presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Эски жолой
"Вечерний Бишкекти" басып алуу башталды
Кечээ, 24-сентябрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмиль Аксамаев жарым сааттын ичинде "Рубикон" рекламалык фирмасынын ("Вечерний Бишкек" басма үйү" жабык акционердик коомунун финансы борбору) 50 пайыздык үлүшүн ОсООнун мурдагы чогуу негиздөөчүлөрү Александр Рябушкин менен аялы Галина Рябушкинага ыйгарган чечим кабыл алды.

Бул акылга сыйбас чечимди "Вечерний Бишкектин" редакциясын сот системасына кысым көрсөтүү менен рейдерлик басып алуунун башталышы катары баалайбыз.
Эске салсак, Рябушкиндер 2000-жылы өз үлүштөрүн Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге саткан, күйөө бала болсо кийин жасалма документтер менен "Вечерканы" басып алган.
Бул жылы баары кайрадан кайталанып жатат. Болгону Адил Тойгонбаевдин ордунда азыр Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атына көлөкө түшүргөн жогорку кызматтагы чиновниктер турушат.
Президент демократия идеясына ишенген, демократия принциптерин туу туткан, мыйзамдуулукту сактаган адам катары мындай чечимдин артында тураарында шегибиз бар.

Редакция




Өзбекстандын "эркеси"
Гүлнара Каримова катуу жазаланат
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы президенттин кызы Гүлнара Каримовага каршы кылмыш ишин козгогонун кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Гаян Авакян жана Рустам Мадумаровдун иши боюнча тергөө жүрүп жаткан учурда бул уюшкан кылмыштуу топко президенттин кызынын да тиешеси бар экени аныкталган.

Башкы прокуратура билдиргендей, бул кылмыштуу топко Нурмухаммад Содиков, Гаян Авакян, Рустам Мадумаров жана башкалар киришкен. Топту Гүлнара Каримованын жарандык күйөөсү Рустам Мадумаров жана анын мурунку бухгалтери Нурмухаммад Содиков түзүшкөн. Гаян Авакян менен Рустам Мадумаров ушул жылдын май айында эле узак мөөнөткө жоопко тартылып камакка алынышкан болчу.
Азыркы билинген маалыматта Гүлнара Каримова мүчө болгон кылмыштуу топ баасын жасалма арзандатып "Узбекистон хаво йуллари" улуттук авиакомпаниясынын активдерин 5,5 млрд. сумга эле менчиктеп алышкан. Андан сырткары "Coca-Cola Ichimligi Uzbekistan Ltd." компаниясын 11,9 млрд. сумга, "Фаргона НКИЗ" компаниясын 40,1 млрд. сумга жана башка жалпы баасы 102 млрд. сумду түзгөн ишкана мекемелерди өздөрүнө арзан баада ыйгарып алышкан.
Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу боюнча иш-чаралар жүрүп, кылмышкерлердин байлык-мүлктөрүнүн айрым бөлүгүн конфискациялашты. Жалпы мамлекетке кайтарылган байлыктардын суммасы учурда 457 млрд. сумду түзүп турат.
Бул кылмыш иши Швецияда козголгон кылмыш ишин токтотпойт жана ал башка иш экенин прокуратура айтып чыкты. Гүлнара Каримова учурда үй камагында экенин билдирди. Эске сала кетсек, президенттин кызына швециялык "TeliaSonera" компаниясынан Өзбекстандын рыногуна кирүүсү үчүн 350 млн. доллар талап кылган деген айып коюлган.
Учурда Швейцариянын банктарында Гүлнара Каримованын 1 млрд. доллары тоңдурулган. Мындан сырткары Франциядагы ага тиешелүү кыймылсыз мүлктөрүнүн баары камакка алынган.
Адистердин айтымында, Гүлнара Каримованы камоо менен өзбек бийлиги Европада тоңдурулган акчаларды Өзбекстанга кайтарып алуу аракетин көрүп жатыптыр.

Даярдаган Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ




Кайдыгерлик
Оштогу тасма олуттуу эмеспи?

23- сентябрда Ош облустук администрация-сында "Аялдар менен балдарды конфликт убагында коргоону алдын алуу" темасында "тегерек үстөл" болуп, бул иш-чарада көрсөтүлгөн тасмага нааразы болгон катышуучулар залдан чыгып кетишти. Катышуучулардын айтымында, тасма "тегерек үстөлдүн" темасына дал келбеген 2010-жылдагы июнь окуясында зордукталган өзбек улутундагы кыз тууралуу болгондуктан катышуучулар аны көрсөтүүгө каршы чыгышкан. Нааразы болгон катышуучулардын залдан чыгып бара жатышканы интернет булактарына чыгып, коомчулукта бул кызуу талкууга алынууда.
Аталган "тегерек үстөлдү" Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети менен "Демократиялык процесстерди иликтөө борбору" коомдук фонду БУУ өнүгүү программасынын колдоосу менен уюштурган. "Тегерек үстөлгө" өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү чакырылган. Зордукталган кыз тууралуу тасманы көрсөтүүнү токтотууну биринчилерден болуп талап кылган "Республика" фракциясынын депутаты Назарали Ариповдун айтымында, катышуучулар тасманы көрсөткөн өкмөттүк эмес уюмдан Кыргызстандагы гендердик саясат тууралуу докладды күтүшкөн. "Алар гендердик саясат эмес эле 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдагы зордукталган кыздар тууралуу тасмаларды көргөзө башташты. Ошол себептен биз аны токтотууну чечтик. Баары эми гана турукташып келатканда эски жараны козгобош керек. Кечээки тасманын көрсөтүлүшү таптакыр туура эмес. Тасмада аялымды зордукташты деп бирөө интервью берип жатат. Бул эки эл эми ынтымакташып келатканда өзбек-кыргыз момундай болгон деп эски чырды эске салуу. Менимче өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алыш керек. 2010-жылкы чыр да ушулардын, Кыргызстанда бейпилдик болуусун каалабагандардын айынан чыккан. Тасма көрсөтүлгөн жерде Ички иштер министринин орунбасары, УКМКнын өкүлдөрү отурган. Мен ошолорго буларды дыкат текшериш керек деп айттым. Өкмөттүк эмес уюмдарды толук көзөмөлгө албаса болбойт. Демократиянын да чеги болуш керек. Кечээки тасма эки улутту түздөн-түз кагылыштырууга алып барган тасма. Гендердик саясат деп жатышат, ал жерде гендердик саясаттын жыты да жок. Ошон үчүн муну эртең парламентте да көтөрөбүз. Кыргызстанга тынчтык, ынтымак керек" дейт Назарали Арипов.
Ал эми "тегерек үстөлдү" уюштуруучулардын бири, Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбековдун айтымында, "тегерек үстөлдө" өтө чоң ызы-чуу деле болгон эмес. "Тегерек үстөлдүн" резолюциясы конфликт болгон учурда аялдар менен балдардын запкы чегүүсүн алдын алуу деген мааниде болчу. Бул боюнча ар бир мамлекеттик орган эмне чара көрүшү керек жана көрүп жатат деген максатта кеңешүү "тегерек үстөлүн" өткөрүп жатканбыз. Анан жанагыдай тасма көрсөтүлүп кеткенде дароо токтотуп койдук. Ал жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн келген өзбек улутундагылар да бар болчу. Депутат Ирина Карамушкина ал "тегерек үстөлгө" модератор болчу. Өзүңүздөр билгендей "тегерек үстөлгө" келгендер программа боюнча өз ойлорун ортого салышат. Анан алар материал көргөзөм десе аны алдын ала чыпкалап, сеники жарайт, сеники жарабайт дей албайбыз да. Тигилер зордукталган кыз тууралуу тасманы көргөзүп баштаганда бул болбойт деп токтотуп койдук. Ал жерде анчалык деле чоң чуу болгон эмес. Мисалы, өзүм окуп алып таң калдым. Чоң чыр болгондой эле жазып жатасыңар. Мен бул өзүңөргө керек го деп ойлоп калдым" дейт депутат Алмазбек Баатырбеков.
Депутаттар минтип эки ача пикирди айтып жатышса "Демократиялык процесстерди иликтөө борбору" коомдук фондунун укук коргоочусу Толкун Тилекова активисттер аталган тасма менен зордуктоо көйгөйүнө коомчулук көңүлүн буруп, эл аралык соттордо зордуктагандарга кандай мөөнөт берилип жатканын айтып бергилери келишкенин билдирди. "Биз көйгөйдүн көзүнө карап, аны аңдап-түшүнүп, аны чечүүгө чечкиндүү чараларды көрүү керек деп эсептейбиз. Буга көз жумуп муну көрсөтүүгө болбойт деп айтуу туура эмес. Эгер эркектер бул тууралуу айткылары келбесе, анда аялдар күн сайын сексуалдык зомбулук болуп жатат деп кантип айтышат? Биз куралдык кагылышууларда аялдар өзгөчө кордолушарына басым жасайлы дегенбиз" дейт укук коргоочу Толкун Тилекова. Ал ортодо Оштогу өзбек улуттук-маданий борборунун өкүлдөрү эл аралык "Фридом Хауз" уюмунун сурамжылоолору улут аралык жаңжалды тутандырып жатканын айтып чыгышты. Борбордун жетекчиси Рашидхан Ходжаевдин айтымында, мурда да өзбек тилинде ар кандай сурамжылоолор болуп келген. "Эми улут аралык жаңжал чыгарчу "Кантип жашап жатасың? Укугуңду кимдер, кандайча бузуп жатат? Укугуң бузулган учурда кандай чара көрүү керектигин билесиңби?" сыяктуу суроолору бар ЮСАИД, "Фридом Хауздун" атайын бланктарында сурамжылоолор жүргүзүлүп жатат. Бирөөлөр түшүнбөй эле жооп берип коюшу мүмкүн. Биз 2010-жылдагы окуялардын кайталанышын каалабайбыз" дейт Рашидхан Ходжаев.
Өкүнүчтүүсү, азырынча бул боюнча мамлекеттик бир да структура, ошол эле "тегерек үстөлгө" катышкан ИИМ министринин орунбасары Курсан Асанов эч кандай билдирүү жасай элек. Мындайда биринчи так ошол өкмөттүк өкүлдөр реакция кылышы керек эле.

Мелис СОВЕТ уулу









??.??