12.09.14 Көч башы...
Көргөзсө болот экен го?!

Болгонунан да болмогу узун жомокко айланып, талаш-тартыштардын темасы болгон Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюну 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өзгөчө шоу, шаң-салтанат менен эшигин ачты. Жалпысынан 17 мамлекеттен расмий өкүлдөр менен 300гө чукул спортчулар катышкан бул эл аралык иш-чара азыр апогейине чыгып, мөрөй талаш кызып турган чак. Албетте, мындай спорттук мелдештерди Кыргызстан мурда деле өткөрүп келген, далай спорттун түрлөрүнөн баш байгелерди эңип, куржунуна сала келген. Бирок биздин айталы дегенибиз башка.

Баса белгилеп айтсак, Кыргызстандын Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү демилге кылышы, аны өзү баштоого бел байлашы тарыхта алтын тамгалар менен жазылуучу окуя болуп калды. Болбосо бизден экономикасы алда канча өнүккөн Түркия же бул эле "ити чөп жеп жаткан" коңшу Казакстан, болбосо турмуш түйшүгү биздикинен кыйла аз түркмөндөр деле бул оюнду биринчилерден болуп өткөрүп, өлкөсүн дүңгүрөтүүдөн, таанытуудан, дүйнө элине өз жүзүн, маданиятын, жаратылышын жайып көргөзүүдөн баш тартмак беле? Тартмак эмес.
Андыктан Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз бийлигинин, бийликке оппозиция болсо да өлкө үчүн өжөр аракеттенген Адахан Мадумаровдун ишине ийгилик каалоо кошоматтыкка жатпастыр. Анткени алар "ат майдан даяр эмес экен", "даярдык бүтпөй калып шерменде болот экен" деген ММКлардагы жоромол-дөдөмөлдөргө чекит коюп, эл аралык деңгээлге жооп берген, өзүнчө эле дүйнөлүк жаңы спорт олимпиадасы сыяктанган зор тамашаны дүйнөгө тартуулап бере алды. Толук бүткөн Чолпон-Ата шаарынын ат майданындагы 7 миң кишилик орунга 10 миң киши ынтымакташа сыйып, "Кыргызстан!" деген кулак жарган ураандын алдында көчмөндөрдүн цивилизациясын көз алдынан өткөрүп турду. Спортсмендерге дем берип, парадды баштап чыккан Президент да Көчмөндөр оюнун өткөрүү менен кыргыздар дүйнөдөгү көчмөн элдердин эң баштапкысы, көч башы экендигин далилдеп жатканын айтып, көрүүчүлөрдү ынандыра алды. Демек, иштесе, жасаса болот экен да! Кыргызстан деле дүйнөлүк ири иш-чараларды татынакай өткөрө алууга жарап калыптыр да!
Экинчи сөз, оюндун идеясын коштогон көчмөндөрдүн байыркыдан бүгүнкүгө чейинки бай тарыхын чагылдырган Кырчын жайлоосундагы этноайыл тууралуу. Маданият жана маалымат, туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментин жетектеген Максат Чакиев тарабынан көтөрүлгөн бул демилге дүйнө элине кыргыздын ким экендигин толук ачып бере алды. Ала-Тоонун ажайып койну болгон, жаратылышы жанды суктанткан Кырчын жайлоосундагы 300дөй ак бозүйлүү айыл, айылдагы нукура кыргыз адамдар көчмөндүктүн көргөзмөсү эмес, кыргыздын кадыресе эле күнүмдүк турмушундай сезилди. Айталы, айылды аралап ак батасын жаштарга арнап жүргөн Кыргызстан элдер ассамблеясынын башчысы Бектемир Мурзубраимов Көчмөндөр оюну Кыргызстандын эн тамгасы болуп каларын билдирди. "Бул оюн өз учурунда демилгеленип, 2010-жылдардагы ар кандай чыр-чатактардан кийинки Кыргызстандын ынтымактуу, ырыстуу, улуттар аралык биримдикте бейпил жашап жатканын дүйнөгө көргөзүп койду. Айрыкча кечээки ачылыш аземи өзүнчө эле дүйнөлүк олимпиадага теңдеш иш-чара болсо, бул Кырчындагы кыргыз айылы ар бир кыргызга эмес, келген ар бир чет элдик конокко өзгөчө сезим калтырууда. Мен эски буюм-тайымдарды көрүп, балалыгымды эстеп жүрөм" деди.
Кырчындагы кыргыз айылында улуттук кийимдердин, буюмдардын, тамак-аштардын жана каада-салттардын жарышы да орун алып, аз эмес байгелердин сайылганы да нукуралуулукка болгон атаандаштыкты күчөтүптүр. "Биз өзгөчө даярдык менен келдик, анткени мындай кыргыздын өңүн көрсөтүүчү, өзүңдү таанытуучу иш-чарага жөн эле күнүмдүк жумуштай мамиле жасоого болбойт. Андыктан атайын Чүйдөн балбал таштарыбызды жүктөп, бозүйүбүздү төөгө артып, күлүктөрүбүздү жетелеп, жерсокобузду сүйрөтүп келдик" дейт Чүй облус башчысы Канат Исаев.
Баарынан кызыгы, Кырчындагы кыргыз айылынын ачылыш аземи таланттуу режиссер Алтынбек Максүтовдун жетекчилигинде даярдалган экен, көрүүчүлөрдүн канын кызытып, намысын курчутуп, бир туугандык сезимдерин жандырды. Кыргызды кой, түрктөр менен түркмөндөр, тажиктер "түбүбүз бир турбайбы" деп кыргыздарды кучактап алып өңгүрөп ыйлап турганына эл күбө.
Аягында айтаарыбыз, иш-чарага кеткен чырлуу чыгым өтүп жаткан өзгөчө бийик деңгээлдеги иш-чаранын фонунда түккө деле турбай калды. Каражаттан мурун калктын улуулугун эсепке алыш керек деп жатышты карапайымы, кызматкери деле. "Дүйнөлүк кайсы гана олимпиаданы алба, эч бир мамлекет короткон чыгымын толук кайтарып, казынасына салган эмес. Бирок спорттук мелдештерди өткөрүүгө бардык мамлекеттер кезек талашып зарыгып турушат. Себеби мындай иш-чаралар мамлекеттин биримдигин, кубатын, өлкөнүн кооздугун, тарыхы менен таржымалын көргөзүп, туризмге жол аччу бирден-бир шанс. Биз көчмөн элдердин арасында биринчи болуп мындай шансты пайдаланып отурабыз. Анткени көчмөндөр цивилизациясы азыр дүйнө элин кызыктырып, этнотуризмге эл агылып турган маал. Андыктан коротулган чыгымдарга ичти оорутуп кереги жок. Ал каражаттар сайга сапырылган жок, Чолпон-Атадагы ат майдан заманбап реконструкция болду, телеканалдар жаңы технологиялар менен жабдылды, мына, Кырчын жайлоосунун жолдору зымырап, туризмдин жаңы тилкесин пайда кылып алдык. Дагы не деш керек?" дейт ЖК депутаты Алмазбек Баатырбеков.
Кыскасы, ушул. Көчмөндөр оюндары 70тей эл аралык ММКларда чагылдырылып, Кыргызстан дүңгүрөп жатат. Намыс колдо, азырынча алтын, күмүш, коло байгелердин көбүн өзүбүздүн балбан жигиттер бөктөрүп жатышат. Ал боюнча спорттук бетибизден кабар алгыла.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ,
сүрөттөр автордуку