presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Салыкчылар терини сыйрышыптыр
Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын август айында салык төлөмдөрдөн 3 млрд. 731,8 млн. сом чогулткан экен. Негизи август айында 3 млрд. 650 млн сом чогултуу болжолдонуптур. Ошондо ишти аткаруу 102,2%ды түзүп, пландагы көрсөткүч боюнча салык менен төлөмдөрдөн 81,8 млн. сом ашыгы менен чогултулган. 2013-жылдын ушул убактысына салыштырмалуу быйыл 448,9 млн. сомго же 13,7%га көбөйгөн.


Кассирге кайтарып бер
10-сентябрда Бишкектеги банктардын биринде кассир кыз жаңылып кардарга 250 миң сом ашыкча берип салган. Айласы кеткен Венера аттуу кассир кыз интернет сайттар аркылуу акчаны алып кеткен адамга акчаны кайрып берүүсүн өтүнүп кайрылды. Кассир кайрылуу менен кошо ал адамдын видеокамерага түшүп калган сүрөтүн жарыялап, бул адамды тааныгандар болсо кабарлап койгула деп өтүнгөн. Жакында да бир адам кассир жаңылып берген 7 миң долларды кайра кайрып берген. Эми бул жигит деле кичинекей балдары бар келинге боору ооруп акчаны кайрып берер.


Капырай, карга карганын көзүн чукуду
Жакында эле ММКларга Аксы райондук сотунун судьясы мурда Казакстанда соттолгонуна байланыштуу кызматынан четтетүүнү суранган өтүнүч кат Президентке жолдонгону тууралуу маалымат жарыяланган. Жакында ал судьядан соттолгондугу тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн өнөктөшү менен бирге 10 миң доллар сурап, 3 миң доллар алган Жалал-Абад сотунун төрагасы параны ээсине кайтарып берип жаткан жеринен кармалды. Көрсө, Аксы райондук соту маалымат ачыкка чыгып кеткен соң акчасын кайтарып берүүнү талап кылган экен. Бул боюнча тергөө иштери башталды. Эми параны бирге алган облустук соттун өкүлүнө да чара колдонулмакчы.











??.??