25.07.14 Кубатбек Жусубалиев "тойдум ушул цивилизацияңа" деди
Кубат акеден экмет
Эгер жаштайыңан көп нерселерден баш тартып үйрөнсөң, чоң нерселер сени өмүр бою жолдон чыгаралбайт.
***
"Даанышмандык деген эмне?" - дейт бирөө, "атаңдын башы" дедим. Муну башкалар да ойлонсун үчүн айттым…
***
Мен бир жөнөкөй, улуу нерсеге түшүндүм: адам болууга аракет кылбаган жан адам болалбайт.
***
Адам болуу - бул даңктуу жазуучу же депутат болуу деп эсептегендерге акыйкат жолобойт.
***
Улуу сөздөрдүн оң-тетириси болбойт, ал төрт тарапка тең. Төрт тарабы кыбыла.
***
Кыргыз акын-жазуучулары адам болбой туруп жазуучу болуп алышат.
***
Адабиятты таланттуулар эле жаратпайт.
***
Толубай бечаранын ыймандык жолу жазуучуларга керек.
***
Чыгыштын улуу акылмандары айтат: адам менен дүйнө бир. Демек, менин жеке проблемам - бул дүйнөнүн проблемасы. Мына ушундай болгондо гана искусство да, адабият да өзүнүн адепки маанисине келет.
***
Эң бийик деген философтор адамды бул тумандан алып чыга алган жок, туурабы? Демек, эмне кылыш керек? Менимче, кыргыздын эле жолуна түшүш керек, Конфуцийдин жолуна түшүш керек. Кыргыз "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" дейт. Саясаттын болобу, философиянын болобу, уй байлаган бир жиби болуш керек.
***
Суу акпаса тазаланбайт. Канчалык киргилт, канчалык булганыч болсо да агып турса тазаланып калат. Акыйкат аккан сууга окшош болгондон кийин адам да аккан сууга окшош болот... Адам деле, коом деле акпаса сасып кетет.
***
Элдик поэзия жерден оргуган булактай. Жеңижок чет элдик адабиятты окуган эмес, бирок карагылачы, кандай кудурети күчтүү поэзия! Кандай сулуулук, кандай эргүү!
***
"Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Жаратканың чын болсо,
Деги жай-жайына койсочу" деп Токтогулдун айтканын карагылачы! Жердин астынан оргуп чыккан таза булак эмеспи!..



- Биздин жазма адабият Совет доорунан баштап телчикти дейбиз, албетте ага оозеки адабиятыбыз да бешик болуп берди. Бирок адилеттик үчүн айта кеткенибиз оң: жазуучуларыбыздын көбү жазмалык менен оозеки кепти сизге окшоп жуурулуштура алышкан жок. Сиздин стилдик өзгөчөлүк - чыгармаларыңыз оозеки айтылган кептей, кадимки турмуштагыдай жандуу. Анан эми жаңы гана жөнүгүп келаткан жазма адабиятыбыздын бакыйган кара сөз чебери саналган сиз чыгармачылыкка эмне мынча колду эрте шилтеп басып кеттиңиз?
- Жакшы суроо... Ооба... Мындай болуп калды да бу... Бу өтө серьезно, өтө терең маселе...
- Эмне, окурмандардан көңүлүңүз калдыбы же адабияттын өзүнөнбү?
- Чынында менин дүйнөлүк адабияттан да көңүлүм сууп калды. Болгондо да дүйнөнүн бүтүндөй көркөм адабияты бузулду да, эй! Жаман көңүлүм сынды, көңүлүм айныды да таштадым жазганды. Адам кайсы бир куракка жеткенге чейин адабият ага жардам бералат, а кийин адамды көмөт экен. Адабият адамдарды көмө берет экен, көмө берет экен, акыры барып индустрия смерти, индустрия торговлиге айланарын түшүндүм. Ал жалаң акча тапмайга айланып кетти. Экинчиден, адам фантазиясы эч качан бүтпөйт, ал бир түбү жок оргуган булактай экен, анан адабиятты баары эле жарата берчү эрмекке айланды да. Демек, таланты укмуш, жазуучулук жөндөмү күчтүү адамдар миллиондогон адамдарга зыян эле келтирет. Миллиондогон адамды ошолор тирүүлөй көмө берет, көмө берет. Карачы! Адабият адамдын өсүшүнө, өзүн өзү таануусуна чоң тоскоол жаратат. Азыркы жазуучулар адамдар өзүн өзү издөөсүнө жол бербес чыгармаларды чубуртуп жаза баштады. Алар окурмандарды алдаган, азгырган жолго салып алышты. Баары акча, атак үчүн жазат кысталактар.
- Сизге ушул жерден кошулбас элем. Өзүңүз азыркы рухий бийиктигиңизге адабият аркылуу жеттиңиз го дейм, Кубат аке. Жазуучулук өнөр сиз үчүн керектүү шайман болгон үчүн Жусубалиев болуп таанылдыңыз да. Өзүңүз аңдаган, баамдаган дүйнөнү башкаларга кагаз түрүндө болсун, оозеки түрүндө болсун, айтор адам баласына асыл ойлоруңузду калтырууга адабияттан башка эмне бар?
- Баарыбир адабияттын адам баласына пайдасынан зыяны көп үчүн кеттим. Адабият адам өзүн өзү таануусуна жардам бербегенден кийин не кереги бар, а?!
- Оноре де Бальзак канчалаган улуу чыгармаларды жаратты, канчалаган китептерин четинен алып окусаң да оп тартып кетме. Ошол эле учурда эч жарамсыз деген кырк томдугу да бар экен. Адабияттан көңүлү калса эмнеге бүтүндөй өмүрүн жазуучулукка арнаган Бальзактын көңүлү калган эмес?
- Жинди да Бальзагың... Ал аракка мас болгон кишидей адабиятка ылжыган үчүн жанагынчаны жазды да. Аныкы кумар. Бирок мен проза жазганды токтотконум менен ырларды жазып эле жүрөм. Себеби менин изденгендеримдин жолу бар анда...
- Гуманизмди издеген киши - сиз адабиятты жерден алып көргө чапканыңыз анча коошпой турат...
- Коошпойт, ооба, бирок ошон үчүн көп сүйлөбөйм да...
- Өзүңүзгө өзүңүз карама каршы киши болуп атасыз...
- Я это знаю, но... эмне кыласың бирок... Муну чындык деп ойлойм. Жазуучулук жолуң болгур иш да, эй, бала! Мына буга величайший пример Айтматов да. Куда привел его литература? Ушуну карап туруп эле жазбай коюш керек да, адабияттан пайда жок турбайбы деп. Негизи дүйнөдө адамзатка пайда келтирчү жазуучулар саналуу эле. Көбү адам бечаранын убактысын эле алат, көз майын жейт, акчасын ысырап кылдырат, башка эч нерсе... Дагы көп нерсе айтат элем, бирок кээси чыгат Жусубалиев текеберсинип атат деп, ошонүчүн унчукпайм... Ооба, китептин пайдасы чоң, бирок ылгап окуганды билсең, кепшеп сиңире алсаң. Биз чынында китептин арты менен билимге жеттик, бирок белгилүү бир чектен кийин китептен пайда болбой калат, ошондон баштап өз акылың менен өзүңдү өзүң тааныганга аракет кылышың керек. Антпесе китеп адамды ээрчиме кылып алат. Анан эле китепти өмүр бою артынан кууп жазып же артынан кууп окуп, кууп сатып алган болбойт да эй, кембагалдар!
Эгер азыркы цивилизациянын тумандуу жолунан адашпайын десеңер, ар кимиңер ишти өзүңөрдөн баштагыла. Эл бузулду, паландай-түкүндөй бузулду дегенден мурда ар ким өз кейпине карасынчы. Өзүн өзү оңдогон адам башкаларга түрткү болот.
Данияр Кеңешов: - Кубат аке, эгер бийлик башындагылар элди, мамлекетти оң жолго салууну көздөп, сизди президентке кеңешчи болуп бериңиз десе барат белеңиз?
- Барат элем, бирок алар чакырышпайт да мендейлерди. Мени эл башындагылар түшүнбөйт, аларга керегим жок. Мени эл гана түшүнөт, анан силерге окшогондор. Бийлик башындагылар эзели мендей галдирбайларды жанына жууткан эмес...





Биз жүктөп келген таштандылар
Адылбек, Данияр, мен үчөөбүз Бишкекке аттанаар күнү Кубат аке үн катты: "Ээ...жолуң болгурлар... Баарыбыз табияттын балдарыбыз. Жер энебизди ансыз да кордогонубуз жетет, силерден жалгыз өтүнүчүм, тетигинде жаткан пакеттерди көрдүңөрбү?.. Ап бали... Көрдүңөр ээ. Эми ошолорду Ошко барганда мусор жашиктерге таштай кеткиле. Бу таштандыларды мынабул айланага төккөнгө кол барбайт менде... Жакага ала кеткиле. А мен жакында ылдыйга барар ишим жок..." деген жазуучунун жаратылышты ушунчалык сүйгөн, урматтаган мамилеси үчүн боорунан кучактап алып, өрөпкүп ыйлагым келип турду... Көзүмөн жаш да каканактап алды. Эпаада баарыбыз табиятты Кубат акедей аздектеп сүйөр болсок кана... Жер энеге аяр мамиле жасоону канчабыз айтып какшаганыбыз менен ишибиз башка болуп, табиятты жабырланткан жосундарыбыз канча. Болбосо Алайда кокту-колот, аң-чөнөк жокпу, жалгыз кишинин тирлигинен арткан таштандыларды ыргытып ийерге...
Кердегейден Ошко чейин ала кетчү таштандылардын баштык-үштүктөрүн машинеге жүктөп атканыбызда менин эстутумумдагы кампадан даа бир окуя эсиме кылт деди. Кайсы бир курбум да мага бир жолу айтып берип күлдүргөн эле... Көрсө ал да Кубат акенин ширин кептерине кулак кужурун кандырганы атайы барса, кийин Бишкекке кайра аттанаарда календер жазуучубуз анын колуна да эки баштык таштанды карматып коюптур болчу...
Атам замандан бери дүйнөнү аруу сактап калар Кубат акедей жандар болбогондо адам баласы эмне болмок? Эгерде менден чыныгы адамдын көчүрмөсү калдыбы деп бирөө жарым сураган болсо айтаар элем: "Ал - жападан жалгыз Кубат аке!" Түбөлүктүн түркүгү жок, бирок түбөлүктү түбү-өлүк кылбаган жандар Кубат аке, Дон Кихот же Диогендей апендилер болсо керек...

Олжобай ШАКИР