15.08.14 "Тулпар карагердин" мотору 380 аттын күчүндөй

8- август күнү кыргыз эли үчүн жакшы ачылыш жасалды. "Жаңы формат" студиясынын жигиттери атуулдук продукциянын бетачарын уюштурушту. "Тулпар карагер" деп аталган автоунаанын ачылыш аземи өзгөчө шаңдуу болуп резонанс жаратты десек жаңылбайбыз.

"Тулпар карагер" деген аталыштагы унааны жасоо демилгесин студиянын жетекчиси Медер Койлубаев колго алган. Мындан жарым жыл мурда жасалып башталган дөөтүнүн үстүндө жети жигит эмгектенген. Буга чейин жигиттер "Ломборжини" унаасынын макетин жасап элге тааныткан болчу. Дизайнерлердин эмгеги буга чейин жөн гана макет болсо ушул жолкусу бардык талаптарга жооп берген эксклюзивдүү автоунаа болду. "Тулпар карагер" BMB үлгүсүндөгү унаанын өзөгүндө жасалган. 12 кыймылдаткычтуу цилиндр коюлуп, мотору 380 аттын күчүнө барабар, кузовдун салмагы 1,5 тоннага жетет. Күзгүнүн ордуна 170 градуска бурула турган видеокамера коюлуп, булгаары менен капталган ички жасалгадан кынтык табуу кыйын. Тулпардын дизайнын жасоодо кылдат ойлонуп иш кылгандары көрүнүп турат. Эшиги миллиондогон унаалардан айырмаланып капталга эмес канат сымал үстүнө карай ачылат. Капоттун үстүндө узунунан кеткен узун үч сызык Манас, Семетей, Сейтектин символу катары жасалган.
Мындай өзгөчө эмгектин ачылыш аземине шаар тургундарынан тарта кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандар да келди. Айрымдары көрүндүгүн колуна карматып ичине түшүп көрүп, сүрөткө түшүп жатышты. Байкерлердин коштоосунда шаар кыдырган "Тулпар карагер" аягында өз үйүнө кирип, салтанат борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде уланды. Авто сүйүүчүлөр үчүн бул ачылыш өзгөчө болду өңдөнөт. Таңгалып, кызыгып, суктанып автоунааны айланчыктап жүргөн жаштар арбын болду. Мындай эксклюзивди жаратуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Көптөгөн эмгекти, мээни, каражатты талап кылган унаа тууралуу азыр жакшы пикирлер гана айтылууда.
Иштин жүрүшү жана "Тулпар карагердин" тагдыры мындан ары кандай чечилээрин "Жаңы формат" студиясынын жетекчиси айтып берди.

Медер КОЙЛУБАЕВ:
"Унаага анча көп сумма кеткен эмес"
- Медер мырза, жаңы жараткан эмгегиңиздерге кандай пикирлер айтылып жатат?
- Азыр жакшы пикирлерди гана угуп жатабыз. Мындан ары иштешели, кызматташалы деген сунуштарын киргизген компаниялар четинен чыгып жатат. Бул сунуштар бизге жакшы дем-күч болууда.
- BMBнын эле көчүрмөсү экен деген пикирлерге кандай жооп айтасыз?
- Бир унааны ойлоп тапмак тургай жөнөкөй унаанын коробкасын курап чыга албаган адамдар бар. Алардын пикирине мен кулак түрбөйм. Өзүм жогорудагы сиз айткан үлгүдөгү унаанын ийне-жибине чейин жакшы билем. Бул эч кандай плагиат эмес. Мындай унааны Кыргызстандан эле эмес дүйнө жүзүнөн да табуу мүмкүн эмес.
- Мыйзамдаштыруу, автордук укукту коргоо деген маселелер чечилдиби?
- Эмгегибизди өзүбүзгө каттатып жатабыз. Ал эми автоунаага расмий документ, сериялык номер алыш үчүн алгач унааны Европага жиберүү керек экен. Ал жактан толук текшерүүдөн өткөндөн кийин дүйнөлүк стандартка жооп берет деген жыйынтык чыкса анан МАИдеги тиешелүү документтерди бүтүрүү иштерин баштайбыз.
- Унаага кызыгып сатып алгысы келгендер болуп жатабы?
- Учурда унааны жарнама кылып элге көргөзүү үчүн шаар ичин аралап айдап жүрөм. Калган мезгилде гаражда токтоп турат. Борбордо кетип баратсаң токтотуп, тулпардын жанында сүрөткө түшүп, кызыгып калгандар көп болууда. Мен сатып алат элем деп чамынган эч ким чыга элек. Бирок кызыгып баасын сурап жатышат. "Тулпар карагер" баарынын эле капчыгына ылайык келбейт. Жок дегенде эле 18 литр май куюш керек. Бир чети бул биздин жигиттердин, анын ичинде менин биринчи ийгилигим да. Ырым кылып "Тулпарды" сатпай тумар катары тутсакпы деген ойлор келип жатат. Акча тууралуу дагы кошумчалай кетчү жагдай бар. "Тулпар карагерди" жасоого 50 миң доллар каражат кетти деп бардык басылмаларга чыгып кетиптир. Чынында канча чыгым болгонун биз эч кимге жар салган эмеспиз. Көрүүчүлөр унаанын сыртынан көрүп эле баасын бычып коюшуптур. Канча сумма кеткенин сыр кылып айтпайм, бирок 50 миң доллар корогон эмес.
- Мындан аркы кадамыңыздар кандай болот?
- Жогоруда айткандай жакшы сунуштар болсо иштешебиз. Жакынкы беш жыл аралыгында "Тулпар жорго" деген унаа чыгарууну максат кылуудабыз. Бул биздин биринчи эле ийгилигибиз. Мындан ары унаа жасай турган болсок биринчисинде кетирген кемчилдиктерди, жетишпегендиктерди толуктаганга аракет кылабыз. Бара-бара биз чыгарган продукция идеалдуу болоруна ишенем. "Тулпарды" жасоо менин бала кезимен берки кыялым болчу. Ал тилегим азыр иш жүзүнө ашып кубанычым койнума батпай турат.