12.09.14 Билим сереп
"Мектепте келечекти түптөөгө бардык шарт бар"
Кыргызстандагы билим берүү системасы начар деп эле жер тепкилеп, буга ар кандай себептерди келтиребиз. Бул туурасында Билим берүү министрлигинин, мугалимдердин да ойлорун, сунуштарын далай жолу коомго алып чыктык. Бу жолу окуучунун мектептеги билим берүү боюнча оюн угуп көрөлү деген ниетте Келечек жаңы конушундагы №87 мектептин 8-классынын окуучусу, келечекте өлкө президенти болгусу келген Жакшылык Бекназаровду кепке тарттык.


- Жакшылык, алгач өзүң, мектебиң тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсең?
- Мен 1-классыман тарта Келечек жаңы конушундагы №87 мектепте окуп келатам. Былтыр мектебибизде президенттик шайлоо болуп, үлгүлүү окуучу катары президент болуп шайлангам. Учурда "Прогрессивдүү демилгелер фондунун" көмөгү менен мектепте өзүмдүн "Ак ниет" демилгелүү тобумду түзүп жатам. "Ак ниеттин" негизги максаты мектептеги рекетчиликти жоюу, психикалык активдүү заттарды кыскартуу, балдарга туура багыт берүү жана келечекте окуучулар арасындагы лидерлерди даярдоо. Мындан сырткары, ыр жазып, футболго абдан кызыгам. Айрыкча дарбазачы болгон мага жагат.
- Өзүң канча бир туугансың?
- Төрт бир тууганмын. Эки байкем, бир эжем бар. Азыр байкелерим үй-бүлө куруп, эжем турмушка чыккан. Мен эң кенжесимин.
- Учурда мектепте билим берүү начар болгондуктан жогорку окуу жайларына тапшыргандардын билим деңгээли төмөн деген доомат бар. Буга кошуласыңбы?
- Жок, мен буга такыр кошулбайм. Анткени азыр мугалимдер болушунча аракет кылып, окуучуларга болгон күчүн жумшап жатышат. Дүйнөгө таанылган улуу көсөм инсаныбыз Чыңгыз Айтматовду деле Чыңгыз кылган, аты ааламга кеткен Энштейнди да акылдуу кылган мугалимдер болгон. Азыр да мугалимдер окуучуларга жан-дили менен берилип билим берет, бирок окуучулар өздөрү жалкоолонуп, жаман чөйрөлөргө аралашып кетип жатышат. Өзүңүздөр билгендей азыр айрым окуучулар тамеки тартып, энергетикалык суусундуктарга, ичимдикке эрте берилип, рекетчилик кылып жатышат. Алар тырышып окуусун жакшы окуп, ар кандай ийримдерге катышышса көп эле ийгиликтерге жетишишмек. Мектеп алтын уя экенин алар аңдабай жатышат. Азыр мектепте өсүп-өнүгүүгө, ден соолукту чыңдоого, келечекти түптөөгө бардык шарттар бар. Жакшы билим алган окуучуга менимче бардык дүйнө ачык. Ачык дүйнөгө багыт берген мугалимдерге ыраазычылыктан башка эч нерсе айта албайм.
- Мугалимдер окуучуларга жакшы мамиле кылышканына, мектепте ар кандай ийримдердин болгонуна карабай окуучулардын жаман жактарга ооп кетишине эмне себеп болушу мүмкүн деп ойлойсуң?
- Бул коомдон, чөйрөдөн, ата-эненин көзөмөлү жоктугунан болушу мүмкүн. Мисалы, бизде 18 жашка чыга элек балдарга чылым, спирт ичимдиктерин сатпоого тыюу салган мыйзам бар. Бирок дүкөндөр кирешеге карап өспүрүмдөргө, жаш улан-кыздарга баарын эле сатып жатышат. Эгер алар мыйзамды сактаса балдар эрте бузулмак эмес. Мунун аркасында рекетчилик, акча жыйноо да азаймак. Азыр жогоруда айткан "Ак ниет" демилгелүү фонду менен "Чын дилимден" жаштар коомдук фонду биргелешип дүкөндөргө 18 жашка чейинки балдарга спирт ичимдиктерин сатпоого чакырган жарнактарды чаптап жатабыз. Ал жарнакта ишеним телефону да көрсөтүлгөн. Эгер кимдир бирөө жаш балага дүкөн ээси арак-шарап сатканын көрүп калса ишеним телефону аркылуу тиешелүү органга чалып, алар келип териштирүү ишин жүргүзүп, айып пул төлөтөт же бир жылга чейин эркинен ажыратат.
- Бир кезде мектептеги айрым сабактардын окуучуларга кереги жок деген маселе көтөрүлгөн. Сенин оюңча азыркы мектеп программасында анча зарылчылыгы жок сабактар барбы?
- Менимче азыркы сабактардын баары эле керектүү сабактар. Мисалы, сүрөт сабагы 7-класска чейин берилип келип, андан ары чийүү сабагы киргизилет. Бул биздин тартуу, чийүү сабатыбызды жогорулатып, болочок сүрөтчү менен архитектордун пайдубалын түптөп берип жатат. Ал эми музыка сабагынан келечекте ырчы, обончу болчу баланын таланты ачылышы мүмкүн. Эгер музыка сабагы болбой калса анын таланты өөрчүбөй калмак. Кыскасы бардык сабактардан окуучу тырмактай болсо да билим алып калышы керек. Ошондуктан эч качан ашыкча сабак болбойт. Ашыкча сабакты кыскартуу - билимди кыскартуу, дүйнөнүн бир эшигин жаап салуу дегендей эле кеп го.
- Демек, ошол эле математика, физика, химия сыяктуу сабактардын кыскартылышын каалабайсың?
- Албетте, каалабайт элем. Математика илимдердин падышасы катары бардык жерде керек. Ошондуктанбы кайсы жогорку окуу жай болбосун математикадан тест берүүгө туура келет. Ошондой эле келечек турмушта биология, география, тарых, геометрия, адабият сабактарынан алган билимибиздин сөзсүз пайдасы тиет. Мисалы, кыргыз болуп туруп өз тарыхыбызды, улуу акын-жазуучуларыбызды билбөө бери болгондо уят, ары болгондо маңкуртчулук.
- Азыр мектептерде китептер жетишсиз. Бул да толук кандуу билим алууга таасир этип жаткан жокпу?
- Ооба, китептин жетишсиздиги да балким билим алууга таасир этип жаткандыр. Бирок чындап окугусу келген окуучу досунан болобу, кошунасынан болобу китепти таап окуйт. Экинчиден, азыр кантип байыса болот, акча чакыруу сырлары сыяктуу китептер көп чыгып жатат. Ошондой китептерди чыгаргандар ойлонуп көрүп окуу китептерин чыгарышса балким аны эл жактырып, аты тарыхта калмак. Бирок биздин мектепте китеп жетпей калуу деген жок.
- Быйыл болбосо да кийинки жылы бирдиктүү мектеп формасы толук киргени турат. Мындай форманын киргизилишин окуучу катары туура көрөсүңбү?
- Бирдиктүү форманын киргизилишин мен эң туура деп эсептейм. Анткени бир мектепте окуп жаткан соң, мамлекет алдында баарыбыздын укугубуз бирдей болгондуктан бирдей форма кийишибиз керек. Анткени бир эле мектепте бизнесмендин, депутаттын, министрлердин, ошондой эле жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары окушу мүмкүн. Бирдиктүү форма киргизилсе окуучулар арасында бай, кедейи билинбей, басынуу, кысынуу жоюлуп, татыктуу билим алууга да жакшы шарт түзүлмөк. Бирок бирдиктүү форманын баасы ата-эненин чөнтөгүнө ылайыкталышы керек. 2015-жылы бул мыйзам катары бекитилсе бирдей форма кийсек деген тилектебиз.
- Көп учурда окуучунун начар окушуна мугалим ата-энени, ата-эне мугалимди күнөөлөп келет. Окуучу мыкты окуш үчүн кимиси көбүрөөк салым кошушу керек?
- Эгер ата-эне менен мугалимдин мамилеси тыгыз болуп, максаты бир болсо экөөнүн ортосунда нааразычылык болбойт. Мисалы, ата-эненин балам жакшы окуп, жакшы адам болсун деген тилеги болсо, мугалимде деле ошол тилек. Бирок кээде мектептик чогулуштарга ата-энелер ар кандай себептер менен келбей калышат. Ошондо ортодо түшүнбөстүктөр болуп кетет. Айрым ата-энелер баласынын мугалимдери, класс жетекчиси ким экенин деле билбей жүрө беришет. Ата-энелер чогулушуна бир да жолу келбегендер болушу мүмкүн. Эгер ата-эне менен мугалим дайыма пикир алышып турса ал окуучуга да жакшы таасир этет.
- Азыр ар биринде болбосо да окуучулардын көбүндө чөнтөк телефон деген бар. Чөнтөк телефон аркылуу интернетке киришип, сабактан алагды болуп жатышат. Балким окуучуларга чөнтөк телефон көтөрүүгө да тыюу салуу керектир?
- Буга толугу менен кошулам. Кээ бир жакшы окуган окуучулар компьютерге, интернетке берилип кетип начар окуп калышат. Ошондуктан муну толук жое албаса да ата-эне баланын сабактарын көзөмөлдөп, интернетке белгилүү гана убакыт бөлүп берип коюшу керек. Мындан сырткары окуучуларды кызыктырыш үчүн ар кандай коомдук, спорттук акцияларды уюштуруп турсак болот. Ошондой эле таланттуу окуучуларга ылайыкташылган ийримдер болсо интернетке деле убакыт калбай калат эле. Бирок кээде окуучунун ата-энеси маанилүү нерселерди айтуу үчүн чалып калса мугалим аны түшүнүшү керек. Окуучу да чөнтөк телефонду сабакта жөнү жок колдонбосо дээр элем.
- Ийрим демекчи силердин мектепте кандай ийримдер бар?
- Бизде комуз ийрими, "Жаз" бийчилер тобу, мектеп парламенти бар. "Жаз" бийчилер тобу көп конкурс, сынактарга катышып алдыңкы орундарды алып жүрүшөт. Окуучулардын түз жүрүүсүнө "Жаз" бийчилер тобунун таасири зор. Парламентте мектептин жакшы жактары талкууланып, окуучулардын ийгиликтери белгиленип, иш-чаралары өткөрүлүп турат. Парламенттин негизги максаты балдарды жакшы жакка гана тартуу. Мисалы, биз жакында эмгек ийримин киргизип, жогорку класстардагы өнөрү бар балдардын өнөрүн төмөнкү класстын балдарына үйрөтүүгө шарт түзүп берсекпи деп жатабыз. Мурдагы жылы Бишкекте мектеп рекетчилиги боюнча ролик тартуу конкурсу болуп жүздөн ашык мектептин ичинен биздин мектеп үчүнчү орунду алган. Эми алдыда жакшы окуган бала менен жаман жакка ооп бараткан баланы салыштырган, дүйнөгө таанылган майып оратор Ник Вуйчичтин роликтериндей мотивация кое турган тасмаларды тартсакпы деп жатабыз. Мектепке бизнесмендерди, акын-жазуучуларды, манасчыларды чакырып жолугушуу, лекция, дебаттарды уюштурсак деген пландар бар.
- Ролик демекчи, азыр окуучулардын көбү тарбиялык мааниси жок ар кандай тасмаларды көрүп жатышат. Балким, окуучуларга тарбия бере турган көрсөтүүлөр, тасмалар жетишсиз болуп жаткандыр?
- Ооба, азыркы режиссерлордун темасынын көбү эле сүйүү, байлык, бакыт, криминал болуп кетти. Алар балдарды да ойлоп Манас атабыздын, Курманжан датканын мультфильмдерин тартып койсо сонун болмок. Мисалы, мага "Актан менен Акылай", "Китеп дүйнөсү" мультфильмдери, КТРКдагы "Баарын билгим келет", "Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?" деген көрсөтүүлөр жагат. Ушундайларды улуу муун эске алса абдан жакшы болмок.
- Азыр электрондук окутуу, электрондук китеп тууралуу көп кеп болуп жатат. Буга кандай карайсың?
- Азыр бардык жерде билим китеп аркылуу эле берилип жатат. Экинчиден, электрондук китеп көрүүнү, угууну начарлатат. Эгерде электрондук окутууга өтсөк окуучуларда да интернет өчүп калды, электрондук китебим бузулуп калды, заряды отуруп калды сыяктуу толгон-токой шылтоолор чыгат. А китепти айла кетсе чырак менен окусаң да болот. Ал эч качан бузулуп, өчүп калбайт. Китеп көрүүгө, угууга да терс таасирин тийгизбейт.
Мелис СОВЕТ уулу