчөгө гана шагыл төгүлүп, ал дагы аңгыл-дөңгүл абалда тегизделгени болбосо, башка көчөлөрдүн чаңы асманга сапырылып, топурак белден опурулуп жатыптыр. Бизди тосуп алган конуштун координатору Сүйүн Мырзаканов конуштагы жарык, гезитке чыккан Сапар Аргымбаевдин пикирине каршы ойлорун токтолбой эле айтып кирди.
- Силердин гезитке Сапар Аргымбаевдин маеги чыккандан тартып, конуштун эли катуу жаалданып, анын кабинетине каршы пикирибизди билдирели деп барсак, ал жолукпай койду. Анан силерге чалдык. Анткени Ак-Жар жаңы конушунун, ага удаа жайгашкан Адилет жаңы конушунун электр көйгөйү Аргымбаев айткандан таптакыр башкача. 2005-жылы бул жаңы конуш пайда болгону менен 2010-жылга чейин бир дагы үйдө электр жарыгы болгон эмес. Эл чырак менен же кытайдын генераторлору менен эптеп күн көрүп келгенбиз. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин бул жаңы конуштун эли күн алыс митинг, пикет өткөрүп, шаарды айланып өтүүчү кан жолду бууп, инфраструктураны түзүп берүүнү бийликтен талап кылып баштады. Себеби элдин чыдамы түгөнгөн эле. Анан 2011-жылы ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев атайын протоколдук тапшырма берип, Ак-Жар конушун шаардын балансына кошууну жана инфраструктурасын жакшыртууну, конушту толугу менен электрлештирүүнү тиешелүү органдарга табыштайт. Бирок биздин жаңы конушка электр киргизүүгө бир дагы мамлекеттик электр бөлүштүрүүчү компания макул болбой, ар кандай шылтоолорду айтып туруп алды. Башка жеке менчик компаниялар да буга катышуудан баш тартты. Бир гана "Электросила" аталган жеке компаниянын башчысы Али Водянов конушка келип абалды көрүп, өздөрүнүн конушка жакын "Дордой" подстанциясынан жарыкты алып келүүгө макул болду. Кийин уксак, кыйналган элди көрүп, жеке менчик компаниядан Президент өзү сураныптыр. Ошону менен үч тараптуу: Аламүдүн райадминистрациясы, "Электросила" компаниясы жана конуштун жамаатынын ортосунда келишим түзүлүп, электрлештирүү башталды. Баштапкы эсептөөлөр боюнча бул ишке жалпысынан 47 млн. сом керектеле турган болсо, шаардык мэрия Али Водяновдун компаниясына болгону 16 млн. сом которуп, дагы 600 миң сомду убада кылып, бирок берген эмес. Ошентип жалпы сметада көрсөтүлгөн каражаттын болгону үчтөн бири менен "Электросила" жаңы конуштун жарымына чейин электр зымдарын талапка ылайык тартып келип, трансформаторун орнотуп, элге жарык бере баштады. Бирок жарык жетпей калган конуштун жарым эли нааразы болуп, конуштун аягына чейин бүтүрүүнү өкмөттөн, облустук, райондук бийликтен, мэриядан суранды, жооп болгон жок. Айласы кеткен эл кайра эле "Электросиладан" жардам сурап жалдырадык. "Али Рамазанович, мына акыркы зымкарагайдан конуштун ар кай жерине жапайы жол менен эле эл жарык тартып алды. Зымдар жерде жатат, үйлөрдүн чатырлары менен өтүүдө, кооптуу жагдай түзүлүп калды. Сизден башка эч ким карагыдай эмес" дедик. Ал киши келип көрүп, бийликтин эсинен чыгып калган элге боору оорудубу, мэриядан мурдагы аткарган иши үчүн толук акчасын албай жүргөнүнө карабай, дагы жардам берди. Эл акча чогултуп, бетон карагайларды алдык, "Электросила" өз казынасынан 8 млн. сом чыгарып, бетон карагайларды Токмоктон өздөрү жүктөп келип орнотуп, зым тартып, конуштун калган бөлүгүн да электрлештирди. Азыр жалпысынан 1700 абонент "Электросиланын" электри менен жан сактап жатабыз. Эми ошол өз жанынан 8 млн. сом чыгарып, элге жардам берип жаткан адамды алкоонун ордуна Аргымбаев баштаган атайын топтун ага каршы аракеттери элдин кыжырын кайнатууда. Андай кыйын экен, гезитке чыккан олчойгон айлык, премия, машинесине куйган бензиндеринин акчаларын ушул конуштун жарыгын жакшыртууга салышсын! Болбосо, эл менен иштеген эр-азаматтардын ишине тоскоолдук жаратпай, өз иштерин кылсын! Эл азыр ушуну талап кылып жатат, - дейт конуштун координатору.

(Уландысы 6-бетте)




Кыргызстан эл аралык финансы институттарысыз өнүгө албайбы?
Марс Сариев, саясат таануучу:
- Эң жаман жери - биз, биз эле эмес Россия дагы эл аралык финансы институттарынын капканына СССР кулагандан бери түшүп калган. Булардын эң башкы саясаты - карыз бергенден кийин колдон-буттан байлап алуу, муунтуп кармоо. Дүйнөлүк банк менен көптөгөн эл аралык финансы институттарынын структурасы бизди бечел абалда кармай турган структура. Эгер ал структураларга баш ийбей турган болсок, ичибизди иритип, заматта революция же мамлекеттик төңкөрүшкө түртөт. А биздин саясый элита да алардан карыз алганга көнүп калды, алардын ыктыярынан баш тартканга күчтөрү жетпейт, каалоосу да жок. Анүчүн саясый элитабыздын арасы тазаланыш керек, бирок тазаланарына көзүм жетпейт.

Өмүрбек Абдырахманов, ЖК депутаты:
- Кыргызстан финансы институттарысыз өнүгө алат, бирок демократиясыз өнүгө албайт.

Аскар Салымбеков, коомдук ишмер:
- Эгемен өлкө болгондон кийин өз алдыбызча өнүгүү жолун издешибиз керек. Эл аралык финансы институттарынан алаар жардамдардын да ылгай тургандары бар, болбосо бизди карызга көмүп, кылтакка түшүрүп алчулары четтен чыгат. Биз сырттан эле жардам күтө бербей, өз алдыбызча өнүгүүгө аракет кылмайын карыздан башыбыз чыкпайт.

Эмир Сарпашев, бизнесмен:
- Кошунаң же досуң бай болбосо көтөрүлө албайсың. Сырттан келген финансысыз, кредитсиз Кыргызстан эч качан өнүгө албайт. Дүйнөлүк интеграциясыз эч бир өлкө өнүкпөйт, эч мүмкүн да эмес.

Садык Шер-Нияз, кинорежиссер:
- Албетте, өнүгө алат. Сиз жаңы телефонсуз жашай аласызбы?.. Ошондой эле кеп да. Биз кайырчыга айланбай, өз тагдырыбызды өзүбүз чечкенди үйрөнүшүбүз керек.

Кубатбек ЖусубалиеВ, жазуучу:
- Кедейчилик турмуштан коркпогон эл гана табигый жол менен өз келечегин курат. Кыргызстанды сырттан келген карыз акча менен оңойбуз дегендер былжырайт, эй! Адамзаадаң бүгүн байлык, акча үчүн адамдык касиеттен айрылып калды.

Бегалы Наргозуев, саясатчы:
- Кыргызстан эл аралык финансы институттарына көз каранды бойдон кала берет. Анткени Саакашвили бийликке келери менен Шеварднадзенин күйөө баласын камакка алып кустургандай жөрөлгөнү көрсөтө албады. Кайра өздөрү коррупциялык схемалардын башына конду. Өлкөбүз эл аралык финансы институттарысыз деле өнүксө болот, бирок бүгүнкү бийлик мурдагылардын жолоюнан чыкпаган үчүн карыз алуудан башка аргасы жок.

Мелис Айдаркулов, өкмөт аппаратынын кызматкери:
- Кызык, 90-жылдардын башында даңктуу дыйкан абабыз Корчубек Акназаровго "Эркин Тоо" гезитинин атынан ушул суроо менен кайрылган элек. Аксакалыбыз: "Кыргызстан төрт түлүк малдын башын да, асыл тукумдуулугун да арттырууга абдан ылайыктуу, жайлоолору көп, кышкы, жазгы жайыты, өрүшү кенен өлкө. Экологиялык жактан таза, арзан эт, сүт жана башка айыл чарба азык-түлүктөрүн мол өндүрүп, өзүбүздөн калганын сыртка экспорттоп, эч жактан карыз албай эле элибизди багып кетсек болот" деп жооп берди эле. Ошол учурдагы аксакалыбыздын бул айткандарын турмушка ашыруу реалдуу иш эле. Бирок азыр бир кездеги ошол артыкчылыктарыбызды пайдалана албай, алардын кеминде жарымын жоготтук. Ошондуктан эл аралык финансы институттарынын жардамына муктаждык бар.











??.??