25.07.14 Нурлан ОРОЗБАЕВ,
саясат талдоочу:
"Урнага добушту Кыргызстандын келечеги үчүн деп салганда оңолмокпуз..."

"Акыл жаштан, асыл таштан" демекчи, азыр арабызда саясатты кургак эле саймедирей бербей, ага олуттуу көз караш менен караган, коомдогу саясый өзгөрүүлөрдү илимге негизделген саясый электен өткөрүп, күнгөйү менен тескейин бөлө тааныган жаштар бар. Алардын бири Жогорку Кеңеш аппаратында эмгектенген жаш саясат таануучу Нурлан ОРОЗБАЕВ. Аны менен болгон чай үстүндөгү маекти окурмандардын ой жорумуна сунуштасак.


- Нурлан, алгачкы суроо: келерки парламенттик шайлоодо азыркы парламенттеги беш партия жеңишке жете алабы?
- Ушул беш фракция толук курамы менен кайра келбесе да биртоп депутаттар башка партиялардын курамында Жогорку Кеңештин босогосун кайра аттаарын ачык айта алам. Анткени өтүп бара жаткан 5 жыл шайлоочулардын тандоосуна таасирин тийгизип, алардын депутаттарга болгон көз карашын кескин өзгөртүп жиберген жок. Айрымдар азыртадан эле чуулдатып, "эл кимдин ким экенин билип калды", "элдин саясый көз карашы өзгөрдү", "эл өкүлдөрүнө болгон талаптар жаңыланды" деп жатышпайбы, мен аларга кошулбайм. Элдин саясый түшүнүгү, көз карашы, мамилеси элүү жылдап, жүз жылдап барып араң өзгөрөт. Ошол жагынан алганда азыркы беш партиянын ичинен бийликтеги фракциялар айталы, КСДП жана "Ата мекен" фракциялары келерки шайлоодо жеңишке жетишине көп мүмкүнчүлүктөр бар.
- Административдик ресурсту пайдаланат дегени турасың го?
- Кыргызстанда тээ союздан бери келе жаткан жаман тенденция бар. Бийликте Эшмат отурабы же Ташмат отурабы ал жакшы иш жасап жатабы же жокпу, анысына карабай эле административдик ресурс өзүнөн-өзү эле кызматын бүжүрөп кылып келет. Азыр биз парламенттик республика экендигибиз анын иерархиясы башка, табияты жаңыча экендигине карабай эле жергиликтүү бийликтегилер, акимдер менен губернаторлор, мамлекеттик ишкана, орган жетекчилери жогорку жактын буйругусуз эле автоматтык түрдө бийликке иштеп башташат. Айыл өкмөт башчылары өздөрүн ошого милдеттүү сезип алышкан. Азыр элди кой, мамлекеттик кызматтагы сабаттуу адамдар дале болсо Президентти өлкөнүн биринчи адамы деп ойлошот ага кызмат кылууну вазыйпа катары көрүшөт. А чындыгында биздеги саясый башкаруу системасы боюнча парламент Президенттен жогору турушу керек эле. Мисалы, КТРКны деле карагыла, жаңылыктарда биринчи Президенттин иш-аракеттери чагылдырылып, артынан башкалары кетет. Демек, бизде парламентаризм деген түшүнүк канчалык өнүгүп жатат дегенибиз менен ал элге сиңе элек. Ошондуктан бийликтеги партиялардын эртең кайтып келишине шарт бар, бирок биздеги эң коркунучтуу, мыйзамга да дал келбеген регионализм деген түшүнүк шайлоого өз таасирин берип калышы мүмкүн.
- Айтмакчы, Өмүрбек Текебаев ошо аймактык бөлүүлөргө жол бербеген жаңы Шайлоо кодексинин долбоорун сунуш кылып жатпайбы?
- Ага чейин эки ооз сөз. Бизде бери жагы жарым кылымдан бери эле аймактык бөлүнүү күч алып, бул бүгүн өзүнчө эле саясый түшүнүк болуп калды. Шайлоо учурунда, мейли парламент депутаттыгынабы же президенттиккеби, шайлоочулардын 60-70 пайызы талапкерлердин платформасына, анын буга чейинки ишмердигине басым жасабай, анын Кыргызстандын кайсы дубанынан экенине басым жасашат. Жашырганда эмне, көпчүлүк бюллетендеги тизмеге көз чаптырган мезгилде "кой, эмнеси болсо да өз бала экен, ушуга добушумду берейин" деп чечишет. Биз мындан арылууга тийишпиз. Качан гана урнага бюллетенди салаарда талапкердин кайсы облустан экендигине кызыкпай, Кыргызстандын келечеги үчүн деп добуш бергенде биз өнүгүүгө бет алабыз. Ага чейин көргөн күнүбүз ушул эле болот.
Ал эми Өмүрбек Текебаевдин демилгеси алды менен Башмыйзамга каршы келет. Анткени Кыргызстанда шайлоо пропорционалдык система менен жүргүзүлөт деп жазылып турат. Ал эми жаңы демилге болсо заты мажоритардык, аты пропорционалдык системага ылайыкташкан долбоор. Башкача айтканда, бул жолду саясатташкан кыргызча мажоритардык система деп койсок деле болчудай. Ооба, аймактык лидерлерди алып чыгабыз деп алар айтып жатышат, бирок муну менен эле аймактык бөлүнүүгө чекит коюлбайт. Ал лидерлер баарыбир аймактардан чыгып жатканын эске алсак, тескерисинче, аймактарда таасир талашуу күчөп, кокту-колот, уруу-уруу, айыл-айыл атаандаштык саясаты келип чыгат.
Жыйынтыктай келгенде ошол аймактык бөлүнүүлөр КСДП, "Ата мекен" партияларынын бийликке кайрылып келишин үзгүлтүккө учуратып коюшу да мүмкүн.
- Кыргызстанда жылдан жылга саясый активдүүлүк жанданганын айтканыбыз менен иш жүзүндө ал дале төмөн деңгээлде. Буга 2010-жылдагы парламенттик, 2011-жылдагы президенттик шайлоодогу элдин катышуу пайызы далил. Абалды кантебиз?
- Жер-жерлерде өтүп жаткан митинг-пикеттер, жарандардын арыз-даттануулары, жол тосуулар, флешмобдор калктын саясый активдүүлүгүнүн чен-өлчөмү дегендер терең жаңылышат. Тескерисинче, калктын көпчүлүгүнүн саясый пассивдүүлүгүнөн улам, убагында бийликке туура эмес адамдар ээ болуп, туура эмес саясат алып баргандыгынан улам жогорку аргасыздыктын акциялары келип чыгууда. Эгер шайлоочуларды каптап турган нигилизмден, башкача айтканда кайдыгерликтен кутулсак, буга жетмек эмеспиз. Адатта Кыргызстандын шайлоочуларын үч негизги топко бөлүүгө болот. Биринчиси, электораттын эң көп бөлүгүн, 60 пайызын түзгөндөр - кайдыгер шайлоочулар. Буларга бийликке ким келет, ким келбейт, шайлоонун кереги барбы-жокпу, баарыбир. Эптеп эле күнүмдүк оокат менен алек болушса болду. Бул келечегинде өтө коркунучтуу масса. Өнүгүүнү каалаган мамлекет алды менен ушулардын саясый аң-сезимин ойготууга кызыкдар болушу керек эле. Тилекке каршы биздин бийликтегилер бул массанын ушул абалда "уктап" турушуна кызыкдар болуп жатпайбы. Электораттын экинчи тобу 30 пайызга чукул шайлоочуларды биз шайлоого тууган-туушкандары, жакындары, тааныштары аркылуу араң алып келебиз. Үгүтчүлөр босогосуна барып жалдырап, жөө бастырбай алдап-соолап алып келип бюллетень салдырат. Калган 10 пайызы административдик күчкө баш ийгендер. Ушундай электорат менен кантип саясый активдүү жарандык коомдобуз деп айта алабыз?
- Анда сага бир суроо, кайдыгерлик, бийликке болгон ишенбөөчүлүк кайдан келип чыкты?
- Бүгүн бийликтин фетиштик маңызы жоголду. Башкача айтканда, бийликтин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түштү. Ага биз коммунисттик доордон демократиялык доорго аттанганда эле жол бердик. Себеби ошол кезде демократия, анын маңызы, жемиши, күнгөйү менен тескейи тууралуу элге эч ким түшүнүк берген жок. Бийликтегилер демократиялык эмес охлократиялык жолго түшүп алып, ал каалагандай башкарууга өтүп кетти. Демократия деген ушул деп жеке менчикти теңсиздик менен бөлүп, бир ууч бийликтегилер мамлекеттин байлыгын басып жыгылышты. Эл болсо ал кезде жакырчылыкка батып, өз курсагын кантип тойгузууну гана ойлонуп, жумушсуздукка кептелип, мигрант болуп тозуп кетти. Бүгүнкү байлар, бүгүнкү бийликтегилерди карагыла, 90 пайызы ошол кездеги чиновниктердин балдары. Ошолор бийликте династиялык, кландык жол менен алмаша берип, бүгүн мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратып турганы калппы? Мына, ушундан бийликке болгон сый жоголду, ишенбөөчүлүк келип чыкты. Кошумча 20 жыл бою бизде билим берүү системасы иштеген жок, калк билимсиз болуп калды. Билими жок калкта эч качан саясый маданияттуулук болбойт. Ошон үчүн бүгүн 18-30 жаштын ортосундагы шайлоочулар арасында бийликтин да, шайлоонун да кадыры жок. Ошондуктан бүгүн колунан иш келбесе да, маселени чечүү жолун өздөрү билбесе да бийликти сындап, чокой көтөрө чуркагандар, тезек көтөрө чуркагандар көбөйүп баратат. Саясатты, экономиканы толук өздөштүрүп, өздөрүн толук даярдай элек чийки жаштардын ашыкча амбиция менен кыйкырып жүргөнү биздеги саясый маданияттын бүгүнкүдөн эртеңи кооптуу экендигинен кабар берет.
- Кыргыз саясатын эч бир социологиянын жыйынтыктарына баш ийбеген, чукул өзгөрүлмө, болжолу жок саясат деп айтышат. Буга кошуласыңбы?
- Албетте, кыргыз саясатынын, анын ичинде шайлоочулардын табияты мен кыйын деген социолог, эксперттердин божомолунан тескери чыгып калган учурлары абдан көп. Мисалы, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого көз чаптыралы. Баары тең эле революционер КСДП, "Ата мекен", "Ак шумкар" партиялары парламентти ээлейт деп айтышкан. Бирок жыйынтык кандай болду? Жогорудагы мен айткан факторлордун жемиши менен "Ата журт", "Республика" партиялары марага жете келди. Айталы, "Республика" партиясы жок жерден пайда боло калды дагы, элге укмуштуудай кооз убадаларды жаадырышты. Анан албетте, жалаң ишкерлерден тургандыктан акчанын күчүнө салышты. Жанагы кайдыгер 60 пайыз шайлоочу булардын акчасына кызыгып добуш беришти. Анткени элге канчалык убада бербе, ант бербе, алар баарыбир сага ишенбейт. Булар баарыбир эртең алдап кетишет, андан көрө бүгүн акчасын алып алганым жакшы дешти алар. Ал эми "Ата журт" партиясынын курамы баарыбызга белгилүү, аймактык өзгөчөлүккө ээ партия. Булар болсо регионализм түшүнүгүн өздөрүнө пайдаланышты дагы жеңишке жете келишти. Бирок жыйынтык кана? Ошондогу шайлоочуларга бир аз тыйын бергени болбосо партиялар элге эмне жасап беришти?
- Келерки шайлоого аттанып жаткан "Бир бол", "Өнүгүү" же "Эмгек" сыяктуу партиялардын шансы канчалык?
- Чынын айтыш керек, саясат таануу илиминен алып караганда, бизде саясый партиялар деле жок. Өздөрүн партиябыз дегендердин баардыгы тең эле жеке адамдардын айланасына чогулган топ, шайлоодон шайлоого чейинки кыска программасы бар уюмдар десек болот. Анан ал партияга кирип алган акчалуу адамдар өз саясатын партияга жамынып ишке ашырып жүрүп отурушат. Бүгүн кайсы бир иш-чарага демөөрчү болуп жаткан же айылдарга техника алып берип жаткан, футзал ачып берип жаткан партиялардын ишмердиги чын-чынына келгенде добушту сатып алуу (подкуп) деп саналат. Мыйзамдык базалар кынтыксыз иштегенде булардын баары жооп берүүгө тийиш эле. Анткени саясый партиялардын уставында алар өндүрүш компаниясы эмес, партия мүчөлөрүнөн мүчө акысынан башка киреше булагы жоктугу жазылат. Иш жүзүндө миллиондорду демөөрчү катары чачып жатышат. Анда бул акчалар кайдан келди, партия кантип байыды, коррупцияга бардыбы деп сураган жан жок.
Ал эми булардын шайлоодогу шансы тууралуу божомолдоого мезгил эртелик кылат. Алар өз алдынча толук жеңишти камсыз кыла албашы мүмкүн, эгер саясый келишимдерге барып ирилеше турган болсо, башкаларга атаандаштык жарата алышат.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ