22.08.14 Аксакалга жарашпай калды
Улуттук Илимдер академиясынын президенти, академик, экс-спикер Абдыганы Эркебаев калыс сүйлөгөн, таза, саясаттын интригаларына аралашпаган, калк урматтаган инсандардан. Мындай инсандар азыр журт атасы болуп, улутка жол көрсөтөөр, жаштарга үлгү болоор, жалпы элге жакшы сөзүн айтаар аксакалдардан болуп калышты.
Бирок Абдыганы агабыз тууралуу бир кепти угуп, ичибиз чыкпай калды. Тагыраагы, 16-августта кыргыздын тейит уруусу чогулуп үлкөн жыйын куруп, уруунун башчылыгына Абдыганы аксакалды бир добуштан шайлашыптыр. Э кокуй, кыргыз "бөлүнгөндү бөрү жейт" болуп, ансыз да жүздөгөн партияларга, урууларга, кокту-колотко бөлүнүп турганда Абдыганы агай "койгула балдар, урук-туугандын катышканы жакшы, бирок ураан чакырып бөлүнгөн жаман. Мен жалпы журттун жүгүн көтөрүп жүргөн адам элем, ырахмат" деп баш тартып, акыл-насаатын айтып койсо болбойт беле?! Ка-ап...

Түлеевдин табы жок
Жума башында Бишкек шаардык сотунда экс-мэр Нариман Түлеевдин соту болмок. Бирок бул процесс дагы кийинкиге жылдырылды. Анткени азыр анын саламаттыгы кескин начарлап, сот процессине келе албай калды. Н.Түлеевдин камералашы, аталган кылмыш иши боюнча чогуу айыпталып жаткан экс-вице-мэр Валерий Корниенконун айтымында, Түлеевдин кан басымы түшүп, төрт күндөн бери мурдунан кан токтобой жаткан. Андан мурдараак эле анын жакындары да ден соолугуна кабатырланып жаткан эле. Ушуну менен анын соту 30дан ашык жолу артка жылдырылганын ЖМКлар жазып жатышат.

Нышанов Арсланбапта той берди
Эл өкүлү Сайдулла Нышанов жыл сайын балбан күрөш уюштуруп, бул улуттук спортту колдоого алган. Быйыл да байге куржунун кабелтең артынып, жанына партлидер Өмүрбек Текебаевди баш кылып ээрчитип, Арсланбап токоюнда күтүрөгөн той өткөрүп, жергиликтүү элдин да, балбандардын да көңүлүн алып кайтты. Адаттагыдай эле "Беш-Сары" спорт клубунун кыргыз күрөш балбандарын жетектеп, бул партияга ыктап жүргөн ишкер Камчыбек Жолдошбаев да барып, кыргыз күрөштөн жалаң ушул клубдун балдары байгелерди шыпырып жатканын айтып мактанып жүргөнүн уктук.

Досторуна айылчылаган Досаалы
Саясый технолог Досаалы Эсеналиев жыл сайын жайкы эс алууну өзү туулуп-өскөн Ала-Букада эмес, Ат-Башыда өткөрөт. Анткени ал жактын жайлоосунун салкын абасы, кымызы, телефон тартпаган тынч кокту-колоттору саясаттан чарчаган адамдын беймарал эс алуусуна шарт түзөт экен. Анүстүнө Ат-Башыда Досаалынын саясатты уруп ойнобогон, жөнөкөй, жаш кезден бери жакындан катышып келе жаткан жакшы достору бар. "Алар менен сүйлөшүп отурсаң ырахат аласың, негизи эле саясаты жок жашаган карапайым элдин турмушу жыргал эмеспи" деп калат саясый технолог да кээде агынан жарылып.

Алжыганы ушу да...
Ички иштер министри Абдылда Суранчиев парламенттеги "Ата мекен" фракциясынын жыйынында "криминалдар бийлик бутактарын ээлеп алды" деп ыйламсырап келип, криминалдарга тиешеси бар делген биртоп шаар, айыл депутаттарынын атын атаган. Атургай ЖК депутаты Бакыт Жетигеновду да уюшкан кылмыштуу топтун тизмесине киргизген.
Бирок ИИМдин маалымат кызматы ушундан кийин министрдин сөзүн төгүндөп, парламент депутаты "саясый көз карашынан улам айткан" деп билдирүү таратып отурат. Криминалга "кошулган" айрым жергиликтүү депутаттар А.Суранчиевди сотко беребиз деп чыгышты. Суранчиевдин минтип сөздөн мүдүрүлгөнү биринчиси эмес. Мурда да бир жаш кыздын өлүмү боюнча айтып жатып, маркум кыздын жүрүм-туруму шектүү деп жиберип, эртеси танып чыккан. Министр адегенде бирди айтып, эртеси кол алдындагылар анын айтканын жокко чыгарып отурса, коомчулук кимисине ишениши керек? Андан көрө бул пенсионер министрди кетирип, жүрөгүндө да, сөзүндө да кайраты бар, айтканын танбаган адам министр болсо кана деп какшай берип тил тешилмей болду.

Ажыке күзгү чабуулга даярбы?
ЖК депутаты, өлкөдөгү бильярд федерациясынын президенти Турсунбай ажы Бакир уулу учурда бильярд боюнча Кыргызстанда дүйнө чемпиондугун өткөрүү үчүн чуркап жүрөт. Бирок спорттун бул түрүн ойногон олигархтар көп болгону менен колдогондор аз болуп жатыптыр. Азыр ал ишкерлерди колдоого чакырып, каражаттын кайгысын тартып жаткан чагы.
Баса, ал демилгелеген бейөкмөт уюмдарды чет өлкөнүн агенти катары каттоо мыйзамына каршы БӨУлар күз менен катуу акцияларды баштаганы туру. Туруштук бере алар бекен?

Рыскелди Европада
"Учкун" ААКсынын башчысы Рыскелди Момбеков учурда Европада, тагыраагы Швейцарияда иш сапары менен жүрөт. Максаты - акыркы үлгүдөгү басма технологиясы менен таанышып, гезиттен баштап китепке чейин, мамлекеттик бардык иш кагаздарын, жарандардын жеке документтерин ылгабай басуучу техниканы сатып алууга келишим түзүү экен. Акаев, Бакиев учурунда таланып-тонолуп каралбай калган бул ишкана келерки жыл менен биртоп жаңылыктардын үстүнөн чыгат көрүнөт. Анткени аны өкмөткө тиешелүү бардык басма иштерин ушул жерден басып чыгарып, мамишкананын колдоо боюнча биртоп мыйзамдык жол-жоболор да жаңыртылганы маалым.

Эркиндик гүлбагына келгиле
Жазуучулар союзу жакшы саамалык баштаганы турат. Эгемендүүлүк майрамын утурлай, 29-августта Жазуучулар союзу жайгашкан Эркиндик гүлбагы, 54 дарегинде жазуучу, акындар менен окурмандардын жолугушуусу, китеп жарманкеси өтүп, самоордон чай ичип, маңдай-тескей отуруп баарлашып, китептерге колтамга коюп сатып алышып, мындан сырткары жандүйнө, адабияттын күнгөй-тескейи боюнча ой бөлүшүү болорун билдирди Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов.

Жолдошева депутаттыгы бүтсө киного келеби?
Кыргызда кээ бир адамдарды "качканга да, кууганга да жолдош болгон кайран эр" деп коюшат. Анын сыңарындай, "Курманжан датка" фондун түзгөн ЖК депутаты Жылдыз Жолдошева режиссер Садык Шер-Нияз тарткан тарыхый тасмага да продюсер болуп калыптыр. Тасма тармагындагы продюсердин жумушу анын толук каржысын мойнуна алуу деген эле сөз да. Андай болсо, тасманын тартылышына апчебиздин фонду канча каражат кошо алды экен? Дегеле кино жаатында Жылдыз айымдын буга чейин кандай эмгеги бар? Же Жылдыз айым, анын аталган фонду болбосо "Курманжан датка" тартылбай калмакпы? Неси болсо да фонддун аты менен эмес, кинонун арты менен алыскы Канаданын Монреаль кинофестивалында продюсер катары жүрөт. Ич күйдүлүк деле жок, болгону суроолор бизди кызыктырды да...

Шантаж эмес, мыйзам жол бериптир
ЖК депутаты Туратбек Мадылбеков уулу Элдардын абактан бошотулушуна эч кандай кийлигишпегенин, бийликке же сотко эч кандай күч көргөзүп же биз жазгандай "маанилүү документтер" менен шантаж кылып соодалашпаганын айтты. "Менде көп документтер бардыгы чын, бирок "Дастандан" башка коррупциялык иштер боюнча. Убагы келгенде мени эч ким токтото албасы да чын" деди эл өкүлү. Көрсө, анын уулун шаардык сот беш жарым жылга эркинен ажыратып, анын эки жарым жылы СИЗОдо жатканы менен өтсө, бир жылы абакта өтүптүр. Ошондой эле амнистия жана үлгүлүү жүрүш-турушу Элдардын эрте бошошуна шарт түзүптүр.

"Жаңы Агым" - пресс