19.09.14 Айланайын, абайла
Тик учак жок үчүн тилсиз жоо күч

Кыргыз өлкөсү тоолуу болгондуктан сел, кар, жер көчкү, жер титирөө коркунучу көп кездешет. Буга чейин калк отурукташкан аймактарда ар кандай өрт кырсыктары болгон болсо, быйыл кургакчылыктан улам жайыттарда, тоолордо масштабдуу өрт чыгып, элди, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин (ӨКМ) биртоп убайымга салды. Өрт өчүрүүчү тиешелүү жабдыгы бар тик учактар жок болгондуктан убакыттан уттуруп, өрт чыккан аймактарда жүздөгөн гектар аймактар күйүп кетти. Анын ичинде күзгү кургак чөп, жапайы бадал, карагай, алтургай алма бак аянттары да бар. Баарынан өкүнүчтүүсү тилсиз жоо бир нече адамды да ала кетти.

ӨКМдин Өрткө каршы күрөш мамлекеттик кызмат агенттигинин директору Нуржан Осмоналиевдин айтымында, 2014-жылдын сегиз ай ичинде 2904 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен 592 өрт кырсыгы ачык аянттарда болгон. "Быйыл кургакчылыктан, адамдардын кайдыгерлигинен улам республика боюнча өрт кырсыгы 45 пайызга көбөйүп, ачык аянттарда болгон өрттүн 31и тоолордо, 15и жайыттарда болду. Тоо, жайыттарда болгон өрттүн жалпы материалдык чыгымы 4 млн. сомдон ашты. Алсак Нарын облусунун Кичи-Орток тоосунда 80 гектар жайыт чөбү, 20 гектар карагай күйдү. Аны өчүрүүгө токой чарбаларынын, ӨКМдин, биздин кызматтын кызматкерлери жана айыл тургундарынан жалпы 500дөй адам катышты. Ошондой эле 25-августта Чүй облусунун Арашан айылынын Кара-Кыя коктусунда өрт чыгып 113 гектар кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. Өрттү бир жума ичинде өчүрдүк. Мындан сырткары Ысык-Ата районунун Ивановка айылына караштуу Туюк коктусунда 800 гектардай кургак чөп бадалдарды тилсиз жоо алып кетти. Ошондой эле 11-сентябрда Жумгал районундагы Каныш капчыгайында 600 гектарга жакын бадал, жапайы чөп аянты күйүп кетти. Өкүнүчтүүсү, ошол жерден өрт өчүрүп жаткан биздин кызматкерибиз Алтынбек Дүйшөналиев, Мамлекеттик каттоонун кызматкери Абаскан Нуралиев оор жаракат алып каза болду. Кыргызстандын аймагынын 90 пайызы тоолуу болгондуктан өрттү өз убагында өчүрүү кыйын болуп жатат. Машине жеткен жерден өрт чыккан жерге чейин бери болгондо алты-жети чакырым. Ал жерге жергиликтүү кошундар, биздин кызматкерлер, токойчулар жөө-жалаңдап жеткиче эле бир-эки саат өтүп кетип жатат. Өрттү өчүргөндө да жалаң кол шаймандары менен өчүрүп жатабыз. Албетте, атайын өрт өчүрүүгө ылайыкташкан тик учактар болуп калса жакшы болмок жана болуп калар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде вертолет бар же жок экенин билбейм. Болгон күнү да тик учактын өрт өчүрүүчү атайын жабдыгы болушу керек. Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда биргелешип тилсиз жоону токтотуу келишими бар. Бирок алар да быйыл өздөрүндөгү өрттү өчүрүүгө араң жетишип жатышат. Ошого карабастан биздин кызматкерлер эки-үч күндүн ичинде болсо да өрттү жайылтып жибербей, болгон аракетин жумшап жатат" дейт милициянын полковниги Нуржан Осмоналиев.
Жогоруда айтылгандай, быйыл тилсиз жоодон келтирилген зыян оңой болгон жок. Нуржан Осмоналиев айткандан сырткары Тогуз-Торо, Кара-Суу, Жайыл райондорунда жана республиканын башка аймактарында да жүздөгөн гектар жерлер күйүп кеткен. Эсептеп көрсөк айрым жерлерде өрттү өчүрүү бир жумага чейин созулуптур. А өрт бир күн эмес бир мүнөттө канча жерге жайылары баарыбызга белгилүү. Андыктан ӨКМдин ММКларга берген маалыматтарындагы өрт каптаган аянттар андан да көп болушу толук мүмкүн. ӨКМге караштуу Өрткө каршы күрөш мамлекеттик кызмат агенттигинин директору Нуржан Осмоналиевдин айтканын таразаласак, өрт өчүргүчтөргө тоо, жайыттардагы өрттөрдү жөө барып, кол менен өчүрүү өзүнчө азап. Муну 2012-жылы "Парус" гезитинин сайтына Билимбай Хайтеков аттуу өрт өчүргүч да жакшы сүрөттөп берген. Ал өз макаласынын аягында кыргыз ӨКМи азыр эл аралык гранттардын, донорлордун эсебинен жашап жатканын да ачык жазган. Ал эми өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Давлетбек Алимбеков болсо 2012-жылы кыргыз-казак чек арасында өрт чыгып, аны кыргыз тарап чакалап өчүрө албай, Казакстан вертолету өчүргөнүн айткан. Буга улай ал өрт өчүрүүчү тик учак керек экенин айткан. Ошондой эле министр орунбасары Россия гуманитардык жардам катары берген вертолет 2011-жылга чейин Афганистанга саатына 2 миң 300 сомдон коммерциялык каттоолорду жүргүзүп турганын, кийин ал бузулуп калганын айткан. Ошол эле министрдин орунбасары катышкан "Республика" фракциясынын жыйынында депутат Исхак Пирматов ӨКМ алдындагы авиациялык мекеменин жамааты бир жылдан бери эмгек акы алышпаганын, мекеме жетекчиси да эбак кызматынан бошоп кетип, ишканада башаламан экенин ортого салган. Ага удаа эле Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев ИИМ менен ӨКМде тик учак жок экенин ачыктаган. Жакында эле ӨКМдин оперативдүү башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Урматбек Шамырканов болсо ӨКМ өзүнүн келерки жылдык бюджетине вертолет алууну киргизгенин, бирок ага акча бөлүнөр-бөлүнбөсү белгисиз экенин билдирди. Демек, Кыргызстанда азырынча өрт өчүрүүчү бир да вертолет жок. Ажобуз болсо өрт өчүрүүдөн каза болгон ӨКМ, Мамкаттоо кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 100 миң сом берүү менен алек. ӨКМдин Чүй облусу боюнча жетекчиси Жамбул Жумагулов болсо өзгөчө кырдаалдар убагында аны жөнгө салуу жана өз ара кызматташуу эл аралык келишими бар экенин, бирок аны иш жүзүндө колдонууга жол бере турган мыйзамдык актылар жок экенин айтат. Бул кокус Кыргызстанда өтө масштабдуу өрт чыкса эч ким жардамга келбей, өзүбүз да өчүрө албай жалдырап туруп беребиз дегенди билдирет.

Мелис СОВЕТ уулу



Өкмөт иш таштоону күтүп жатабы?
Мугалимдерди мандикерге айлантпагыла!
Билимдин башаты, өзөгү болгон мугалимдердин бүгүнкү күндөгү абалы кыйын. Башыбызда турган базар экономикасы алардын кыйын жашоосун күндөн күнгө курчутуп турган кези. Чыдамкайлыктын да чеги болот, биздин чегибиз ушул деп өкмөткө коңгуроо кагып отурушат. Эгер өкмөт 2015-жылы айлык акыны төмөндөн орто деңгээлге көбөйтпөсө, жыл жаңырары менен республика боюнча мугалимдер массалык иш таштоого камынууда.


Агартуучулар акыркы жолу айлык акынын аздыгынан 2011-жылы апрель айында нааразычылык акциясына чыгышкан. Андан бери айлык акы көтөрүлдү деген сөз ооз көптүргөн куру статистика экени 16-сентябрь күнү өткөн жыйында маалым болду. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин демилгеси менен "тегерек үстөл" өттү. Бюджеттен билим берүү тармагына 2012-жылы 21 млрд. 709 миң сом бөлүнсө, 2013-жылы 23 млрд. 293 миң сом бөлүнгөн, ал эми 2014-жылы 20 млрд. сом берилген. Жыл сайын азайып жаткан мындай көрсөткүч билим жаатында эмгектенген кызматкерлерди кооптондурууда. Орто жана жогорку окуу жайдын мугалимдери 10 миң сом айлык алат деген акылга сыйбаган факт. Иш жүзүндө мугалимдердин көпчүлүгү орточо 4 миң сомдон 6 миң сомго чейин айлык акы алышат. Тикесинен тик турган бир сааттык эмгеги 45-32 сомго бааланат. Дагы бир нааразылык жараткан жагдай, акыркы жылдары мугалимдин эмгек тажрыйбасына карабай, иштеген саатына жараша акы төлөнүп жатканы. Республика боюнча мугалимдердин 65%дан ашуунунун категориясы бар. Бирок алар кечээ мектепке жаңы орношкон жаш мугалим менен тең айлык алышат. Мисалы, айыл жергесиндеги жогорку билимдүү, он жети жылдык тажрыйбасы бар физика сабагынын мугалими бир жумада 22 саат сабак, андан сырткары окуучуларды кошумча окутуу, класс жетекчилик милдетти өзүнө алганда бир айда 7600 сомдун тегерегиндеги маяна алат. Ошондой эле иштеген тажрыйбасы эки жылдык жаш кадрлар деле 7500-8000 сом акы алышат. Адистердин мындай нааразычылыгына Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов "категория деген нерсе алынганы жөндүү. Статистикага таянсак категориясы бар мугалимдердин саны арбын. Бирок ага карабай билим берүүнүн сапаты кескин түшүп кетти. Анын жыйынтыгы республикалык тестирлөөнүн негизинде билинип жатат" деген пикирин билдирди.
Борбордогу №68 мектептин орус тил жана адабият мугалими Айсара Жунусова учурда өз кесиби менен эмгектенет. "2011-жылы жолдошум менен Россияга иштегени кеткем. Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү деген маалыматты укканда кайра келдим. Бирок күткөнүм акталган жок. Чиновниктер оозду толтуруп айлык мынча эсе көбөйдү дебей, айлык аз-маз же болоор-болбос көбөйдү дешсе мага окшогон мугалимдер мынчалык үмүтүн артпайт эле" деген нааразычылыгын жашырган жок. Ал эми жогорку окуу жайды жаңы бүтүп англис тил сабагынан окуткан Мээрим Рысалиева "жаш кадрларды тартуудан мурда кызыктырарлык эмгек акы коюш керек. Базар экономикасында биздикиндей айлык акы менен күн көрүү кыйын. Эң жөнөкөй эле мисал келтирсем, жашоого керектүү азык-түлүктөрдүн негизгилерин гана албасак, калгандары кыялыбызда гана жашайт" дейт.
Жыйында Каржы министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине көп доомат коюлуп, суроолор берилди. Бирок министрлер өздөрү келбей өкүлдөрүн жиберген экен. Мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө деген суроого Каржы министринин орунбасары Арзыбек Кожошев жер тепкилеп ыйласак да биз кыялданган бюджет жок экенин, мугалимдин айлык акысын бир канча эселеп көтөрүүгө жакынкы айларда мүмкүнчүлүк болбосун билдирди.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ,
ЖК депутаты:
"Агартуучулар өкмөткө нааразы"
- Биз бул көчмө жыйынды өткөрүп жатканыбыздын себеби, мугалимдердин эмгегин татыктуу баалоо. Жайы бою комитеттин курамы менен республикадагы окуу жайларды кыдырып чыкканбыз. Билим тармагында иштеген адистердин өкмөткө болгон нааразычылыгы абдан күч. Мисалы, бүгүнкү күндө мугалимдин бир айлык эмгек акысы 5805 сом болуп жатат. Айыл жерде иштегендер 8946 сом алышат. Бул чоң сумма эмес, башың менен жер казгандан кийин ушул айлыкты аласың. Айлык акынын аздыгынын айынан Балыкчы шаарында мугалимдер эскертүү ниетинде иш таштоого барышты.
- Министрликтердин бул маселени чечүүгө чамасы келчүдөйбү?
- Менин көтөргөн суроо-талабыма Билим берүү министрлиги жооп берди. Мугалимдин негизги талабынын бири - категорияларын кайтарып берүү жана ошого жараша айлык акыны көтөрүү болуп жатат. Көп жылдык тажрыйбасы бар мугалим менен кечээ жогорку окуу жайды бүтүп келген адистин айырмасы асман менен жердей. Министрлик болсо категория боюнча айлык акыны көтөрүү деген сунушуңар колдоого алынбайт, анткени он сегиз жылдан бери мугалимдер категориясына жараша айлык акы алып келишкен, бул метод өзүн-өзү актаган жок деген жообун беришти. Албетте, категорияны мугалимдин иш тажрыйбасына карабай тууганына, кошуна, кудасына оңго-солго таратып жатса баркы кетет. Министрлер комитеттин жыйыны болобу, ушул өңдүү "тегерек үстөл" болобу, орунбасарларын жиберип койгонду адатка айлантты. Орунбасарлар эмне маселе чече алат? Канат Садыков азыр ооруканада жатыптыр. Каржы министри эмнеге келбейт? Вице-премьер-министр Эльвира Сариева жыйырма жыл мурдагы маселени чечүүгө Швейцарияга учуп кетиптир. Мен илгери жогорку окуу жайды бүткөндө лаборант катары иштечүмүн. Профессорлордон арткан бир-эки саат сабак болсо иштеп калчумун. Тамашалап мандикермин дечү элем. Азыр мугалимдин баары мандикер болуп директордун колун карап отурушат.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА