presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Ким министр болот?
Ошентип коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп, "эсил кайран маданият, оой" деп өкүрткөн Маданият министри Камила Талиева жума башында кызматынан алынып, орду бош калды. Учурда "Ар-намыс" фракциясына министрлик орун үчүн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын режиссеру Алтынбек Максүтов менен Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева арыз бергени айтылса, коомчулукта Маданият министрине Садык Шер-Нияз, Султан Раев, Кубат Оторбаев, Ташбоо Жумагулов татыктуу деген ойлор айтылууда. Бүгүн аталган фракция министр болууга ниетин билдирген талапкерлердин оюн угуп, бирөөсүн тандайт. Эл ичинде министрликке Садык Шер-Ниязды ылайык көргөндөр арбын экени байкалат. "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей, "Ар-намыс" эми маданият башына дагы бир маданиятты түшүнбөгөн тил алчаакты жетелеп келбесе болгону.


Сапарбек салган чуу
Гезитибиздин №36 (219) санына "Түндүк-электр" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргымбаев менен "ЭСМ-СИ" ЖЧКсынын башчысы Бийназар Бердикеевдин энергетикадагы коррупция боюнча айткан фактыларын жарыялаганбыз. Гезиттеги бул материал Ак үй, Көк үйдө чоң талкуу жаратып, Эсептөө палатасы "Түндүкэлектр" ААКсынын үстүнөн арыз жазып прокуратурага өткөрүүгө камданып жатканы маалым болду. Ошондой эле бул материалдагы Сапарбек Аргымбаевдин "Электросила" ЖЧКсынын башчысы Али Водянов тууралуу айтканы Ак жар жаңы конушундагы элдин нааразычылыгын жараткан. Нааразы болгон эл бул боюнча ачык, так, туура маалымат беребиз деп редакция менен байланышты. Кийинки санда бул боюнча үчүнчү жактын маалыматын беребиз.


Токтогулду тооругандар кантип билинет?
Депутаттар эми эсине келишкенби, кечээ "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешов өкмөттүн күзгү-кышкы отчетун угуп жатып, Токтогул суу сактагычына видеокөзөмөл коюуну сунуштады. Депутат суу сактагычтын суусу сатылып жатат деген маалымат бар экенин, ошондуктан суу сактагычтын шлюздары кантип иштеп жатканын көрүп туруу үчүн видеокамераларды коюу ашыктык кылбастыгын, мамлекетте ага акча жок болсо жеке ишкерлер өз эсебинен аны коюп берүүгө даяр экенин кабыргасынан койду. Буга жооп кылып өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев суу сактагычтагы суу көлөмү менен иштелип чыккан электр энергиясын эсептей койсок эле канча суу сарпталганы чыгып каларын жана ал көрсөткүч бул жерде кызыл кулактык кылууга болбой турганын көрсөтөрүн ортого салды. Ай, ким билет...

"Жаңы Агым" - пресс









??.??