presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Электр энергиясы кымбаттады
Энергетика министрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин башчысы Миргүл Айдарованын айтымында, Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа көтөрүлдү. Жаңы тарифтик саясатка ылайык, жалпы колдонуучулар үчүн тариф 70 тыйын бойдон калды. А үч фазадан пайдалангандар 1-сентябрдан тартып 1кВт/саат үчүн 1 сом 20 тыйындан, өндүрүш, айыл чарба ишканалары 1 сом 38 тыйын, насостук станциялар 72,8 тыйындан төлөй баштайт. Миргүл айымдын айтымында, бул тариф 2015-жылдын апрель айында инфляцияга жараша өзгөрүшү мүмкүн.


Шакиров шакылдады
Кечээ "Кыргызалтын" ААКсынын экс-жетекчиси Дилгер Жапаровдун сот иши болуп өттү. Сотто анын орунбасары Кылычбек Шакиров көрсөтмө берип, 2014-жылдын мартында "Кумтөр" 2013-жылдын декабрь айында "Кыргызалтынга" 200 млн. доллар дивиденд төлөгөнүн угуп, коркуп кеткенин билдирди. "Биринчиден сумма өтө чоң болгон жана декабрда акча которуу болбошу керек эле. Муну эч ким билген эмес. Бул мени кооптондуруп, кийин тиешелүү инстанцияларга билдирдим" дейт Шакиров. Анын айтымында, бул окуя боюнча Дилгер Жапаров өзү тиешелүү органдарга билдириши керек болгон. Бирок ал муну негедир жасаган эмес. "Компанияда акча алтынды саткандан кийин, тактап айтканда төртүнчү кварталда гана болот. Мыйзам чегинде дивиденд боюнча төлөмдөр ар жылдын май айында гана болушу керек" деп кошумчалады Кылычбек Шакиров. Эске салсак, Дилгер Жапаров өкмөттүн макулдугусуз өткөн жылдын 6-декабрында "Кумтөр голд компани" ЖЧКсынын акционери "Centerra Gold Inc" компаниясынан 200 млн. доллар дивиденд төлөөнү талап кылып, аталган сумма ошон үчүн "Кыргызалтынга" которулган. Ага кылмыш иши козголгонунун себеби, "Кумтөр" ал жылы чыгаша менен чыкканы, демек бул сумма башка себеп менен которулушу мүмкүн болгондугу үчүн кылмыш иши козголгон.


Укмуш уурулар кармалды
Жакында эле Кыргызстандагы бир банктын POS-терминалынан америкалык VISA төлөм картасынын жардамы менен белгисиз эргулдар 700 миң доллар чыгарып кетишкени маалым болгон. Улуттук банк шашылыш түрдө комиссия түзүп, ишке киришкенин кабарлаган эле. Кечээ УКМК эптүү эргулдар табылып, кармалганын маалымдады. Ведомствонун маалымдашынча, кармалган бир нече шектүү адам азыр УКМКнын тергөө абагында. Кармалгандардын айрымдары тергөөдө кылмыштарын моюнга алышып, терминалдан акча чыгарып алуу схемасын толук айтып берген. Алар кимдер, кайда иштээри тууралуу толук маалыматты УКМК кийинчерээк ачыкка чыгарарын, азырынча бул кылмышка шектүү дагы биртоп адам бар экенин билдирди.


"Жаңы Агым" - пресс









??.??