presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Биздикилер оор уйкуда
Өздөрү билбегенди өңгөлөр өнүктүрөт
Акыркы кезде айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн чет өлкөдөн келген ар кандай долбоорлор сапаттуу продукцияны чыгарууга жардам берүүдө.19-сентябрда Сокулук районуна караштуу Учкун айылында Чүй облусунун мал өстүрүүчүлөр ассоциациясы "демонстрация күнү" аталыштагы иш-чаранын алкагында БУУнун ФАОсу (Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) аркылуу келген жабдыктар менен малдын тоютун даярдоону тажрыйба жүзүндө көргөзүштү.


Бул уюмдун айыл чарбасын өнүк-түрүү боюнча долбоору Борбордук Азиядагы үч өлкө Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы малдын эттүүлүгүнө көңүл бөлүп, сүт азыктарын көбүрөөк бере турган асыл тукум малды көбөйтүүгө жардам көрсөтүүдө. Тилекке каршы бул өлкөлөрдө малдын сапаттуулугу өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынбай, совет заманы жок болгондон кийин мал элдин колуна өтүп, ар ким өз билгендей бага баштаган.
Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен 2012-жылдан бери иштешип, жакшы ийгиликтерге жетишкен Чүй облусундагы мал өстүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Кумарбек БОРОНБАЕВ ой бөлүштү:
- 2012-жылы Айыл чарба министрлиги, ФАОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Чүй облусунун Искра айыл өкмөтүнүн малчылары, Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтү, Москва районунан Чоң-Арык айыл өкмөттөрү биригип Чүй облустук мал өстүрүүчүлөр ассоциациясын түзгөнбүз. Бул ассоциацияга башында 25 адам мүчө болсо, учурда анын саны 128ге чыккан. Ушул төрт айыл өкмөтүнөн жыйырма беш малчыга Түркиядан келген адистер экологиялык таза мал чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү жана малдын асылдуулугун жакшыртуу боюнча семинар өтүштү. Малды сапаттуу кандай тоюттандыруу керек? Ошол семинарда тажрыйба алышып, ага катышкан малчыларды чыгыш жана батыш зона деп экиге бөлдүк. Искра жана Ново-Павловка айылына атайын кеңсе ачылып, ага эмеректерди жана компьютер сатып берүүгө ушул уюм жардам берди. Учурда ошол кеңседе семинар өтүүгө, тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары 2012-жылы жазында малга аш болумдуу тоюттардын үрөнүн беришти. Алар берген үрөндөрдү эки гектарга айдап, бүгүнкү күндө түшүмүн алып, фермерлерге сапаттуу тоютту даярдоо ыкмаларын окутуп жатабыз. Ошол эле 2012-жылы күзүндө биздин малчылар Түркия мамлекетине барып малды кантип багып, кандай тоюттандырыш керек, асылдуулугун кантип жакшыртыш керек деген темада он эки күндүк семинардан окуп келишти.
Чындыгында Чүйдө жайкысын кургакчылык болгондуктан, айдалган тоют өспөй калбасын деп аларга жасалма сугаруучу техника алынды. Быйыл жазда эки гектарга жүгөрү септик. Учурда жүгөрүнү чаап, силос кылып ачытып жатабыз. Бул уюмдун жардамы менен атайын жүгөрү чаба турган чалгы алдык. Силос малды семиртүүгө жана тоюмдуу болушуна ыңгайлашкан ачытылган чөп. Мурда силос даярдоо үчүн бир ай убакыт кетсе, Түркияга барып, ал жерден үч күндө эле даярдоо ыкмасын үйрөнүп келишти. Силоско чөптөрдү майдалап туурай турган техника да алынып келинди. Негизи жаңы ыкма менен эгилген чөптөрдүн эч нерсеси чыгаша болбойт. Андан тышкары жерди которуштуруп айдоо боюнча эки гектар жерге төөбуурчак, калемпир себилген. Помидор, калемпир, төөбуурчакты түшүмдүү, сапаттуу кантип өстүрүү керек, малды асыл тукумдуу кылып кантип уруктандыруу керек, үй шартында сүттөн кандай азык-түлүк даярдоо керектиги түшүндүрүлүп, окутулуп жатканы айыл чарбасынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болууда дейт Кумарбек мырза.
Андан тышкары Искра айылынан атайын жер бөлүнүп, сүт кабыл ала турган цех курулган экен. Ал цехке сүт муздата турган танкер лабораториясы менен алыныптыр. Буга эки тонна сүт батат. Сүттү кайра иштетип, сыр чыгаруучу ишкана да ачылган. Бул жердеги кызматкерлер сыр жасоонун ыкмаларын үйрөнүп жатышат. Негизи Түркияда сүттөн 370 түрдүү азыктарды чыгарат тура. Эгер биз да ошол багытта иштеп, 2012-жылдан 2017-жылга чейинки келечектүү иш пландарды түзүп, малдын асылдуулугун жакшыртууну колго алсак, айылдагы карапайым эл өкмөттү карабай жашоо-шартын жакшырта алышат дешет малчылар.
Чет өлкөлүк долбоорлордун жардамы менен айыл чарба жылдагыга караганда кыйла жогорулаганы байкалууда, эң негизгиси элибиз жалкоолонбой, өзүбүздүн кара жаныбызды тың баксак болбодубу дешет жаны тынбаган карапайым эл. Бул уюм айыл чарбасындагы бардык көйгөйлөргө, атүгүл малдын жайыттарына да жардам берип жатат. Жардам берип жаткан донорлорго ырахматтан бөлөк эч нерсе айталбайбыз дешет айылдык фермерлер.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Тарзаман
Чуусу тыйылбаган курултай

23- сентябрда Чүй облусунун Сосновка постунда рейд учурунда милиция кызматкерлери тарабынан "Инфинити" үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын ичинде "Жаңы муун" кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков, "Кырк Чоро" коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев болушкан.
Талас облусунун жашоочуларын жыйнап курултай өткөрүүнү максат кылган жаштар үч маселени көтөрүшмөк. Чек ара, суу жана кен байлыктарга байланышкан суроолор. Кыймылдын лидерлери азыркы күндөгү мамлекетте болуп жаткан коруппциялык иштер боюнча, газ маселесине байланышкан фактыларды атайын гезит кылып басып чыгарышкан. 1000 нускадагы гезитти басмаканадан алып чыккандан тартып алардын артынан аңдуу башталган. Сосновканын постунда кыймылдын лидерлерин жыйырмадан ашык граждандык кийим кийген куралчан адамдар токтотуп документин алып, унааны тинтүүгө алышкан. Гезиттерди посттон алып калып, беш сааттан кийин документтерин кайтарып беришкен экен. Азыркы тапта кыймылдын лидерлери Талас шаарында жүрүшөт. Болгон окуя тууралуу "Жаңы муун" кыймылынын лидери Мавлян Аскарбековго байланышып төмөнкүдөй маалыматты алдык.
- Азыр Талас шаарынын мэри, облустун губернаторуна келип жыйын өткөрүүнү пландап жатабыз. Жыйын эмес курултай өткөрүүнү максат кылганбыз, бирок курултайга байланышкан документтердин баарын милиция кызматкерлери мыйзамсыз алып койгондуктан ал максатыбызга жетпей калдык. Бул жактан да баскан-турган издерибиз кайтарууга алынып, бандит же спортчу экени белгисиз топтошкон адамдар коркутуп ойго келбеген сөздү айтып жатышат. Жергиликтүү милиция бөлүмүнөн чакыртышып суракка алып, убакытты өткөрүп кысым көрсөтүлүүдө. Бийлик, милиция тарабынан ушундай кысымга алынып жатканда кимден колдоо күтөөрүңдү билбейсиң. Биз эч кандай мыйзам бузууга барган жокпуз. Басылган гезиттерде буга чейинки болуп жаткан фактылар гана жазылган. Сосновка постунда берген суроолору, толтурган протоколу жок эле басылмаларыбызды алып коюшту. Бул мыйзам бузуу эмей эмне?
ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай АБДРАИМОВ:
"Эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок"
- "Жаңы муун" кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков айдап бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп унаасынан баракчалар табылган. Ал баракчаларды Аскарбеков өз эрки менен өткөрүп берди. Бизге буга чейин чагымчыл маанайдагы баракчалар чыгарылды деген маалымат келип түшкөн. Биз ошонун негизинде гана иш алып бардык. Ал баракчалар азыр экспертизага жөнөтүлдү.
1 млн. 700 миң доллар кайда?

ельта-Восток" коопсуздук кызматкерлерине 23-сентябрда кол салуу болуп, агенттиктин башчысы 47 жаштагы Николай Гумнов каза болгон.
Свердлов РИИБине 23-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүнүн №224 үйдүн жанында атышуу болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери атышуу болгон жерге барганда кылмышкерлер эбак изин сууткан. Атышуу болгон жерде жарадар болгон эки адам менен Н.Г.нын жансыз денеси табылган.
Фирманын 56 жаштагы В.С. аттуу кызматкери оор жараат менен Чүй облустук бейтапканасынын реанимация бөлүмүнө түштү. Окуяга күбө болгондордун айтуусунда, үч кызматкер "Хонда Едикс" жана "Ниссан Террано" үлгүсүндөгү унаа менен Гумновдун үйүнө келишкен. "Хонда Едикс" унаасында Н.Г. жана Р.Д. бар болсо, аларды артынан "Ниссан Террано" унаасы менен В.С. коштоп келе жаткан. Эшиктин алдына токтоору менен кызыл түстөгү "Гольф 3" үлгүсүндөгү унааны айдаган кылмышкерлер үй тарапка ок жаадырышкан. Качан гана үчөө эс-учун билбей жыгылганда "Хонда Едикс" унаанын ичиндеги 1 миллион 770 миң доллар жана 6 миң еврону алып качышкан.
Тергөө учурунда кылмышкерлер айдап жүргөн унаа Е2433 мамлекеттик номуруна катталганы белгилүү болду. Бирок ал номурдун ээси М.А. аталган номурду үстүбүздөгү жылдын 2-июль күнү үйүнөн уурдаткан экен. Кылмышкерлер экинчи "Ниссан Терранодогу" 1 миллион долларды алууга үлгүрүшкөн эмес. Эки унаанын ичиндеги акча Түркиядан товар ташып саткан жеке ишкерлерге таандык болчу. Тонолгон фирманын кызматкерлери буга чейин инкассаторлук иш менен алектенип келишкен.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА









??.??