18.07.14 Өкмөт сага айтам, "Ата мекен" сен ук!
Өтүп кетти 100 күнү, карайбы, жокпу күзгүнү?!

(Башы 3-бетте)
Өтүмү жок болгонуңа өкүнөм

Чынын айтканда, Бабанов менен Сатыбалдиев Жоомарт Оторбаевге караганда өктөм сүйлөп, өз билгендерин чалып жиберчү. Көрсө ошол да керек экен. Азыркы өкмөтүбүздүн өтүмү жоктугунун айынан, коңшулар Кудайга шүгүр эле кутурууда. Жоомарт мырза болсо коңшулар менен теңата сүйлөшө албай, газ маселесинде "биз телефон чалсак албай жатат" деп жер карады. Же орустарга сес көрсөтүп, "кана, газыңар, эртерээк өткөрүп алып, газ бербейсиңерби?! Же Өзбекстанды ийге келтиргиле!" деп бурк эткенге жараган жок.
Чек ара чыры болсо өкмөт башчынын 100 күнүндө үч жолу болду. Чек ара постубузду артиллериялык курал менен атканга чейин барышты. Үчөөндө тең биздин чек арадагы карапайым адамдар жабырланып, материалдык зыян тартты, саламаттыгына коркунуч туулду. Өкмөт башчы дароо реакция жасап, окуя орун алган жерге өзү барып, жыйын куруп, тажик тарапты түз сүйлөшүүгө чакыра алган жок. Тажиктерге нота жиберген ТИМ болсо Президентке караштуу эмеспи. Жоомарт Оторбаев чек ара чырын чечмек тургай, Баткенге барганда эл менен 10 мүнөт араң убакыт таап жолугуп, куйругун түйүп кеткенин ак-сайлыктар азыркыга чейин айтып жатышат.
Ички маселебизге келсек, камакта жаткан Акматбек Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркештам жолун 20 күндөн ашык тосуп, мамлекет миллиондогон зыяндарга учурады. Өкмөт башчы эл менен барып жолуккандын ордуна алайлык аксакалдарды эки күн күттүрүп, араң жолукту. Салыштырсак,
Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин жол тоскон санаалаштарын Жантөрө Жолдошевич өзү барып жайгарып, үч күндө жолду ачып койгон болчу.
Баса, азыркы өкмөт куралган убактан бери коңшу Казакстандын бажы терминалында Кыргызстанга келе жаткан 300 вагон күйүүчү май белгисиз себептер менен кармалып турат. Ошонун айынан учурда күйүүчү майга болгон баалар жогорулоодо. Эгер өкмөт өзүнүн түз функционалдык милдетин аткара алса, ошол маселени эчак эле чечип, машине айдагандардын батасын алса болот эле. Анте алган жок, аны кечээ араң эстегендей, чек арадан Карим Масимов менен жолугушууда сөз кылып, бирок жарытылуу жооп ала албады. Мындайда мурдагы жылдары казактар чек арадан биздин сүт продукцияларыбызды өткөрбөй кармап туруп алганда, Бабанов бир коңгуроо менен маселени чечип койгонун аргасыз эстейт экенсиң.
Экономистпи же эрке балабы?
Жоомарт Оторбаев башкарган 100 күндө өлкөдө кымбатчылык күчөдү. Маселен, күйүүчү майлардын баасы бир жумада 3 сомго чейин чаап барса, азык-түлүктүн баалары да акырындап жогорулаганын статистика көргөзүп турат. Ошондой эле жылуу сууга, коммуналдык кызматтарга болгон баалар да калкты улам акырындап "жибек менен мууздагандай" көтөрүлүп баратат. Электр энергиясына бааны көтөрөбүз деп энергетиктери улам демитүүдө.
Бюджет болсо калдырап бош. Абал чатак. Бажы жыйымдары планга жетпеди. Салыктар чогула элек. 100 күн ичинде Жоомарт мырза ЖКнын токтомун аткарып, "Центерраны" желкелеп келип, биргелешкен ишкана түзүп, бюджеттин тешигин бүтөөгө алы келбеди. Тескерисинче, канадалыктардын айтканына көнүп, алардын калган мөңгүнү эритип жоготуусуна жол ачып берип отурат. Көп эле каржылык жыйындарга катышып, уюмдарды кабыл алды, бирок ушул үч айда Оторбаевге ишеним артып, сырттан ири инвесторлордун келгенин да уккан жокпуз. АКШ авиабазаны таштап кетти, аэропорт акчадан көзү катып, ар кимге жалдыроодо. "Кыргызгаз" орустуку же биздики эмес, ташбака жүрүш менен ара жолдо отурат. Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод сырье таппай мукурады. Маммүлкфонду дегени болсо улутташтырылган мүлктөрдү сата албай самтырап жүрөт. Ал арада инвесторлор кыргыз өкмөтүн четинен эл аралык сотко берип, миллиондорду моюнга илип жатат. Айтор, азыркы премьер иштегенди билбей, билбесе кетип калбай жөн эле куурчак болуп калды окшойт.

Кышты эмитен ойлоп кылчылдап жатабыз
Коомчулуктун, парламенттин түрүнө караганда, күз менен Жоомарт Оторбаев отставкага кетчүдөй. Ырас, анын ордуна дагы бир жумуру баш тургандыр. Бирок жайдан ооп калды, бийлик кышкыга даярдык көрбөгөнү өтө коркунучтуу. Азыр газ жок, көмүр казыла элек, суу сактагыч бөксө, демек электр энергиясы да өп-чап болчудай. "Ата мекендин" "апакай" өкмөтүнүн айынан Кыргызстандын калкы кышы менен кыйналып же кардын алдынан тезек таап жага албай, үшүккө чалынып, үрөйүбүз учат көрүнөт. Маараке, той, фестивалдарды коюп, ошол миллиондорго көмүр каздырсаңыз боло, жарыктык?!
P.S. Жоомарт Оторбаев биздин эзелки душманыбыз эмес. Тескерисинче, көп маселеде көз караштарыбыз төп чыгат. Бирок "өз күйдүрүп, жат сүйдүрүп айтат" эмеспи. Өкмөт бир жакшы ишти жасап, эл анын пайдасын көрүп жатса биз деле сүйүнөт элек, жазат элек. Тилекке каршы андай болбой жатпайбы.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




Кумалак
Кенжиевдерге Кыргызстанда орун жок

Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргызстандагы уйгур коомчулугунун доо арызын канааттандырып, Нурмухаммед Кенжиевдин "Мен - уйгур" китебинин таркатылышына тыюу салган чечим чыгарды. Чечим чыгары менен китептин автору биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгаруу арызы менен жогорку инстанцияга кайрылды. Автордун билдиришинче, мындай аракет ага болгон куугунтук. Анын пикиринде китепте анын этникалык уйгурлардын келечегине болгон көз караштары жана бул улуттун келечеги тууралуу ойлору жазылган. Китеп чет өлкөлөрдө гана таратылып жаткандыктан аны таап окууга мүмкүнчүлүк болбоду.
Кыргызстандагы уйгур коомчулугунун башчыларынын айтымдарында, китепте улут аралык жаңжал чыгаруучу, элдердин жарандык ар-намысын мазактаган, жарыяланууга жатпай турган маалыматтар камтылган. Уйгур коомчулугунун бул китептин таркатылышына неге каршы чыкканын билүү максатында Кыргызстандагы "Иттипак" уйгур коомчулугунун жетекчиси Артык Хажиевге кайрылдык. Анын айтымында, аталган китеп 2002-жылы уйгур, орус тилинде баракчалар түрүндө чыгып, 2007-жылы китеп орус тилинде жарык көргөн. А 2013-жылы орус, уйгур, англис тилинде 500 нуска менен басылып чыккан. "Кенжиев 2001-жылы тияк-быякка чыгып эл алдында сүйлөгөндө 2002-жылы чыккан баракчаларындагы (брошюра) сөздөрдү докладына кошуп окуган экен. Ошондо Кыргызстандагы уйгур коомчулугунун аксакалдары ага эскертүү беришкен. Бирок ал ошону менен токтоп калбай 2007-жылы "Мен-уйгур" китепчесин чыгарган. Ошондо да "Иттипак" уйгур коомчулугунун борбордук кеңеши ага катуу эскертүү берген эле. Бул да ага таасир этпей 2013-жылы китепти орус, уйгур, англис тилдеринде чыгарып отурат. Китепти окуган уйгур аксакалдары мага уйгур коомчулугунун борбордук кеңешин чакырууну талап кылып кайрылышкан. Биз алгач китепти уйгур аксакалдардын сунушу менен Улуттук илимдер академиясынын философия жана саясый-укуктук иликтөөлөр институтуна жөнөттүк. Институт китеп боюнча эксперттик-саясый бүтүм чыгарып берди. Ал бүтүмдө китепте улут аралык жаңжал чыгара турган бир катар ойлор, талкуулар бар экени аныкталганы айтылат. Ошонун негизинде биз Кенжиевди сотко бердик. Кенжиев улут аралык жаңжал чыгарганы жатат деген сөз меники эмес, уйгур коомчулугунун аксакалдарынын сөзү. Уйгур коомчулугунун төрагасы катары мага кыргызстандыктардын ынтымагын күчөтүү, Кыргызстан элинин биримдиги маанилүү. Нурмухаммед Кенжиевдин "Иттипак" радикалдык багытта болгону үчүн мени куугунтуктап жатат" дегени таптакыр туура эмес. Өзүңүз көргөндөй, 2002-жылы эле он беш академик, профессорлор кол коюп Кенжиевге чара көрүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылган. Кыскасы, китепте улут аралык жаңжал чыгаруучу көп ойлор бар. Аны өзүңүздөр окуп чыгышыңыздар керек. Эң негизгиси Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кайсы улут өкүлү болбосун мамлекет жараны катары өлкө тынчтыгын ойлообуз керек. Мындай караганда Кенжиев жакшы эле жигит. Бирок неге мындай болуп кетти түшүнбөй турам" дейт Кыргызстандагы "Иттипак" уйгур коомчулугунун төрагасы Артык Хажиев.
Артык Хажиевдин сөзүндө калет жоктой. Анткени кезинде Кенжиев так ушул "Иттипак" уйгур коомчулугуна биринчи төрага болгон экен. Алтургай парламент депутаты да болуп, кийин ити чөп жеп ийгиликтүү бизнесменге айланган. Белгилүү журналист, акын Музаппархан Курбановдун "Иттипак" гезитине баскан "Саткындарга биздин арабызда орун жок" макаласында Кенжиевдин "Эгер Уйгурстан түзүлө турган болсо СУАР менен эле чектелбей Казакстандын Чилик районун жана Кыргызстандын чыгыш райондорун да өзүнө камтууга татыктуу" дегенин катуу сынга алган. "Это была уже открытая провокация, направленная на разжигание межнационального столкновения с родственными нам народами. Вот тогда-то группа уйгурской интеллигенции из 15 человек из городов Бишкека и Алматы выступили со статьей под названием " О национальном суверенитете и о национальной государственности в газете "Иттипак" (№3, 2002 г.), где резко осудили такие безответственные выпады Н.Кенжиева, и он был отстранен от уйгурской общины" деп жазылган Музаппархан Курбановдун макаласында. "Что, нам уйгурам не хватает своей земли Уйгурстана (СУАР) с площадью 1 миллиона 828 тысяч 418 квадратных километров, за которую уйгуры ведут национально-освободительную борьбу? Уйгуры не имели и не имеют ни малейших территориальных претензий ни к Казахстану ни к Кыргызстану. Нам достаточно своего Уйгурстана в рамках СУАР! Похоже это, больше всего не устраивает самого Кенжиева" дейт макаланын автору.
Албетте, Кенжиев кандай жазбасын Кыргызстан кыргызстандыктардын мекени боюнча калат. Бирок Музаппархан Курбанов жазгандай, өз мекенине чыккынчылык кылган жарандарга Кыргызстанда орун жок экенин ар бирибиз аңдаганыбыз жөн.

Мелис СОВЕТ уулу