15.08.14 Кымбатчылыкта кантип күн көрүп жатасыз?
Баш көтөртпөй жаткан кымбатчылык карапайым калкты күн сайын түйшөлтүүдө. Анысы аз келгенсип элдин жол кире сентябрь айында кымбаттайт деген имиштин чын-төгүнүнө жете албай башы маң болуп турган кези. Эл аралап сурамжылоо жүргүздүк. Элдин пикирин гезит бетине берүүнү эп көрдүк. Бирок жооп бергендердин көбү оңой менен арыз-арманын айтып төгүлүп-чачылган жок. Кайдыгер кишидей кол шилтеп, көбү сүрөткө түшүүдөн баш тартып, айрымдары Кыргызстан качан оңолмок эле деп түңүлө өтүп жатышты.

Өмүрзак КАЙЫПБЕРДИЕВ, 40 жашта, таксист:
"Бир кардардан кырк сом пайда түшөт"
- Азыр күйүүчү май күн сайын кымбаттап жатат. Жети жылдан бери такси айдап үй-бүлөмдү багып келем. Мурда Ош базардан ЦУМдун жанына чейин бир кардарды 150 сомго жеткирсек пайда түшчү. Азыр болсо бир кардардан ашып кетсе 30-40 сом пайда түшөт. Калганы майга, салыкка жана башка чыгымдарга кетет. Жашоо күндөн күнгө кымбаттап, үй-бүлөнү багыш оор болуп калды. Жогору жакта отурган депутаттар ар кайсы мыйзамдын башын чыгарбай элдин айлык акысын көтөрүп туруп анан калганын кымбаттатса болмок. Мисалы, бир таанышым Алматыда короо шыпырып иштейт. Биздин короо шыпыргычтар айына 3000-5000 сом айлык алса, ал жакта бул сумма беш-алты эсе жогору. Ошол таанышым түнкүсүн короо шыпырып, күндүз дагы бир иш кылып айына 40 миңдин тегерегиндеги акчаны алат. Анын айтымында, казактардын жашоосу кымбат, бирок ошого жараша элдин айлыгы да жогору. Биздикилер элдин шилисине минип, жашообузду кысып эле келатат.

Айым ЖАКЫБАЛИЕВА, 38 жашта, соодагер:
"Азык-түлүк кадимкидей кымбаттады"
- Менин соода кылганыма жыйырма жылдан ашуун убакыт болду. Жаңыдан бул ишти баштаганда азык-түлүк тыйын эле болчу. Азыр күн сайын кымбаттоонун үстүндө. Эл соодагерлер өздөрү билип каалаган сумманы кошуп жатат дейт. Бул жалаа орунсуз. Биз товарды мурдагыга караганда кадыресе кымбат алып жатабыз. Азыр ун азыктарына, кесменин түрүнө болгон баа бир-эки сомго көтөрүлдү. Айла жок биз да үстүнө беш-он сом кошуп пайда таап балдарды багышыбыз керек.

Нургүл МАМБЕТОВА, 36 жашта, фармацевт:
"Таза айлык менен жашоо кыйын"
- Жол эрежеси боюнча күчөтүлгөн мыйзам 8-августта күчүнө кирди. Азыр бизге окшогон карапайым жүргүнчүлөр сентябрда жол кире кымбаттайт деп кооптонуп турушат. Менин эки балам мектепке коомдук унаа менен барат, мектепке жөө басып жетүү да мүмкүн эмес. Бир үй-бүлөдөн эки киши чуркап иштесе да жан багуу кыйын болуп баратат. 2008-2012-жылдары жолдошум менен Россияда иштеп келгенбиз. Ал жактын жашоо-шартынын жакшысын айтып отурсаң түгөнбөйт. Жумуш оор, бирок ошого жараша айлык акың жогору. Бул жакта аз айлык болсо деле иштейт элем деп жүргөндөр канча? Россиянын жарандыгын алып жашап калуу мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Бирок балдардын келечегин ойлоп Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болдук. Эгер ушундай кымбаттоонун үстүндө жүрө берсек анда кайра чет жакка иштөөгө туура келет.

Каныбек МУКАЙБАЕВ, 47 жашта, убактылуу бош:
"Жол кирени эмнеге кымбаттатышат?"
- Жакында жол эрежеси боюнча күчүнө кирген мыйзам канчалык деңгээлде ишке кирет? Буга кепилдик берген эч ким жок. МАИ кызматкеринин колунда кармап турган документин көрдүм. Жеңил унаалар өтүп бараткан жүргүнчүгө жол бошотпосо 1000 сом айып пул төлөйт экен. Эми ошол акчаны расмий документтештирип почтага барып төксө го жакшы. Көп айдоочулар ага жеткирбей 200-300 сом берип МАИ кызматкеринин тилин таап жең ичинен бүтүрүп жатышат. Бул жерде күч структуралары гана пайда көрбөсө башка адамдар зыян эле тартып жатат. Жол кире 15 сомго көтөрүлсө көтөрүлүш чыкпайт деп ким ишендире алат. Элдин чыдамы түгөнүп араң эле оокат кылып жатат. Бийликте отурган дымактуу чиновниктер элдин келечегин ойлооруна көзүм жетпей деле калды.

Лилия ИСКЕНДЕРОВА, 32 жашта, балдар логопеди:
"Шүгүр кылыш керек"
- Акча адам баласына дайыма жетпейт. Мен деле укмуш айлык акы алам дегенден алысмын. Бирок эбин таап, сарамжалдуу оокат кылып жеткирип эптеп жашап жатабыз. Кызымдын бала бакчасы үйдүн жанында, мен ал бакчада эмгектенем. Балким коомдук унаага көп түшпөй тыйыныбыз жетип жаткандыр. Жок деп наалыганда алдыңа алтын төшөлүп калмак беле. Колдо барына шүгүр кылып жашап келебиз.

Алмаз КУТТУБАЕВ, 39 жашта, фермер:
"Мындай кымбатчылыкты биринчи көрүшүм"
- Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынан келгем. Улуу кызыбыз жогорку окуу жайдын бирине өттү. Ачыгын айтсам ортого кишиден киши салып, оозун майлап жатып тапшырттык. Шаарга караганда айыл жергесинде береке көбүрөөк дешет. Бул чындык. Бирок кымбатчылык айыл тургундарын азыртадан кыстай баштады. Чөптүн бир боосу 250 сомдон кем эмес. Унаасы, шарты барлар Балыкчыдан, Кочкордон алып келип жатышат. Малдын баасы азыртадан эле түшө баштады. Биз жакта жайкысын өрүк, карагат сатып жан сакташчу эле. Алардын баасын алып-сатарлар жылдагыдан 5-10 сомго түшүрүштү. Шаарга келсең бизден алган карагаттар өз баасынан 30-50 сомго кымбат сатылып жатыптыр. Айла жок, элдер эки чака карагатын көтөрүп тээ жердин түбүнөн бери келбейт да. Арзан болсо да ары карап ыйлап, бери карап күлүп өткөрүшөт. Шаарга келгенибизге аз убакыт болсо да баскан-турганыбызга көп акча кеткени кымбатчылыкты көрсөтүп жатат.

Сейит ТОКОНОВ, 21 жашта, студент:
"Сапаттуу билимди кантип алмак элек?"
- Жогорку окуу жайлардын биринде үчүнчү курста окуйм. Окуу башталганча жөн жүрбөй иштеп жатам. Соода түйүндөрүнүн биринде сим-карта сатып акча табам. Студенттер үчүн жакшы эле сумманы төлөп беришет. Окуу башталганда деле окуум менен катар жумушту да алып кетсем дейм. Ата-энеме күч болгум келбейт. Мен үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусумун. Жаштар сапаттуу билим алыш үчүн анын болгон дити, көңүлү башка ишке алагды болбош керек. А биздин оюбуздун баары эртеңки күнү эмне жеп жан сактайбыз, сабактарды кайсы акча менен бүтүрөбүз. Анүстүнө мага окшоп жатаканада жашаган студенттерден болбогон шылтоону айтып күн алыс 50-60 сомдон чогулта беришет. Ал акчаны иштебесек бизге ким берет? Ушунун баарын ойлоп отуруп тың жашаш үчүн иштешиң керек деген чечимге келгем. Күнүмдүк тиричилик тыным бербесе биз кантип сапаттуу билим алып, Кыргызстандын эртеңки келечеги боло алабыз? ЖОЖду бүткөн күндө деле жакшы айлык акы төлөнө турган жумуш табаарыбызга көзүм жетпейт.

Асыл ЧЫЙБЫЛОВА, 68 жашта, пенсионер:
"Доктурга баргандан киши заарканат"
- Оштон болом. Бишкекте 17 жылдан бери жашап келем. Жыл сайын жашоо кымбаттоонун үстүндө. Азыр доктурдан чыгып келе жатам. Жазып берген дарыларын эсептетсем 1680 сом болот экен. Өзүм 2800 сомго жетип-жетпеген пенсия алам. Доктурга башың бир малынса чыгыш кыйын. Бири-бирине жумшап ар бири 30-50 сомдон алып отуруп чөнтөгүңдү шыпырып бүтүшөт. Балдарымдын баарын окутуп абышкам экөөбүз бутуна тургузганбыз. Үч кыз, эки уулум бар. Алардын балдары мектепке, институтка барат, күндө ата-энеси акча берип жатканын көрүп таң калам. Азыр балаң мектепте окуганы менен институтта окуганынын айырмасы калбаптыр. Кайда барба баары кымбат. Мурдагыдай эт-аш алсаң берекеси да жок. Акчанын куну качып колго жукпай баратат. Бул өкмөт элди ойлойбу же жокпу?

Нурпери КЫДЫРМЫШЕВА, 22 жашта, оператор:
"Кымбатчылык мага билинбейт"
- Кымбатчылык азыр мага сезилген деле жок. Анткени камсанагыдай балам жок, үй-бүлө күтө элекмин. Балким ошол үчүн тапканым кенен жетип жатса керек. Акча дайыма эле аз. Бирок ошону пландап баарына жеткирсе болот. Мисалы, мен айлыгымды алганда жолума, тамак-ашыма, майда керектөөлөрүмө деп баарын бөлүп чыгам. Артканын дайыны жок коротпой чогултканга аракет кылам.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА,
сүрөттөр автордуку

Нурбек ТАЙЛАКОВ, 56 жашта, прораб:
"Чындык жок экенин билем"
- Мен Аксы районунан болом. Бизди көбү митингчилер деп коюшат. Мен буга кошулбайм, биз акыйкатты жакшы көргөн элбиз. Эл башындагы адамдар тосмодон секирип, жакалашып жатышат, аны көргөн карапайым эл кайда барат? Коңшу Казакстанды эле караңыз. Карапайым элге жеңилдетилген насыяларды берип алардын турмушун жакшыртуунун аракетин көрүп жатышат. Биз деле ошол насыяларды алсак болот, бирок ортомчулар көп болуп жыйынтыгында насыянын пайызы бизде жогору. Учурда бензин менен азык-түлүктүн баасы асмандын башы. Мурда беш жүз сомго аздыр-көптүр тамак-аш келсе азыр 1000 сомуң көзгө көрүнбөй жок болот. Акча күн сайын кунарсызданууда. Жакында Бажы союзуна киребиз деген жакшы пландары бар бийликтин. Ошентип Казакстан менен Россияга жакындап оокат кылбасак болбойт. Тажикстан менен Өзбекстан бизден эбак эле жүзүн бурган. Мен Кыргызстанда чындык жок экенин билем. Бирок элдин турмушун чындыкка жакындатып көрсөтүүдө журналисттердин салымы чоң.