15.08.14 Келечекке кызыксаң кел
"Барсбек - кыргыз каганы", "Манас күмбөзү",
"Үкү" коллекциялык монеталары чыкты
Буга чейин дүйнө өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында коллекциялык монеталар чыгарылып, алардын баалуулугу жыл өткөн сайын артып, нумизматиктерди кайдыгер калтырбай келгендиги баарыбызга маалым. Кыргызстан да эгемендүү өлкө болгондон бери КР Улуттук банкы (УБ) түрдүү сериялардагы 50 коллекциялык монеталарды чыгарган. Быйыл да Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коллекциялык монеталардын беш түрүн чыгарды.
УБнын нак акчалар башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башчысы Алексей Фалеевдин айтымында, быйыл УБ "Кыргыз каганатынын доору" сериясына арналган "Барсбек - кыргыз каганы" аталыштагы күмүш 10 сом номиналындагы жана жез-никель 1 сом номиналындагы, "Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери" сериясындагы күмүш "Манас күмбөзү" 10 сом монетасы менен жез-никель 1 сом монетасы, ошондой эле "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясындагы күмүш "Үкү" 10 сом монетасы чыгарылды.
"Барсбек - кыргыз каганы" коллекциялык монетасынын негизги сюжети курал-жарагы шайма-шай, тегерекке көз чаптырып турган кыргыз мамлекетинин калыптанышына зор салым кошкон Барсбек кагандын элестүү образы. Экинчи планда болсо кылкылдаган жоокерлер, аларды улуу жүрүшкө баштап бара жаткандай элес калтырган илбирстин башы түспөлдөшкөн булуттун түшүрүлүшү кагандын аллегориялык образын ачып берген. Ошондой эле монетанын алдыңкы бетинде Барсбек кагандын бийлиги өкүм сүрүп турган кылым, монетанын номиналы (10 сом / 1 сом), металлдын сапаты, салмагы көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, "Улуу кыргыз каганаты" сериясынын аталышы, төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. Бул коллекциялык монетанын өзгөчөлүгү өзгөчө технология менен, тактап айтканда, оксидирлөө технологиясы менен чыгарылган. Баса белгилей кетүүчү нерсе, күмүш "Барсбек - кыргыз каганы" монетасы 2 миң даана болсо, жез-никель "Барсбек - кыргыз каганы" 5 миң даанада чыгарылган.
Экинчи монета бул "Манастын күмбөзү" коллекциялык монетасы. Анын негизги элементи Манас күмбөзүнүн сүрөтү жана "Манас" эпосунун үчилтигиндеги баяндалган сюжеттер. Монетанын жогору жагында монетанын аталышы, сапаты, салмагы көрсөтүлсө, төмөн жагында кыргыз оюу-чийимдери коштогон монетанын номиналы (10 сом же 1 сом) көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, "Манас" күмбөзүндөгү оюу-чиймелер, "Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери" сериясынын аталышы жана чыгарылган жылы түшүрүлгөн.
Ал эми "Үкү" коллекциялык монетасы кыргыз жеринин керемет кооз жериндеги үкүнүн сүрөтү тампондук басуу ыкмасында чебердик менен түшүрүлгөн. Монетанын алдыңкы бетинде монетанын аталышы кыргыз "Үкү" жана латын "Bubo Bubo" тилинде берилген, металлдын салмагы, сапаты, анын номиналы (10 сом) да көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде болсо "Кыргызстандын Кызыл китеби" жазуусу менен улуттук герб, монетанын чыгарылган жылы түшүрүлгөн.
Ар бир күмүш коллекциялык монета акрил капсуласы менен капталып, сапаттык сертификаты менен атайын кутучаларга салыныптыр. Кошумчалай кетсек, "Манас күмбөзү" күмүш 10 сом монетасы 2 миң даана, ал эми жез-никель "Манас күмбөзү" 1 сом монетасы 5 миң даана чыгарылган. "Үкү" күмүш 10 сом монетасы болсо 3 миң даана даярдалыптыр. УБнын Нак акчалар башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Медина Аширалиеванын айтымында, "Барсбек - кыргыз каганы" күмүш монетасынын сатуу баасы 2 миң сом, "Манас күмбөзү" монетасынын сатуу баасы 1 800 сом жана "Үкү" монетасы 1 500 сом турса, жез-никелден жасалган коллекциялык монеталар 100 сомдон сатыкка коюлат. "Барсбек - кыргыз каганы" менен "Манас күмбөзү" монеталар Казакстан зерканасында жасалса, "Үкү" монетасы Словакия зерканасында даярдалды. Каалоочулар 11-августтан баштап Улуттук банктын жогорку кассасынан күндүзгү саат 9.00дөн 12.00гө чейин бул монеталарды сатып алышса болот. "Барсбек - кыргыз каганы" менен "Манас күмбөзү" монеталардын сүрөт авторлору Мурат Сагинбаев жана "Үкү" монетасынын автору Каныбек Турумбеков. Кубана турган жагдай жылдан жылга биздин нумизматикалык рыногубуз өсүп, коллекциялык монеталарга болгон суроо-талап да жогорулап баратат. Буга эл аралык нумизматикалык конкурстарда биздин монеталар жеңишке жетиши күбө. Келечекте дагы кандай коллекциялык тыйындар чыгарына кызыккандар болсо Улуттук банктын сайтына кирип 2016-жылдан 2023-жылга чейинки пландарыбыз менен таанышса болот" дейт Медина Аширалиева.

Мелис СОВЕТ уулу




55 миллиондун эсеби
10 миң адамга кеткен оңой эмес сумма
Бюджеттен 76 млн. сом бөлүндү деп оозду толтуруп айтканы менен салык баш болуп, калганы төш толуп тоноп отуруп чыгармачыл топтун колуна таза 55 млн. сом тийген. Бул акча жетишсиз экени айдан ачык болгон соң "Айтыш" коомдук фонду 5 млн. сом өз капчыгынан кошту. "Курманжан датка" тасмасында жүздөгөн адамдын эмгеги бар. Ал эми тартылган актерлор жети облустагы театрлардан келип, ар кандай эпизоддорго, негизги ролдорго көрк беришкен. Баш-аягы 400гө жакын тажрыйбалуу актерлор тартылса, массовкага 5000ден ашык адамды камтышкан. Бир күндүк съемкага аз дегенде 700 киши тартылган. Массовка тартуудагы эң оор жагдай, орус аскерлери менен болгон салгылашууну чагылдыруу болгон экен. Анткени бир эпизодду тартуу үчүн кеминде 200дөн ашык орус табыш керек болгон. Бишкектен тааныштардан сураштырып, жарнама берип жатып 200 орус бир айда араң чогултулду. Массовкага бир күн тартылганы үчүн ар бир оруска 700 сом төлөнүп берилген. Жатакана менен алар он күн камсыз кылынып 200 оруска баш-аягы 2 млн. сом жумшалган. Баш-аягы тасма бүткүчө 10 000 адам тартылса, анын 250 чактысы профессионал актерлор болду.
Каскадерлор да кымбатка бааланды
Султан Дыйканбаевдин тобуна тиешелүү жыйырма каскадер эки жыл ушул тасмага кызмат кылган. Дыйканбаев тарбиялаган каскадерлордун көптөгөн чет мамлекеттик кинолордо аткарган трюктарына күбө болуп келебиз. "Курманжан даткага" тартылганы үчүн аларга 80 000 доллар төлөп беришкен. Бул алар үчүн өтө аз сумма. Анткени чет мамлекетте биздин бир эле каскадердун эмгеги 20 000 долларга бааланат. Бул тасмада алардын кылган кызматын баса белгилеп коюу артыкча болбос. Мисалы, Курманжан датканын 30 метрлик аскадан секирген жерин Султан Дыйканбаев өзү бир эле дубль менен аткарган.
Актерлорго аз кеткен жок
Актерлордун гонорарын сөз кыла турган болсок, генерал Скобелевдин ролун орусиялык актер Александр Голубков ойногон. Москвада актердун ставкасы күнүнө 800 доллар. Бирок Голубков чыгармачыл топтун абалын түшүнүү менен кабыл алып күнүнө 1000 сом төлөп беришкенине макул болгон. Ал эми Санкт-Петербургга барганда Голубковдун ставкасын кайра 800 доллардан төлөп беришкен. Кыргыз актерлорунун ичинен Азиз Мурадилаев, Элина Абай кызына, Назира Мамбетовага күнүнө 1000 сомдон төлөп берилиптир. Төрт жыл аралыгында кыш, жаз мезгилинде кинонун тартуу иштери убактылуу токтоп турган. Себеби каражаттын тартыштыгынан эмес, жыл мезгили съемкага үндөшпөгөндүктөн болгон. Бул мезгилде айрым кызматкерлерге, актерлорго иштебесе да үзгүлтүксүз гонорар төлөнүп берилген.
1 млн. сомдук жолборс
Дагы бир кызыктуу жагдай, Курманжан датканы кичине кезинен бери колдоп жүргөн жолборс бар. Ал жолборсту цирктен же зоопарктан алууга мүмкүн эмес болгон. Андыктан Москвадан атайын киного тартылып жүргөн жолборсту таап келишкен. Ал жолборс жылкы, койдун жытын эки чакырым алыстыктан сезет экен. Тоодогу болгон малды эки чакырым аралыкка жолотпой айдап кайтарып жатып он күндүн ичинде съемка аяктаган. Жолборстун гонорары 1 миллион сомду түзүптүр. Баса белгилөөчү жагдай, жолборстун мурунтуксуз тартылганын (намордник) биринчи жолу ушул тасмадан көрүүгө болот.
"Кыргызфильм" костюмга байыды
Мындан тышкары, актерлордун кийген костюмдары да биртоп акчанын башын жеген. Мисалы, Алымбек датканын бир эле суусар тебетейи 20 000 сомго атайын заказ менен тигилген. Бир эпизоддо он чакты бийдин башы биригип сүйлөшүп отурган жерин тартыш керек. Он суусар тебетейдин ар бири он миң сомдон кем эмес баага сатылып алынган. Түлкү ичикти "Оймо" фестивалынан издештирип жүрүп табышкан. Ошол мезгилге таандык күмүштөн жасалган кемер курду адистер менен иштешип ар бирин кымбат баага жасатышкан. Кымбат костюмдар учурда "Кыргызфильмдин" архивине өткөрүлүп берилди. Жыйынтыктап айтканда, костюмдарга эле 3 млн. сом кетсе, декорацияга 5 млн. сом жумшалган. Баш-аягы 300дөн ашык бозүй тигилип, алардын жалпы бюджети 1,5 млн. сомду түзгөн.
Эки эпизод эңшерди
Өзбекстандан оңтойлуу жооп албагандыктан Кокон хандыгынын сарайын жасоо үчүн эле 2 млн. сом каражат кеткен. Ал декорация бир же эки эпизод үчүн эле керек болчу. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай элдердин айтымында, Камчыбекти дарга асып жатканда артынан Сулайман тоо көрүнүп турган экен. Чыгармачыл топ эпизодду ошол фактыга жакындатууга аракет кылышкан. Сулайман тоону айланып ылайыктуу жер таба алышкан эмес. Себеби тоону айландыра имараттар курулуп, менчиктешип отуруп бош жер калбаптыр. Акырында Ош шаарынын аэропортунун чыга беришинде Манастын эстелиги бар. Ошол туштан тартуу ылайыктуу болгон. Бирок ал аймак да бирөөнүн менчигине айланып, жылда жүгөрү эгип пайда тапчу экен. Бир нече мүнөттүк эпизод үчүн ошол жерди, ошол жердин айланасын толугу менен ижарага алышкан. Бир нече мүнөттүк, бирок тасманын негизги өзөгүн түзгөн кадр ушинтип тартылган.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА