presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Окуучулар 10 сом бербейт
Буга чейин Бишкекте кенже класстагы окуучу балдар автобус, кичавтобустарга 5 сом жол кире төлөп келишкен. Сентябрдан тарта айдоочулар күйүүчү майдын кымбаттыгынан улам кенже класстардын окуучуларынан 10 сомдон жол кире ала башташкан эле. Бул коомчулук арасында нааразычылыкты жаратып, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда жаакташуулар да күчөп бараткан. Кечээ Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалар менен сүйлөшүп, кенже класстар үчүн жол кире мурдагыдай 5 сомго түшүрүлгөнүн кабарлады.


Ушундай ууруну кармай аласыңарбы?
Жалал-Абадда уюлдук компаниянын эсебинен акча чыгарып алган жергиликтүү тургун изделүүдө. Жалал-Абад шаардык милициясынын начальниги Мирлан Ниязалиевдин айтымында, бир нече күн мурун эсебинен ири сумма жоголгон уюлдук компания өкүлдөрү аларга кайрылышкан. Жогорку технология колдонгон кылмыш боюнча адистер жок болгондуктан милиция кызматкерлери көп убакыт шектүү адамды издешип, акыры бир суткада 20 сим-карта алмаштырган 21 жаштагы шаар тургунуна токтолушкан. Анын үйүн аңдууга алганда ар бир 10-15 мүнөт сайын ага балдар кирип-чыгып турушкан. Шаардык прокуратуранын уруксаты менен үйгө кирүүгө аракет кылышканда аларга ошол жердеги балдар каршылык көрсөтүшкөн. Ошол маалда шектүү адам качып кеткен. Тинтүү убагында көп жылдан бери Россиянын жараны болгон адамдын паспорту табылган. Ал уурдалган акчаларды чет өлкөлөрдөгү банктарга которуп ошол жактан алып турган. Адистер эми ал акчаны кайтарып алуу кыйын болот дешүүдө.


Батукаев үчүн Башпрокурор
Депутат Исмаил Исаков кечээ парламенттеги өкмөттүк саатта кримавторитет Азиз Батукаевдин кое берилиши боюнча Башкы прокурор Аида Салянова менен Нарын сотунун судьясы жооп бериши керектигин билдирди. Буга жооп катары вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Батукаев боюнча иликтөө иштери Башкы прокуратура менен УКМКга тапшырылганын жана буга өкмөт кийлигише албастыгын айтты. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев болсо бул ишке катыштыгы бар делген Абдылда Суранчиев, Шамил Атаханов, Динара Сагынбаева, Зарылбек Рысалиевдер кызматынан бошотулганын билдирди.










??.??