п»ї
Агым
Бир
бүркүм…
Транспорт жана комуникация министрлиги "Дооронбек Садырбаев Кыргыз эл Баатыры" деген аталыштагы почта маркасын чыгарды.

Бишкек шаарынын Чолпон-Ата, 2 көчөсүндө жайгашкан заводдон өрт чыгып, иштеп жаткан үч цех толугу менен күйүп кетти.

Ош - Бишкек автожолунда "Хонда Торнео" менен КамАЗ унаасы сүзүшүп, төрт адам каза болду.

Боом капчыгайында соодагер аялдар унаалар өтүүчү жолду тосууга аракет кылышты.

Кара-Балта шаарындагы "Джунда" мунай иштетүүчү заводунун иштеп баштаганына эл нааразы.

Каракол шаарында улуу муундагы адамдар үчүн эс алуучу жай ачылды. Ал жакта дайыма 70-80-жылдардагы ырлар жаңырып турат.

Бишкек шаарындагы кичиавтобустун айдоочуларын иш таштоого үндөгөн топ кармалды.

Жалал-Абад облусунда ВИЧ инфекциясына 2014-жылдын 6 айында катталгандардын саны 577 адамды түзүп, анын ичинен 238и аялдар, ал эми балдардын саны 64кө жетти.

Кыргызстанда өтө турган бильярд боюнча дүйнө чемпионаты Чолпон-Атада 21-августтан 30-августка чейин өткөрүлөт.

Кытайда өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Кун-фу чемпионатында Кыргызстандан барган спортчулар бир күмүш, эки коло медалга ээ болушту.

Ош шаарынын спортчулары Хорватиянын Загреб шаарында өтүүчү күрөш боюнча мелдешке катышат.

Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп Рыспек Сарпашев дайындалды.

Өзгөн районунда УКМКнын райондук бөлүмүнүн кызматкери 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ысык-Көлдө туристтик сезон башталгандан бери көлгө 5 адам чөгүп каза болгон.

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында коррупцияга байланышкан фактылар боюнча 185 кылмыш иши козголуп, келтирилген чыгымдын суммасы 126 млн. сомду түздү.

Бүгүн 1-августа 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Беломорская, БЧК, Жаш Гвардия, Малышев көчөлөрүндө, Ак-Босого конушунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу улантылат.

Ысык-Көлдө күйүүчү майдын баасы кымбаттап, кичиавтобустардын ээлери жол кирени көтөрүүдө.

Кадамжай районунда 28-июль күнү төрөттөн бир аял каза болуп, наристе да жансыз төрөлдү.

Айнагүл Жумагулова Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды.

Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгил башталгандан бери 31 кылмыш иши катталып, 20 кылмыштын бети ачылды.

2014-жылдын акыркы алты айынан бери Нарын облусунда төрөттөн алты аял каза болгон.

"Жаңы Агым" - пресс





а ­е¦Є.НҐй«