Агым
Бир
бүркүм…
Баткенде көмүр тоннасы 10 миң сомго чыкты.

Бишкектеги Ботаникалык бакчада өрт чыгып, 800 чарчы метр бак, чөп күйүп кетти.

Кадамжай районунда Ислам университетинин курулушу башталат.

Баткенде Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу улантыла баштады.

Октябрдан баштап электр энергиясына чектөөлөр киргизилет.

Нарындын Таш-Башат айылында 100 гектар жер өрттөнүп кетти.

Токтогулда 25 гектар кара куурай өрттөлдү.

Учкунбек Ташбаев тергөө абагынан жатак абакка которулду.

Турусбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков эркиндикке чыкты.

Малайзиялыктар Бишкектеги таштандыларды иштетүүгө кызыкдар.

Россия Бажы биримдигине кирүү үчүн Кыргызстанга 500 млн. доллар бөлөт.

Көлдө кызганычтан улам жаш келин бир аялды сабап, өлтүрүп алды.

27-29-август күндөрү тиш доктурлар шаардыктарды майрамга карата бекер дарылайт.

Кыргыз-Россия Славян университетинде Пушкин тууралуу китеп чыкты.

Ат-башылык чериктер Босого жайлоосунда башка облустагы чериктерди коноктошту.

75 жаштагы кыргызстандык Австриядагы ардагерлер велоспортуна жөнөп кетти.

Сентябрда Чолпон-Атада "Салбуурун" эл аралык фестивалы өтөт.

Ошто акыл-эси кем 15 адамга айдоочулук күбөлүк берилгени тастыкталды.

500 кыргыз жоокери Кытайга машыгууга кетти.

15-августта өлкө боюнча жамгыр жаап, тоолорго кар түшөрү кабарланды.

Тулада кулчулукта жүргөн 12 кыргыз жараны бошотулду.

Абактагы Нариман Түлеевдин акыбалы оор.

Кыргызстандын 7 районунда өрт чыгуу кооптуулугу бар.

Композитор Сталбек Бактыгуловду Парламент аралык Ассамблеясынын кеңеши төш белги менен сыйлады.

"Жаңы Агым" - пресс