05.09.14 Сапар Аргымбаев, "Түндүкэлектр"
ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү:
"Жеке менчик бөлүштүрүүчү компаниялар мамлекетти алсыратууда!"

- Сапар мырза, биз билгенден көптөн бери электр энергиясын бөлүштүрүүчү жеке менчик компаниялардын коррупциялык схемалары тууралуу айтып келесиз. Ошонун ичинен бир компанияны мисалга тартып, коомчулукка уурулуктун дайынын түшүндүрүп бербейсизби?
- Жакшы болот. Мен бул маселени дайыма көтөрүп жүрөм, атургай эки ай мурун премьер-министр Жоомарт Оторбаевге да атайын бул маселе боюнча кат жазып, жооп ала алган жокмун.
Айталы, "Электросила" ЖЧКсы Чүй облусундагы эң эле иши ийгиликтүү жүрүшкөн, электр энергиясын бөлүштүрүп сатуучу ишканалардын бири. Бирок булар мамлекеттик органдарды көз боемочулук менен алдап келгени эми билинип отурат. Аталган ишкана 2012-жылга чейин "Электрстанциялары" ААКсынан (ЭС) 1 кВт/саат электр энергиясын 45 тыйындан алып келген. Бирок 2012-жылдын башында алар Энергетика министрлигине атайын кат жолдойт. Катта жеке менчик компания буга чейин мамлекеттик ишканадан алган электр энергиясын же товардын 92%ын 1,5 сомдон өндүрүш багытына колдонуучу кардарларга, 8%ын 0,7 сомдон карапайым калкка сатып келгенин, бирок быйылкы жылдан баштап алардын кардарларында кардиналдуу өзгөрүү болгонун, "Электросила" саткан энергиянын 75%ын карапайым калк 0,7 сомдон алаарын, калган 25%ын гана өндүрүшчүлөргө 1,5 тыйындан сатаарын айтып, мындай шартта ишкана 2,298 млн. сом чыгашага учурай турганын кыйытат. Ошондуктан бул абалды эске алып, биздин "Электрстанцияларынан" алып жаткан энергиянын баасын 27 тыйынга түшүрүп бериңиздер дешет алар. Ошону менен Энергетика министрилигинин алдындагы тиешелүү департамент "Электросиланын" суранычын дароо эле орундатып, эч кандай эрежелерди сактабастан аларга берилүүчү электр энергиясынын 1 кВт/саатын 27 тыйынга түшүрүп бекитип берет. Ушул баа менен бир жыл бою жеке ишкана 35038,7 кв/саат электр энергиясын сатып, жыл аягында 39 млн. 344 миң сом киреше табат. Кызыгы, бул жыл аягындагы кирешенин суммасы өздөрү айткан 75%ын калкка 0,7 сомдон, 25%ын өндүрүшчүлөргө 1,5 сомдон сатабыз деген арифметикага эч сыйбай калат. Эсептеп чыксак, "Электросила" болгону 6 млн. 716 миң сомдук товарды элге сатыптыр дагы, 32 млн. 628 миң 400 сомдук товарды өндүрүшчү кардарларга саткан экен. Ошондо булар мамлекетке карандай калп айтып коюп, иш жүзүндө сатып алган энергиянын 85%ын 1,5 сомдук тариф менен өндүрүшчүлөргө, 15%ын гана 0,7 сомдук тариф менен элге саткан болуп чыгат экен. Көрдүңбү, булар Энергетика министрине байкуш болуп жалган айтуу менен мамлекетти орто эсеп менен 6 млн. 300 миң сомдон куржалак калтырып, аны өз пайдаларына киргизип кеткен. Жөнөкөй сөз менен айтканда, булар мамлекеттен энергетиканы болушунча арзан алып, колунан келишинче кымбат саткан десек болот.
- Мындай схема 2013-жылы деле улана бергенби?
- Баарынан кейиштүүсү ошол болуп жатпайбы, мамлекетти кызылдай алдаган цифралар ачыкка чыгып жатса деле тиешелүү тараптар мурдагыдай эле "Электросилага" 27 тыйындык тарифти калтырып коюшат. Ошону менен жеке менчик ишкана 2013-жылдын ичинде 5500,2 кВт/саат электр энергиясын кардарларга сатып, жалпысынан 61 млн. 905 миң 900 сом табат. Мурдагыдай эле жол менен алар карапайым колдонуучуларга 9 млн. 492 миң сомдук энергия сатса, өндүрүш багытындагы кардарларга 52 млн. 210 миң сомдук энергияны соодалайт. Жогорудагыдай эле саткан энергиянын 15%ы гана элге, ал эми 85%ы 1,5 сомдон өндүрүшчүлөргө. Мен бул эсептердин баарын тастыктаган документтер менен чогуу премьер-министр Жоомарт Оторбаевге ушул жылдын 23-июнунда жолдогом. Мыйзам боюнча деле ал бул катка бир айлык убакыттын ичинде жооп берүүгө тийиш болчу. Тилекке каршы, ал жооп бербеди. Эгер жеке компаниялар өкмөттү жаш баладай алдап, тоноп жатканын түшүнсө ордунан тура калып кагазды жерге чаап, "менин өкмөтүмдү ушулар тоноп жеп жаткан турбайбы, прокуратура, финполиция каякты карап отурасыңар, тез арада бул ишти карап чыккыла!" деп реакция кылмак.
Мен министрликтин чогулушунда айтсам, Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев премьер-министр сотко бербейт да дейт. Биз дагы билебиз, премьер өзү сотко бербейт, бирок ал Башпрокуратурага же УКМКнын антикоррупциялык кызматына катты жолдосо, алар бул коррупция жаткан жактарды текшерип, кылмыш ишин козгосо болот болчу. Көрсө азыр бийлик мамлекеттик мүлктү уурдап, казынаны кемитип жаткандарга кайдыгер карайт окшойт. Ушул жерден бир мисал айтып кетейинчи, эгер Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен кайсы бир жеке компания министр Осмонбек Артыкбаевге тиешелүү делген "Неман" дарыканаларынан дарыларды арзан сатып алып, аны элге кымбат сатып, түшкөн пайдага "Немандан" да алдуу-күчтүү аптекаларды ача баштаса, ал кандай реакция кылмак? Албетте, өз бизнесин коргоп чыкмак, атаандаштардын коррупциясын ачып чыкмак. Ал эми мамлекеттикин уурдаса боло берет сыяктуу...
- Жеке менчик бөлүштүрүүчү компанияларга тарифтерди ким бекитип берет жана электр энергиясын өндүргөн "Электрстанциялары" ААКсы эмне үчүн бул маселени көтөрбөйт?
- Бул маселеге эми келе жатабыз. Эми "Электрстанциялары"ААКсынын акционерлеринин биринин атынан бул ишкананын кызыкчылыгын көздөп чыгуучу укугун ишеним кат аркылуу алып отурам. Демек, жакында мендеги топтолгон материалдардын негизинде "Электрстанцияларын"алдап, арзан тариф менен энергияны сатып алып, мамлекеттик ишкананын казынасына зыян келтирген жеке менчик бөлүштүрүүчү "Электросила" ЖЧКсын сотко берем. Ушул компаниянын мисалынан эле башка жыйырмага чукул компаниянын коррупциялык схемалары ачыкка чыкканы турат. Булар мамлекетти миллиондогон сомго чыгымга учуратып, өздөрү олчойгон киреше табууга кынык алып бүтүшүптүр.
Ал эми тариф саясатына келсек, "Электрстанцияларынын" жетекчилиги ар бир жылдын аягында келерки жылдын болжолдуу бюджетин түзүп, чыгашалар менен кирешелерди пландап, аны Энергетика министрлиги менен Мамлекеттик мүлк фондуна жөнөтүшөт экен. Мына, менин колумдагы "Электрстанцияларынан" алынган расмий документтин мисалында айтсам, "ЭС" 2011-жылга "Электросила" ишканасына сатылуучу 1 кВт/саат электр энергиясынын баасын 55,4 тыйын кылып коюп бергиле десе, Энергетика министрлигинин Отун-энергетика комплекстерин жөнгө салуу мамлекеттик департаменти (ТЭК) "Электросилага" 45 тыйындан саткыла деп чечип берет. 2012-жылы "Электрстанциялары" 52,68 тыйындан "Электросилага" саталы деп план берсе, ТЭК жогоруда айткандай "Электросиланын" жалган катына ишенип, 27 тыйындан сатууну бекитет. 2013-жылы дагы "Электрстанциялары" өз эсептөөлөрүнө таянып, аталган компанияга 64,21 тыйындан саталы деп суранса, ТЭК дагы тежиктигин карматып, баягы эле 27 тыйындык тарифти калтырып коет. Мындай кайдыгер мамиле казынага канча зыян алып келип жатканын, эгер "Электрстанциялары" өзү берген тариф менен сатса канча кошумча киреше аларын азыр биз эсептеп чыгып, эми ошол зыяндардын ордун толтуруу үчүн жеке тарапка доо коебуз. Акыркы үч жылдагы эле келтирген зыяндарынын ордун толтуртсак, "Электрстанциялары" көп маселелерин чечип алат деген ишеним бар. Бир эле мисал келтирейин, эгер 2013-жылга "Электросила" "Электрстанциялары" көрсөткөндөй 1 кВт/саат электр энергиясын 64,21 тыйындан сатса, кошумча 21 млн. сом киреше мамлекетке түшмөк экен. Демек, ошол 21 млн. сом бир жылда "Электросиланын" көмүскө пайдасы болуп калып жатат деп жыйынтык чыгарууга болот.
- Бул боюнча "Электросила" жооп берген жокпу?
- Башында фактыларды биз ачып баштаганда Аргынбаевди сотко берем деп чыккан, кийин унчукпай калды. Эми мен сотко берем. Чынында эле бөлүштүрүүчү жеке компаниялар жергиликтүү бийликтин, жеке тараптардын акчасына электр энергиясын жеткирип сатат дагы, анан баарын өздөрү жасагандай түр көрсөтүшөт. "Электросила" ЖЧКсынын башчысы Али Водянов мен Ак-Жарды электр энергиясы менен камсыз кылдым деп чыккан, биз карасак Бишкек шаардык мэриясы Ак-Жар конушун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында 16 млн. сом бөлүптүр. Тигил жеке компания жалданма жумушчу катары ошол акчага ишти бүтүрүп берген да, элге биз өзүбүз коюп жатабыз деп айтышкан. Мен айтып кетейин, бул компанияга окшогон дагы 21 жеке менчик бөлүштүрүүчү компания бар. Алардын ар биринин артында ушундай эле схемалар иштеп жатат. Дагы бир жөнөкөй эле күлкү келе турган факт, "ЭСМ-СИ" деген жеке менчик бөлүштүрүүчү компания бар, алардын отчетуна көз чаптырсаң, ийгиликтүү жеке компанияда болгону 10 киши эмгектенип, алардын айлык маянасы 4900 сом экен. Ушуга ким ишенет? Бүгүнкү замандын шартында 4900 сом үчүн жер казып, зым тартып бир ай бою эч ким иштебейт да.
Ошондуктан биз азыр мыйзам долбоорун даярдап, жеке менчик компанияларды жоюп, мамлекеттик ири компанияларга бириктирели, мамлекет өзү өндүргөн энергиясын өзү сатсын деген позицияны айтып жатпайбызбы. Мен кургак сүйлөгөн жокмун, баары азыр тастыкталган документтердин негизинде айтып жатам. Бирок биздин бул көз карашыбызга Монополияга каршы агенттиги макул болбой, анда монополист болуп кетесиңер дегендей мамиле кылышат. А өздөрү болсо электр энергиясынын баасын жеке менчик компаниялардын жалган арзандатуусуна макул болуп отурушат. Маселен, Монополияга каршы агенттиктин экс-жетекчиси Бабырбек Жээнбеков өз колу менен 2014-жылга ошол эле "Электросила" "ЭСтен" сатып ала турган 1 кВт/саат электр энергиясынын баасы 27,63 тыйын болсун деп макулдук берип жатат.
Кыскасы, баары эле абалды түшүнүп турушат. Бирок дагы деле алдангылары келет. Андыктан бизге мамлекеттин байлыгын тоногон жеке компаниялардан көрө бир тыйынды болсо да мамлекетке түшүргөн мамлекеттик компаниялар керек деп жатабыз. Кашкайган коррупцияны көрүп туруп, электр энергиясын бөлүштүрүп, сатуучу бир же эки гана мамлекеттик күчтүү компания түзүшүбүз керек. Ушундай фактылар турса реформага баруунун ордуна тармактагы коррупцияны күндүзү чырак менен издеп, деталдаштырылган план түзүп жүргөн министрликтин ишине албетте, эл деле нааразы болот да.
P.S. Ошентип биз кайчы пикирлүү эки тараптын тең пикирин окурмандардын ортосуна салып жатабыз. Биз үчүн эки тараптын тең пикири орундуу, көтөргөн маселеси жүйөлүү. Эки тарап тең алдыбызга калың документтердин топтомун таштап "түтөп" турушат. "Сократ менин досум, бирок чындык андан да жогору" демекчи, тараптар чыркыраган кептерди чычалабай туура кабыл алат деген ойдобуз. Ошондой эле бул маселе боюнча талашкан тараптар ылайык көрсө редакциянын бетме-бет талкуусуна келип, ачуу фактылар менен акыйнек айтышууга шарт түзүп бере аларыбызды да кошумчалайбыз.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ