05.09.14 Өкмөт башчы Жоомарт ОТОРБАЕВ:
"Бюджетте дефицит жок"
Өкмөттү, өкмөт башчысын сындоо оңой. Иштей билүү, элге алынуу дайыма оор. Биз Жоомарт Оторбаев өкмөт башчысы болгондон бери сындап гана келатабыз. Бу жолу бетмаңдай отуруп, маанайын байкап, кандай иштерди аткарып жатканын өз оозунан уктук.


- Жоомарт мырза, өкмөт башчы болгонуңузга беш ай болуптур. Элге айтып, мактана турган кандай иштерди жасадыңыз?
- Адегенде жалпы принциптер жөнүндө айтайын. Биринчи кезекте биз коомчулуктун, элдин ишенимине ээ болушубуз керек эле. Өкмөттүн биринчи эле жыйынында ар бир министр, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү ар бир маалыматты өздөрү элге ачык, так жеткирип туруулары жөнүндө талап койгом. Апрель айында эле ар бир министр, өкүлдөр өзүңөрдүн иш планыңарды түзгүлө, түзгөндө да бюрократиялык эмес, жөнөкөй элге жеткиликтүү тилде түзгүлө деп тапшырма бергенбиз. Себеби менин негизги принцибим - план менен иштөө. План түзүп, ага конкреттүү көрсөткүчтөрдү жазып, аны аткарышыбыз керек. Ким планды аткарса иштейт, аткарбаса сөгүш алат, андан ары иштен кетет. Планда белгилүү убакта канча жумуш орун түзөөрү, инвестиция тартаары, жаңы ишканалар ачылаары, бюджетке канча киреше түшөөрү тууралуу конкреттүү иш-чаралар көрсөтүлгөн. Экинчи принцип - өкмөт таза иштеш керек. Ошон үчүн коррупция көп делген мамлекеттик мекемелердеги кадрларды жаш, билимдүү, таза адамдар менен алмаштыра баштадык.
Мындан сырткары, кыштан кантип чыгуу боюнча атайын штаб түзүлүп, аны жетектеп жатам. Бажы биримдигине кирүү боюнча бардык документтердин жоопкерчилиги бизде. Биометрикалык паспорт долбоору да биз үчүн зарыл иш. "Кумтөр" маселеси чоң көйгөй. Жакында Жогорку Кеңешке жасаган ишибиз боюнча отчет бере баштадык.
- Сиз кай жерде болбоңуз, инвестиция тартуу жөнүндө айтып келесиз. Беш ай ичинде канча инвестиция тартылды?
- Былтыркы жылга салыштырганда быйыл деле ошондой көлөмдө болду. Былтыр 1 млрд. доллар жеке, түз инвестициялар тартылган. Инвестиция экиге бөлүнөт: жеке инвестиция ишкана, ишкерлер тарткан инвестиция, экинчиси өкмөттүн кепилдиги менен тартылган каражаттар. Булар энергетикага, жолдорду салууга жумшалып жатат. Былтыр түндүк-түштүк альтернативалуу жолун баштоо, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо, "Датка-Кемин" подстанциясын куруу, Ош - Баткен - Исфана, Бишкек - Торугарт, Сарыташ - Эркечтам жолдорун куруу боюнча жалпысы 5 млрд. доллардын тегерегиндеги жогорудагы долбоорлор башталган. Мамлекет тарабынан тартылган инвестиция Кытай өкмөтүнөн, Россиядан жана эл аралык финансы институттарынан келип жатат. Ушул донорлордон быйыл да буюрса жарым миллиард доллардай каражат ала алабыз. Бизге бөлүнгөн квотага караганда үч-төрт эсе көп каражатты алар бизге ишенген үчүн бөлүп жатышат. Биз аларды инфраструктураны оңдоого жумшап жатабыз.
- Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кетип жатканда "Кумтөр" боюнча 50х50 катыштыгында биргелешкен ишкана түзүлөт, сүйлөшүүлөр башталды деп кетти эле. Азыр "Кумтөр" боюнча иш канча алдыга жылды?
- Былтыр "Кумтөр" менен меморандумга кол коюлган, Жогорку Кеңеш да муну колдоп токтом чыгарган. Азыр "Центерра" менен юридикалык келишимдердин үстүндө иштеп жатабыз. Себеби меморандум бул жалпы протоколдук иш, азыр ар бир пункт боюнча иш жүрүүдө. Учурда эл аралык деңгээлдеги 8-9 юридикалык келишимдердин долбоорлору иштелүүдө. Бул эки тараптуу процесс, биз компромисстик келишимдерди сунуш кылып жатабыз. Ушул айдын ичинде аларды Жогорку Кеңешке жиберебиз. Себеби келишимдер мыйзам деңгээлинде болуш керек.
- Акыркы кезде "Кумтөрдүн" жетекчилери Ян Аткинсон менен Майкл Фишер Кыргызстанга келгиси келбей, сүйлөшүүлөр башка өлкөдө болсо дегени белгилүү болду. Булар сүйлөшүүнү атайылап созуп же болтурбай койгусу келген жокпу?
- Акыркы кезде "Кумтөр Голд Компанинин" тегерегиндеги 200 млн. доллардын чуусу сотто териштирилип, Дилгер Жапаров камакта жатпайбы. Аталган компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү Дилгер Жапаров, Майкл Фишер жана Ян Аткинсон. Жапаровго иш козголгондон кийин "Центерранын" жетекчилиги берки экөөнүн быякка келүүсүнө уруксат бербей жатат. Кыргызстанга келсе аларды да камашат деп ойлошот. Жакында биздин өкүлдөр да, тигилер да Москвага чогулуп, сүйлөшүүлөр улантылат.
- Өлкө бюджети жыл башында эле 20 млрд. сом дефицит менен кабыл алынды эле. Жыл аяктап баратат, дефицитти кантип жабасыңар?
- Мен башында эле белгилеп кетерим, депутаттар да, айрым адамдар да бир нерсени түшүнбөй жүрүшөт. Бухгалтердик терминология боюнча дефицит - бул чет мамлекеттерден өкмөт кепилдиги менен келе турган каражаттардын көлөмү. Так айтканда, эл аралык банктардан алына турган грант, кредиттер. Бухгалтерлердин тили менен айтсак, булар бюджеттин дефицитине кирет. Иш жүзүндө булар дефицит эмес. Дагы жөнөкөй айтсак, бюджеттин киреше-чыгашасынын айырмасы дефицит, ал болсо өкмөттүн кепилдиги менен эл аралык финансы булактарынан алына турган каражат. Бирок бул каражаттарды биз сөзсүз алабыз. Ошон үчүн бюджетте дефицит жок. Жыл башында бюджет кандай бекисе, ал аткарылат, кыскартуу болбойт.
- Деги быйылкы кыштан кантип чыгабыз, Жоомарт мырза?
- Быйыл Токтогул суу сактагычында 3-4 млрд. кубметрге суу аз, ошон үчүн ар бирибизге электр энергиясы кенен жетпейт. 2008-жылы да ушундай болуп эл кыйналган, быйыл да табият бизди сынап жатат. Атайын штаб түзүлүп, ар бир облус, райондор, айылдар боюнча конкреттүү иш жүрүүдө. Мисалы, ар бир айылда көмүр базалары ачылат, аларга канча көмүр керек экени, айылга жеткенде көмүрдүн баасы канчага чыгаары ушу кезде билинип калды. Социалдык объектилерге көмүр үчүн каражаттар толук бөлүндү. Ар бир айылды көмүр менен камсыз кылуу боюнча карталар түзүлдү. Алардын аткарылышы облустардагы өкмөт өкүлдөрүнөн, район акимдеринин жана айыл өкмөт башчыларынын жеке жоопкерчилигинде. "Газпром" быйылкы кыш үчүн 240 млн. рублди газ тармагына бөлдү. Ресторан, сауна, автожуучу жайлардын баарынын үч фазаларын кестиребиз. Алар альтернативдүү электр булактары аркылуу деле жакшынакай иштесе болот. Жалаң гидроэлектроэнергияга ишенбей, башка энергия булактарын да ишке киргизүү мезгил талабы болуп турат. Кыска мөөнөттө Кара-Кечеге кубаттуулугу 1400 мегаватт төрт агрегаттуу ТЭЦ курсак, бул Токтогул берген кубаттуулуктан да көп болмок. Ошондой эле "Газпром" жетекчиси А.Миллер менен борбордогу ТЭЦ-2де газоэлектрстанция куруу жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Бишкек ТЭЦинин реконструкциясы бүтсө 300 мегаватт кошумча электр энергиясын алабыз. Башка Камбар-Ата, Нарын ГЭСтер каскады бүтсө да азыркыдай кыйналбайбыз.
- Сиз кызматка таза, иш билген кадрларды тартып жатканыңызды айттыңыз. Бирок билим берүүнүн, айрыкча мектептердин көйгөйүн жакшы билген, Билим берүү жана илим министринин орунбасары Догдуркүл Кендирбаеваны эмне үчүн кызматтан алып жатасыз?
- Мен министрликтердин жетекчилери менен иштешем. Министр Канат Садыков аны кызматтан алуу боюнча мага сунуш киргизген. Ошентсе да адамды кызматтан алыш үчүн ар түрдүү булактардан маалымат жыйналат. Бирок министр менен иштеше албаса, жеке факторлор болсо, эмне кылабыз? Эгер бардык булактардан алынган маалымат окшош болсо, анда ошого жараша чечим кабыл алууга тийишмин. Анүстүнө Кендирбаева өзү арыз жазды да.
- Жаңы саясый сезон ачылды. Өкмөт сентябрдын аягында тарайт экен дешсе, айрымдар кышында эл үшүгөндө Оторбаевдин өкмөтүн садага чабышат экен дегендер да бар. Өзүңүз дагы канчага чейин өкмөт башында турам деп ойлойсуз?
- Өкмөттү парламенттеги азыркы коалициялык көпчүлүк тандады да. Эгер коалиция тараса өкмөт да тарайт. Ошон үчүн өкмөттүн маселеси - коалициянын маселеси. Эгер алар тарайбыз десе, биз да кетебиз. Кетүү-кетпөө чечими меники эмес, коалицияныкы болот.
- Коомчулуктагы Жоомарт Оторбаев билимдүү, жакшы адам, бирок жетекчи катары жакшы башкара албай жатат деген кеп-сөздөрдү угасызбы?
- Ар бир жетекчинин өзүнүн башкаруу стили бар. Кол алдымда иштегендерге кыйкырбайм, алардын адамдык беделине шек келтирүүгө, басмырлоого өзүмө жол бербейм. Депутаттар менен деле эмоцияга алдырбай жай эле сүйлөшөм. Баарыбыздын максатыбыз өлкөбүздү өнүктүрүү да. Сын болуш керек, өзгөчө конструктивдүү сынды абдан жакшы көрөм.

Аскер САКЫБАЕВА