presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Темирлан СМАНБЕКОВ,
КР эмгек сиңирген артисти:
"Эрегиштен эр өлөт"

- Темирлан мырза, буга дейре Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын биртоп жыл жетектеп келдиңиз. Эми бир кезде өзүңүз иштеп кеткен Т.Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрына директор болуп дайындалдыңыз. Жеке өзүңүзгө келсек, наам менен мансап кубалап жашайм деп айта аласызбы?
- Чынын айтсам, ушул күнгө чейин наамга жулунуп көргөн жан эмесмин. Эгер наамга жутунсам эмгек сиңирген артист деген наамым боюнча жүрө бербейт болчумун. Чыныгы наам деген эл тарабынан эмгегиңдин жогору бааланышында. Ал эми жетекчилик кызмат менен мансапты өйдө жактагылар жөндөм-шыгыңа карап туруп ишеним артып беришсе, моюнга тагылган жоопкерчиликтүү ишти жандандырам, жамаатты алдыга сүйрөп кетем деп келиш керек. Чыныгы жетекчи деген башкарып аткан мекемесиндеги жалпы адамдарга абай мамиле жасаганды, аяр карап алардын ал-абалын айттырбай түшүнгөндү билген чыныгы дипломат болушу зарыл.
- Жетекчилик кызмат чыгармачылыгыңызга кедергисин тийгизбейби?
- Мен жалгызмын. Ал эми жамаатымда 180 адам иштейт. Демек, мен өз көмөчүмө күл тартып жеке кызыкчылыгымды гана ойлой берсем театрда иштеген 180 адамдын көйгөйү, театрдын абалы не болот? Тагылган оор милдетти татыктуу аркалап театрдагы ар бир адамга кам көрсөм, алардын чыгармачылыгынын өсүп-өнүшүнө шарт түзө алсам, анда чыгармачылыгыма кедергисин тийгизсе тийгизсин, асти, театр алдыга суурулуп чыгып кайрадан калкка руханий азык тартууласа болгону. Тилегеним, мен жетектеп аткан учурда жылыштар болуп, артымдан жакшы гана сөздөр айтылса дейм.
- Демек, чындап эле жетекчилик кызмат менен алпурушам деп чыгармачылыкты токтотууну чечтиңизби? Кийин жылдар жылып, айлар акканда атаңгөрү, ай, жетекчилик деп жүрүп жеке чыгармачылыгымды унутта калтырган турбаймбы деп каңырыгыңыз түтөбөйбү?
- Жок, жана айтпадымбы, эгер театрыбыз элибиздин черин жазып көрөңгөсүн байытса, руханий азык тартуулап болочоктогу жаш муундарыбызды туура жолго салганга өз салымын кошо алса, анан да жамаатыбыз алдыга чыгып кайрадан жаңы жаш таланттарыбыз жарк деп ачылса, алар да илгертен келаткан улуу муундан калган көчтү улантып кете алса эч өкүнбөйм. Колумдан келген салымымды театрга кошуп, жалпыбыз бирге жаңы табылгаларды тапсак деп ниеттенем.
- Сиз бул жакка келгенге чейин эле театр ишмерлери, артисттер эки топко бөлүнүп алып жетекчилери менен келише албай кайым айтышкан учурларына бир канча ирет күбө болуп калдык эле. Мындай көрүнүштөргө жол бербейсизби?
- Мен буга чейин иштеп келишкен жетекчилердин бирди-жарымынын жасаган иштерин териштиргенге акым жок. Ар бир адам өзүнүн кылган ишине өзү жооп берет. Кокус ал кездерде жана сен айткан кайым айтышкандары, нааразычылыктары болгон болсо, мен өткөндөн сабак алып театрда иштеген ар бир жаран менен жакшы мамиле түзгөнгө, алардын ички көйгөйлөрүн колдон келсе чечкенге, ишке болгон көңүлүн жогорулатканга аракет кылышым зарыл. Жетекчи деген жамаатты экиге бөлбөстөн бириктиргенди биринчи орунга коюшу керек. Жалаң эле артисттер эмес техникалык жактан тейлеген жумушчуларга да жылуу мамиле жасап, калыстыкты кармана алса жамаат эки топко бөлүнбөйт.
- Директор болуп келгени ишти эмнеден баштайын деп атасыз? Театрдын жалпы жамааты сиз келгенде кандай кабыл алды? Кабак-кашын карадыңыз да?
- Куурчак театрынан бул жакка которуларда сен туурасында драмтеатрдагы айрым адамдар анча-мынча өйдө-ылдый кептерди айтып атышат дегенин угуп алып мен да жүрөкзаада болгом. Ушул орунга директор болуп дайындалышым менен жалпы жамаатка театрдын режиссеру Шамил тааныштырып киргенде улуу аксакалдар жана орто муундун өкүлдөрү алгач куттуктап, анан директор катары кандай иштерден баштайсың, программаңды тааныштыра кет деп калышты.
- Ал программаңызда эмнелер камтылды?
- Театрдын ичи үч-төрт жылдан бери оңдолуп-түзөлгөнүн жакшы билебиз. Мындан башка да толгон-токой көйгөйлөр бар. Бир канча жылдык бай тарыхы бар театрыбызда не деген улуу залкарларыбыз иштеп кыргызга өлбөс-өчпөс издерин калтырып кетишти. Алардын ысымдары эч качан унутта калбашы керек. Кыргыз театрынын даңазалуу инсандарына жыл сайын бир инсандан тандап алып жаркын элесине арналган иш-чараларды уюштурсак, театрыбыздын архивин толуктап жаңырталы деген ниетте КТРК менен сүйлөшүп тээ илгери тасмага тартылып теледен кеткен ар бир көрсөтүүлөрүбүздү, спектаклдерибизди DVD форматка жаздыртсак, архивибизди жаңылап заманбап шартка алып келсек, мен келгенге чейин ачылып баштаган музейди мындан да кеңейтип айнек витриналар менен жабдып, алардын ичине улуу инсандарыбыздын колдонгон буюм-тайымдарын, кийген кийимдерин, фотосүрөттөрүн, өмүр баяны менен жасаган иштерин жазып театрга келишкен көрүүчүлөрүбүзгө арнап фойебизге музей кылсак дейм. Мисалы, М.Рыскулов, Н.Кытаев, С.Жаманов, А.Кыдырназаров, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Күмүшалиева, Т.Турсунбаева, С.Жумадылов, М.Асанбаев, Т.Бердалиев, К.Досумбаевдердин жана башка ушул театрга эмгегин арнаган инсандарыбыздын колдонгон буюмдарына ушул жерге келген эл күбө болуп, билбеген жаш муундарыбыз окуп көрүп кабардар болушса абдан сонун болмок. Мындан тышкары ушул эле аттары аталган улуу таланттардын элесине арнап театрдын артындагы же алдыңкы тараптагы бош жерлерибизге көчөт тигели, карагайларды, бактарды отургузалы, анан тушуна ар биринин аты-жөнү жазылган белги орнотолу деп атабыз. Убакыт-мезгил өткөн соң ошол көчөттөр дүпүйгөн чоң бактарга айланып, келечек муунубуз улуу адамдардын ар биринин ысымын алып жүргөн бактардын жанында маектешип олтурса жаман болбос.
- Темирлан мырза, "молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" деген макалды кандай түшүнөсүз? Дегеним, искусство өкүлдөрү жалпы массага жарык чачып, өз эмгектери менен адамды алдыга жетелеген чөйрө болуп саналат. Бирок жалгыз гана өнөр-шыгы эмес, күнүмдүк турмушта да адамгерчиликтин чыныгы үлгүсүн көрсөтө албаса, көңүл иренжиткен көрүнүштөрүн көргөн калк биротоло түңүлүшү мүмкүн дегенге кошуласызбы?
- Өнөрпоздордун эмгегине күбө болгон адамдар алгач анын талантына таазим этет. Эми ар кимде бар ар кыял демекчи, биз да кадимки эле адамдардай ката кетиребиз, жаңылабыз. Ошондон улам оңдонуп-түздөнгөнгө аракет кылабыз. Ал эми айрым бирлеринин кемчиликтерине карата өйдө-ылдый сөз айтып айың сөз тараткан адамды мен ички маданияты тайыз адам деп ойлойм. Ар бир пенде өзүнүн баскан-турганына, кетирген кемчилигине жооп берет. Маданият ишмерлери ириде айткан сөзү менен аткарган иштери дал келиши керек. Ал эми бардыгы сыңары эле ката кетирип туруп аны оңдобогон адам алдыга өсүп жетиле албайт. Эси жоктору гана акыл токтото албай, оңолбогон бойдон калышы ыктымал. Бирөөгө жамандык жасасаң, кайра эки эселеп жообун аласың да.
- Сенден да мен кыйынмын деген жагдайга кандай карайсыз?
- Кудайга шүгүр, ыймандай сырымды айтайын, ушул күнгө чейин ичи тарлык деген ит адат менен ооруп көргөн жан эмесмин. Ошон үчүн менден да кыйын, менден да укмуш таланттар артымдан жамырап келсин деп тилейм. Мен гана кыйынмын деп бут тоскон ичи тарларды мен оорукчал адам деп кабылдайм. Бул коомубуздагы эң кейиштүү илдеттердин бири. Мурдунун учунан алысты көрө албагандар гана ичи тар, көралбастык деген ит оору менен оорушат. Бардыгына акылы жеткен адамзат ушул дарттын дабасын таба албай азап чегип келет. Элибиз эзелтен "эрегиштен эр өлөт" деп бекер айтпаган да. Эрегишкенден, бут тоскондон эзели оңолуп кетпейбиз.
- Сиздердин тармакта айлык акы маселеси өтө төмөн экени белгилүү. Айдан айга жетпеген маяна менен чыгармачылыкка болгон дилгирликти жандандырса болобу?
- Жаңыдан союз тарап, кыйын кезеңге кабылган кезде да театр ишмерлери, артисттер өз кесибине болгон сүйүүсүнөн улам ишин таштабай искусство деп жашап келишти. Азыр бизде иштеген адистер эң төмөнү 3500 сомдон баштап 12 миң сомго чейин айлык алышат. Бирок ушул акчага нааразы болуп эч кимиси кол шилтеп басып кеткен жок. Анткени булардын аткара турган кызматы, колунан келген иши, сүйгөнү ушул иш. Сахнадан канагат алып, ошого сүйүнүп, элге руханий азык тартуулаганына ыраазы. Бизде иштеген 180 адамдын 70ке жакыны чыгармачылык менен алектенишет. Албетте, бул акча менен бала-чаканын курсагын тойгузганга болбойт. Актерлорубуз өз айлыктарынан тышкары башка тармактарда да киреше булагын таап, бири киного түшүп, бири концерттерге катышып ырдап, бири тамадалык менен жан багышат. Айрымдарынын жолдоштору башка кесипте иштесе, кай бирлеринин ата-энелери колкабыш кылып уул-кызын ушул кесиптин өтөөсүнө чыкса деп тилек кылышат. Кечке эле ушул калыпта тура бербейт чыгаарбыз. Өлкөбүз өсүп, экономикабыз тезинен гүлдөсө деп биз да ар күнү тилек кылабыз.
- Репертуарыңыздарга кандай өзгөрүүлөр кирмекчи?
- Репертуарыбызга бир жылга беш жаңы спектакль коебуз деп чечтик. Дүйнөлүк, элдик чыгармадан, кыргыз драматургиясынан, комедия, анан балдарды да унутта калтырбай элдик жомоктордун негизинде бир спектаклди алып чыксак деп атабыз. Биз балдар дүйнөсүн унутта калтыргандайбыз. Келечекте коомубуз оорулуу болбосо экен десек, анда бала бакча менен мектеп окуучуларына тарбия берип, улуттук духун ойгото алган оюндар тартууланышы кажет. Бала бакча, мектептер менен келишим түзүп алардын театрга болгон сүйүүсүн ойготолу деп атабыз.
- Эми бир кезде өзүңүз сахнада жараткан ийгиликтерди эстегенде алгач эмнени эске түшүрөсүз?
- 1989-жылдары болсо керек эле, анда мен Көлдөгү театрда иштеп аткам. Ушул азыр мен иштеп аткан борборубузга келип Ч.Айтматовдун "Кыяматын" коюп калдык. Мен башкы каарман Бостонду алып чыктым. Бостондун ролу келген көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, мыкты аткаргандыгым үчүн сыйлык тапшырарда залкар инсаныбыз Сүймөнкул Чокморов өзү чыгып келип колумду бекем кысып кызуу куттуктап, анан мага бир чоң ваза белек кылды. Ошол сыйлык, залкар инсаныбыздын колунан алган ваза, ошол ирмем алигүнчө эсимден кетпейт...

Данияр ИСАНОВ








??.??