19.09.14 Коомдук ишмер Мамат АЙБАЛАЕВ:
"Чек ара маселеси тезирээк чечилбесе Баткен эли Чүйгө көчүп кетет"

(Уландысы. Башы өткөн санда)

- Кыргызстанда өзбек, тажик анклавдарынын жайгашышы, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик айылдарынын ашташып калышы союздун атайын саясатынан улам болгон деп жүрүшөт...
- Жок, эч кандай андай саясат болгон эмес. Менимче тажик, өзбектер дипломатия жагын жакшы өздөштүрүшкөн. Алар калкыбыздын саны өсүп жатат деп Москвага тез-тез кайрыла берип Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан биртоп аймактарды ээлеп алышкан. А кыргыз жетекчилери буга каршылык көрсөтүп, жер берүү туура эмес дебей жерлерди бере беришиптир. Ошентип биз 90-жылдарга чейин жерлерибизди алдырганбыз. Эсимде, 1990-жылы мен Мамлекеттик пландоо комитетинде иштеп турганда Самаркандек менен Чорку айылынын ортосундагы 80 гектар жер тажиктерге берилген. Бул архивдик документтерде бар.
- Сиз чек ара түйүнүн чечиш үчүн өзбек, тажиктер менен жер алмашпасак болбойт деп жатасыз. Канча жылдан бери ошол жерди мекендеп келаткан өзбек, тажик, кыргыздар буга макул болушабы?
- Азыр Кыргызстан Орто Азиядагы эң алсыз, чабал өлкөлөрдүн бири болуп калды. Өзбекстан менен теңтуш боло албайбыз, Тажикстандын калкы 8 миллиондон ашты, Түркмөнстан да өнүгүп жатат. Мына, Ташкент беш айдан бери газ бербей койду эле, кат жазып да сүйлөшө албай жатабыз. Ошондуктан жерлерди алмашууну президенттер гана чечиши керек. Союз кезинде тажик, өзбектер кандай гана жетекчи болбосун анын айтканын угуп, ага баш ийип, бийликтин айтканы менен болушчу. Бүгүн да аларда ошол менталитет сакталып турат. Эгер биз алардын жетекчилери менен тил табышсак өзбек, тажик элинин 90 пайызы жетекчилеринин айтканына макул болот.
- Былтыр сиз чек арага жакын кыргыз айылдарында спорт клубдарды ачып, балдарды машыктырып, аңчылык, мергенчилик кылып жүргөн, мекенчил адамдарга мыйзамдуу курал берип, аларга чек арачы статусун бериш керек дедиңиз эле. Муну бийликтегилер кандай кабыл алышты?
- Бул ойду айтканда түшүнбөгөндөр мага карата катуу сын айтышып, мен аларга жооп кайтардым. Талас, Көл, Нарында милиция кызматкерлери, чек арачылар жүз пайыз ошол облустардан. А Баткен милициясында, чек арасында баткендиктер жыйырма пайызга да жетпейт. Мен Баткендеги милиция, чек ара кызматындагылардын 60-70 пайызын жергиликтүү элден алып, кийин аны жүз пайызга жеткириш керек деп жатам. Себеби жергиликтүүлөр тажик тилин жакшы билишкендиктен тажиктерде эмне кеп-сөз, аракет болуп турганын жакшы байкап турушат. Жергиликтүү кыргыздар илгертен өзбек, тажиктер менен канчалык камыр-жумур болбосун аларга өтө ишенип, берилип кетишкен эмес. Анткени коңшулардын көздөгөнү эмне экенин жакшы түшүнүшкөн. А башка жактан келгендер болсо өзбек, тажиктердин ашын жеп, арагын ичип алардын айтканына макул болуп баса бериши мүмкүн. Мындан сырткары Баткенде мергенчилерден, мекенчил жаштардан атайын атчан топторду (дружиналарды) түзүүбүз керек. Алар айыл өкмөттөрдүн көлөмүнө жараша он-он бештен бөлүнүшү керек. Бул колго алынса аябай жакшы болмок.
- Атчан топ деп тоолуу аймактарды эске алып жатасыз го?
- 90-жылдагы Ош окуясы болгондон кийин Ош шаарындагы кыргыз-өзбек мамилесин жакшыртыш үчүн, абалды турукташтырыш үчүн Кыргызстан коммунисттик партия пленумунун мүчөлөрү аймактарга бөлүштүрүлгөн. Мени Ошко чегеришти. Ошто мен, Ош шаарынын коменданты (полковник, полк командири), облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары Жураев үчөөбүз бирге жүрүп калдык. Ошондо мага Жураев Ош окуясы болгон күнү Ноокат жактан бир жарым миң, Алай, Кара-Кулжа жактан миңдеген атчан кыргыздар келип полктун күчү менен токтотулуп калганын айтып, полк болбогондо атчан кыргыздар далайыбызды чаап кетмек деп жатпайбы. Ошондуктан биздин атчан жүргөнүбүз чоң артыкчылыгыбыз. Баткен тоолуу район, а ат менен тоо арасында кандай болсо да жүрө берсең болот. Тоо арасын жергиликтүүлөр коен жатагына чейин жакшы билишет. Ошондуктан жергиликтүү тургундарды чек ара кызматына, милицияга канчалык көп тартсак коргонууга ошончолук даяр болобуз. Мындан кыйкым издөөнүн кереги жок. Биз эмес тээ XIV кылымда өткөн Италиянын мамлекеттик ишмери Макиавелли "тынчтыкты кааласаң согушка даяр бол" деген. Муну мен Баткенде губернатор болгон кезде Акаевге кайра-кайра айткам. Кокус чек ара боюнча согуш чыгып кетип ошол жердеги эл кырылып калса бийлик керт башы менен жооп берип калат. Эгер эл үчүн иштейм деген элеттиктерди куралдандырып койсок кайсы душман болбосун алар татыктуу жооп берет дагы, эч кимге уттурбайбыз.
- Акыркы эки-үч жылда өзбек, тажиктер чырды биринчи баштап ок чыгарып жатышат. Негедир аларды өзбек, тажик бийлиги же ортодо бирөөлөр шыкактап жатышкандай?
- Мунун бир себеби өзбек, тажиктер жыл санап көбөйүп баратат. Экинчиден, аларда баарыбир кыргыздар бул жерлерден кетет биз ээлеп калабыз деген идеология бар. Анткени кошуналар Кыргызстандагы миграцияны, кыргыз бийлигинин элди колдобогонун көрүп турушат. Ошондуктан Лейлек, Баткен, Кадамжай райондоруна өзгөчө көңүл бурулуп, тезирээк чек аралар такталып, бекитилбесе жергиликтүү эл Чүйгө көчүп кетет. Себеби алардын айрымдары бул жакка келип жакшы жашап жатышат. Жакында Дордой базарынын желкесиндеги Ак-Жар деген жаңы конушка конокко чакырышты. Барсам жалаң самаркандекдиктер жашайт экен. Самаркандектин өзүнө барып анчалык элди көргөн эмесмин. Дагы бир күнү куран окутушуп аэропорттун жанындагы Карл Маркс айылына чакырышты эле барсам жалаң Кулундудан келген лейлектиктер экен. А Россияга канчалаган баткендиктер кетип калды. Кеткенде да Чүй, Россияга жалаң активдүү, тың, эмгекчил азаматтар кетип калып жатат. Айылдарда болсо консервативдүү, өз жеринде тынч жашагысы келген, көп деле өзгөрүүүнү каалабагандар калып жатышпайбы. Тажиктер болсо жылдан жылга өсүп, көбөйүп биздин эсебибизден жерлерин кеңейтип жатышат. А кыргыздар ар кай жакка тентип, Россияда балдарын балдар үйлөрүнө таштап жатышат. Тажик, өзбектерде болсо балдарын ар кай жерге таштоо жокко эсе.
- Чек араларды тактап бекитсек суу маселеси да чечилеби анан?
- Албетте чечилет. Анткени ошол жерлерде суу каналдары бар. Алсак Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө суу тартыш. Себеби ал жакка барчу суу каналы Тажикстандын Мачайы айылынан өтөт, а Мачайыга эч ким кире албайт. Канал тазаланбагандыктан, мачайылыктар сууну көп колдонуп койгондуктан Самаркандек, Ак-Татырга канал аркылуу секундасына 1,2 куб гана суу өтөт. Самаркандекке барсаңар суу өтө тартыш. Мага качан суу келет деп убакытын карап отурушат. Өрүк бактар куурап жатат. Союз кезинде узундугу 4,2 чакырым тоннель долбоорлонгон эле. Ал курулбай калды. Ал тоннель-канал секундасына 3 куб суу өткөрүүгө ылайыкташылган. Губернатор кезимде мен каналды 15 кубга көтөрүш керек дегем. Эгер ал тоннель-канал кеңейтилсе Шурабдын "Один/пять" деген шахтасынын жанына чейин суу барат дагы 3,5 миң гектар жерди өздөштүрүүгө болот. Ошондо ар бир жашоочуга жарым, бир гектардан жер берип, элди кармап калсак болот. Лейлектеги Козу-Баглан дарыясында суу сактагычтын долбоору бар. Аны сөзсүз куруш керек. Ал курулса 8-10 миң гектар жерди өздөштүрүп, ал жерге Лейлек районунун эки-үч айылын отурукташтырса болот. Буга каражатты аябай ишке ашырып алсак, Баткен облусун бекемдеп, элдин жашоо-турмушун да кыйла жакшыртып алат элек. Анткени мамлекеттин жалпы жашоосун орто деп эсептесек Баткен элинин жашоосу андан да төмөн. Кедей жашагандар абдан көп. Себеби ал жакта киши башына 2 сотыхтан эле жер тийген. Бир үй-бүлөдө төрт-беш киши болсо 10 сотых эле жер тийген. А Чүйдө 100-200 гектарга чейин жер алган үй-бүлөлөр бар. Ушуну башка облустар да туура түшүнүп, 5-6 жыл өкмөттөгү негизги ресурсту Баткен облусуна жумшаш керек. Ошондо суу, жер көйгөйү жеңилдеп, он-он беш жыл ичинде толук чечилип калмак. Чек ара, суу көйгөйүн бүгүн эле чече калабыз дегендер айыл чарбада, экономикада иштебегендер. Буга чоң мээнет, узак убакыт, талбаган аракет талап кылынат.
- Ошол аракеттин негизгиси кайсы?
- Өлкө экономикасы оңолуш үчүн эң алгач уурдатканды токтотушубуз керек. Мына ширшовдук схема, балакет схема деп жатып, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суу жок калды. Эл арасында сууну өзбектерге берип коюшкан деген сөз чыгып жатат. Энергетика минстри өзү көмүр жакканга өткөн түр көрсөттү. Бирок эл ага ишенген жок. Минтип элдин башын айлантпай суу саткандарды соттош керек. Уялбай кайра Тажикстандан электр энергиясын сатып алабыз дешет. Тажиктер электр тармагын калыптандырыш үчүн эмне деген гана кыйынчылыктарды баштан өткөрүштү. Ошолорду көрүп туруп элди ушул акыбалга алып келип такадык. Бул аз келгенсип тарифти көтөрүп жатабыз. Бул таптакыр туура эмес саясат. Ири ГЭСтерибиз болгон соң элди арзан баадагы электр энергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Керек болсо энергетика тармагындагы жетекчилердин чыгымын тыкыр эсептеп, бөлүнгөн акчага керектүү жабдык-тетиктер сатылып алынып жатабы же жокпу текшерүү зарыл. Бизде минтип текшермек тургай ар кандай тендерден, жашыруун схемалардан акча жасагандарга бийлик тоскоол боло албай жатпайбы. Мына, арабдар нефтиден түшкөн акчаны элине жумшап жатышат. Түркмөн бийлиги элге суу, газды бекер берип элдин камын ойлоп жатат. Менимче өкмөт 3 фазалууларды кеспей эле казактардан кымбат болсо да электр энергиясын сатып алып аны пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар байларга сунуш кылыш керек. (Мамат Айбалаевдин мындан башка дагы айтып бергендерин kabar.ordo сайтынан окусаңыз болот)

Мелис СОВЕТ уулу